Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 17-сентябры № 621
"Кыргыз Республикасынын шаар тибиндеги айрым поселокторун өзгөртүп түзүү жана аларды айылдын
же шаардын категориясына киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар боюнча ведомстволор аралык комиссиянын Кыргыз Республикасынын шаар тибиндеги айрым поселокторун өзгөртүп түзүү жана аларды айылдын же шаардын категориясына киргизүү жөнүндө корутундусуна макулдук берилсин.
2. "Кыргыз Республикасынын шаар тибиндеги айрым поселокторун өзгөртүп түзүү жана аларды айылдын же шаардын категориясына киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
3. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык бул Мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
Ж. Сатыбалдиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын шаар тибиндеги айрым поселокторун өзгөртүп түзүү жана аларды айылдын же шаардын категориясына киргизүү жөнүндө
1-берене.
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен шаар тибиндеги поселогу райондук маанидеги шаардын категориясына киргизилсин.
2-берене.
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай шаар тибиндеги поселогу райондук маанидеги шаардын категориясына киргизилсин.
3-берене.
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Советское шаар тибиндеги поселогу айылдын категориясына киргизилсин жана анын базасында Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районундагы Совет айыл аймагы түзүлсүн.
4-берене.
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чаувай шаар тибиндеги поселогу айылдын категориясына киргизилсин жана анын базасында Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чаувай айыл аймагы түзүлсүн.
5-берене.
Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай шаар тибиндеги поселогу айылдын категориясына киргизилсин жана анын базасында Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айыл аймагы түзүлсүн.
6-берене.
Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Сумсар шаар тибиндеги поселогу айылдын категориясына киргизилсин жана анын базасында Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Сумсар айыл аймагы түзүлсүн.
7-берене.
Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Токтогул шаар тибиндеги поселогу райондук маанидеги шаардын категориясына киргизилсин.
8-берене.
Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ак-Булак шаар тибиндеги поселогу айылдын категориясына киргизилсин жана анын базасында Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ак-Булак айыл аймагы түзүлсүн.
9-берене.
Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай шаар тибиндеги поселогу айылдын категориясына киргизилсин жана анын базасында Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай айыл аймагы түзүлсүн.
10-берене.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң шаар тибиндеги поселогу айылдын категориясына киргизилсин жана анын базасында Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң айыл аймагы түзүлсүн.
11-берене.
Нарын облусунун Нарын районундагы Достук шаар тибиндеги поселогу айылдын категориясына киргизилсин жана анын базасында Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районундагы Достук айыл аймагы түзүлсүн.
12-берене.
Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш шаар тибиндеги поселогу айылдын категориясына киргизилсин жана анын базасында Кыргыз Республикасынын Жумгал районундагы Миң-Куш айыл аймагы түзүлсүн.
13-берене.
Ош облусунун Ноокат районундагы Найман шаар тибиндеги поселогу айылдын категориясына киргизилсин жана анын базасында Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы Найман айыл аймагы түзүлсүн.
14-берене.
Ош облусунун Алай районундагы Сары-Таш шаар тибиндеги поселогу айылдын категориясына киргизилсин жана анын базасында Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районундагы Сары-Таш айыл аймагы түзүлсүн.
15-берене.
Талас облусунун Кара-Буура районундагы Маймак шаар тибиндеги поселогу айылдын категориясына киргизилсин жана анын базасында Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура районундагы Маймак айыл аймагы түзүлсүн.
16-берене.
Чүй облусунун Кемин районундагы Ак-Түз шаар тибиндеги поселогу айылдын категориясына киргизилсин жана анын базасында Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районундагы Ак-Түз айыл аймагы түзүлсүн.
17-берене.
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районундагы Орловка шаар тибиндеги поселогу райондук маанидеги шаардын категориясына киргизилсин.
18-берене.
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районундагы Кемин шаар тибиндеги поселогу райондук маанидеги шаардын категориясына киргизилсин.
19-берене.
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды шаар тибиндеги поселогу райондук маанидеги шаардын категориясына киргизилсин.
20-берене.
Төмөнкүлөрдүн чек арасын баяндап жазуу бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен жана Кадамжай райондук маанидеги шаарларынын, Совет жана Чаувай айыл аймактарынын;
- Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай жана Сумсар айыл аймактарынын жана Токтогул районунун Токтогул райондук маанидеги шаарынын;
- Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун Ак-Булак айыл аймагынын, Тоң районунун Кажы-Сай айыл аймагынын жана Ак-Суу районунун Жыргалаң айыл аймагынын;
- Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун Достук айыл аймагынын, Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагынын;
- Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Найман айыл аймагынын жана Алай районунун Сары-Таш айыл аймагынын;
- Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура районунун Маймак айыл аймагынын;
- Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунун Ак-Түз айыл аймагынын, Орловка жана Кемин райондук маанидеги шаарларынын, Панфилов районунун Кайыңды райондук маанидеги шаарынын.
21-берене.
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети администрациялык-аймактык бирдиктерди статистикалык эсепке алуусуна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү башкаруунун тиешелүү органдары ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын шаар тибиндегиайрым поселокторун өзгөртүп түзүү жана аларды айылдын же шаардын категориясына киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбооруна МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
"Кыргыз Республикасынын шаар тибиндеги айрым поселокторун өзгөртүп түзүү жана аларды айылдын же шаардын категориясына киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзам долбоору жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү токтом долбоору жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына жана 2012-жылдын ноябрында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолорду өткөрүүгө байланыштуу даярдалган.
Белгилүү болгондой "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары болуп айылдык жана шаардык кеңештер эсептелет, демек поселоктук кеңештер каралган эмес. Мындан тышкары "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо шаарларда жана айыл аймактарында гана өткөрүлөт. Ушуга байланыштуу шаар тибиндеги поселокторду (өз алдынча администрациялык-аймактык бирдиктерди) айылдын же райондук маанидеги шаардын категориясына өткөрүү зарылдыгы пайда болду.
"Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык райондук маанидеги шаардын категориясына өндүрүштүк жана социалдык инфраструктурасы, өнүккөн окуу, маданий-агартуучу, дарылоочу жана соода мекемелеринин тармагы бар администрациялык, экономикалык жана маданий борбор болуп эсептелген, калкынын саны 10 миң адамдан көп жана жакынкы келечекте андан аркы экономикалык өнүгүүсү жана калкынын саны өсүшү мүмкүн болгон калктуу конуш которулушу мүмкүн. Өзгөчө учурларда тиешелүү маанидеги шаарлардын категориясына калкынын саны аз, бирок администрациялык, экономикалык жана маданий борбор болуп эсептелген жана жакынкы келечекте андан аркы экономикалык өнүгүүсү жана калкынын саны өсүшү мүмкүн болгон калктуу конуш которулушу мүмкүн.
Азыркы учурда республикада шаар тибиндеги 19 поселок бар, алар өзүнчө административдик-аймактык бирдик болуп эсептелет.
Ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык шаар тибиндеги поселоктордо калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, жергиликтүү кеңештердин жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын чечимдери кабыл алынган.
Жергиликтүү кеңештердин жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын чечимдери менен шаар тибиндеги 6 поселокту: Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен жана Кадамжай поселокторун; Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул поселогун; Чүй облусунун Кемин районунун Орловка жана Кемин поселокторун; Панфилов районунун Кайыңды поселогун райондук маанидеги шаарга которуу сунуш кылынган.
Калган шаар тибиндеги 13 поселок тиешелүү жергиликтүү кеңештер жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан айылга которуу сунуш кылынган.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маалыматына ылайык шаар тибиндеги поселоктун статусун өзгөрткөндө педагогика кызматкерлерине (жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерине, мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы тарбиялоочуларга) айыл жергесинде берилген окуу сааттарынын санына жараша айына 1000 сом өлчөмүндө үстөк акы төлөө зарыл.
Мындан тышкары, райондук маанидеги шаарга которулган шаар тибиндеги поселоктордо жергиликтүү бюджеттеринин кирешелери 2012-жылдын аягына чейин болжол менен 2,5 млн сом суммасына көбөйөт. Бул райондук маанидеги шаарларда киреше салыгын эсептөөнүн нормативи 40 процент өлчөмүндө белгиленгендиги менен байланышкан, бул шаар тибиндеги поселокко караганда 30 процентке көп.
"Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык шаар тибиндеги поселокторду өзгөртүп түзүү жөнүндө жергиликтүү кеңештердин жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын чечимдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар боюнча ведомстволор аралык комиссия тарабынан каралып чыккан жана тиешелүү корутундулар берилген.
Бул Мыйзам долбоору коомдук талкуудан өтүүгө тийиш эмес, себеби жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына таасирин тийгизбейт, ишкердикти жөнгө салбайт. Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоору жөнгө салуу таасирин талдоодон өтпөйт.
Мындан тышкары, Мыйзам долбоору жарандардын конституциялык укуктарын, эркиндиктерин жана милдеттери; коомдук бирикмелердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын укуктук статусу; салык системасы; экологиялык коопсуздук; укук бузууларга каршы күрөшүү; ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуунун жаңы түрлөрүн киргизүү маселелерин камтыбайт, ошондуктан укуктук, укук коргоочу, гендердик, экологиялык, коррупцияга каршы күрөш жана башка илимий экспертизалардан өтпөйт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча
мамлекеттик агенттигинин директору К.Нарбаев
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен шаар тибиндеги поселогун райондук маанидеги шаардын категориясына киргизүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар боюнча ведомстволор аралык комиссиянын
КОРУТУНДУСУ
Айдаркен шаар тибиндеги поселогу 1940-жылы түзүлгөн, бийик тоолуу зонада, деңиз деңгээлинен 2050 метр бийиктикте райондук борбор Пүлгөн айылынан 44 км жана облустук борбор - Баткен шаарынан 60 км аралыкта жайгашкан, жалпы аймагы 4450 гектар.
Айдаркен шаар тибиндеги поселогу сурьманы казып алуу жана кайра иштетүү боюнча шахтердук конуш катары өнүгө баштаган.
Азыркы учурда поселокто 10915 адам жашайт, жекече сектордогу кожолуктардын саны 1308. Поселоктун аймагында 1347 ыңгайлуу батирлүү сандагы 68 көп кабаттуу үй жайгашкан. Калктын улуттук курамы: 60% - кыргыздар, 33% - тажиктер, 5% - орустар жана 2% - башка улуттагылар.
Жергиликтүү калк негизинен соода-сатык жүргүзөт, "Хайдаркен сымап комбинаты" ААКсында, "Коммуналчы" акционердик коомунда жана жекече сектордогу башка ишканаларда иштейт.
Поселоктун аймагында "Хайдаркен сымап комбинаты" ААКсы иштейт, ал шаар түзүүчү ишкана болуп саналат. Иштегендердин саны 800дөн ашуун адам, анын ичинде 70 инженердик-техникалык кызматкерлер, 750 жумушчу. Комбинаттын курамына төмөнкү түзүмдүк бөлүктөр кирет:
- автотранспорт цехи, ал руданы жана адамдарды ташууну, жер казуучу жана башка жабдуулардын иштөөсүн камсыз кылат;
- ремонттук-курулуш жана жыгач иштетүү иштерин жүргүзгөн өндүрүштүк цех;
- монименталдуу рудаларды казып алуу боюнча жер астындагы иштер рудниги;
- энергиялык-механикалык цех, ал контролдоочу-ченөөчү приборлор лабораториясын жана ишкананын бөлүмдөрүн электр энергиясы, кысылган аба, суу, металл буюмдары менен камсыз кылат, ремонт иштерин жүргүзөт, ошондой эле ишкананы жана поселокту телефон байланышы менен камсыз кылат.
- комплекстүү рудаларды казып алуу жана кайра иштетүү боюнча рудник, анын курамына сымап-сурьма концентратын жана плавикошпат концентраттын алуу менен флотациялык методу аркылуу руда комплекстерин кайра иштетүүчү кен ылгоочу фабрикасы кирет;
- монументалдуу рудаларды кайра иштетүү боюнча металлургиялык завод.
Азыркы учурда поселоктун өнүгүүсүнүн келечеги негизинен "Хайдаркан сымап комбинаты" ААКсынын өнүгүшүнө байланышкан.
Поселоктун аймагында 1963-жылы курулган 137 орундуу оорукана бар.
1990-жылы курулган имараттагы перинаталдык борбор бар, жалпы аянты
- 3558,4 метр квадрат, ал бардык зарыл болгон медициналык шаймандар жана жабдуулар менен толук жабдылган.
2008-жылы жалпы дарыгерлик профилактикасы уюштурулган, үй-бүлөлүк дарыгерлердин 3 тобу иштейт. Мындан тышкары терапевттик, хирургиялык, гинекологиялык жана стоматологиялык иштейт, алар поселоктун калкын эле эмес жакынкы Алга, Бирлик айыл аймактарынын калкын да тейлешет.
Поселокто № 19, № 20 жана № 7 жалпы билим берүүчү 3 мектеп иштейт, аларда 2286 окуучу жана 160 мугалим бар. Поселокто 360 орундуу бала бакчасы, музыкалык мектеп бар.
Маданий-спорт борборлору: "Айдаркен" борбордук стадиону, 624 орундуу маданият сарайы бар, анын имаратында китепкана жайгашкан.
Поселоктун аймагында Айдаркен чек ара отряды, "Бөрү" атайын багыттагы отряд жайгашкан, аларда 100дөн ашуун аскер кызматчылары кызмат өтөйт.
Калкты тиричиликтик тейлөө тармагы өнүккөн. Поселокто төмөнкүлөр иштейт: эмерек жасоочу цех, 2 чакан наабайкана, нан жабуу цехи, 10 мончо, 40 орундуу мейманкана, 300 адам иштеген 2 базар, 60 коммерциялык дүкөн, 14 дарыкана, 7 тигүү цехи, 4 автомай куюучу станция, 6 техникалык тейлөө станциясы, 30дан ашуун заманбап кафе-ашкана, фитнес-бар. Чекене соода, анын ичинде коомдук тамак-аш көлөмү 2011-жылы - 98,1 млн. сом. Калкка акыга кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 2011-жылы - 22,9 млн. сом.
Мамлекеттик жана башка мекемелер системасы төмөнкүлөрдөн турат: санитардык-эпидемиологиялык станциянын филиалы, РЭТттин Айдаркен участогу, газ чарбасы, почта, ӨКМ бөлүмү, өрт өчүрүү бөлүмү, "Финка" чакан кредит компаниясы жана 5 банктын филиалдары.
Поселок толугу менен газдаштырылган, электрлештирилген, таза ичүүчү суу менен камсыз кылынган, канализациялык система иштейт. Жолдору асфальтталган, көчөлөрү түнкү жарык менен камсыз кылынган.
Поселоктун финансылык абалы канааттандырарлык. Бюджеттин жылдык орточо киреше бөлүгү - 29,11 млн. сом. Алардын ичинен:
1) республикалык бюджеттен алынган категориялык гранттардын көлөмү - 10,64 млн. сом;
2) республикалык бюджеттен алынган теңдөөчү гранттардын көлөмү 13,63 млн. сом;
3) жергиликтүү бюджетке салыктык жана салыктык эмес түшүүлөр 4,84 млн. сом:
- милдеттүү патенттин негизиндеги салык - 6,0 миң сом;
- ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык - 460,8 миң сом;
- сатык салыгы - 450,0 миң сом;
- жеке адамдардын транспорт каражаттарына салык - 530,4 миң сом;
- юридикалык жактардын транспорт каражаттарына салык - 119,7 миң сом;
- жер салыгы - 242,5 тыс. сом;
- жер салыгы (айыл чарба багытындагы эмес) - 921,4 миң сом;
- таштанды ташып чыгаруу үчүн салык - 0,9 миң сом;
- жер казынасын пайдалануу салыгы - 1500,0 миң сом;
- киреше салыгы - 520,0 тыс. сом;
- жер ижарасы үчүн акы төлөө - 85,0 миң сом.
Бул калктуу конуш "Кыргыз Республикасынын Администрациялык-аймактык түзүлүшү жана географиялык аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык райондук маанидеги шаар категориясына киргизилиши мүмкүн, анткени өндүрүштүк жана социалдык инфраструктурасы, окуу, маданий агартуучу, дарылоочу жана соода мекемелеринин өнүккөн тармагы бар администрациялык-экономикалык жана маданият борбору болуп саналат, калкынын саны 10 миңден ашуун адам жана азыркы учурда андан ары экономикалык өнүгүү жана калкынын санынын өсүшүнүн келечеги бар.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Айдаркен шаар тибиндеги поселогунун тургундарынын 16.05.2012-ж. жыйынында Айдаркен шаар тибиндеги поселогун райондук маанидеги шаар категориясына киргизүү жана анын базасында шаар мэриясын түзүү жөнүндө сунуш киргизилген. Бул сунуш поселоктук кеңештин 18.05.2012-ж. № 35/1, Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын 01.06.2012-ж. № 1-4/82 жана Баткен облусундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 13.06.2012 г. № 13-7/76 чечимдери менен колдоого алынган.
Ведомстволор аралык комиссия жергиликтүү коомчулуктардын тургундарынын жыйындарынын жана тиешелүү жергиликтүү кеңештердин чечимдерин эске алуу менен Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаар тибиндеги поселогун райондук маанидеги шаар категориясына киргизүү жөнүндө сунушту колдоого алуу зарыл деп эсептейт.
Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр Н.Момуналиев
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай шаар тибиндеги поселогун райондук маанидеги шаардын категориясына киргизүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар боюнча ведомстволор аралык комиссиянын
КОРУТУНДУСУ
Кадамжай шаар тибиндеги поселогу Пүлгөн райондук борборунун түштүк чыгышында жайгашкан. Кадамжай шаар тибиндеги поселогунун аймагы Орозбеков айыл аймагынын аймагы менен чектешет. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 980 метрди түзөт.
Райондун борбору Пүлгөн айылына чейинки аралыгы 1 км, облустук борбор Баткен шаарына чейин - 103 км, жакынкы темир жол станциясына чейин - 41 км. Кадамжай поселогунун жалпы аймагы 1760 га.
Кадамжай шаар тибиндеги поселок Кадамжай сурьма комбинатынын айланасындагы шахтер поселогу катары өнүгүүсүн баштаган.
Азыркы учурда поселокто 7564 адам жашайт, Пүлгөн, Чалташ жана Ташкыя айылдары кошулган эсепте жалпы саны 12500 адамды түзөт. Кожолуктардын саны 2182 түтүндү түзөт. Калктын улуттук курамы. 72% - кыргыздар, 15% - өзбектер, 11% - орустар жана 2% - башка улуттагылар.
Жергиликтүү калк негизинен соода-сатыкта иштейт, Кадамжай сурьма комбинатында, мамлекеттик жана башка мекемелерде, чакан цехтерде иштешет.
Поселоктун аймагында 71 көп кабаттуу үй жана эки калктуу конуш жайгашкан.
Кадамжай поселогунун социалдык-экономикалык абалы туруктуу катары бааланат, анткени поселокто адамдын жашоо-турмушу үчүн зарыл бардык инфраструктура бар. Электрлештирүү, газдаштыруу, байланыш, жолдор, канализация, суу менен жабдуу жана коммуналдык кызматтар туруктуу иштейт.
Поселокто шаар түзүүчү "Кадамжай сурьма комбинаты" ААКсы бар, анда 1500 адам эмгектенет.
Кадамжай өндүрүштүк турак жай-коммуналдык чарбасында 50дөн ашуун адам иштейт. "Кадамжай шахта курулушу башкармалыгы" ААКсында 100дөн ашуун адам эмгектенет.
Пескоблок жана брусчатка өндүрүүчү 2 чакан завод жана сүт азыктарын өндүрүү боюнча чакан-завод бар, алар чыгарган продукция Ош, Жалал-Абад облустарында жана Өзбекстан Республикасынын чектеш райондорунда сатылат.
Механикалык цех, металл, пластик терезелер жана эшиктер өндүрүүчү 2 цех; 2 жыгач иштетүүчү ишкана, 3 столярдык цех бар, анда 50дүн ашуун адам эмгектенет.
2011-жылдагы өндүрүштүк-өнөр жай продукциясынын көлөмү 624,7 млн. сомду, 2012-жылдын биринчи жарым жылдыгында - 278,5 млн. сомду түзөт.
Поселокто 700дөн ашуун адам иштеген 80 орундуу 2 типтүү мейманкана, 3 жекече мейманкана комплекси, 4 жекече наабайкана, 20дан ашуун мончо-сауна, 30тан ашуун заманбап кафе жана ашкана, 6 чач тарач, 2 базар, 70тен ашуун коммерциялык дүкөн, 17 дарыкана, 8 тигүү цехи, 4 сулуулук салону, 3 полиграфиялык борбор, 8 автотехникалык тейлөө станциялары калкка кызмат көрсөтөт.
Чекене соода көлөмү, анын ичинде коомдук тамак-аштын көлөмү 2011-жылы 257,2 млн. сомду түздү. Калкка акыга көрсөтүлгөн кызматтын көлөмү 2011-жылы 65,8 млн. сомду түздү.
Билим берүү жана саламаттык сактоо системасы төмөнкүлөрдөн турат: 700дөн ашуун бала тарбияланган 3 бала бакча; 2 жалпы билим берүүчү - № 17 жана "Жийделик" орто мектептер бар, аларда жогорку билимдүү 107 мугалим иштейт жана 1850 окуучу окуйт, окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт; 350 окуучу окуган жана 65 адам иштеген 1 "Семетей" кыргыз-түрк лицейи; санитардык-эпидемиологиялык станция, профилакторийлер, 3 үй бүлө дарыгерлер тобу; 179 орунга эсептелген аймактык оорукана, 475тен ашуун медициналык кызматкерлер иштеген үй-бүлөлүк медицина борбору.
Мамлекеттик жана башка мекемелер төмөнкүлөрдөн турат:
Кадамжай райондук энергетика тармагы (РЭТ) (163 адам); Кадамжай мамкаттоо (40тан ашуун адам); облустук үрөн инспекциясы (16 адам); техинспекция; Баткен облусунун горнизондук прокуратурасы (10дон ашуун алам); 100гө жакын адам иштеген "Финка" жана "Компаньон" чакан кредиттик компаниялар, Кадамжай райондук билим берүү бөлүмү; музыкалык мектеп; балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби.
Маданият спорт борборлору: 360 орундуу маданият сарайы, райондук китепкана, балдар китепканасы, эс алуу борбору "Жийделик" көлү, дене тарбия-ден соолук чыңдоочу борбор, "Металлург" райондук борбордук стадион, спорт залы, аларда 300дөн ашуун тарбиялануучу машыгат.
Поселоктун финансылык абалы канааттандырарлык. Бюджеттин жылдык орточо киреше бөлүгү - 22,63 млн. сом, алардын ичинен:
1) республикалык бюджеттен алынган категориялык гранттардын көлөмү - 8,0 млн. сом;
2) республикалык бюджеттен алынган теңдөөчү гранттардын көлөмү 8,5 млн. сом;
3) жергиликтүү бюджетке салыктык жана салыктык эмес түшүүлөр 6,13 млн. сом:
- милдеттүү патенттин негизиндеги салык - 92,6 миң сом;
- ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык -1,0 млн. сом;
- сатык салыгы - 2,99 млн. сом;
- жеке адамдардын транспорт каражаттарына салык - 321,4 миң сом;
- юридикалык жактардын транспорт каражаттарына салык - 237,1 миң сом;
- жер салыгы - 162,6 миң сом;
- жер салыгы (айыл чарба багытындагы эмес) - 692,6 миң сом;
- кыймылсыз мүлк салыгы - 295,5 миң сом;
- таштанды ташып чыгаруу үчүн салык - 7,1 миң сом;
- башка салыктар жана жыйымдар - 34,7 миң сом;
- жер ижарасы үчүн акы төлөө - 11,8 миң сом;
- бөлмө жайларды, имараттарды, курулмаларды ижаралоо үчүн акы төлөө - 1,7 миң сом;
- администрациялык айыптар - 0,9 миң сом;
- автотранспорт каражаттарын токтотуу үчүн жыйым - 4,8 миң сом.
Азыркы учурда поселоктун өнүгүүсүнүн келечеги негизинен "Кадамжай сурьма комбинат" ААКсын ойдогудай өнүгүшүнө байланышат.
Кадамжай поселогу Пүлгөн райондук борбору, Чалташ жана Ташкыя айылдары менен түздөн-түз чектешет. Башкача айтканда Пүлгөн, Чалташ жана Ташкыя айылдары бир эле жерде жайгашкан. Пүлгөн, Ташкыя жана Чалташ айылдарындагы калк 5 миң адамды түзөт жана иш жүзүндө бардык райондук уюмдар, мекемелер жана кызматтар ошол жерде.
Кадамжай поселогу жана Пүлгөн, Чалташ, Ташкыя айылдары коммуникациянын, жылуулук менен жабдуунун, суу менен жабдуунун жана башкалардын бир системасы менен ажырагыс байланышта.
Бул калктуу конуш "Кыргыз Республикасынын Администрациялык-аймактык түзүлүшү жана географиялык аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык райондук маанидеги шаар категориясына киргизилиши мүмкүн, анткени өндүрүштүк жана социалдык инфраструктурасы, окуу, маданий агартуучу, дарылоочу жана соода мекемелеринин өнүккөн тармагы бар администрациялык-экономикалык жана маданият борбору болуп саналат, калкынын саны 10 миңден ашуун адам жана азыркы учурда андан ары экономикалык өнүгүү жана калкынын санынын өсүшүнүн келечеги бар.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кадамжай шаар тибиндеги поселоктун тургундарынын 18.05.2012-ж. жыйынында Кадамжай шаар тибиндеги поселогун райондук маанидеги шаар категориясына киргизүү жана анын базасында шаар мэриясын түзүү жөнүндө сунуш киргизилген. Бул сунуш поселоктук кеңештин 21.05.2012-ж. № 27/1, Орозбеков айыл кеңешинин 07.02.2012-ж. № 21/1, Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын 01.06.2012-ж. № 1-4/83 жана Баткен облусундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 13.06.2012-ж. № 13-7/79 чечимдери менен колдоого алынган.
Ведомстволор аралык комиссия жергиликтүү коомчулуктардын тургундарынын жыйындарынын жана тиешелүү жергиликтүү кеңештердин чечимдерин эске алуу менен Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаар тибиндеги поселогун райондук маанидеги шаар категориясына киргизүү жөнүндө сунушту колдоого алуу зарыл деп эсептейт.
Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр Н.Момуналиев
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Советское шаар тибиндеги поселогун айылдын категориясына киргизүү жана анын базасында Баткен облусунун Кадамжай районундагы Совет айыл аймагын түзүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КОРУТУНДУСУ
Советское шаар тибиндеги поселогу деңиз деңгээлинен 1150 метр бийиктикте, райондук борбор Пүлгөн айылынан 75 км жана облустук борбор Баткен шаарынан 90 км аралыкта жайгашкан, жалпы аянты - 84 га.
Шаар тибиндеги поселок сурма казуудагы шахтердук конуш катары өнүгө баштаган. Поселок оор климаттык шарттарда жайгашкан. Поселокто 1295 адам жашайт, анын ичинде жогорку курактагы калк - 975 адам, анын ичинде пенсионерлер - 42 адам. Кожолуктун саны 328 түтүндү түзөт.
Жергиликтүү калк негизинен айыл чарбасында жана көмөкчү чарбаларда иштейт. Жумушсуздук 90% түзөт. Бүгүнкү күндө бодо малдын саны - 328 баш, кой-эчки - 3687, канаттуулар - 1284.
Мамлекеттик мекемелерден жана уюмдардан: № 72 техникалык лицей, № 5 мектеп иштейт, ал 1956-жылы курулган, 240 окуучулук орундуу, 2 кабаттуу имаратта жайгашкан, анда 16 педагог эмгектенет жана 164 окуучу билим алат.
2 бала бакча, 2 топ иштейт. Айылдык клуб бар, анын имараты 1956-жылы курулган, анда поселкалык китепкана, ошондой эле төрөт үйү жайгашкан. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу 1960-жылы курулган имаратта жайгашкан, аны капиталдык оңдоо талап кылынат.
Поселоктун финансылык абалы канааттандыраарлык эмес, поселок республикалык бюджеттин дотациясында турат. Бюджеттин орточо Жылдык киреше бөлүгү 6,2 млн сомду, анын ичинде жергиликтүү бюджет - 0,5 млн сомду, республикалык бюджет - 5,7 млн. сомду түзөт.
Ички асфальтталган жолдор жараксыз абалда. Ички чарбалык көпүрөгө жана суу берүү системасына капиталдык оңдоо талап кылынат.
Бул калктуу конуш "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык райондук маанидеги шаардын категориясына киргизилиши мүмкүн эмес, себеби өндүрүштүк жана социалдык инфраструктурасы, өнүккөн окуу, маданий-агартуучу, дарылоочу жана соода мекемелеринин тармагы бар администрациялык, экономикалык жана маданий борбор болуп эсептелбейт, андагы калктын саны 10 миң адамдан аз жана жакынкы келечекте мындан аркы экономикалык өнүгүүсү жана калкынын саны өсүшү мүмкүн эмес.
Жогоруда жазылгандардын негизинде 2012-жылдын 17-майында болуп өткөн Советское шаар тибиндеги поселоктун тургундарынын чогулушунда Советское шаар тибиндеги поселогун айылдын категориясына киргизүү жана анын базасында айыл аймагын түзүү жөнүндө сунушту киргизүү чечими кабыл алынган. Бул сунуш, поселоктук кеңештин 21.05.2012-ж. № 15/1, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 01.06.2012-ж. № 1-4/84 жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 13.06.2012-ж. № 13-7/77 чечимдери менен колдоого алынган.
Ведомстволор аралык комиссия жергиликтүү коомчулуктун тургундарынын чогулушунун жана тиешелүү жергиликтүү кеңештердин чечимдерин эске алуу менен Баткен облусунун Кадамжай районундагы Советское шаар тибиндеги поселогун айылдын категориясына киргизүү жана анын базасында Баткен облусунун Кадамжай районундагы Совет айыл аймагын түзүү жөнүндө сунушту колдоого алуу зарыл деп эсептейт.
Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр Н.Момуналиев
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чаувай шаар тибиндеги поселогун айылдын категориясына киргизүү жана анын базасында Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чаувай айыл аймагын түзүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КОРУТУНДУСУ
Чаувай шаар тибиндеги поселогу деңиз деңгээлинен 1600 метр бийиктикте, райондун борбору Пүлгөн айылынан 70 км жана облустун борбору Баткен шаарынан 170 км аралыкта жайгашкан, аймактын жалпы аянты - 115 га.
Чаувай шаар тибиндеги поселогу сымап казып алынган жердин айланасында шахтердук тургун жай катары өнүгө баштаган.
Азыркы учурда мында паселок климаттык шарты оор, жетүүгө кыйын бийик тоолуу зонада жайгашкан, 1580 адам, анын ичинде 882 - улуу курактагы калк, алардын ичинен 273 пенсионер жашайт. Кожолуктардын саны - 392.
Жергиликтүү калк негизинен айыл чарбасында жана көмөкчү чарбаларда иштешет. Жумушсуздук 92%ды түзөт.
Бүгүнкү күндө бодо малдын саны 513 башты түзөт, жылкы - 43, кой жана эчки - 2107, канаттуулар - 1017.
Мамлекеттик мекемелерден жана уюмдардан 1991-жылы курулган, 500 окуучулук орундуу 2 кабат Б.Кулбаев атындагы орто мектеп иштейт. Мектепте 30 педагог иштейт жана 431 окуучу окуйт.
1958-жылы курулган айылдык клуб бар, анда китепкана жайгашкан. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу 1960-жылы курулган имаратта иштешет, бул имарат капиталдык ремонтту талап кылат.
Поселоктун финансылык абалы канааттандыраарлык эмес, поселок республикалык бюджеттин дотациясында турат. Бюджеттин жылдык орточо киреше бөлүгү 8,2 млн. сомду түзөт, алардын ичинен: жергиликтүү бюджет 2,0 млн. сом, республикалык бюджет - 6,1 млн. сом.
Ички асфальт жолдор жана 2 ички чарбалык көпүрө капиталдык ремонту талап кылат, суу түтүк жана канализация системалары эскирген.
Бул калктуу конуш "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жана географиялык аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык райондук маанидеги шаар категориясына киргизилиши мүмкүн эмес, анткени өндүрүштүк жана социалдык инфраструктурасы, өнүккөн окуу, маданий-агартуу, дарылоо жана соода мекемелери бар администрациялык, экономикалык жана маданий борбор болуп эсептелбейт, анын калкынын саны 10 миң адамга жетпейт жана азыркы учурда мындан ары экономикалык өнүгүү жана калкынын санынын өсүү өтө төмөн.
Баяндалгандардын негизинде Чаувай шаар тибиндеги поселогунун тургундарынын 18.05.2012-ж. жыйынында Чаувай шаар тибиндеги поселогун айыл категориясына киргизүү жана анын базасында айыл аймагын түзүү жөнүндө сунуш киргизүү чечилген. Бул сунуш поселкалык кеңештин 23.05.2012-ж. № 15/1, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 01.06.2012-ж. № 1-4/85 жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 13.06.2012-ж. № 13-7/78 чечимдери менен колдоого алынган.
Ведомстволор аралык комиссия жергиликтүү коомчулуктардын жыйындарынын жана тиешелүү жергиликтүү кеңештердин чечимдерин эске алуу менен Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чаувай шаар тибиндеги поселогун айылдын категориясына киргизүү жана анын базасында Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чаувай айыл аймагын түзүү жөнүндө сунушту колдоону зарыл деп эсептейт.
Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр Н.Момуналиев
Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай шаар тибиндеги поселогун айылдын категориясына киргизүү жана анын базасында Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айыл аймагын түзүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КОРУТУНДУСУ
Терек-Сай шаар тибиндеги поселогу деңиз деңгээлинен 1610 метр бийиктикте, Чаткал районунун чыгыш бөлүгүнүн чегинде, Сумсар шаар тибиндеги поселогунун түндүк-батыш бөлүгүндө, Чаткал районунун түндүк бөлүгүндө жайгашкан. Облустук борбордон - 270 км, Бишкектен - 625 км, райондук борбордон - 110 км, аэропорттон - 80 км, темир жолдон - 140 км аралыкта.
Поселоктун курамында 2 калктуу конуш бар: Терек - Сай поселогу жана Кызыл - Токой айылы. Айылдар ортосундагы аралык - 25 км. Поселоктук округдун жалпы аянты - 16817 га.
Азыркы мезгилде поселок катаал климаттык шарттары оор, кыйындык менен жетүүчү бийик тоолуу зонада жайгашкан, поселокто 3893 адам жашайт. Кожолуктардын саны - 392.
Жергиликтүү калктын көпчүлүгү айыл чарбасында жана көмөкчү чарбаларда иштешет. Жумушсуздук 40%ды түзөт. Бодо малдын саны - 909, жылкы 172 баш, кой жана эчки - 14870, канаттуулар- 6351. Жайыт жери (10778 га) бар.
Мамлекеттик мекемелерден жана уюмдардан 1958-жылы, 1962-жылы жана 1989-жылы курулган 3 орто мектеп иштейт. 3 бала бакча бар, балдардын саны - 265. Мектепте 85 педагог эмгектенет жана 807 бала окуйт.
1968 жана 1986-жылы курулган 2 маданият үйү, 1963-жылы курулган имаратта жайгашкан фельдшер-акушердик пункт жана канааттандыраарлык абалда турган 2 оорукана бар. 1963-жылы жана 1986-жылы курулган 2 китепкана бар.
Поселоктун финансылык абалы канааттандыраарлык эмес, республикалык бюджеттин дотациясында турат. Бюджеттин жылдык орточо киреше бөлүгү болжол менен 24340,5 млн. сомду түзөт.
Ички асфальт жолдор жараксыз абалга келген, 4 ички чарбалык көпүрө капиталдык ремонтту талап кылат, суу түтүгү системасы да ремонттоого муктаж, поселокто канализация жана башка тазалоо курулмалары жок.
Азыркы мезгилде поселоктун өнүгүү келечеги негизинен "Терек-сай кени", "Кыргызалтын", "Чаткал-17" алтын кен комбинаттарында өнөр жай продукцияларын көбөйтүүгө көз каранды.
Бул калктуу конуш "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык райондук маанидеги шаар категориясына киргизилиши мүмкүн эмес, анткени өндүрүштүк жана социалдык инфраструктурасы, өнүккөн окуу, маданий-агартуу, дарылоо жана соода мекемелери бар администрациялык, экономикалык жана маданий борбор болуп эсептелбейт, анын калкынын саны 10 миң адамга жетпейт жана азыркы учурда мындан ары экономикалык өнүгүү жана калкынын санынын өсүү келечеги өтө төмөн.
Ушул баяндалгандардын негизинде Терек-Сай шаар тибиндеги поселогунун тургундарынын 13.09.2012-ж. жыйынында Терек-Сай шаар тибиндеги поселогун айыл категориясына киргизүү жана анын базасында айыл аймагын түзүү жөнүндө сунуш киргизүү чечилген. Бул сунушту поселоктук кеңештин 13.09.2012-ж. № 1, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 13.09.2012-ж. № 41 жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 13.09.2012-ж. № 12 чечимдери менен колдоого алынган.
Ведомстволор аралык комиссия жергиликтүү коомчулуктардын тургундарынын жыйындарынын жана тиешелүү жергиликтүү кеңештердин чечимдерин эске алуу менен Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай шаар тибиндеги поселогун айылдын категориясына киргизүү жана анын базасында Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айыл аймагын түзүү жөнүндө сунушту колдоону зарыл деп эсептейт.
Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр Н.Момуналиев
Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Сумсар шаар тибиндеги поселогун айылдын категориясына киргизүү жана анын базасында Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Сумсар айыл аймагын түзүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КОРУТУНДУСУ
Сумсар шаар тибиндеги поселок Чаткал районунун түштүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан, түндүк-батыш бөлүгүндө Өзбекстан Республикасы менен чектешет. Облустук борбордон узактыгы - 284 км, борбордон - 608 км, райондук борбордон - 188 км, аэропорттон - 250 км, темир жолдон - 180 км.
Шаар тибиндеги поселоктун администрациялык-аймактык чек арасында 2 калктуу конуш жайгашкан: Сумсар жана Шекафтар поселоктору. Айылдардын ортосундагы аралык - 5 км. Поселоктук округдун жалпы аянты - 4249 га, орточо жылдык температура - 25 град. Цельсия.
Азыркы мезгилде поселок оор климаттык шарттардагы жетүүгө кыйын бийик тоолуу зонада жайгашкандыгына байланыштуу анда 6002 адам жашайт. Кожолуктардын саны 980 түтүндү түзөт.
Жергиликтүү калк негизинен айыл чарбасында жана көмөкчү чарбаларда иштейт, жумушсуздук 70 процентти түзөт. Бодо малдын саны - 1148 баш, жылкы - 312, кой-эчки 15689, канаттуулар - 9260. Жайыт жерлери - 3012 га.
Мамлекеттик мекемелер жана уюмдар: Ю.А.Гагарин атындагы орто мектеп иштейт, ал 1952-жылы курулган, 574 окуучулук орундуу, типтүү 2 кабаттуу имаратта жайгашкан, В.И.Ленин атындагы интернат иштейт, ал 1959-жылы курулган, 545-окуучулук орундуу, 2 кабаттуу имаратта жайгашкан, 1 бала бакча иштейт. Мектепте 117 педагог эмгектенет.
2 маданият үйү бар, алар 1970-жылы курулган, 1 жалпы дарыгердик практика борбору бар, ал 1982-жылы курулган имаратта жайгашкан.
Поселоктун финансылык абалы канааттандыраарлык эмес, поселок республикалык бюджеттин дотациясында турат. Бюджеттин орточо жылдык киреше бөлүгү болжол менен 13236,0 млн. сомду түзөт.
Ички асфальтталган жолдор жараксыз абалда, 4 ички чарбалык көпүрөгө капиталдык оңдоо талап кылынат, суу берүү системасын да оңдоо талап кылынат, поселокто канализация жана башка тазалоочу курулмалар жок.
Азыркы мезгилде поселокту өнүктүрүү келечеги негизинен "Терек-Сай кени" алтын комбинатында өнөр жайлык продукцияны көбөйтүүгө жараша болот.
Бул калктуу конуш "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык райондук маанидеги шаардын категориясына киргизилиши мүмкүн эмес, себеби өндүрүштүк жана социалдык инфраструктурасы, өнүккөн окуу, маданий-агартуучу, дарылоочу жана соода мекемелеринин тармагы бар администрациялык, экономикалык жана маданий борбор болуп эсептелбейт, андагы калктын саны 10 миң адамдан аз жана жакынкы келечекте мындан аркы экономикалык өнүгүүсү жана калкынын саны өсүшү мүмкүн эмес.
Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Сумсар шаар тибиндеги поселогун айылдын категориясына киргизүү жана анын базасында Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Сумсар айыл аймагын түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар боюнча ведомстволор аралык комиссиянын сунушуна макул болуу чечими (12.09.2012-ж. № 1 протокол) 13.09.2012-ж. болуп өткөн Сумсар поселоктук кеңешинин кезексиз IV сессиясында поселоктук кеңештин № 1 токтому менен кабыл алынган.
Бул чечимди Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы, 13.09.2012-ж. № 41, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, 13.09.2012-ж. № 12, колдоого алган.
Ушуга байланыштуу жергиликтүү кеңештин чечимин эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар боюнча ведомстволор аралык комиссия Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Сумсар шаар тибиндеги поселогун айылдын категориясына киргизүү жана анын базасында Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Сумсар айыл аймагын түзүү жөнүндө сунушту колдоого алуу зарыл деп эсептейт.
Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр Н.Момуналиев
Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Токтогул шаар тибиндеги поселогун райондук маанидеги шаардын категориясына киргизүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КОРУТУНДУСУ
Токтогул шаар тибиндеги поселогу (мындан ары - поселок) өз алдынча администрациялык-аймактык бирдик болуп эсептелет, анын аймагында райондун жана жалпы алганда облустун өнүгүүсү үчүн зарыл болгон социалдык жана экономикалык маанилүү объекттер жайгашкан.
Токтогул поселогу Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун райондук борбору болуп эсептелет, жалпы аянты - 676 га. Поселок бийик тоолуу аймакта, деңиз деңгээлинен 980 метр бийиктикте, облустук борбордон 330 км аралыкта жайгашкан.
Азыркы мезгилде поселок жетүүгө кыйын, оор климаттык шарттагы бийик тоолуу аймакта жайгашкандыгына байланыштуу анда 17360 адам жашайт, анын ичинде эркектер - 8176, аялдар - 9133, пенсионерлер - 1962. Кожолуктардын саны - 3384.
Поселоктун тургундары үчүн чакан жана орто бизнес калкты иш менен камсыз кылууну көбөйтүүнүн булагы болуп эсептелет. Калктын жумушсуздугу 40% түзөт.
Азыркы мезгилде бодо малдын саны - 2016 баш, жылкы - 224, кой-эчки - 8620, канаттуулар - 4436.
Токтогул поселогунда 3 муниципалдык орто мектеп, 1 лицей бар, анда окуган окуучулардын саны 3114 окуучу жана 3 мектепке чейинки мекеме (бала бакча) бар, андагы балдардын саны - 592, тарбиялоочулар - 14. Райондук оорукана, 1 инфекциялык оорукана, 1 кургак учук ооруканасы жана 1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору бар. Муниципалдык объекттер болуп: спорт мектеби, балдардын чыгармачылык үйү, А.Козубеков атындагы эс алуу паркы жана Э.Ормонов атындагы стадион эсептелет. Поселоктун аймагында муниципалдык объекттерден тышкары райондук маанидеги мамлекеттик мекемелер жана ишканалар жайгашкан. Поселоктун аймагында болжол менен 20дай май куюу станциялары иштейт, олтуруучу оруну 250дөн 450 чейинки 10дон ашык кафе жана ресторан жайгашкан, конокторду 4 ири мейманкана тейлейт.
Поселоктун финансылык абалы келечекте жаңы соода орундарын, коомдук тамактануу пункттарын, май куюу станцияларын түзүү жолу менен салык базасын кеңейтүүнүн эсебинен жакшыртылат, себеби поселок республикалык маанидеги Бишкек-Ош автотрассасында жайгашкан. Райондун жана поселоктун жетекчилиги курулуп жаткан Кабар-Ата ГЭС-1дин автобазаларын поселоктун аймагына куруу жана жайгаштыруу мүмкүндүгү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
2012-жылдын 8-майында Токтогул районунун айылдарынын жана поселоктун инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартуу максатында өткөрүлгөн "Менин айылым" инвестициялык форумунда Кытай Эл Республикасынын жана Түркия Республикасынын ишкерлери менен соода борборун, тигүү цехин жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча чакан заводду куруу жөнүндө ниет протоколдоруна кол коюлду.
Азыркы мезгилде бул калктуу конуш "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык өзгөчө учурда райондук маанидеги шаардын категориясына киргизилиши мүмкүн, себеби өндүрүштүк жана социалдык инфраструктурасы, окуу, дарылоочу жана соода мекемелеринин тармагы бар экономикалык борбор болуп эсептелет, жакынкы келечекте мындан аркы экономикалык өнүгүүсү жана калкынын саны өсүшү мүмкүн.
Жогоруда жазылгандардын негизинде 2012-жылдын 15-майында болуп өткөн Токтогул поселогунун тургундарынын чогулушунда Токтогул шаар тибиндеги поселогун райондук маанидеги шаардын категориясына киргизүү жөнүндө сунушту киргизүү чечими кабыл алынган. Бул сунуш Токтогул поселоктук кеңешинин 15.06.2012-ж., Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын 22.06.2012-ж. № 116 жана Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясынын 29.06.2012-ж. № 95 чечимдери менен колдоого
алынган.
Ведомстволор аралык комиссия жергиликтүү коомчулуктун тургундарынын чогулушунун жана тиешелүү жергиликтүү кеңештердин чечимдерин эске алуу менен Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Токтогул шаар тибиндеги поселогун райондук маанидеги шаардын категориясына киргизүү жөнүндө сунушту колдоого алуу зарыл деп эсептейт.
Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр Н.Момуналиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар боюнча ведомстволор аралык комиссиянын Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ак-Булак шаар тибиндеги поселогун айылдын категориясына киргизүү жана анын базасында Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ак-Булак айыл аймагын түзүү жөнүндө КОРУТУНДУСУ
Ак-Булак шаар тибиндеги поселогу Ысык-Көлдүн түндүк-батыш жагында жайгашкан жана деңиз деңгээлинен 1710 метр жогорудагы бийик тоолуу зонада жайгашкан. Поселок 1948-жылы уюштурулган. Райондун борбору Түп айылынан 10 км жана облустун борбору Каракол шаарынан 45 км аралыкта, темир жол станцияга чейинки аралыгы 180 км, аэропортко чейин - 45 км. Аймактын жалпы аянты 187,2га. Туруктуу жашаган эли 1094 адам, анын ичинде эркектер - 542, аялдар - 552. Кожолуктардын саны - 323.
Шаар түзүүчү "Күрмөнтү-цемент" ААК иши токтоп калганына байланыштуу жумушсуздук эмгекке жарактуу калктын 60%ке жакынын түзөт (470 адам).
Жергиликтүү элдин көпчүлүгү негизинен дыйканчылык жана мал менен эмгектенишет. Бүгүнкү күндө мүйүздүү бодо малдын саны 306 баш, жылкы 88, кой-эчки - 715, канаттуулар - 1256. Айыл чарба багытындагы 17 га жери бар. Поселокто ветеринардык сервис жайгашкан.
Поселоктун аймагында облустагы чоң ишканалардын бири "Күрмөнтү-цемент" ААК (иш орундарынын саны 181 адам) жана "Дока-Хлеб" тегирмени жайгашкан.
Мамлекеттик мекемелерден жана уюмдардан 270 орундуу типтүү бала бакча, 10 койка-орундуу участоктук оорукана жана Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, маданият үйү жана китепкана бар. Эс алуу паркы жана спорт аянты бар, 2 аптека, 7 соодалык жай иштейт.
Ички асфальт жолдору жана суу түтүк системасы ремонтко муктаж. Поселокто канализация жана башка тазалоочу курулуштар жок.
Поселоктун финансылык абалы канааттандырарлык эмес, республикалык бюджеттин дотациясында турат. Бюджеттин жылдык орточо киреше бөлүгү болгону 1 млн. сомду түзөт. Республикалык бюджеттен алынчу дотациянын өлчөмү 1,1 млн. сом.
Азыр поселоктун өнүгүү келечеги негизинен цемент, аки өндүрүүгө жана "Күрмөнтү-цемент" ААКнын жабдууларын жаңыртууга байланыштуу, ал үчүн орчундуу инвестиция керек.
Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык азыркы учурда бул калктуу конушту райондук маанидеги шаардын категориясына киргизүүгө болбойт, анткени өндүрүштүк жана социалдык инфраструктурасы жок, билим берүүчү, маданий-агартуучу, дарылоочу жана соодалык мекемелердин тармагы өнүккөн администрациялык, экономикалык жана маданий борбор эмес, элинин саны 10 миң адамга жетпейт жана жакын арада поселокто экономикасынын жана элинин саны көбөйүшүнө келечек жок.
Ушул айтылгандардын негизинде Ак-Булак шаар тибиндеги поселоктун тургундарынын 26.05.2012-ж. жыйынында Ак-Булак шаар тибиндеги поселогун айылдын категориясына киргизүү жана анын базасында айылдык аймак түзүү жөнүндө сунуш киргизүү тууралуу чечим чыгарылган. Бул сунуш поселоктук кеңештин 26.05.2012-ж. № 1 чечими, Түп районунун мамлекеттик администрациясынын 15.06.2012-ж. № 4 жана Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясынын 20.06.2012-ж. № 60 чечимдери менен колдоого алынган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар боюнча ведомстволор аралык комиссия жергиликтүү жамааттын тургундарынын жана тийиштүү жергиликтүү кеңештердин чечимдерин эске алуу менен Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ак-Булак шаар тибиндеги поселогун айылдын категориясына киргизүү жана анын базасында Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ак-Булак айыл аймагын түзүү жөнүндө сунушту колдоо зарыл деп эсептейт.
Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр Н.Момуналиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар боюнча ведомстволор аралык комиссиянын Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай шаар тибиндеги поселогун айылдын категориясына киргизүү жана анын базасында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай айыл аймагын түзүү жөнүндө КОРУТУНДУСУ
Кажы-Сай шаар тибиндеги поселогу Ысык-Көлдүн түштүк жагында жайгашкан, 1947-жылы уюштурулган, аймактын жалпы аянты 31,5 га. Поселок райондук борбордон 3,2 км, облустук борбордон - 130 км аралыкта жайгашкан, жакынкы темир жолго чейин - 100 км. Элинин саны - 4328 адам, анын ичинде эркектер - 2055, аялдар - 2073, чоң адамдар - 3151, алардын ичинен пенсионерлер 694 адам. Кожолуктардын саны - 1260.
Кажы-Сай поселогунда бир жалпы билим берүүчү мектеп (окуучулардын саны - 687), бир бала бакча (балдардын саны - 100) бир Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, соматикалык бөлүм - аймактык райондук оорукананын филиалы, эки аптека, өрттөн сактоо бөлүмү, почта бөлүмү, "Кыргызтелеком" ААКнын бөлүмү, Кажы-Сай УЭС, информациялык борбор, сейсмостанция, АЦЗ (Ишке орноштуруу борборунун ассоциациясы), балдардын музыка мектеби, "Ак-Толкун" МКА, маданият үйү, спортзал, китепкана, ДЭП-33, "Биофит" ЖчК, "Преобразователь" ЖчК, "Гермес" ДАО бар.
Жергиликтүү элдин 60%тен ашыгы негизинен айыл чарбада эмгектенишет, негизги кирешесин чарбактарында өстүрүлгөн жашылча-жемиш сатуудан жана айыл чарба продукциясын сатуудан алышат.
Бүгүнкү күндө мүйүздүү бодо малдын саны 517 баш, жылкы - 153, кой-эчки - 4346, канаттуулар - 5331, ветеринардык сервис бар.
Поселоктун финансылык абалы канааттанарлык эмес, республикалык бюджеттин дотациясында турат. Бюджетинин жылдык орточо киреше бөлүгү 10 млн. сом.
Узундугу 7 км болгон ички асфальт жолдору ремонтко муктаж, чарба ичиндеги 5 көпүрө, суу түтүк системасы бар (суу түтүк системасынын эскириши 38%ти түзөт) поселокто канализация жана башка тазалоочу түзүлүштөр жок.
Поселоктун өнүгүүсүнүн негизги багыттары туризмде, токтоп турган ишканаларды кайрадан иштетүүдө жана багбанчылыкта. Токтоп турган ишканаларды иштетүү үчүн тыштан жана ичтен чоң инвестицияларды тартуу зарыл.
Азыркы учурда бул калктуу конушту "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык райондук маанидеги шаардын категориясына киргизүүгө болбойт, анткени өнүккөн өндүрүштүк жана социалдык инфраструктурасы жок, билим берүүчү, маданий-агартуучу, дарылоочу жана соодалык мекемелердин тармагы өнүккөн администрациялык, экономикалык жана маданий борбор эмес, элинин саны 10 миң адамга жетпейт жана жакын арада поселокто экономикасынын жана элинин саны көбөйүшүнө келечек жок.
Ушул айтылгандардын негизинде Кажы-Сай шаар тибиндеги поселоктун тургундарынын 28.05.2012-ж. жыйынында Кажы-Сай шаар тибиндеги поселогун айылдын категориясына киргизүү жана анын базасында айылдык аймак түзүү жөнүндө сунуш киргизүү тууралуу чечим чыгарылган. Бул сунуш поселоктук кеңештин 12.06.2012-ж. № 1 чечими, Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын 14.06.2012-ж. № 115 жана Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясынын 20.06.2012-ж. № 59 чечимдери менен колдоого алынган.
Ведомстволор аралык комиссия жергиликтүү жамааттын тургундарынын жана тийиштүү жергиликтүү кеңештердин чечимдерин эске алуу менен Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай шаар тибиндеги поселогун айылдын категориясына киргизүү жана анын базасында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай айыл аймагын түзүү жөнүндө сунушту колдоо зарыл деп эсептейт.
Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр Н.Момуналиев
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң шаар тибиндеги поселогун айылдын категориясына киргизүү жана анын базасында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң айыл аймагын түзүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КОРУТУНДУСУ
Жыргалаң шаар тибиндеги поселогу деңиз деңгээлинен 2400 метр бийиктикте, райондун борбору Теплоключенко айылынан 57 км жана облустун борбору Каракол шаарына 67 км аралыкта жайгашкан. Аймактын жалпы аянты - 534 га.
Поселок таш көмүр казып алынган жердин айланасында шахтердук тургун жай катары өнүгө баштаган.
Азыркы учурда паселкада 1200 адам жашайт, анын ичинде 705 - эркек, 495 - аял, алардын ичинен пенсионер - 173 адам. Кожолуктардын саны 250 түтүндү түзөт.
Жергиликтүү калктын көпчүлүк бөлүгү (65%) айыл чарбасында жана көмөкчү чарбаларда иштешет. Бүгүнкү күндө бодо малдын саны - 545 башты түзөт, жылкы - 139, кой жана эчки - 1139, канаттуулар - 200. Жайыт жери (742 га) бар.
Мамлекеттик мекемелерден жана уюмдардан 1970-жылы курулган, 500 окуучулук орундуу 2 кабат Т.Асанбаев атындагы орто мектеп жана бал бакча иштейт. Мектепте 23 педагог иштейт жана 227 бала окуйт.
1975-жылы курулган айылдык клуб, 1960-жылы курулган имаратта жайгашкан ФАП бар, имарат жакшы абалда, ремонтту талап кылбайт. Поселоктун администрациялык имаратында жайгашкан китепкана бар.
Поселоктун финансылык абалы канааттандыраарлык эмес, республикалык бюджеттин дотациясында турат. Бюджеттин жылдык орточо киреше бөлүгү бардыгы болжол менен 5,5 млн. сомду түзөт.
Ички асфальт жолдор жарактан чыккан, 4 ички чарбалык көпүрө капиталдык ремонтту талап кылат, суу түтүгү жана канализация системалары эскирген.
Поселоктун өнүгүү келечеги негизинен Жыргалаң көмүр кенинде өнөр жай продукцияларын өндүрүүнү көбөйтүүдөн көз каранды. "Көк-Бел Көмүр" ЖЧК ишканасы, "Шахта-Жыргалаң-Дорго-Көмүр" ЖЧКсы таш көмүрдү аз санда казат жана өндүрүштү кеңейтүү үчүн олуттуу инвестиция талап кылынат.
Азыркы мезгилде бул калктуу конуш "Кыргыз Республикасынын администрациялык - аймактык түзүлүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык райондук маанидеги шаар категориясына киргизүү мүмкүн эмес, анткени өндүрүштүк жана социалдык инфраструктурасы, өнүккөн окуу, маданий - агартуу, дарылоо жана соода мекемелери бар администрациялык, экономикалык жана маданий борбор болуп эсептелбейт, анын калкынын саны 10 миң адамга жетпейт жана азыркы учурда мындан ары экономикалык өнүгүү жана калкынын санынын өсүү келечеги өтө төмөн.
Ушул баяндалгандардын негизинде Жыргалаң шаар тибиндеги поселогунун тургундарынын 05.09.2012-ж. жыйынында Жыргалаң шаар тибиндеги поселогун айыл категориясына киргизүү жана анын базасында айыл аймагын түзүү жөнүндө сунуш киргизүү чечилген. Бул сунуш поселоктук кеңештин 06.09.2012-ж. № 6, Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 07.09.2012-ж. № 404 жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 08.09.2012-ж. № 24 чечимдери менен колдоого алынган.
Ведомстволор аралык комиссия жергиликтүү коомчулуктардын тургундарынын жыйынынын жана тиешелүү жергиликтүү кеңештердин чечимдерин эске алуу менен Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң шаар тибиндеги поселогун айылдын категориясына киргизүү жана анын базасында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң айыл аймагын түзүү жөнүндө сунушту колдоону зарыл деп эсептейт.
Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр Н.Момуналиев
Нарын облусунун Нарын районундагы Достук шаар тибиндеги поселогун айылдын категориясына киргизүү жана анын базасында Нарын облусунун Нарын районундагы Достук айыл аймагын түзүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КОРУТУНДУСУ
Достук - шаар тибиндеги поселок, облустук борбор - Нарын шаарынан 35 км аралыкта жайгашкан, анда 746 адам жашайт, анын ичинде 120ы пенсионер. Жалпы аймагы 30,2 кв.км, кожолуктардын саны - 168.
Жергиликтүү калктын көпчүлүгү айыл чарбасында жана көмөкчү чарбаларда иштешет. Калктын колунда төмөнкү жан-жаныбарлар бар: - 292 баш бодо мал, 12 жылкы, 1309 майда жандык жана 644 канаттуулар.
Поселокто мамлекеттик мекемелерден жана уюмдардан 1 мектеп иштейт, анда 24 педагог эмгектенип, 150 бала окуйт. Айылдык клуб жана китепкана бар.
Поселоктун финансылык абалы канааттандырарлык эмес, поселок республикалык бюджеттин дотациясында турат.
Азыркы учурда бул калктуу конуш "Кыргыз Республикасынын Администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык райондук маанидеги шаар категориясына киргизилиши мүмкүн эмес, анткени өндүрүштүк жана социалдык инфраструктурасы, окуу, маданий агартуучу, дарылоочу жана соода мекемелеринин өнүккөн тармагы бар администрациялык-экономикалык жана маданият борбору болуп саналбайт, калкынын саны 10 миңден аз, ошондой эле андан ары экономикалык өнүгүү жана калкынын санынын өсүшүнүн жакынкы келечеги жок.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Достук шаар тибиндеги поселоктун тургундарынын 21.06.2012-ж. жыйынында Достук шаар тибиндеги поселогун айылдын категориясына киргизүү жана анын базасында айыл аймагын түзүү жөнүндө сунуш киргизилген. Бул сунуш поселоктук кеңештин 21.06.2012-ж. № 88, Нарын районун мамлекеттик администрациясынын 25.06.2012-ж. № 156-б жана Нарын облусунун мамлекеттик администрациясынын 29.06.2012-ж. № 4/2 чечимдери менен колдоого алынган.
Ведомстволор аралык комиссия жергиликтүү коомчулуктардын тургундарынын жыйындарынын жана тиешелүү жергиликтүү кеңештердин чечимдерин эске алуу менен Нарын облусунун Нарын районунун Достук шаар тибиндеги поселогун айыл категориясына киргизүү жана анын базасында Нарын облусунун Нарын районунун Достук айыл аймагынын базасын түзүү сунушун колдоого алуу зарыл деп эсептейт.
Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр Н.Момуналиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар боюнча ведомстволор аралык комиссиянын Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш шаар тибиндеги поселогун айылдын категориясына киргизүү жана анын базасында Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айыл аймагын түзүү жөнүндө КОРУТУНДУСУ
Миң-Куш шаар тибиндеги поселок бийик тоолуу зонада, деңиз деңгээлинен 2100 метр бийикте, райондун борбору Чаек айылынан 60 км аралыкта, облустук борбор Нарын шаарынан 280 км алыстыкта жайгашкан, жалпы аянты 1944 га.
Поселок "Оргтехника" комбинатынын тегерегиндеги конуш катары пайда болгон.
Азыр поселокто 3706 адам жашайт, анын ичинде: эркектер - 1819, аялдар - 1887, алардын ичинен пенсионерлер - 686 адам. Кожолуктардын саны 886 түтүн.
Жергиликтүү эл негизинен көмөкчү чарбаларында иштешип, бул 70%ти түзөт. Бүгүнкү күндө мүйүздүү бодо малдын саны 713 баш, жылкы - 363, кой-эчки - 6257, канаттуулар - 349.
Мамлекеттик мекеме-уюмдардан Жусуп-Сары атындагы, Ибраимов атындагы, Н.Крупская атындагы мектептер иштейт.
50-жылдарда курулган айылдык клуб, спортзал, балдардын спорт мектеби, Жалпы врачтык практика борбору (ЦОВП) бар.
Поселоктун финансылык абалы канааттандырарлык эмес, республикалык бюджеттин дотациясында турат. Бюджеттин жылдык орточо киреше бөлүгү болгону 5,5 млн. сомду түзөт.
Ички асфальт жолдор жараксыз болуп калган, канализация жана суу түтүк системалары реабилитацияга муктаж.
"Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык азыркы учурда бул калктуу конушту райондук маанидеги шаардын категориясына киргизүүгө болбойт, анткени өндүрүштүк жана социалдык инфраструктурасы жок, билим берүүчү, маданий-агартуучу, дарылоочу жана соодалык мекемелердин тармагы өнүккөн администрациялык, экономикалык жана маданий борбор эмес, элинин саны 10 миң адамга жетпейт жана жакын арада поселокто экономикасынын жана элинин саны көбөйүшүнө келечек жок.
Ушул айтылгандардын негизинде Миң-Куш шаар тибиндеги поселоктун тургундарынын 02.09.2012-ж. жыйынында Миң-Куш шаар тибиндеги поселогун айылдын категориясына киргизүү жана анын базасында айылдык аймак түзүү жөнүндө сунуш киргизүү тууралуу чечим чыгарылган. Бул сунуш поселоктук кеңештин 05.09.2012-ж. № 26 чечими, Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын 12.09.2012-ж. № 198 жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 13.09.2012-ж. № 339-б чечимдери менен колдоого алынган.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар боюнча ведомстволор аралык комиссия жергиликтүү жамааттын тургундарынын жана тийиштүү жергиликтүү кеңештердин чечимдерин эске алуу менен Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш шаар тибиндеги поселогун айылдын категориясына киргизүү жана анын базасында Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айыл аймагын түзүү жөнүндө сунушту колдоо зарыл деп эсептейт.
Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр Н.Момуналиев
Ош облусунун Ноокат районундагы Найман шаар тибиндеги поселогун айылдын категориясына киргизүү жана анын базасында Ош облусунун Ноокат районундагы Найман айыл аймагын түзүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык- аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КОРУТУНДУСУ
Найман - шаар тибиндеги поселок, райондук борбор - Ноокат районунун Эски-Ноокат айылынан 30 км жана облустук борбор - Ош шаарынан 75 км аралыкта, мында 1819 адам жашайт, анын ичинде 114 пенсионер бар. Жалпы аймагы 327 га, кожолуктардын саны - 361 түтүн.
Жергиликтүү калктын көпчүлүгү айыл чарбасында жана көмөкчү чарбаларда иштейт. Калкта жаныбарлардын төмөнкү түрлөрү бар: бодо мал - 196 баш, жылкы - 10, кой-эчки - 1346 жана канаттуулар - 1025. Айыл чарба маанисиндеги жери - 50 га, бирок жайыт, айдоо жана кайрак жерлери жок.
Поселкада мамлекеттик мекемелерден жана уюмдардан 2 мектеп иштейт (орто жана башталгыч), аларда 40 педагог эмгектенет жана 380 бала окуйт. Айылдык клуб, стадион, китепкана жана парк бар.
Поселоктун финансылык абалы канааттандыраарлык эмес, поселок республикалык бюджеттин дотациясында турат. Бюджеттин орточо жылдык киреше бөлүгү болгону болжол менен 5,5 млн. сомду түзөт.
Азыркы мезгилде бул калктуу конуш "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык райондук маанидеги шаардын категориясына киргизилиши мүмкүн эмес, анткени өндүрүштүк, социалдык инфраструктурасы, өнүккөн окуу, маданий-агартуу, дарылоо жана соода мекемелеринин тармагы бар администрациялык, экономикалык жана маданий борбор болуп эсептелбейт, анын калкынын саны 10 миң адамга жетпейт, ошондой эле мындан ары экономикалык өнүгүү жана калкынын санынын өсүү келечеги өтө төмөн.
Ушул баяндалгандарын негизинде Найман шаар тибиндеги поселкасынын тургундарынын 09.06.12-ж. жыйынында Найман шаар тибиндеги поселкасын айыл категориясына киргизүү жана анын базасында айыл аймагын түзүү жөнүндө сунуш киргизүү чечилген. Бул сунуш поселкалык кеңештин 09.06.2012-ж. № XXI-1, Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын 18.06.2012-ж. № 76 жана Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын 19.06.2012-ж. № 34 чечимдери менен колдоого алынган.
Ведомстволор аралык комиссия жергиликтүү коомчулуктун тургундарынын жыйынынын жана тиешелүү жергиликтүү кеңештердин чечимдерин эске алуу менен Ош облусунун Ноокат районундагы Найман шаар тибиндеги поселогун айылдын категориясына киргизүү жана анын базасында Ош облусунун Ноокат районундагы Найман айыл аймагын түзүү жөнүндө сунушту колдоону зарыл деп эсептейт.
Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр Н.Момуналиев
Ош облусунун Алай районундагы Сары-Таш шаар тибиндеги поселогун айылдын категориясына киргизүү жана анын базасында Ош облусунун Алай районундагы Сары-Таш айыл аймагын түзүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык- аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КОРУТУНДУСУ
Сары-Таш - шаар тибиндеги поселок, Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Алай районунун аймагындагы Алай өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндө жайгашкан.
Сары-Таш поселогу географиялык жактан деңиз деңгээлинен 3150 метр бийиктикте, райондун борбору Гүлчөдөн 104 км жана облустук борбор - Ош шаарынан 184 км аралыкта жайгашкан, жалпы аймагы 328,25 га.
Чыгыш тарабынан Сары-Таш поселогу Кытай менен чектешет жана Памирдин негизги автомобиль жолунун тоомунда жайгашкан. Түндүк жагынан түштүктү карай ал аркылуу Ош-Хорог Чоң Памир тракты өтөт.
Посолек кыйындык менен жетүүчү бийик тоолуу, климаттык шарттары оор зонада жайгашканына карабастан анда 3489 адам жашайт, анын ичинде 116 пенсионер бар. Кожолуктардын саны 694 түтүндү түзөт.
Жергиликтүү калк негизинен мал чарбачылыгында иштейт. Бодо мал 1508 баш, жылкы - 686, кой-эчки - 10545, канаттуулар - 686. Жайыт жери - 96923 га.
Мамлекеттик мекемелерден жана уюмдардан 2 орто мектеп иштейт, аларда 545 бала окуйт. Айылдык клуб, 2 спорттук аянтча, 2 китепкана, 2 ҮДТ жана 10 менчик мончо бар.
Поселоктун финансылык абалы канааттандыраарлык эмес, поселок республикалык бюджеттин дотациясында турат. Бюджеттин орточо жылдык киреше бөлүгү болжол менен 1030,8 миң сомду түзөт.
Азыркы мезгилде бул калктуу конуш "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык райондук маанидеги шаардын категориясына киргизилиши мүмкүн эмес, анткени өндүрүштүк, социалдык инфраструктурасы, өнүккөн окуу, маданий-агартуу, дарылоо жана соода мекемелеринин тармагы бар администрациялык, экономикалык жана маданий борбор болуп эсептелбейт, анын калкынын саны 10 миң адамга жетпейт жана азыркы учурда мындан ары экономикалык өнүгүү жана калкынын санынын өсүү келечеги өтө төмөн.
Ушул баяндалгандарын негизинде Сары-Таш шаар тибиндеги поселкасынын тургундарынын 22.06.12-ж. жыйынында Сары-Таш шаар тибиндеги поселкасын айыл категориясына киргизүү жана анын базасында айыл аймагын түзүү жөнүндө сунуш киргизүү чечилген. Бул сунуш поселкалык кеңештин 22.06.2012-ж. № 18, Алай районунун мамлекеттик администрациясынын 18.07.2012-ж. № 102 жана Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын 18.07.2012-ж. № 39 чечимдери менен колдоого алынган.
Ведомстволор аралык комиссия жергиликтүү коомчулуктун тургундарынын жыйынынын жана тиешелүү жергиликтүү кеңештердин чечимдерин эске алуу менен Ош облусунун Алай районундагы Сары-Таш шаар тибиндеги поселогун айылдын категориясына киргизүү жана анын базасында Ош облусунун Алай районундагы Сары-Таш айыл аймагын түзүү жөнүндө сунушту колдоону зарыл деп эсептейт.
Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр Н.Момуналиев
Талас облусунун Кара-Буура районундагы Маймак шаар тибиндеги поселогун айылдын категориясына киргизүү жана анын базасында Талас облусунун Кара-Буура районундагы Маймак айыл аймагын түзүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КОРУТУНДУСУ
Маймак шаар тибиндеги поселогу (мындан ары - штп) Талас облусунун Кара-Буура районунун администрациялык-аймактык өз алдынча бирдиги болуп саналат.
Маймак штп Талас облусунун Кара-Буура районунун түндүк-батыш бөлүгүндө, деңиз деңгээлинен 879 метр бийиктикте жайгашкан, 887 адам жашайт. Жергиликтүү калктын көпчүлүгү коммерциялык иште жана көмөкчү чарбаларда иштешет.
Аймактын жалпы аянты - 26 га. Районун борбору Кызыл-Адырга чейин 45 км, облустун борбору Талас шаарына чейин - 105 км.
Маймак штпда жүктөрдү ташуу үчүн маанилүү чарбалык мааниге ээ "Джуан-Тобе" темир жолу жайгашкан.
Маймак штпда 272 гектар айыл чарба жери бар, анын ичинде сугат айдоо жерлери - 157 га, жайыт жери - 90 га.
Бүгүнкү күндө бодо малдын саны - 224 башты түзөт, кой-эчки - 759, жылкы - 16, үй канаттуулары - 884.
Маймак штпда 154 окуучулук орундуу Р.Шүкүрбеков атындагы орто мектеп, 25 тарбиялануучуга бала бакча, айылдык клуб, ФАП жана стадион бар.
Поселоктун финансылык абалы канааттандыраарлык эмес, республикалык бюджеттин дотациясында турат.
Ички асфальт жолдор жарактан чыккан, 5 ички чарбалык көпүрө капиталдык ремонтту иштерин талап кылат, поселокто канализация системасы жана башка тазалоо курулмалары жок.
Азыркы мезгилде бул калктуу конуш "Кыргыз Республикасынын администрациялык - аймактык түзүлүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык райондук маанидеги шаар категориясына киргизилиши мүмкүн эмес, анткени өндүрүштүк жана социалдык инфраструктурасы, өнүккөн окуу, маданий-агартуу, дарылоо жана соода мекемелери бар администрациялык, экономикалык жана маданий борбор болуп эсептелбейт, анын калкынын саны 10 миң адамга жетпейт, ошондой эле мындан ары экономикалык өнүгүү жана калкынын санынын өсүү жакынкы келечеги өтө төмөн.
Ушул баяндалгандардын негизинде Маймак шаар тибиндеги поселогунун тургундарынын 13.09.2012-ж. жыйынында Маймак шаар тибиндеги поселогун айыл категориясына киргизүү жана анын базасында айыл аймагын түзүү жөнүндө сунуш киргизүү чечилген. Бул сунушту поселколук кеңештин 13.09.2012-ж. № 8, Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын 13.09.2012-ж. № 669 жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 13.09.2012-ж. № 113 чечимдери менен колдоого алынган.
Ведомстволор аралык комиссия жергиликтүү коомчулуктардын тургундарынын жыйындарынын жана тиешелүү жергиликтүү кеңештердин чечимдерин эске алуу менен Талас облусунун Кара-Буура районундагы Маймак шаар тибиндеги поселогун айылдын категориясына киргизүү жана анын базасында Талас облусунун Кара-Буура районундагы Маймак айыл аймагын түзүү жөнүндө сунушту колдоону зарыл деп эсептейт.
Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр Н.Момуналиев
Чуй облусунун Кемин районундагы Ак-Түз шаар тибиндеги поселогун айылдын категориясына киргизүү жана анын базасында Чүй облусунун Кемин районундагы Ак-Түз айыл аймагын түзүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КОРУТУНДУСУ
Ак-Түз шаар тибиндеги поселогу (мындан ары - штп) сейрек металлдарды казуудагы кен казуучу конуш катары өнүгө баштаган.
Ак-Түз штпнын жалпы аянты - 647 кв.км райондук борборго чейинки аралык - 47 км, облустук борборго чейин - 143 км, темир жол станциясына чейин - 47 км. Ак-Түз штпсы бийик тоолуу аймакта, деңиз деңгээлинен 2300 м бийиктикте, Чүй облусунун чыгыш бөлүгүндө жайгашкан.
Ак-Түз штпнын облустук борбордон алыстыгы бул аймактын жана жарандардын социалдык-экономикалык абалына таасирин тийгизүүдө.
Ак-Түз штпнын калкы 2009-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгы боюнча 670 жаранды түзөт. Ак-Түз штпсынын калкынын улуттук курамы 7ден көп улуттун өкүлдөрүнөн турат. Кожолуктардын саны - 285.
Кемин поселоктук кеңешине 7 депутат шайланган.
Жалпы билим берүү системасынын түзүмүн Ак-Түз орто мектеби түзөт (112 окуучулук оорун). Бул билим берүү мекемесинде 14 мугалим эмгектенет жана 118 бала билим алат. Окуу китептери менен 60% камсыз болгон.
Саламаттык сактоо мекемелеринин түзүмүн: бир фельдшердик-акушердик пункт, бир дарыкана түзөт.
Ак-Түз штпда эки китепкана бар.
Ак-Түз штпнын коомдук уюмдары катары аксакалдар соту, бир ӨЭУ, Ардагерлер кеңеши жигердүү иштейт.
Эл аралык жана башка донорлордон: Азиялык өнүктүрүү банкы, Мерсико бар.
Ак-Түз штпнын өнүгүүсүнүн негизги багыты болуп мал чарбасы эсептелет. Бүгүнкү күндө бодо малдын саны - 277 баш, кой-эчки - 879, жылкы 67 жана үй канаттуулары - 212.
Ак-Түз штпнын өнөр жайы төмөнкүлөр: "ТК ГЕО Ресурс" ЖАКы ишканасы кен-байытуучу фабрикасы, азыркы учурда иштебей турат, "Sta№s E№ergy KG" ЖЧКсы - сейрек металлдарды казуу боюнча геологиялык чалгындоо иштери, азыркы учурда иштебей турат.
Өздүк булактардын киреше 622,7 миң сомду түзөт. Республикалык бюджеттен түшүүлөр - 3641,4 миң сом.
Ак-Түз штпнын өнүгүүсүнүн келечектүү багыты болуп тоо-лыжа базасын куруу, туристтик бизнести өнүктүрүү эсептелет.
Азыркы учурда бул калктуу конуш "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык райондук маанидеги шаардын категориясына киргизилиши мүмкүн эмес, себеби өндүрүштүк жана социалдык инфраструктурасы, өнүккөн окуу, маданий-агартуучу, дарылоочу жана соода мекемелеринин тармагы бар администрациялык, экономикалык жана маданий борбор болуп эсептелбейт, андагы калктын саны 10 миң адамдан аз жана жакынкы келечекте мындан аркы экономикалык өнүгүүсү жана калкынын саны өсүшү мүмкүн эмес.
Жогоруда жазылгандардын негизинде 2012-жылдын 30-майында болуп өткөн Ак-Түз штпнын тургундарынын чогулушунда Ак-Түз шаар тибиндеги поселогун айылдын категориясына киргизүү жана анын базасында айыл аймагын түзүү жөнүндө сунушту киргизүү чечими кабыл алынган. Бул сунуш Ак-Түз штпнын поселоктук кеңешинин 13.06.2012-ж. № 21, Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын 10.09.2012-ж. № 414-б жана Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын 12.09.2012-ж. № 199-б чечимдери менен колдоого алынган.
Ведомстволор аралык комиссия жергиликтүү коомчулуктун тургундарынын чогулушунун жана тиешелүү жергиликтүү кеңештердин чечимдерин эске алуу менен Чүй облусунун Кемин районундагы Ак-Түз шаар тибиндеги поселогун айылдын категориясына киргизүү жана анын базасында Чүй облусунун Кемин районундагы Ак-Түз айыл аймагын түзүү жөнүндө сунушту колдоого алуу зарыл деп эсептейт.
Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр Н.Момуналиев
Чүй облусунун Кемин районундагы Орловка шаар тибиндеги поселогун райондук маанидеги шаардын категориясына киргизүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КОРУТУНДУСУ
Орловка шаар тибиндеги поселогу (мындан ары - штп) өз алдынча администрациялык-аймактык бирдик болуп саналат, анын аймагында райондун жана жалпы эле облустун өнүгүшү үчүн зарыл болгон социалдык жана экономикалык маанилүү обьекттер жайгашкан.
Орловка штпсы Чүй облусунун чыгыш бөлүгүндө жайгашкан жана Кемин районун экономикалык жана маданий борбору болуп саналат. Орловка штпсынын администрациялык-аймактык чек арасында Подгорное айылы жана Борду поселогу жайгашкан.
Аймактын жалпы аянты 220 км. Облустук борборго чейинки аралык 33 кмны, райондук борборго чейинки аралык - 12 кмны, жакынкы аэропортко чейинки аралык - 150 кмны, темир жол станциясына чейинки аралык - 10 кмны түзөт. Орловка штпсы деңиз деңгээлинен 1080 метр бийиктикте жайгашкан.
Орловка штпсынын калкы 2009-жылдагы калкты каттоонун жыйынтыгы боюнча 6342 жаранды түзөт. Орловка штпсынын калкынын улуттук курамын 5 улуттан ашык өкүлдөр түзөт. Кожолуктардын саны - 2502.
Орловка поселоктук башкармалыгында 19 адам иштейт. Орловка поселоктук кеңешине 17 депутат шайланган. Ошондой эле аксакалдар соту, укук тартибин сактоо боюнча кошуун, үч аялдар комитети жана эки коомдук уюм бар (аялдар кеңеши, ООСЗН, Жакшылык күчтөр союзу).
Орловка штпысынын билим берүү системасынын түзүмүн төмөнкүлөр түзөт: № 1 Орловка орто мектеби (490 окуучу оруну), № 2 Орловка орто мектеби (607), № 3 Орловка мектеби (50), Подгорное орто мектеби - (53), Кашка башталгыч мектебинин филиалы (5). Бул жалпы билим берүүчү мекемелерде 101 мугалим эмгектенет жана 1240 бала окуйт. Окуу китептери менен камсыз кылуу 80 пайыздан ашуунду түзөт.
3 муниципалдык бала бакча бар. "Сказка" бала бакчасы иштейт (174 бала, 12 педагогикалык кызматкер). Ошол эле учурда балдарын орноштурууну каалагандардын тизмеси жыл сайын көбөйүүдө. Буга байланыштуу келечекте экинчи муниципалдык бала бакчаны ишке берүү пландаштырылууда. Поселоктун аймагында бир нече жекече бала бакча иштейт.
Саламаттык сактоо мекемелеринин түзүмүн төмөнкүлөр түзөт: рентген кабинети, флюрографиясы, лабораториясы, физкабинети, ГСВсы, төрөт үйү, инфекциялык ооруканасы, хирургиялык, балдар жана терапевттик бөлүмдөрү бар жалпы дарыгерлик иш борбору (11 дарыгер, 34 адис).
Социалдык-маданий инфраструктураны төмөнкүлөр түзөт. Маданият үйү, "Жеңиш" эстелиги, Лениндин эстелиги, 1 сейил бак, 1 жеңиш аянты, 2 китепкана, балдар үчүн сегиз кружок, бир клуб, спорт сарайы, "Кристал" спорткомплекси, бир стадион иштейт. "Кристалл" спорт комплекси - Чүй облусундагы мыкты спорт обьекттеринин бири, анда спорттун 8 түрү боюнча спорт секциялары иштеп, аларда 460тан ашуун бала машыгат. Грек-рим күрөшү боюнча чемпион-балбандар, эл аралык жана республикалык турнирлердин байге ээлери, Кыргыз Республикасынын спорт чеберлери бар. 2012-жылы 70 миң АКШ доллары баасындагы жасалма чакан футбол аянтчасы курулган.
Орловка штпсы - Кемин районундагы борбордук жылытуу иштеген бирден бир калктуу конуш, ал жылуулук жана суу менен жабдуу суу жана буруучу ишкана (ЖСЖСИ), бул ишканада 157 адам иштеп, тейлөөдөн пайдаланган 2800 абоненттери бар.
Орловка штпысынын аймагында телеграф, почта жана бир телефон подстанциясы бар. Телефон байланышын 1421 пайдаланат.
Орловка штпысынын айыл чарба багытындагы жерлеринин жалпы аянты 11529 ганы түзөт, анын ичинде 2759 га - айдоо аянты жана 8526 га - жайыт. Акыркы жылдарда агрардык сектор жигердүү өнүгүүдө. Айыл чарбалык жана мал чарбалык иштин негизги багыттары төмөнкүлөр: буудай, арпа, көп жылдык чөп, жүгөрү, кант кызылчасы, сафлор аянттары, малдын башын көбөйтүү. Статистикалык маалыматтарга ылайык малдын башы: 1035 бодо мал, 171 жылкы, 4746 кой-эчки, 7792 канаттуулар, башкача айтканда өткөн жылга салыштырганда урунттуу өсүш.
Азыркы учурда Орловка штпысы аймагында 4 ири өнөр жай ишканасы жайгашкан:
- "Алтынкен" ЖЧКсы - "Талды-Булак Сол жээк" алтын кенинин базасында түзүлгөн, негизги иши алтын казып алуу (геологдордун алдын ала баалоосу боюнча запасы 65 тоннадан ашуун алтынды түзөт), 30 млн. АКШ доллары инвестиция тартылган, азыркы учурда жумушчу оруну - 234, өндүрүш толук ишке киргизилгенде 800-1000ге жакын адамды жумушчу оруну менен камсыздоо пландаштырылууда;
- "КХМЗ" ААКсы (Кыргыз химиялык-металлургиялык заводу) - кремний пластиналарын жана куймаларын чыгаруу, 2,5 млн. АКШ доллары инвестиция тартылган, 2012-жылдын I жарым жылдыгында 68361 кг продукция чыгарылган. Өндүрүш толук ишке берилгенде жылына 540 тонна продукция чыгаруу жана 280 жумушчу орунун түзүү пландаштырылууда;
- "КСЭЗ" ЖЧКсы (Кашка сейрек кездешүүчү элементтер заводу) - сейрек кездешүүчү металлдарды чыгаруу 2012-жылы 51778,80 миң. Сом инвестиция тартылган, бүгүнкү күндө 32 адам иштейт, толук ишке берилгенде 300 жумушчу орунун түзүү пландаштырылууда.
2012-жылы "КСЭЗ" ЖЧКсы калкка 460 миң сом, жергиликтүү ооруканага 300 миң сом демөөрчүлүк жардам көрсөткөн.
"Датка-Кемин" электр берүү линиясын жана кубаттуулугу 500 кВт "Кемин" подстанциясын куруу "КХМЗ", ААКсынын, "КСЭЗ" ЖЧКсынын, "Алтынкен" ЖЧКсынын энергияны кеп талап кылуучу ишканаларынын өндүрүшүн кеңейтүүнү жана стабилдүү иштөөсүн камсыз кылууга кызмат өтөйт.
Орловка штпсында чакан жана орто бизнес өнүгүүдө: төмөнкүлөр иштеп жатат: 43 дүкөн, 6 күркө, 6 кафе, 2 наабайкана, 6 дарыкана, 2 ветеринардык дарылоо, желимдөө, автоустакана, ритуалдуу кызмат көрсөтүү бюросу, эмерек чыгаруу жана темир буюмдарын даярдоо цехтери, 2 тигүү цехи, фотоателье жана телеателье, 4 чач тарач. Кредиттик банктардын 2 филиалы бар, 2 кыш заводу иштейт, аларда 60тан ашуун адам эмгектенет. Орловка штпысында жасалгалоочу материалдар өндүрүшү боюнча чакан кыш заводунун, ТКС, кафе, мончо, жекече менчик үйлөрдүн курулушу кайра башталды.
Орловка штпысынын аймагында бардык заманбап инфраструктурасы бар лыжа базасы бар (кафе, мончо, сауна, мейманкана, коттедждер, жүргүнчүлөрдү жеткирүүчү асма жол), ага жыл сайын 30 миң турист келип кетүүдө. Азыркы учурда "Орловка" лыжа базасына кошумча асма жолду куруу үчүн 12 га аянттагы жер участогу бөлүнгөн.
Мурдагы жылдарга салыштырганда калктын миграциясы токтоп, калктын кайра келүүсү орун алууда, анткени Орловка штпысы бардык талаптарга жооп берип, андан ары өнүгүү келечегине ээ.
Орловка штпысынын өзүнүн киреше булактары 7,5 млн. сомду түзөт. Республикалык бюджеттен түшүүлөр - 15,2 млн. сом.
Азыркы учурда калктуу конуш "Кыргыз Республикасынын Администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык эң өзгөчө учурда райондук маанидеги шаар категориясына киргизилиши мүмкүн, анткени өндүрүштүк жана социалдык инфраструктурасы, окуу, дарылоочу жана соода мекемелеринин өнүккөн тармагы бар, андан ары экономикалык өнүгүү жана калкынын санынын өсүшүнүн келечеги бар экономикалык борбор болуп саналат.
Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр Н.Момуналиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар боюнча ведомстволор аралык комиссиянын Чүй облусунун Кемин районундагы Кемин шаар тибиндеги поселогун райондук маанидеги шаардын категориясына киргизүү жөнүндө КОРУТУНДУСУ
Кемин шаар тибиндеги поселогу (мындан ары - штп.) өз алдынча администрациялык-аймактык бирдик болуп эсептелет, анын аймагында райондун жана жалпы эле облустун өнүгүүсү үчүн керектүү маанилүү социалдык жана экономикалык объекттер бар.
Кемин штп Чүй облусунун түштүк жагында жайгашкан жана Кемин районунун администрациялык, экономикалык жана маданий борбору. Кемин штп администрациялык-аймактык бирдигинин чегинде Нур айылы бар.
Кемин штп жалпы аянты 1070 га. Облустук борборго чейинки аралык 96 км. Кемин штп деңиз деңгээлинен 1120 метр бийиктикте.
Кемин штп калкы эл каттоонун жыйынтыгы боюнча 8523 жаран. Калктын улуттук курамы 8 улуттан ашык. Эмгекке жарактуу калк 4274 жаран, пенсионерлер - 1277, балдар - 2194, кожолуктардын саны 2728.
Кемин поселоктук кеңешине 21 депутат шайланган.
1595 окуучу окуган 4 орто мектеп бар: Нур айылында 75 окуучулук орто мектеп; № 1 Кемин орто мектеби (606); № 2 Кемин орто мектеби (284); № 3 Кемин орто мектеби (650); жетим балдар үчүн "Ырайым" интернат мектеп. Бул жалпы билим берүүчү мектептерде 138 мугалим иштейт. Окуу китептер менен камсыздык 60%ти түзөт.
Ошондой эле поселокто 2 бала бакча бар, ага 350 бала барат. Балдар жана өспүрүмдөр борбору иштейт, ага 250 бала катышып, 11 ийримдик секцияда үйрөнүшөт. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорт мектеби толук иштейт, анда 150дөн ашык бала машыгат.
Кемин штп социалдык-маданий инфраструктурасы: 2 маданият үйү (Кемин штп жана Нур айылы), Кемин штп кинотеатр, 2 китепкана, 1 ипподром, 1 стадион, 2 парк жана 1 сквер (Жеңиш, Жаштар багы, Перевал-Базанын аймагында), төрт эстелик (Шабдан баатырдын, Лениндин, УАС Жеңиштин эстелиги жана 20-апрель жана июнь окуяларындагы баатырлардын эстелиги) бар.
Кемин штпда бир аймактык оорукана (85 койка орундуу), бир поликлиника, бир ФАП жана бир үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору бар. Поселокто врачтардын жалпы саны 35 адам.
Поселокто "Луч солнца" карылар үйү иштейт, анда 34 картаң жаран багууда. Кемин штп аймагында 6 өз ара жардам тобу, 4 ӨЭУ жана 2 жамаат иштейт.
Ошондой эле Кемин штп аймагында төрт банк, чакан кредиттик уюмдар ("Финка", "Компаньон", "Бай түшүм", ишкердикти өнүктүрүү фонду), ошондой эле 200 коммерциялык уюм (юридикалык жак түзбөстөн (ЧИ) бар.
Эл аралык жана башка донорлордун болушун төмөнкүдөй уюмдар камсыздашат: айылдык консультация кызматы, "Сорос-Кыргызстан" фонду, "Мерсико", Швейцариянын кызыл крести, Айылдык инвестициялар долбоору.
Кемин штпда коомдук ишти жигердүү жүргүзгөндөр: аксакалдар соту, ОПЦ, ДНД - 153 кошуунчу, Кварталдык комитеттер кеңеши жана Байкоочу кеңеш.
Ички инфраструктурасы: поселокто ички чарбалык жолдордун узундугу 456 км, анын ичинен асфальт жол - 60 км, таш жол - 396 км, 2 чоң көпүрө бар. Суу түтүк тармагы 45 км, каналдар 25 км, арык тармагы - 125 км, бир көл бар. Жеңил автомашиналардын саны - 635, жүк машиналар - 34, тракторлор - 12.
Кемин штп 113 жери бар, а.и. жайыт катары пайдаланылчусу - 32 га. Кийинки жылдарда агрардык сектор активдүү өнүгүп жатат. Айыл чарба жана мал чарба ишинин негизги багыттары: жүгөрү, кант кызылча, картөшкө айдалат; малдын саны көбөйүп баратат. Бүгүнкү күндө мүйүздүү бодо малдын саны 1035, кой-эчки - 4746, чочко - 1323, жылкы - 171, үй канаттуулары - 7792.
Кемин штп өнөр жайы төмөнкүдөй ишканалардан турат: "Кемин электротехника заводу" ААК - трансформатордук подстанцияларды, электр дандырларды, түзөткүчтөрдү жасайт, иштегендердин саны 50 адам (азыркы учурда иштеп жатат); "Кемин НПЗ" ЖчК - нефти продуктуларды иштетет, 10 адам иштейт (азыркы учурда иштеп жатат); "Цемремонт" ЖчК - колодон, чоюндан, болоттон буюмдарды куюп жасайт, иштегендердин саны - 17 (азыркы учурда иштеп жатат); "Линолеум" ААК - токтоп турат, азыр заводдун аймагында накта сырьедон бут кийим тигүү боюнча цех иштей баштады.
Өнөр жай ишканаларынын ушул жылдын 1-жарымындагы ишинин жыйынтыгы боюнча өнөр жайдын көлөмүнүн өсүш темпи 1,0 млн. сомду түздү, бул 2011-жылдын ушул мезгилине салыштырганда эки эсе көп. ушул жылдын 1-жарымында эле поселокто 71 жаңы иш орун ачылды.
Кирешенин өздүк булактары 10,5 млн. сом. Республикалык бюджеттен 20,2 млн. сом алынат.
2012-жылдын 1-жарымында келген инвестициялардын жалпы суммасы 33,2 млн. сомду түздү.
Кемин штпда 40тан ашык райондук уюмдар, мекемелер жана ишканалар жайгашкан.
Ошондой эле Кемин штпнын аймагында чарбалык маанидеги ар кандай объекттер: 105 соодалык жай, 17 кафе жана ашкана, 2 базар, 2 чакан наабайкана, 2 чакан тегирмен. 4 май куюучу станция, 4 техсервис, 6 мини-цех бар.
Кемин штп аркылуу Бишкек-Рыбачье темир жолу өтөт. Типтүү автостанция бар, мини-ГЭС иштейт.
Кемин штпда поселоктук мончонун типтүү жаңы имараты бар жана дагы "Дельфин", "Народная", "3 семерки" деген үч коомдук мончо иштейт, үйлөрдө 1500 жеке менчик мончолор бар.
Ички жана тышкы миграциянын жана төрөттүн эсебинен элдин саны өсүп жатканы көрүнөө. Мисалы, Кемин штп калкынын саны 2011-жылы 8021 адам болгон. Келечекте подстанция жана 500 кВт "Датка-Кемин" зым линия курула баштаса негизинен Кемин штп тургундары үчүн иш орундар берилери күтүлүп жатат. Ошондой эле "Алтын-Кен" ЖчКда да иш орундар берилери күтүлүүдө. Ошентип, алдыдагы эки-үч жылда элдин саны кескин көбөйөөрү күтүлүп жатат. Акыркы үч жылда поселоктун эли жеке менчик үйлөрдү көп куруп, капиталдык ремонт жасап жана реконструкциялап жатышат. Алсак, 2012-жылдын 6 айында эле поселоктук өкмөттүн турак үй куруу жана аларды ижарага берүү жөнүндө 55 чечими чыгарылган.
Кыйла орчундуу социалдык-экономикалык проблемаларга поселоктун ичинде суу түтүк тармагын куруу, инвестицияларды тартуу, социалдык-маданий объекттердин инфраструктурасын жакшыртуу, "Линолеум" ААК профилин өзгөртүү жана өндүрүшүн иштетүү үчүн инвестицияларды тартуу кирет.
Азыркы учурда бул калктуу конуш "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык райондук маанидеги шаардын категориясына өзүнчө тартипте киргизилсе болот, анткени администрациялык, экономикалык жана маданий борбор жана өндүрүштүк, социалдык инфраструктурасы бар, окуу жайлардын. Маданий-агартуучу, дарылоочу жана соодалык мекемелердин өнүккөн тармагы бар, жакынкы келечекте экономикалык жактан өсүшү жана элинин саны көбөйүшү алдыда турат.
Ушул айтылгандардын негизинде 13.06.2012-жылы Кемин штп тургундарынын жыйынында Кемин штп райондук маанидеги шаардын категориясына киргизүү тууралуу сунуш берүү жөнүндө чечим чыгарылган. Бул сунуш Кемин штп поселоктук кеңешинин 07.06.2012-ж. № 17-4-26 чечими, Кемин районунун мамлекеттик администрациясынын 10.09.2012-ж. № 414-б жана Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун 12.09.2012-ж. № 199-б чечимдери менен колдоого алынган.
Ведомстволор аралык комиссия жергиликтүү жамааттын тургундарынын жана тийиштүү жергиликтүү кеңештердин чечимдерин эске алуу менен Кемин штпны райондук маанидеги шаардын категориясына киргизүү жөнүндө сунушту колдоо зарыл деп эсептейт.
Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр Н.Момуналиев
Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды шаар тибиндеги поселогун райондук маанидеги шаардын категориясына киргизүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КОРУТУНДУСУ
Кайынды шаар тибиндеги поселогу (мындан ары - штп) өз алдынча администрациялык-аймактык бирдик болуп эсептелет, анын аймагында жалпысынан районду жана облусту өнүктүрүү үчүн зарыл болгон социалдык жана экономикалык маанилүү обьекттер жайгашкан.
Кайыңды штп Чүй облусунун батыш бөлүгүндө жайгашкан жана Панфилов районунун администрациялык, экономикалык жана маданий борбору болуп эсептелет.
Аймактын жалпы аянты - 9,9 кв.км. Райондук борборго чейинки аралыгы - 0 км, облустук борборго чейин - 100 км, жакын жайгашкан аэропортко чейин - 120 км. Кайыңды штп деңиз деңгээлинен 860 м бийиктикте жайгашкан.
Кайынды штпнын калкы калкты каттоонун жыйынтыгы боюнча 8526 жаранды түзөт. Кайыңды штпнын калкынын улуттук курамын 15тен ашык улуттун өкүлдөрү түзөт. Кожолуктардын саны - 3142, а.и.: 1684 менчик кожолук жана 1458 батир.
Кайыңды поселкалык башкармалыгында 15 адам иштейт. Орловка поселкалык кеңешине 15 депутат шайланган.
Калктын жумушка жарамдуу бөлүгү райондун өндүрүштүк ишканаларында, кызматтарында, уюмдарында жана мекемелеринде иштейт.
Кайыңды штпда Кыргыз Республикасынын КТЖБсынын "Кайыңды" темир жол станциясы жайгашкан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын "Кайыңды-Темир жол" чек аралык контролдоо бөлүмү бар.
Жалпы билим берүү системасынын түзүмү төмөнкүлөрдөн турат: Кайыңды мектеби - В.Казаченко атындагы лицей (570 окуучулук орундуу), Кайыңды мектеби - К.Сулайманов атындагы гимназия (515), Кайынды № 3 орто мектеби (267). Жалпы билим берүүчү мекемелерде 96 мугалим иштейт. Окуу китептери менен 80% камсыз болушкан. Ошондой эле үч бала бакча, бир музыкалык мектеп бар.
Саламаттык сактоо мекемелеринин түзүмүнө төмөнкүлөр кирет: № 1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, үч дарыкана. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда 4 врач жана 6 медсестра иштейт.
Поселектун социалдык-маданий инфраструктурасын төмөнкүлөр түзөт: "Кайынды Кант" ААКтын маданият үйү, Кайыңды кабель заводунун маданият үйү, райондук маданият үйү, темир жолчулардын клубу, беш китепкана, эки эстелик; бир гүл бакча, бир Жеңиш паркы, Радченко атындагы спорткомплекси, бир стадион.
Кайыңды поселкалык башкармалыгынын балансында бир дагы гектар айыл чарба жери жана жайыт жок.
Бүгүнкү күнгө карата бодо малдын саны - 1734 баш, кой-эчки - 2717, чочко - 332, жылкы - 62 жана үй канаттуулары - 7800.
Кайыңды штпнын өнөр жайы төмөнкү ишканалардан турат: "Кайыңды Кант" ААКы - кант кызылчасын кайра иштеп чыгат, анда иштегендердин саны - 1200 адам (азыркы учурда иштейт); "Кайынды кабель заводу" ААКы - кабель буюмдарын чыгарат, иштегендердин саны - 98 адам (азыркы учурда иштейт); "Кайыңды Эт Комбинаты" АКы - эт азыктарын чыгарат, иштегендердин саны - 22 адам (бүгүнкү күнгө карата иштебей турат); "Кайыңдыунааишканасы" АКы - адамдарды ташыйт, жүргүнчү жана транспорттук кызматтарды көрсөтөт, иштегендердин саны - 100 адам; "Кайыңды АКМК" АКы - адистештирилген курулуш механизация кызматтарын көрсөтүү, иштегендердин саны 25 адам; "Кайыңды КМК" АКы - курулуш материалдарын чыгаруу (бүгүнкү күнгө карата иштебей турат); "Кайыңды Ойл" ЖЧКсы - нефтини кайра иштетүүчү продукцияларды кайра иштетүү, иштегендердин саны - 10 адам; "Глориус" ЖЧКсы - байпак буюмдарын чыгаруу, иштегендердин саны - 50 адам; "Шоола" ЖЧКсы - нан-булочка азыктарын чыгаруу, иштегендердин саны -12 адам; "Ки-Ко" ЖЧКсы - бышкан кыш чыгаруу.
Чакан, орто бизнес төмөнкү ишканалардан турат: дүкөндөр - 26; павильондор жана киосктор - 15; базар - 1; чач тарач - 5; бут кийим оңдоо пункттары - 4; ветеринариялык дарыкана - 3; дарыкана - 5; кафе - 4; коомдук ашканалар - 5; автомай куюучу станциялар - 2; коомдук мончо - 2; сауна - 3.
Кайыңды штпнын аймагында төмөнкү тиричилик жактан тейлөө обьекттери бар: үч турак жай-коммуналдык чарба; беш суу топтоочу жер; 2 тазалоочу курулма.
Кайыңды штпнын кирешелеринин өздүк булактары 11,6 млн. сомду түзөт. Республикалык бюджеттен түшүүлөр - 18,1 млн. сом.
Поселкалык башкармалык ПРООН, АРИС, Мерсико сыяктуу донор уюмдар менен кызматташат. Алар менен бирдикте 11,7 млн. сом суммасына долбоорлор ишке ашырылган (Кайыңды штпнын инфраструктурасын жакшыртуу жана социалдык объекттери боюнча).
Кайыңды штпны көрктөндүрүү жылдан жылга жакшырууда. Поселкалык башкармалыктын бюджетинин эсебинен 400,0 миң сом суммасына заманбап жарнамалык щиттер орнотулган, көп кабаттуу үйлөрдүн короолорунда балдар аянтчалары калыбына келтирилген, 3,0 млн. сом суммасына үч көчөгө жаңы суу түтүк линиясын куруу жүргүзүлүүдө.
Кайыңды поселкасынын кыйла социалдык-экономикалык маанилүү проблемалары төмөнкүлөр болуп эсептелет: поселок ичинде суу түтүк тармактарын куруу, инвестицияларды тартуу, социалдык-маданий объекттердин инфраструктурасын жакшыртуу.
Азыркы мезгилде бул калктуу конуш "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, өзгөчө учурда райондук маанидеги шаардын категориясына киргизилиши мүмкүн, анткени өндүрүштүк, социалдык инфраструктурасы, окуу, маданий-агартуу, дарылоо жана соода мекемелеринин тармагы бар, мындан ары - экономикалык өнүгүү жана калкынын санынын өсүү келечеги жакындап калган администрациялык, экономикалык борбор болуп эсептелет.
Ушул баяндалгандарын негизинде Кайыңды штпнын тургундарынын 17.05.2012-ж., 18.05.2012-ж., 21.05.2012-ж. жыйындарында Кайыңды штпсын райондук маанидеги шаардын категориясына киргизүү жөнүндө сунуштар киргизилген. Бул сунуш Кайыңды штпнын поселкалык кеңешинин 12.06.2012-ж. № 100/26-3, Панфилов районунун мамлекеттик администрациясынын 21.06.2012-ж. № 105 жана Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын 12.09.2012-ж. 199-б чечимдери менен колдоого алынган.
Ведомстволор аралык комиссия жергиликтүү коомчулуктардын тургундарынын жыйындарынын жана тиешелүү кеңештердин чечимдерин эске алуу менен Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды штпсын райондук маанидеги шаардын категориясына киргизүү жөнүндө сунушту колдоону зарыл деп эсептейт.
Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр Н.Момуналиев