Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
5-кезексиз сессия
2017-жылдын 17-июлу № 27/V-27
КР Өкмөтүнүн 07.12.2015-жылдагы №843- “Жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган билим берүү мекемелерин тиешелүү министрлик же ведомстволордун эсеби аркылуу каржылоого өткөрүү” буйругуна ылайык балдар музыкалык мектеби республикалык бюджетке өткөрүлдү, ушуга байланыштуу
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балдар музыкалык мектебине (БММ) бөлүнгөн бюджеттик каражат мектептик эмес бөлүккө которулсун.
2. Мурунку пландалган бюджеттик каражаттар мектептик эмес бөлүктүн көрсөтмөсү боюнча пайдаланылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына (Коджакматов М.К.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шайлдабеков |