Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-декабры № 843
Жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен каржылануучу билим берүү уюмдарын тиешелүү министрликтер жана ведомство аркылуу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоого которуу жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик чыгымдарды башкаруу системасын өркүндөтүү жана финансы ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун камсыздоо максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43 жана 44-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын 1-январынан тартып жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен каржылануучу билим берүү уюмдары Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маданият, туризм жана маалымат министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги аркылуу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланууга тиркемеге ылайык которулсун.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу билим берүүчү уюмдарды 2015-жылдын 31-декабрына чейин өз убагында жана толук каржылоо сунушталсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоого которулган билим берүү уюмдарынын ТИЗМЕСИ
№ | Билим берүү уюмдарынын аталышы |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | |
1 | Медициналык колледж, Чүй облусу, Токмок шаары |
Кыргыз Республикасынын Маданият, туризм жана маалымат министрлиги | |
2 | Бекмуратов атындагы балдар музыкалык мектеби, Ош шаары |
3 | Чайковский атындагы искусство мектеби, Ош шаары |
4 | Г.Айтиев атындагы балдар сүрөт мектеби, Ош шаары |
5 | Мадазимов атындагы балдар музыкалык мектеби, Ош облусу, Кара-Суу шаары |
6 | Маматов атындагы балдар музыкалык мектеби, Ош облусу, Өзгөн шаары |
7 | Дооронов атындагы балдар музыкалык мектеби, Ош облусу, Алай району, Сары-Могол айыл аймагы |
8 | Маданият техникуму, Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары |
9 | Балдар музыкалык мектеби, Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары |
10 | Балдар сүрөт мектеби, Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары |
11 | Балдар музыкалык мектеби, Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр шаары |
12 | Балдар музыкалык мектеби, Жалал-Абад облусу, Кочкор-Ата шаары |
13 | Балдар музыкалык мектеби, Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу шаары |
14 | Искусство мектеби, Жалал-Абад облусу, Көк-Жаңгак шаары |
15 | Балдар музыкалык мектеби, Жалал-Абад облусу, Кара-Көл шаары |
16 | Кыдыралы атындагы балдар музыкалык мектеби, Жалал-Абад облусу, Ала-Бука району, Ак-Там айыл аймагы |
17 | Балдар музыкалык мектеби, Жалал-Абад облусу, Ала-Бука району, Биринчи май айыл аймагы |
18 | Балдар музыкалык мектеби, Жалал-Абад облусу, Ноокен району, Массы айыл аймагы |
19 | Балдар музыкалык мектеби, Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Сумсар айыл аймагы |
20 | Балдар искусство мектеби, Баткен облусу, Сүлүктү шаары |
21 | Балдар музыкалык мектеби, Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаары |
22 | Өмүрзаков атындагы балдар музыкалык мектеби, Баткен облусу, Кадамжай шаары |
23 | Балдар музыкалык мектеби, Ысык-Көл облусу, Каракол шаары |
24 | Балдар музыкалык мектеби, Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары |
25 | Балдар музыкалык мектеби, Ысык-Көл облусу, Тоң району, Күн-Чыгыш айыл аймагы |
26 | Балдар музыкалык мектеби, Ысык-Көл облусу, Тоң району, Кажы-Сай айыл аймагы |
27 | Балдар музыкалык мектеби, Ысык-Көл облусу, Түп району, Түп айыл аймагы |
28 | Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектеби, Талас облусу, Талас шаары |
29 | Балдар музыкалык мектеби, Талас облусу, Кара-Буура району, Кара-Буура айыл аймагы |
30 | Шералиев атындагы балдар музыкалык мектеби, Нарын облусу, Нарын шаары |
31 | Рысманбетов атындагы балдар музыкалык мектеби, Нарын облусу, Жумгал району, Байзак айыл аймагы |
32 | Балдар музыкалык мектеби, Нарын облусу, Жумгал району, Миң-Куш айыл аймагы |
33 | Балдар музыкалык мектеби, Чүй облусу, Токмок шаары |
34 | Балдар музыкалык мектеби, Чүй облусу, Кант шаары |
35. | Балдар музыкалык мектеби, Чүй облусу, Орловка шаары |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги | |
36 | Олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби (ОРАБӨМ), Чүй облусу, Токмок шаары |
37 | Олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби (ОРАБӨМ-2), Жалал-Абад облусу, Көк-Жаңгак шаары |
38 | Р.Санатбаев атындагы олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби (ОРАБӨМ-3), Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары |