Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-майы № 5
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 19.03.2018-ж. чыг.№02-03/668-катты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 62-беренесинин жана туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 02.02.2010-жылдагы VIII сессиясынын №8/2-токтому жокко чыгарылсын.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын аймактык башкарууларынын Жобосу №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэриясына аймактык башкаруулардын иш-кагаздарын тактоо, юридикалык жак катары каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына (С.Чимбердиев) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрагасынын орун басары | М. Тургунбаев |
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин
28-май 2018-жылдагы кезектеги
VIII сессиясынын № 5-токтомуна
№1-тиркеме
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын аймактык башкаруусу жөнүндө ЖОБОсу
Жалпы жоболор
Аталган Жобо аймактык башкаруунун ишмердигин жөнгө салуучу негизги иш кагаз болуп эсептелет.
Аймактык башкаруу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын аймакта жайгашкан калктуу конуштардын, кичи райондордун жергиликтүү маанидеги маселелерин ыкчам чечүү үчүн түзүлгөн уюштуруу-укуктук статусу бар муниципалдык органы.
Аймактык башкаруу өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын конституциясын, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом, буйруктарын, шаар мэриясынын Уставын, мэриянын жана кенештин токтом буйруктарын жана ушул жобону жетекчиликке алат.
Аймактык башкаруу Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында кайрадан каттоо жүргүзгөндөн баштап юридикалык жак статусуна ээ болот, оперативдик башкарууда зарыл болгон мүлкү, өз алдынча балансы каржы органдарында өздүк эсеби, бюджеттин аткарылышын камсыздоону уюштуруучу белгилүү үлгүдөгү мөөрү, штампы жана аталышы менен фирмалык бланкы бар.
- өз атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарын ишке ашыруусу;
-сотто доогер жана жоопкер болуусу;
-банкта өздүк эсеп ачуусу мүмкүн;
Аймактык башкаруу «мекемесинин» уюштуруу укуктук ишмердиги;
- аймактын калккына консультативдик-укуктук жардам көрсөтүү;
- аймактык башкаруу акча каражаттарын тескөө милдеттери боюнча жоопкерчилик тартат;
-милдеттер жетишсиз болгон учурда субсидиардык жоопкерчилик мүлк ээси болгон –шаар мэриясына жүктөлөт.
- аймактык башкаруу чыгаша сметасынын негизинде Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен каржыланат.
- аймактык башкаруу жөнүндө жобого толуктоолор жана өзгөртүүлөр шаар мэринин сунушу менен шаардык кенеш тарабынан бекитилет.
-аймактык башкаруунун ишмердүүлүгүн оперативдүү жетектөө, координациялоо көзөмөлдөө Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун укуктук-ченемдик актыларында көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарынын чегинде ишке ашырылат.
II. Аймактык башкаруунун аткаруу функциялары
2.1. Аймактык башкаруу шаар мэриясынын аткаруучу – тескөөчү ыйгарым укуктарын камсыздоо максатында төмөнкү негизги функцияларды аткарат:
-аймактын калкына консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү;
- тиешелүү аймак боюнча киреше жана чыгаша сметаларын белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана аткарууга алуу;
- аймактык башкаруунун аймагында жайгашкан жана муниципалдык менчикте турган ээлик кылуулардын сакталышына көзөмөл жүргүү;
- аймактык социалдык- экономикалык өнүгүүсүн камсыздоого көмөк көрсөтүү;
- аймактык чек - араларда өрт коопсуздугун өзгөчө кырдаалдардан алдын алуу жана аларды жоюу боюнча алгачкы чараларды көрүүдө катышуу;
- аймактык башкаруунун аймагында айлана - чөйрөнү коргоо боюнча иш - чараларды уюштуруу;
- аймактык башкаруунун жашоочуларын байланыш, соода жана тейлөө кызматтары менен камсыздоо шарттарын түзүү;
- тиричилик, өнөр-жай калдыктарын иштетүү, алып чыгуу, утилизациялоону уюштуруу;
- аймактык бакшарууну көрктөндүрүү жана жашылдандырууну уюштуруу;
- көчөлөрдү жарыктандырууну уюштурууга жана алардын аталыштары, үйлөрдүн номерлери менен аншлагдарды даярдоону көмөктөшүү;
- медициналык кызматты уюштуруу боюнча иш чараларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүү;
- маданиятты, маданий спортту жана массалык спортту өнүктүрүүгө шарттарды камсыздоо боюнча иш чараларды уюштурууда көмөктөшүү;
- аймактык башкаруунун жашоочуларын массалык эс алуусу учун шарттарды түзүү боюнча чараларды уюштурууда көмөктөшүү;
- аймактык башкаруунун жаш жеткинчиктери жана жаштары менен иштөөнү ишке ашыруу;
- жалпыга жеткиликтүү жана акысыз болгон баштапкы, орто жана жеткиликтүү билим берүүсүн, ошондой эле каникул учурунда балдардын эс алуусун уюштурууга көмөктөшүү;
- аймактык башкаруунун аймагында камкордук жана көзөмөлдүк менен байланышкан иш чараларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
- жарандардын маалыматтарга эркин жетүүсүн камсыздайт жана жалпы коомдук угууларда калктын катышуусун камсыздоо;
-үй жана чарба китебин түзүүнү уюштуруу;
- жарандарды каттоо жана каттоодон чыгарууну белгиленген тартипте паспорттук эрежелерди сактоо менен жүргүзүү, шайлоочулардын тизмесин тактоо;
- аскер комиссариатына аскерге чакырылгандардын тизмелерин түзүүдө, аскерге милдетүүлөрдү жана башкаларды каттоодо жана жалпы аскер кызматына милдеттүү талаптарды жарандар тарабынан аткарылышы боюнча иш чараларды өткөрүү;
- КР мыйзамдарына жарандардын абалдары боюнча актыларын каттоого көмөк көрсөтүү;
- жарандарга өздүгүн, үй- бүлө курамын, мүлкүн, абалын жана башка мыйзамда каралган иш кагаздарын берүү;
- тескемелердин жана башка чечимдердин, укуктук - ченемдик актылардын долбоорлору боюнча белгиленген тартипте мэрдин, шаардык кеӊештин кароосуна сунуштоону даярдоо, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, аймактык башкармалыгынын калкынын турмуш - тиричилигин камсыздоо боюнча башкармалыктардын аймагында өткөрүлүүчү иш- чаралардын уюштурулушун камсыздоо;
- аймактык башкаруунун дарегине түшкөн иш- кагаздарын карап чыгып аларга тиешелүү материалдарды даярдоо;
- аймактык башкаруунун аймагында мэрдин жана шаардык кенештин укуктук - ченемдик актыларынын, ошондой эле зарыл болгон учурда кошумча кабыл алынган чараларынын аткарылышын камсыздоо;
- жарандардын кайрылууларын жана уюмдардын каттарын кароо, аларда коюлган маселелерди чечүү боюнча сунуштарды даярдоо жана тийиштүү чараларды кабыл алуу, сунушталган кайрылуулар жана каттар менен аналитикалык иш алып баруу;
- мэрдин башка көрсөтмөлөрүнө ылайык, башка функцияларды аткаруу.
III. Аймактык башкаруунун ыйгарым укуктары
3.1. Аймактык башкаруу КР мыйзамдарына жана башка укуктук-ченемдик актыларына жана ушул Жобого ылайык белгиленген аймакты көзөмөлдөө жана координациялоо менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аткаруу-тескөө бийлигин жеринде ишке ашырат.
3.2. Аймактык башкаруу тиешелүү аймакта төмөнкү ыйгарым укуктарды ишке ашырат:
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик бийлик органдарында, соттордо жана башка мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарда жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын сунуштайт жана коргойт;
-аймактык башкаруулардын компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча чыгарылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бардык чечимдерин калкка жеткирет жана аларды аткарууга алат;
-ведомстволук аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын иштеп чыгууда катышат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана кызматтык адамдарынын кароосуна сунуштайт жана аларды аткарууну уюштурат;
-шаар мэриясына, ошондой эле мамлекеттик органдарга, бардык формадагы ишкана жана уюмдарга аймактык башкарууларга тиешелүү маселелер боюнча рекомендацияларды даярдайт жана өтүнүч менен кайрылат;
-уюмдардын, жеке менчик түрүнө карабастан, калкка кызмат көрсөтүүсүнө такай мониторинг жүргүзүү менен Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик базасына ылайык алардын толуктугун, сапатын көзөмөлдөө, отчетторду, аналитикалык документтерди жана жүргүзүлгөн анализдин негизинде келишимдик милдеттерге ылайык, көрсөтүлүүчү кызматтарды жакшыртуу жөнүндө сунуштарды даярдайт;
- архитектура органдары менен биргеликте аракеттенүү менен убактылуу объектилерди жайгаштырат, куруу эрежелеринин жана тартибинин сакталышын, турак-жайлардын, там аркалардын белгиленген тартипте кармалышын, муниципалдык менчиктин рационалдуу пайдаланылышын көзөмөлдөйт;
-муниципалдык менчиктеги мүлктөрдү эффективдүү тескөө маселелери боюнча шаар мэриясына сунуштарды киргизет;
-турак - жай фондун, коммуналдык чарба объектилерин жана социалдык-маданий объектилерди, уюштуруу-укуктук статусуна карабай, мезгилдүү эксплуатациялоого даярдоо ишине көмөктөшөт;
-турак-жай жашоочуларын өз алдынча башкаруу иштерине тартууну уюштурат;
- билим берүү уюмдарынын балдар үчүн уюштурулган иш - чараларын (мектепке чейинки балдарды каттоо, мектепке барбаган балдарды аныктоо, кароосу жок балдарды тактоо) окуудан сырткары убакытта өткөрүүсүнө;
-укук коргоо органдарына коомдук тартипти сактоого көмөктөшөт;
- калктын аз камсыз болгон катмарына даректүү социалдык коргоо көрсөтүү иштерине мамлекет, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, ар түрдүү фонддор тарабынан, юридикалык жана физикалык жактардан тартылган каражаттардын, ошондой эле жеке каражаттар эсебинен колдоону уюштурат;
-саламаттыкты сактоо уюмдарынын калкты дарылоонун алдын алуу, санитардык-эпидемиологиялык, ошондой эле санитардык - агартуу иш чараларын өткөрүүгө көмөк көрсөтөт;
-шайлоолорду, референдумдарды, Жогорку Кеӊештин жана жергиликтүү кеӊештин депутаттары үчүн партиялык өзгөчөлүгүнө карабастан, шайлоочулар менен жолугушууларын уюштурууга жана өткөрүүгө көмөктөшөт, коомдук ой-пикирлерди сурамжылоону өткөрөт;
-шайлоочулардын тизмесинин толуктугуна жооп берет;
-шаардын аткаруу бийлигининин тармактуу органдарынын жашаган жери боюнча жашы жете элек өспүрүмдөр, жаштар жана үй бүлөлөр менен иштөөсүнө көмөк көрсөтөт;
-аксакалдар сотторунда, аймактык башкаруунун жана шаар мэриясынын комиссияларында кароого материалдарды жөнөтөт;
-шаар мэриясынын чечимдерине ылайык, башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат;
3.3. Аймактык башкаруулардын аймагындагы жашоочулардын турмуш - тиричилик маселелерин камсыздоо жана аймакты өнүктүрүү боюнча кабыл алынган чечимдерин: балдар, өспүрүмдөр менен иш алып баруу, аймакты көрктөндүрүү, коммуналдык турак-жай жана социалдык маселелер боюнча талкуулоону уюштурат;
3.4. Мэриянын жер маселелерин чечүүдө шаар куруу комиссиясында чечүүчү добушка ээ.
IV. Аймактык башкаруулардын жетекчилиги
4.1. Аймактык башкаруунун ишмердүүлүгүн жетекчиликке алуу мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамынын 23-беренесинин негизинде бош административдик муниципалдык кызмат орундарына сынак өткөрүү комиссиясынын чечимине ылайык жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 44-беренесинин негизинде шаардык кеӊештин макулдугу менен шаар мэри тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу башчы тарабынан ишке ашырылат.
4.2. Аймактык башкаруунун милдеттеринин жана тапшырмаларынын аткарылышы жана аймактык башкаруудагы аткаруу тартибинин абалы боюнча жеке жоопкерчилик аймактык башкаруунун башчысына жүктөлөт.
4.3. Аймактык башкаруунун башчысы шаар мэрине отчет берет. Вице-мэрлер, мэриянын аппаратынын жетекчиси, шаардык кенештин жооптуу катчысы жана башка бөлүмдөр менен өз ара аракеттенет.
4.4. Аймактык башкаруунун башчысынын кызматтык көрсөтмөсү мэр тарабынан бекитилет.
4.5. Аймактык башкаруунун башчысы убактылуу жок болгон учурда анын милдеттерин башкы адис аткарат.
4.6. Аймактык башкаруунун башчысы кызматына талапкер болгон жарандар муниципалдык, мамлекеттик кызматта 3 жылдан кем эмес же адистиги боюнча кызматта 5 жылдан кем эмес эмгек стажы менен жогорку кесиптик билими же муниципалдык кызматтар боюнча кайра даярдоодон өтүүсү зарыл. Кыргыз Республикасынын жарандыгы жок, сот тарабынан жарамсыз деп табылган, соттолгон, соттолгондугу тууралуу маалыматы белгиленген мыйзамдуу тартипте алынбаган жарандар Аймактык башкаруунун башчысы боло албайт.
4.7.Аймактык башкаруунун башчысы:
-ведомстволук аймакта жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү уюштурат;
-анын ишмердигин уюштурат жана ушул Жобого ылайык жетектейт;
-аймактык башкаруунун мүлкүн жана каржылык каражаттарын тескейт, ишеним кат берет;
-аймактык башкаруунун ишмердигин камсыздоочу иш кагаздарга кол коюу укугуна ээ;
-аймактык башкаруунун ыйгарым укуктары чегинде, белгиленген тартипте келишимдерди жана корутундуларды түзөт;
- аймактагы иштердин абалы жөнүндө шаар мэрине маалымат берет;
-аймактык башкаруунун компетенцияларына кирген маселелер боюнча өткөрүлгөн отурумдарга, башка иш чараларга катышат;
- жарандарды кабыл алууну уюштурат;
-аймактык башкаруунун иш кагаздарын жүргүзүүнү жана аларды архивге тапшырууну уюштурат;
-массалык маалымат каражаттары менен өз ара аракеттенет;
-бекитилген штаттык бирдиктерге ылайык жана Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер жөнүндө» мыйзамынын 23-беренесинин негизинде бош административдик муниципалдык кызмат орундарына сынак өткөрүү комиссиясынын чечимине ылайык Аймактык башкаруунун кызматкерлерин жумушка алат жана бошотот.
-кызматтык милдеттерди бекитет, АБнун кызматкерлери, ошондой эле келишимдик негизде штаттык жадыбалдан тышкары убактылуу жана такай негизде иштеген адистер тарабынан милдеттүү түрдө аткарылуучу буйруктарды чыгарат.
-аймактык башкаруунун компетенцияларына кирген башка маселелерди чечет.
4.8. Аймактык башкаруунун компетенцияларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана мэриянын буйруктарына ылайык башка ыйгарым укуктар киргизилиши мүмкүн.
V. Түзүмү жана штаттык бирдиктери
5.1. Аймактык башкаруунун түзүмү жана штаттык бирдиктери шаардык кенеш менен макулдашылып, мэр тарабынан бекитилет.
5.2. Аймактык башкаруунун штаттык жадыбалына муниципалдык кызматтын муниципалдык кызматтар Реестринде каралган кызмат орундары, ошондой эле муниципалдык кызматтын кызмат орундарына кирбеген аймактык башкарууну техникалык камсыздоочу кызмат орундары кирет.
5.3. Аймактык башкаруунун кызматкерлеринин иши шаар мэриясынын Уставына, ушул Жобого, иш кагаздарын жүргүзүү көрсөтмөсүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук-ченемдик актыларына ылайык уюштурулат.
VI. Аймактык башкаруунун кызматкерлеринин укуктары жана милдеттери
6.1. Аймактык башкарууга жүктөлгөн функцияларды ишке ашыруу үчүн муниципалдык кызматкер болгон аймактык башкаруунун кызматкерлерине муниципалдык кызматты өтөө тартибин жана шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларына жана ушул Жобого ылайык зарыл болгон укуктар жана милдеттер бөлүштүрүлөт.
6.2. Аймактык башкаруунун муниципалдык кызматкер эмес жумушчулары, ээлеген кызмат орду боюнча милдеттерди аткарат Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарына ылайык жалпы негизде жоопкерчилик жүктөлөт.
VII.Аймактык башкаруунун кызматкерлеринин жоопкерчилиги
7.1. Аймактык башкаруунун кызматкерлери аймактык башкарууга жүктөлгөн функциялардын жана тапшырмалардын өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткарылышын, эмгек жана аткаруу тартибин сактоо, кызматтык сырды, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарбоо же жетишерлик аткарбоо мыйзамдарда каралган тартипте жеке жоопкерчиликтерине жүктөлөт.
VIII. Аймактык башкаруунун материалдык-каржылык камсыздалышы
8.1. Аймактык башкаруунун материалдык - техникалык базасын төмөнкүлөр түзөт:
-ушул Жободо каралган функцияларды аткаруу үчүн берилген мүлк;
-ушул Жободо каралган функцияларды аткарууга байланышкан, мэрия тарабынан чыгашалар үчүн ажыратылган акча каражаттары;
-ушул Жободо каралган башка каражат булактарынан түшкөн акча каражаттары түзөт;
IX. Аймактык башкаруунун эсепке алуусу жана отчеттуулугу
9.1. Аймактык башкаруу өзүнүн чарбалык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын эсепке алууну ишке ашырат, белгиленген тартипте бухгалтердик жана статистикалык отчет жүргүзөт, жана анын ишенимдүүлүгү боюнча жоопкерчилик тартат.
9.2. Аймактык башкаруунун каржылык-чарбалык ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын колдонулган мыйзамдары менен аныкталган компитенттүү органдар тарабынан ишке ашырылат.
9.3. Эсепке алуунун ишенимдүүлүгүн жана отчеттуулукту жүргүзүү тартибин сактоо боюнча жоопкерчилик Аймактык башкаруунун башчысына жүктөлөт.
X.Кварталдык комитеттер, Аксакалдар соттору, кондоминиумдар ассоциациялары, ведомстволук үйлөр, жатаканалар
10.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын 55-беренесине ылайык, Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу микрорайондордун, турак жай комплекстеринин, үй, көчө, кварталдык комитеттеринин, жамааттардын (общиналар) жана башка Конституцияга, ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын жана башка мыйзамдарына карама-каршы келбеген формаларында кеңештер жана комитеттер түрүндө ишке ашырылат.
10.2. Аксакалдар соттору өз ишин Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 5-июлунда кабыл алынган №113 «Аксакалдар соттору жөнүндөгү» мыйзамга ылайык;
10.3. Кондоминиумдар ассоциациялары өз ишин Кыргыз Республикасынын 1997-жылы 28-октябрдагы №77 «Жеке турак жай шериктештиктери жөнүндөгү» мыйзамынын негизинде аймактык башкаруу менен биргеликте;
10.4. Ведомстволук үйлөр жана жатаканалар өз ишин ишканалар, мекемелер жана уюмдар тарабынан белгиленген жана бекитилген ички тартибинин эрежелерине ылайык жүргүзөт.
XI. Эмгек мамилелери
11.1. Аймактык башкаруу кызматкерлердин кесипкөй курамын Кыргыз Республикасынын жана шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун муниципалдык кызматка тиешелүү бекитилген укуктук-ченемдик актыларына ылайык аныктайт. Аймактык башкаруунун администрациясы жана кызматкерлери арасындагы мамилелер Кыргыз Республикасынын Эмгек мыйзамдарынын ченемдерине ылайык жөнгө салынат.
11.2. Аймактык башкаруу ыкчам эмгек келишимин жана башка жарандык-укуктук келишимдерди түзүү менен зарыл болгон көлөмдөгү жумуштарды аткаруу үчүн жарандарды тарта алат.
11.3. Аймактык башкаруунун жумушчуларынын (кызматкерлеринин) иштөө жана эс алуу эрежеси, алардын социалдык камсыздоосу, социалдык камсыздандыруусу Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси менен жөнгө салынат.
XII. Кайра түзүү жана жоюу
12.1. Аймактык башкарууну кайра түзүү жана жоюу белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
12.2. Аймактык башкаруу жоюулгандан кийин калган мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралаган тартипте тескелет.
12.3. Юридикалык жактардын мамлекеттик реестринде жазуу жүргүзүлгөн күндөн тартып аймактык башкарууну жоюу аяктады деп эсептелет.
12.4. Аймактык башкаруунун ишмердүүлүгү мезгилинде пайда болгон иш кагаздары, ал жоюлган учурда Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фонду жөнүндөгү» мыйзамга ылайык сакталат жана пайдаланылат.
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин жооптуу катчысы | Б.Беркбаева |