Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-майы № 7
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 15.05.2018-ж. чыг.№02-03/1202-катты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Мыйзамынын 5-беренесинин 8-пунктун негиз кылып жана туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын аймагындагы муниципалдык кызматтардын кошумча реестри №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына базалык муниципалдык кызматтардын реестрин КРнын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад областтык бөлүмү аркылуу макулдашуу жагы милдеттендирилсин жана өз ишмердүүлүгүндө бекитилген Жалал-Абад шаарынын аймагындагы муниципалдык кошумча реестринин негизинде иш жүргүзүү жагы сунушталсын.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына (С.Чимбердиев) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин төрагасынын орун басары | М. Тургунбаев |
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин
28-май 2018-жылдагы
кезектеги VIII сессиясынын
7-токтомуна 1-тиркеме
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА КӨРСӨТҮЛҮҮЧҮ МУНИЦИПАЛДЫК КОШУМЧА КЫЗМАТТАР РЕЕСТРИ
Кызматтардын тизмеси | Кызмат алуучулар | Зарыл иш кагаздар тизмеси | Кызматтын наркы | мөөнөтү | Натыйжа |
Аз камсыз болгон үй бүлөрдү көмүр жана отун менен камсыздоо | Социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каттоодо турган аз камсыз болгон үй бүлөлөр | -арыз -ИНН менен паспорттун көчүрмөсү; -укукту белгилөөчү жана укукту күбөлөндүрүүчү иш кагаздардын көчүрмөлөрү | Акысыз | 1-2 ай (60 иш күн) | Жалал-Абад шаарынын депутаттар кенешинин токтому |
Билим берүү мекемелерине төлөнүүчү акылардан бошотуу | Ата-энесинин кароосуз калган балдар | -арыз -ИНН менен паспорт көчүрмөсү, -балдардын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү; -даректүү тактама | Акысыз | 1-2 ай (60 иш күн | Үй бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн корутундусу, Жалал-Абад шаарынын кенешинин токтому |
Жергиликтүү бюджет аркылуу материалдык жардам көрсөтүү;
| Аз камсыз болгон үй бүлөлөр, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар | -паспорт көчүрмө; -жашаган жерден тактама; -арыз; -МСЭК көчүрмө | Акысыз | 30 күн | -соц.өнүгүү башкар. корутундусу; -комиссиянын чечими; -мэриянын токтому |
Мугалимдерге коммуналдык чыгымдар үчүн кошумча акы төлөп берүү |
Шаар мектептеринин мугалимдери жана бала бакчалардын тарбиячылары |
Шаардык билим берүү бөлүмүнүн берген тизмеси |
Акысыз |
Ар айда | Шаар мектептеринин мугалимдери жана бала бакча тарбиячыларына кошумча 500 сомдон акы төлөнөт |
Мугалимдер күнүнө карата бир жолку жөлөк акы төлөө; | Жалал-Абад шаарынын мугалимдери жана бала бакча тарбиячылары | Шаардык билим берүү бөлүмүнүн берген тизмеси |
Акысыз |
бир жылда бир жолу | Шаар мектептеринин мугалимдери жана бала бакча тарбиячыларына бир жолку жолок акы 2000 сомдон төлөнөт. |
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин жооптуу катчысы | Б.Беркбаева |