Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-майы № 9
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 10.05.2018-ж.чыг.№06-01/1153, Жалал-Абадсуу канал башкармасынын 02.05.2018-жылдагы чыгыш № 01-9/230 сандуу каты, “Жалал-Абад суу канал” башкармасы менен Реконструкция жана Өнүктүрүү Европалык банкынын ортосундагы “Жалал-Абад шаарын суу менен камсыз кылуу жана канализацияны реабилитациялоо” долбоордук келишимдин шарттарын жана Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин атаандаштыкты өнүктүрүү департаментинин түштүк аймактар аралык бөлүмүнүн 19.02.2018-жылдагы № 8-буйругу шаардык кеӊештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы туруктуу комиссиялардын кеӊейтилген жыйынында карап чыгып, кеӊейтилген комиссиянын корутундунун негизинде депутаттардын шаардык кеӊешинин кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги ХХV сессиясынын 03.09.2015-жылдагы №3 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
2. Жалал-Абад шаарынын аймагында ичүүчү сууга жана канализацияга болгон тарифтери 1-тиркемеге ылайык бекитилип, калк жана башка ишканалар үчүн 2018-жылдын 1-июль айынан, бюджеттик мекемелер үчүн 2019-жылдын 1-январынан тартып эсептелсин.
3. Шаардагы массалык маалымат каражаттары аркылуу ичүүчү сууга жана канализацияга болгон тарифтин жогорулагандыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы “Жалал-Абадсууканал” башкармасына (А.Мусаев) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин төрагасынын орун басары | М. Тургунбаев |
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин “ 28 ” май 2018-ж.
VIII сессиясынын
9-токтомуна 1-тиркеме
Жалал-Абад шаарынын ичүүчү сууга жана саркынды сууга болгон (канализация) тарифтери
№ к/н | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Өлчөө бирдиги | 03.09.2015-ж. кабыл алынган тариф | Сунушталган тариф |
1 | Ичүүчү суу Анын ичинен: калкка Бюджеттик ишканалар Башка ишканалар | м 3/сом - - - | 11,01 7,27 13,38 19,26
| 13,23 8,50 16,06 23,56 |
2 | Саркынды суулар (канализация) Анын ичинен: калкка Бюджеттик ишканалар Башка ишканалар | м 3/сом - - - | 7,28
5,25 9,01 11,02 | 8,71
6,27 10,81 13,62 |
Шаардык кеӊештин жооптуу катчысы | Б.Беркбаева |