Загрузка документа…
ЧЕК- АБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чек-Абад айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын I сессиясы
2017-жылдын 5-январы № 1-1
Чек-Абад айылдык Кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чек-Абад айылдык Кеңешинин регламенти бекитилсин.(Регламент тиркелет).
Чек – Абад айылдык Кеңешинин депутаты | А. Исаев |
Чек-Абад айылдык Кеңешинин
05.01.2017-жылдагы
VI чакырылышынын
I сессиясынын
№ 1-1 токтому менен бекитилген.
ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК ОКРУГДУН КЕҢЕШИНИН ЖАНА
ТИПТҮҮ РЕГЛАМЕНТИ
I БӨЛҮК
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-Глава
Айылдык округдун кеңеши кеңеш
2-Глава
Айылдык округдун кеңешинин компетенциясы
II БӨЛҮК
3-Глава
Айылдык округдун кеңешинин төрагасы жана Кеңештин төрагасынын орун басары
4-Глава
Айылдык округдун кеңешинин катчысы
5-Глава
Айылдык округдун кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссиясылары
III БӨЛҮК
Айылдык округдун кеңешинин иштөөнүн жалпы тартиби
6-Глава
Айылдык округдун кеңешинин сессияларын өткөрүүнүн тартиби
7-Глава
Айылдык округдун кеңешинин токтом долбоорлорун кароо тартиби
IV БӨЛҮК
Айылдык округдун кеңешинин Регламенти
8-Глава
Айылдык округдун кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана бекитүү тартиби
Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу » Мыйзамдарына ылайык иштелип чыгылды жана айылдык округ кеңешинин жана поселкалык кеңешинин иш-аракет тартибин аныктайт.
I БӨЛҮК
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-Глава
1.1. Айылдык округдун кеңеши өзүнүн иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарына, Жогорку Кеңеш жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна, ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат.
1.2. Айылдык округдун кеңешинин иш-аракети жылдык жана кварталдык пландардын негизинде жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамдарына ылайык, айыл округунун кеңеши жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
1.3. Айылдык округдун кеңеши белгиленген курамындагы депутаттардан турат жана сессия убагында иштейт. Тийиштүү аймакта жашаган шайлоочулардын жалпы, тең жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш менен 4 жылга шайланат.
1.4. Айылдык округдун кеңешинин уюштуруучу-укуктук иштөө формасынын негизи сессия болуп саналат.
2-Глава
Айылдык округдун кеңешинин компетенциясы
Айылдык округдун кеңешинин компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:
1) Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;
2) Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджетти аткаруунун жана бюджеттен тышкары фонддорду пайдалануунун жүрүшү жөнүндө маалыматты угуу;
3) Аймакттарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо прогроммаларын бекитүү жана алардын аткарылышына контролдук кылуу;
4) Жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктердин киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө;
5) жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартибин белгилөө, анын ичинде муниципалдык менчик обөекттерин менчиктештирүү прогроммасын бекитүү жолу менен белгилөө, муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролдукту жүзөгө ашыруу;
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруучу-тескөөчү органынын иши жөнүндө отчету угуу;
7) мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8) Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен айылдык округдун башчысына ишеним көрсөтпөө;
9) жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
10) администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында аларды иштеп чыгуу;
11) төраганы жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызматтынан бошотуу, кеңештин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-келген чечимдерин жокко чыгаруу;
12) жергиликтүү кеңештин Регламентин кабыл алуу;
13) өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;
14) Өкмөт аныктаган типтүү ченемдердин негизинде айылдык округдун башчысынын сунушу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын структурасын жана штаттык санын бекитүү;
15) Муздак суну, канализацияны, жылуулук жабдууларын пайдалануу үчүн, ошондой эле турмуш-тиричиликтин кату калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитүү;
16) айылдык округ башчысын шайлоо;
17) тиешелүү район үчүн мыйзамда бекитилген базалык ставканын базасында эсептелген айыл, үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасы чектеринде кыртыштын баллдарын эске алуу менен, айыл-чарба жерлерин пайдалануу үчүн салык тын дифференцияланган ставкаларын белгилөө;
18) Кайра бөлүштүрүү фондунун айыл чарба жерлерин, чабындыларды, жайыттарды ижарага тапшыруу тартибин аныктоо;
19) жергиликтүү жамааттын уставын кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.
1.3. Айылдык округдун кеңеши жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечүүгө укуктуу, материалдык, финансылык жана башка каражаттар бөлүнүп берилип, ага ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп алынат жана аткарылат.
1.4. Айылдык округдун кеңеши белгиленген мөөнөттө өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууга киришүүдө төраганын орун басарын жана структура жөнүндө чечим кабыл алынат.
II БӨЛҮК
Айылдык округдун кеңешинин төрагасы жана орун басары
3-Глава
Айылдык округдун кеңешинин төрагасы жана төрагасынын орун басары.
3.1. Айылдык округдун кеңешинин төрөгасы депуттардын арасынан жашыруун добуш берүү жолу менен айылдык округ кеңешинин ыйгарым мөөнөтүнө шайланат. Айылдык округ кеңешинин төрагалыгына депутаттар тарабынан, ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде ишке ашырылат. Жалпы депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды эсептелинет.
Айылдык округдун кеңешинин төрагасы:
Кеңеш сессиясын чакырат;
Сессияга төрагалык кылат;
Айылдык округдун кеңешинин чечимдерине, отурум протоколдоруна жана башка иш кагаздарына кол коет;
Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткарат.
3.2. Айылдык округдун кеңешинин төрагасы өзүнүн милдеттерин же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн, шайланган депутаттардын 1/3 демилгеси боюнча жалпы депутаттардын 213 төн көп добушу менен кызматтан бошотулат.
3.2. Айылдык округдун кеңешинин төрагасынын орун басары.
Айылдык округдун кеңешинин төрөгасынын орун басарына талапкерди төрөга тарабынан сунушталат жана ачык добуш берүү жолу менен шайланат. Депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
3.4. Кеңештин төрөгасынын орун басары төрөганын тапшырмаларын аткарат жана ал өз милдетин ар кандай себептер менен аткара албай калган учурда, төрөганын милдетин аткарат.
3.5. Кеңештин төрөгасынын орун басары өз милдетин коомдук башталышта алып барат.
3.6. Кеңештин төрөгасынын орун басары депутаттарынын 1/3 бөлүгүнүн демилгеси боюнча жалпы депутаттардын көпчүлүк добушу менен кызматтан бошотулат.
4-Глава
Айылдык округдун кеңешинин катчысы
4.1. Айылдык округдун кеңешинин катчысынын милдетин айылдык округдун башкаруунун жооптуу катчысы аткарат.
4.2. Айылдык округдун кеңешинин катчысы:
Айылдык округдун кеңешинин катчысы сессиянын протоколун жүргүзөт;
Айылдык округдун кеңешинин катчысы келип түшүүчү иш кагаздарынын эсебин алууну уюштурат;
Айылдык округ кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссиясынын уюштуруу иштерин жүргүзөт;
Айыл округдун кеңешинин сессиясын өткөрүү жөнүндө депутаттарга кабарлайт жана алардын катышуусун эсебин алат;
Айылдык округдун кеңешинин сессия токтомдорун тариздейт жана кеңеш депутаттарына жөнөтүүнү уюштурат;
Айылдык округдун кеңешинин сессиясынын токтомдорунун долбоорун даярдоо боюнча иштерге жетекчилик кылат.
5-Глава
Айылдык округдун кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссиясылары
5.1. Айылдык округдун кеңешинин кеңешке киргизүүгө тийиштүү маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн депутаттар санынан, ошондой эле, кеңеш чечимдерин ишке ашырууга катышу үчүн, бул чечимдерди бул аймактагы жайгашкан мекемелер жана уюмдардын аткарышын көзөмөлдөө үчүн туруктуу комиссия түзүлөт.
Айыл округдун кеңеши тарабынан ошондой эле убактылуу комиссиялар түзүлөт.
Комиссиялар тизмеси, алардын сандык курамын шайлоо айылдык округунун кеңешинин депутаттары тарабынан аныкталат.
5.2. Айылдык округдун кеңеши атайын тапшырмаларды аткаруу үчүн убактылуу комиссияларды түзө алат.
Убактылуу комиссиялардын ыйгарым укуктары аларды түзүү убагында аныкталат. Убактылуу комиссиялардын ишмердүүлүгү тапшырылган милдеттерди аткаргандан кийин токтотулат.
III БӨЛҮК
Айылдык округдун кеңешинин ишинин жалпы тартиби
6-Глава
Айылдык округдун кеңешинин сессиясын өткөрүү тартиби
6.1. Айылдык округдун кеңешинин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп кеңештин сессиясы саналат.
Айылдык округдун кеңешинин сессиясы ачык, кварталына бирден кем эмес жана депутаттардын жалпы санынын 1/3 кем эмес талабы боюнча өткөрүлөт.
Айылдык округдун кеңешинин чечимдери депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
6.2. Айылдык округдун кеңешинин депутаттары кеңеш сессиясына катышууга милдетүү. Алардын сессияга катышуунун эсебин катчы жүргүзөт. депутаттар сессияга катыша албай турган учурларда алдын ала катчыга маалымдоого тийиш.
6.3. Айылдык округдун кеңешинин сессиясы ачык түрүндө өткөрүлөт. Кеңештин чечими менен сессия жабык түрүндө өткөрүүлүсү мүмкүн.
6.4. Сессиянын чечимдери ачык добуш берүү менен кабыл алынат.
6.5. Айылдык округдун кеңеши ар бир сессияда күн тартибин жана иштөө тартибин кабыл алат.
6.6. Айрым себептер менен каралбай калган маселелер кийинки сессияда каралат.
6.7. Айылдык округдун кеңешинин сессиясынын протоколдорун кеңештин катчысы жүргүзөт. Протоколдо сессияга катышкандардын жана катышпай калган депутаттардын фамилиялары, катышпай калгандардын себептери, чакырылгандардын тизмеси жана каралган маселелер боюнча маалыматтар, кабыл алынган чечимдер камтылат. Протоколко сессияга төрөгалык кылуучунун колу коюлат.
6.8. Керек болгон учурларда айылдык округдун кеңешинин сессияларында каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтар массалык каражат булактарында чагылдырылат.
7-Глава
Айылдык округдун кеңешинин токтом долбоорлорун кароо тартиби
7.1. Айыдык округдун кеңешинин сессиясында каралган маселелер боюнча токтом кабыл алынат. Кеңештин токтому ачык же жашыруун добуш менен кабыл алынат.
7.2. Айылдык округдун кеңешине кароого сунушталган токтом долбоору төмөндөгүдөй болууга тийиш:
Кабыл алынган чечимди аткаруучулар, аткаруу мөөнөтү, каржылоо булактары, ошондой эле токтомдун күчүнө киргендиги көрсөтүлөт;
Зарыл учурда чечим кызыкдар уюмдар, тийиштүү аймактык органдардын жергиликтүү бөлүмдөрү, ошондой эле зарылдыгына карай мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашылууга тийиш;
Ушул маселе боюнча мурдагы токтом эске алынат жана мурда кабыл алынган токтомдорду жокко чыгаруу же өзгөртүү боюнча сунуштар камтылууга тийиш;
Айрым чечимдер боюнча зарылчылыгына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык корутунуду болуусу керек.
7.3. Айыдык округдун кеңешинин токтому сессияда талкуулангандан кийин сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк дорбушу менен кабыл алынат.
7.4. Кеңеш депутаты чечимге макул болбосо жазуу же оозеки формасында өзүнүн өзгөчө пикирин айыл округ кеңешинин протоколуна киргизүүгө укуктуу.
7.5. Сунушталган токтомдун долбоору, эгер сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк бөлүгү добуш берсе, долбоор негиз катары кабыл алынат жана пункттар боюнча каралат.
7.6. Токтом долбоору бардык ондоолор, кошумчалар каралагандан кийин толугу менен кабыл алынат.
7.7. Айылдык округдун кеңешинин чечимин таратуу кол коюлгандан кийин эки жумалык мөөнөттө кеңеш аппараты тарабынан жүргүзүлөт.
7.8. Айылдык округдун кеңешинин кабыл алган токтомун, анын ыйгарым укуктарын чегинде тийиштүү аймакта жайгашкан ишканалар, мекемелер жана алардын органдары, кызматтык адамдар, жарандар аткарууга милдеттүү.
IV БӨЛҮК
Айылдык округдун кеңешинин Регламенти
8-Глава
Айылдык округдун кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн жана бекитүүнүн тартиби
8.1. Айылдык округдун кеңешинин иш Регламентин, Типтүү Регламенттин негизинде регламент маселери боюнча жумушчу тобу иштеп чыгат, жана кеңештин сесиясына бекитүүгө киргизет.
8.2. Регламент маселелери боюнча топко айылдык округ кеңешинин шайлануучу беш депутаттан кем эмес болууга тийиш. Аны айылдык округдун кеңешинин төрагасынын орун басары жетекчиликке алат.
8.3. Ар бир депутат Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизе алат. Сунуштар Регламент боюнча жумушчу топко кароо үчүн жөнөтүлөт.
8.5. Регламент жана Регламентке ондоолор, киргизилгенден кийин кеңешке шайланган депутаттардын көпчүлүк саны менен кабыл алынат.