ТоктомКүчүндө

Чек-Абад айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 23-февралындагы № 4 «Чек-Абад айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк обьекттерин, жер участкаларын сатуу жана ижарага берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция23.02.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 

ЧЕК- АБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чек-Абад айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын IV сессиясы

 

2017-жылдын 23-февралы № 4

Чек-Абад айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк обьекттерин, жер участкаларын сатуу жана ижарага берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө

 

Күн тартибиндеги маселе боюнча КРӨнүн 23-сентябрь 2011-жылдагы № 571-сандуу токтому менен бекитилген типтүү жобосуна ылайык айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чек-Абад айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк обьекттерин, жер участкаларын сатуу жана ижарага берүү боюнча комиссиянын төмөндөгү курамы бекитилсин:

1.    Исаев Абдисалом – а.кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасы;

2.    Тавалдиев Рахманали – а.кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү;

3.    Эргашов Эркинжан – а.кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү;

4.    Жусмаматов А – коомчулуктун өкүлү;

5.    Усманов Мирзаали – айыл башчысы;

6.    Тавалдиев Абдыкалык – айыл башчысы;

7.    Асранов Исмонали – айыл башчысы.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин агрардык жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Б.Ж. Нурматов