Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-майы № 6-3
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу «Тазалык» муниципалдык ишканасынын 2016-жылдын отчетун угуу жана 2017-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси А. Акматовдун 2016-жылда аткарган иштеринин жыйынтыктарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыйзамдарына негиз Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси А. Акматовдун 2016-жылда аткарган иштери боюнча отчету канааттандырарлык деп табылсын. (№1-тиркеме тиркелет).
2. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси А. Акматовдун 2016-жылга карата түзгөн бюджети 542 000 (беш жүз кырк эки миң) сом болуп бекитилсин. (№2-тиркеме тиркелет).
3. «Тазалык» муниципалдык ишканасынын аткарып жаткан иштерин көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага | Н.Туманов |
Көк-Жар айылдык кеңешинин
№6-3 токтомунун №1-тиркемеси
«Көк-Жар-Тазалык»муниципалдык ишканасынын
2016-жыл ичинде аткарган жумуштарынын
маалыматы.
«Көк-Жар-Тазалык»муниципалдык ишканасы айыл өкмөтүнүн 15-январь 2013-жыл № 1 токтомуна негиз Ош облусунун юстиция башкармалыгынын 24-январь,2013-жыл № 0004366 мамлекеттик каттоо күбөлүгү менен каттоодон өткөн.
«Көк-Жар»айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 5-сессиясынын 5-1 токтомуна негиз «Көк-Жар-Тазалык муниципалдык ишканасы 6-июнь 2013-жылдан баштап,айыл,аймагында өз ишмердүүлүгүн улантып келе жатат.
«Көк-Жар»айыл өкмөтү,өздүк бюджетинен 2016-жылы 300000 (үч жүз миң)сом таштандыларга, 85000(сексен беш миң)сом,көрктөндүрүү,жумуштарына которуу жолу менен бардыгы болуп 385000(үч жүз сексен беш миң)сом акча каражаты которулган.
1.Көрктөндүрүү жумуштарын, аткарууга 95850 сом.
2.Таштанды тазалоо жана ташып чыгаруу жумуштарына 98150 сом.
3.Айлык маяна 2015-16-жылдарга 218102 сом.
4. Экскаватордун,оңдоп-түзөө жумуштарына 76136 сом.
5.Социалдык фонд. 50565 сом.
6.Подоход нолог. 20862. сом.
7. НсП. 16250. сом.
Бардыгы: 575915 сом,акча каражатын түздү.
«Көк-Жар-Тазалык»муниципалдык ишканасынын башкаруусундагы
SAMSUNGSE 130 W2 үлгүсүндөгү,экскаваторунан түшкөн кирешеси 156110 (бир жүз элүү алты миң бир жүз он)сом,ошондой эле 35280(отуз беш миң эки жүз сексен)сом,соц.төлөм,под.нологдор кириштелип,жеке жактарга төгүлбөстөн,жумуштарга иштелип кеткен, бардыгы болуп 191390(бир жүз токсон бир миң үч жүз токсон) сомду түзгөн.
Жалпысы болуп киреше бөлүгү 576390 (беш жүз жетимиш алты миң үч жүз тосон)сом,чыгаша бөлүгү 575915 (беш жүз жетимиш беш миң тогуз жүз он беш)сом, акча каражатын түзүп,2017-жылга 475 сом калдык менен өттүлдү.
Салыштырмалуу 2015-жылы,нолог на прибыл 378сом болгон,болсо 2016-жылы 408 сом болуп, ишкананын ишмердүүлүгү,негизинен жылдан-жылга түшүмүн берүү,жолуна кадам таштап,аракеттенүү багытында баруу.
2017-жылга чейин, соц.фонд, нологдордон карызы жок.
2015-жылдагы экскаватордун айыл өкмөтүнүнүн,айылдарында,суу тармагында жана соц.обьектерде,таза суу тармагында,айыл башчылардын жана СОППВ,АВП кызматкерлеринин берген аныктамаларына негиз 1207000(бир миллион эки жүз жети миң) сом,ошондой эле экскаватордон, түшкөн 20000(жыйырма миң)сом,накталай акча каражаты,кассага кириштелип,жалпысы болуп 1227000(бир миллион эки жүз жыйырма жети миң) сом.таза киреше алып келген.
2016-жылдагы экскаватордун айыл өкмөтүнүнүн,айылдарында,суу тармагында соц. обьектерде, таза суу тармагында,айыл башчылардын,СОППВ,АВП кызматкерлеринин берген аныктамаларына негиз 530000(беш жүз отуз миң)сомдук жумуштар, экскаватордун күчү менен аткарылган.
Бир жылда 365 күн болсо,анын ичинен ,февраль айларында иш жок дем алыш болду, 53 күнү дем алыш, 16 күнү маайрам, 35 күнү иш жок, 68 күнү ремонтто, болуп жалпысы 172 күн, калган 193 күндүн ичинде элге көсөткөн,кызматыбыз 530000 сомдук аныктамалардын негизинде жана экскаватордун кызматынан түшкөн,накталай 156110 сом акча каражаты кассага кириштелген.
Жалпысы болуп 2016-жылы 686110(алты жүз сексен алты миң бир жүз он)сом акча каражатын түздү.
Экскаватордун ишканага бүгүнкү күнгө жалпы накталай кирешеси.
1. 2013-жылы. 65885 сом.
2. 2014-жылы. 60000 сом
3. 2015-жылы. 20000 сом.
4. 2016-жылы. 156110 сом
Бардыгы. 301995 (үч жүз бир миң тогуз жүз токсон беш) сом.
Экскаватордун аткарган кызматынын болжолдуу кирешеси.
1. 2013-жылы. 925071 сом.
2. 2014-жылы. 840408 сом.
3. 2015-жылы. 1207000 сом.
4. 2016-жылы. 530000 сом.
Бардыгы. 3502479 (үч миллион беш жүз эки миң төрт жүзжетимиш тогуз) сом.
Жалпысы болуп 3804474(үч миллион сегиз жүз төрт миң төрт жүз жетимиш төрт) сомду түздү.
Сиздердин жана айыл өкмөт башчысынын ишеничин актап 2017-жылга карата,жергиликтүү бюджеттинен бөлүнгөн акча каражатына кандай иштерди пландаштырсаңыздар,бардык жумуштарды сиздердин көзөмөлүңүздөр астында,мыйзамга негиз аткарабыз деп ишендирип кетемин.
Сиздердин көңүл бурупганыңыздарга чоң ыракмат.
Сурооңуздар болсо жооп берүүгө даярмын
«Көк-Жар-Тазалык»муниципалдык ишканасынын директору: | А.Акматов. |
Көк-Жар айылдык кеңешинин
№6-3 токтомунун №2-тиркемеси
Көк-Жар «Тазалык» муниципалдык ишканасынын 2017-жылга карата отчету
Киреше бөлүгү.
№ | Кирешенин кайдан түшүүсү
| Статья | Жалпы сумма (сом) | 1-кв | 2-кв | 3-кв | 4-кв |
1. | Көк-Жар айыл өкмөтүнүн таштандылар үчүн. | 14238900 | 282000 | 40000 | 90000 | 90000 | 62000 |
2. | Көк-Жар айыл өкмөтүнөн, көрктөндүрүү үчүн. | 14238900 |
|
|
|
|
|
3 | Экскаватордун кызматынан түшкөн киреше | 14238900 | 150000 | 25000 | 45000 | 45000 | 35000 |
4 | Автоунаа токтоочу жайдан түшкөн киреше | 14238900 | 70000 | 17500 | 17500 | 17500 | 17500 |
5 | Мекеме-ишканалар менен түзүлгөн келишимдерден түшкөн киреше. | 14238900 | 40000 | 10000 | 10000 | 10000 | 10000 |
|
Жалпысы. |
|
542000 |
152500 |
258500 |
162500 |
124500 |
Чыгаша бөлүгү
№ | Чыгашалардын аталышы |
Статья | Жалпы сумма (сом) | 1-кв | 2-кв | 3-кв | 4-кв |
1. | Айлык маяна | 21111100 | 345252,20 | 86313,05 | 86313,05 | 86313,05 | 86313,05 |
2. | Соц.фонд | 21111100 | 59556 | 14889,00 | 14889,00 | 14889,00 | 14889,00 |
3 | ГСМ. Экскаваторго , авто унаага. |
21111100 | 50000 | 9000 | 10000 | 16000 | 15000 |
4 | Таштанды таштоочу жердин айланасын тосуу жана таштанды ташып чыгаруу. |
|
40000 |
- |
- |
40000 |
- |
5. | Запчасть |
| 8381,80 | 4000 | 4381,80 |
|
|
сП | НсП | 3% | 16260 | 4065 | 4065 | 4065 | 4065 |
7 | Планова наколения | 8% | 22560 | 5640 | 5640 | 5640 | 5640 |
8 | Конц товар |
|
|
|
|
|
|
9 | Сапардама |
|
|
|
|
|
|
| Итого |
| 542000 | 123907,05 | 124353,85 | 166907,05 | 125907,05 |
Эсепчи: | О. Эминбаев |