ТоктомКүчүндө

Кайыңды шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 1/I - 1 «Кайыңды шаардык кеңешинде коалиция түзүү жөнүндө» токтому

Редакция30.12.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 30-декабры № 1/I - 1

Кайыңды шаардык кеңешинин кайрадан түзүлгөн депутаттарынын биринчи уюштуруучу сессиясы

Кайыңды шаардык кеңешинде коалиция түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн – өзү башкаруу” мыйзамынын 21 - беренесинин 5 - пунктунун негизинде, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:

1. Кайыңды шаардык кеңешинде СДПК, Республика – Ата – Журт, Кыргызстан үч фракциядан бириккен бир коалиция түзүлсүн.

2. Коалициянын мүдүрү болуп Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Алимкулов Мурат Каримович шайлансын.

 

Төрага

А.А. Бакешова