Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 22-январы №16/4
Дөбөлү айыл аймагындагы артыкчылыктуу көйгөйлөрдү Өнүктүрүү Саясат Институтунун «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жоопкерчилиги: бюджетгик процесс» долбооруна сунуштоо жөнүндө
Өнүктүрүү Саясат Институтунун «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жоопкерчилиги: бюджетгик процесс» долбоорунун алкагында Дөбөлү айыл аймагындагы көйгөйлөр артыкчылыктуу көйгөйлөр деп бекитүү максатында Дөбөлү айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өнүктүрүү Саясат Институтунун «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жоопкерчилиги: бюджетгик процесс» долбоорунун алкагында Дөбөлү айыл аймагындагы көйгөйлөр артыкчылыктуу көйгөйлөр жана чакан гранттар программасынын конкурстук комиссиясынын кароосуна төмөндөгү долбоордук сунуштамалар тапшырылсын.
- "Дөбөлү айылындагы Ө. Токтосунов атындагы орто мектебинин авариялык абалдагы ж-ылытуу системасын капиталдык ремонттон өткөрүү" долбоору;
- "Дөбөлү айылындагы клубдун имаратынын эскилиги жеткен чатырчасын капиталдык
ремонттон өткөрүү" долбоору;
2. Өнүктүрүү Саясат Институтунун «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун алкагында долбоордук сунуштамаларды ишке ашыруу максатында өздүк салымдын өлчөмү Дөбөлү айылындагы клубдун имаратынын эскилиги жеткен чатырчасын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 179860 (жүз жетимиш тогуз миң сегиз жүз алтымыш) сом, ал эми Ө. Токтосунов атындагы орто мектебинин авариялык абалдагы жылытуу системасын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 196400 (жуз токсон алты миң төрт жүз) сом бюджеттин эсебинен каралсын.
3.Айыл аймагындагы артыкчылыктуу көйгөйлөрдү ишке ашырууну Биргелешкен мониторинг жана баалоо боюнча топтун курамы бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)
Төрага | Уланбек уулу Ж. |
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин
XXVII-чакырылышындагы кезексиз 16-
Сессиясынын 22-январь 2018-жыл
№16/4 Токтомуна тиркеме
Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун курамы
1. Токталиев Бердибек | Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жер адиси - төрагасы |
2. Ишеналиева Гүлжан | Алыш айылындагы бала бакчанын жетекчиси- мүчөсү |
3. Абдыканов Жалый | Аксакалдар сотунун төрагасы - мүчөсү |
4. Абдыжапарова Айнура | Дөбөлү айыл өкмөтүнүн маданият - мүчөсү |
5. Камбаров Эрнис | Жергиликтүү кенештин депутаты - мүчөсү |
6. Турусбекова Самара К | . Абиров атындагы орто мектебинин директору - мүчөсү |
7. Исакова Таалайкул | Дөбөлү айыл өкмөтүнүн кызматкери - мүчөсү |