Загрузка документа…
АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Алтын-Булак айылдык Кеңешинин 3-чакырылышынын кезектеги 11-сессиясы
2015-жылдын 7-октябры № 37
2015-жылдын 9 айы ичиндеги айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүү стратегия планынын аткарылышы жөнүндө
Алтын-Булак айыл өкмөт башчысы К.Бакеевдин 2015-жылдагы социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн иш чараларын аткаруу боюнча маалыматын угуп, Алтын-Булак айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ К ЫЛАТ:
1. Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн 2015-жылдын 9 айы ичиндеги иш чараларынын аткарылышы боюнча айыл өкмөт башчысынын маалыматы “ канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Айыл өкмөттүн 2013-2017-жылдарга карата экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиясына киргизилген инвестициялык долбоорлорго инвесторлорду тартуу, аларга өз убагында мониторинг жүргүзүп туруу жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Э.Маматовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин “ бюджет, финансы-экономика боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С.Саипов |
| Алтын-Булак айылдык Кеңешинин 3-чакырылышынын кезектеги 11-сессиясынын 2015-жылдын 7-октябрындагы № 37 токтомуна № 1 тиркеме |
МААЛЫМАТЫ
№ | Аткарылган иштер | Сметалык баасы м.с.менен | Респуб.бюджет | Эл аралык уюмдар | Жергиликтүү бюджеттен | Демөөрчүлөр ж.б | Эскертүү |
1 | Кандава, Алтын-Булак айылдарындагы эки мүрзөнүн айланасын тосуу | 200,0 | 20,0 | 180,0 | Бүттү | ||
2 | Чечебай, Кандава, Таш-Башат айылдарындагы 0,9 км ички жолдоруна шагыл төшөө | 330,0 | 100,0 | 60,0 | 170,0 | Бүттү | |
3 | Алтын-Булак айылындагы суу түтүгүн жана анын айланасын оңдоп түзөө. | 30,0 | 20,0 | 10,0 | Бүттү | ||
4 | Алтын-Булак айылына жаңы мектеп жана спорт сарайын куруу. | 420000,0 | 3500,0 | 20,0 | 90,0 | ИПДсы, фундаменти бүттү | |
5 | Таш-Башат айылына почта имаратын куруу | 400,0 | 300,0 |
| 20,0
| 80,0 | Ремонту калды. |
6 | Сасык-Булак айылындагы намазкананы бүткөрүү | 440,0 |
| 300,0 араб.өлкөсү
| 40,0 | 100,0 | бүттү |
Жыйынтыгы | 434000,0 | 3900,0 | 300,0 | 180,0 | 630,0 |
|
Башчысы:- | К Бакеев |