Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
24-февралы 2018-жыл № 45
Ак-Жар айылдык Кеңешинин 2018-жылга иш планын бекитүү
Ак-Жар айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын жана Ак-Жар айылдык Кеңешинин Регламентине ылайык Ак-Жар айылдык Кеңешинин 2018-жыл үчүн иш планы айылдык Кеңештин сессиясында талкууланып, каралып чыккандыгынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айылдык кеңешинин 2018-жылга карата иш планы бекитилсин ( тиркеме тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Б. Тургунбаев |
Тиркеме
Ак-Жар айылдык Кеңешинин 2018-жылдын
24-февралдагы №45 токтому менен бекитилген
Ак-Жар айылдык Кеңешинин 2018-жыл үчүн иш план
I.2018-жылы Ак-Жар айылдык Кеңешинин сессиясында каралуучу негизги маселелер:
1.Айылдык Кеңештин 2018-жыл үчүн иш планын бекитүү ( 2018-жыл, 1-квартал, айылдык кеңештин төрагасы Б.Тургунбаев)
2. Ак-Жар айыл өкмөтүндөгү иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчиктин пайдаланышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн программаларынын аткарылышы жана калктын социалдык жактан корголушу жөнүндө 2017-жыл үчүн жылдык отчет( 2018-жыл,1-квартал,Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы К.Турдумаматов)
3.Ак-Жар айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча аткарылышы (2018-жыл,1-квартал ,айылдык кеңештин бюджет,салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы жана Ак-Жар айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи)
4. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча 2017-жылдын эсебинен калдык акча каражатын болуштуруу жөнүндө (2018-жыл,1-квартал,айылдык кеңештин бюджет,салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы жана Ак-Жар айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башкы эсепчи)
5. Саламаттыкты сактоо мекемелеринин калкты тейлөөдө аткарып жаткан иши жөнүндө (2018-жыл,3-квартал,социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия, айыл соц.адиси)
6.Ак-Жар айыл аймагынданы маданият үйүнүн жана китепкананын калкты тейлөөдөгү ишмердүүлүгү жана алдыдагы милдеттери жөнүндө ( 2018-жыл, 2квартал, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия,айыл өкмөтүнүн соц.адиси)
7. Бюджеттин 2018-жылдагы кирешелер жана чыгашалар боюнча 6 айлык планын аткарылышы жөнүндө (2018-жыл,3-квартал, «Бюджет,салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссия» Ак-Жар айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи)
8. Өзгөн РИИБнин Ак-Жар айыл аймагы боюнча административдик участкаларынын тескөөчүлөрүнүн Ак-Жар айыл аймагы боюнча аткарып жаткан иштери жана алдыдагы милдеттери ( 2018-жыл,2-квартал, Өзгөн РИИБнин административдик участкалардын тескөөчүлөрү , айыл өкмөтунүн соц.адиси, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссия)
9. Ак-Жар айыл окмотунун бюджетин кирешелер, чыгашалар боюнча 2019-жылга бекитуу.Айыл окмотунун 2019-жыл учун структурасын жана штаттын санын бекитуу ( 2018-жыл,4 –квартал, айылдык кенештин бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссия», Ак-Жар айыл окмотунун финансы-экономика болумунун башчысы-башкы эсепчи)
10.Социалдык тармактагы мекемелердин жаны окуу жылына, кышкы даярдыгы жонундо (2018-жыл, 3-квартал ,Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия,айыл окмот башчысынын орун басары)
11. Ак-Жар аймагындагы ветсервистердин ишмердуулугу жонундо (2018-жыл,3-квартал,айыл чарба жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия, айыл окмотунун ветадиси)
12. Жайыт комитетинин 2017-жылда аткарган иштери жана бюджетиниин аткарылышы
Жонундо отчету жана 2018-жыл учун бюджетинин жана иш планын бекитуу жонундо (2018-жыл,1-квартал,айыл чарба жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия
, Жайыт комитетинин башчысы)
13.Ак-Жар айыл аймагынын калкын таза суу менен камсыз кылуунун абалы жана 2018-жылда аткарылуучу иш чаралар жана алдыдагы милдеттер жонундо (2018-жыл,2-квартал,айыл окмот башчысынын орун басары, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия)
14. СПАнын 2017-жылда аткарган иштери жана бюджетинин аткарылышы жонундо отчету жана 2018-жыл үчүн бюджетинин жана иш планын бекитуу жонундо (2018-жыл,1-квартал,СПАнын жетекчиси ,айыл чарба жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия)
15. Жайлоого кетүүчү мал жандыктар учун тарифтик олчомун бекитуу (2018-жыл,1-квартал,айыл чарба жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия, айыл өк мөтүнүн ветадиси)
16. Мал жандыктарды алдын-ала эмдоо жана ветеринирдык козомолдон откоруу боюнча тарифтик өлчөмдөрун бекитүү (2018-жыл 1-квартал,айыл чарба жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн ветадиси)
17. Жазгы талаа иштери өз убагында камсыз кылуу максатында айдоо, малалоо, себүү арык тартуу ж.б жумуштардын баасын бекитүү ( 2018-жыл, 1-квартал,айыл чарба жана энергетика масеэнергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн жер адиси)
II. Уюштуруу-массалык иштер
№ | Иш чаранын мазмуну | Мөөнөтү | Аткаруучулар, жооптуулар | Эскертуу |
1 | Убактылуу комиссиялардын сандык, сапаттык курамын бекитуу (зарылдыкка жараша) | Жыл ичинде | Кенештин торагасы, айыл окмотунун башчысы |
|
2 | Ак-Жар айылдык кенештин Регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бекитүү (зарылдыкка жараша) | Жыл ичинде | Кеңештин төрагасы жана кеңештин жооптуу катчысы |
|
3 | Коомдук бюджеттик угууларды өткөрүү, депутаттык окууларды өткөрүү | Жыл ичинде | Айылдык кенештин төрагасынын орун басары жана жооптуу катчы, «Бюджет,салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси |
|
4 | Жарандардын кайрылууларына ылайык тейлөөлөр (жол ондоо, ичкен суу,таштанды чыгаруу жана жашылдандыруу,жарык менен камсыздандыруу) боюнча депутаттык угууларды өткөрүү (депутаттык саат,депутаттык кун;) протоколдук тапшырмалардын аткарылуу журушун ж.б маселелерди кароо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу. | Жыл ичинде | Айылдык кенештин торагасынын орун басары жана жооптуу катчы, туруктуу комиссиялардын төрагалары |
|
5 | Депутаттардын атуулдук коомдордун активдери менен тегерек столдо жолугушуусун уюштуруу | Жыл ичинде | Кеңештин төрагасы туруктуу комиссиялар |
|
6 | Депутаттардын шайлоочулар менен жолугушуусу ( отчет) | Жылына кеминде бир жолу | Кеңештин төрагасынын орун басары, туруктуу комиссиялар |
|
7 | Айыл өкмөтүнүн жылдык отчетун элдик курултайда угуу | Жылына бир жолу | Кеңештин төрагасы, айыл өкмөт башчысы |
|
8 | Алдынкы айыл кенештин иш тажрыйбасын жеринде уюштуруу ( тажрыйба алмашуу) | Жыл ичинде | Кеңештин төрагасы |
|
9 | Депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнүн мурда токтотуу жөнүндө (зарылдыкка карай) Айылдык кенештин жана туруктуу комиссиялардын ишмердуулугу жана алдыдагы милдеттери жөнүндө. | Жыл ичинде | Кеңештин төрагасынын орун басары, жооптуу катчы, туруктуу комиссиянын төрагалары |
|
10 | 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылына карата иш чараларды алып баруу
| Жыл ичинде | Кенештин төрагасы, айыл өкмөт башчысы |
|
11 | Алтынчы чакырылыштагы Ак-Жар айылдык кенеши тарабынан кабыл алган чечимдеринин аткарылышын абалы жөнүндө | 2018-жыл ар кварталда | Кенештин жооптуу катчысы жана туруктуу комиссиялардын торагалары |
|
| VI (алтынчы) чакырылыштагы Ак-Жар айылдык кеңешинин ишмердүүлүгүн жыйынтыктоо | 2018-жыл, декабрь | Ак-Жар айылдык кенешинин төрагасы жана депутаттары |
|