Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 14-февралы № 13/2
Чалма айыл аймагынын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон атуулдарга «Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу тууралу Жобону бекитүү жөнүндө
Чалма айыл аймагынын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон атуулдарга «Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу тууралу Жобону угуп жана талкуулап, Чалма айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу тууралу Жобо бекитилсин.
2. Жобого ылайык айыл өкмөтүнүн аймагында жумушчу комиссия түзүлсүн.
3. Түзүлгөн жумушчу комиссия Жобого ылайык иш алып барышсын.
Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Чалма айылдык Кенешинин баардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | А. Кадыркулов |
Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы тууралуу
ЖОБО
1.Жалпы жоболор
1.1.«Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Чалма айыл аймагында жарандарды сыйлоонун жогорку формасы жана алардын мамлекетти жана демократиялык коомду, элдердин биримдигин коргоого жана чындоого, олконун экономикалык, интеллектуалдык жана рухий потенциялын арттырууга кошкон салымы, ошондой эле мамлекеттин жана элдин алдында коомдук, гуманитардык, кайрымдуулук жана башка иштердеги синирген эмгегин таануу болуп саналат.
1.2.«Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы Чалма айылдык Кенеши жана Чалма айыл окмоту тарабынан уюштурулат.
1.3.«Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамына талапкерлерди корсотуунун, наамды ыйгаруунун жана тапшыруунун, сактоонун тартиптери, бул сыйлык тууралуу башка эрежелер ушул Жобого ылайык жонго салынат.
1.4. Чет олколордо иштеген жана убактылуу жашап жаткан кыргыз жарандары, ошондой эле чет олколук жарандар Кыргыз Республикасынын, анын ичинде Ош облусунун, Кара-Кулжа районунун, Чалма айыл аймагынын алдында синирген эмгектери учун «Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы менен сыйланышы мумкун.Аларды сыйлоо боюнча сунуштар жалпы негиздерде берилет.
1.5. Бир эле адам «Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы менен эки жолу сыйланышы мумкун эмес.
1.6. Атуулдарды алардын мааракелерине же бир багытта узак мезгилдер бою кадимки кызмат кылгандыгына байланыштуу «Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы менен сыйланууга корсотууго жол берилбейт.
2. «Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамына талапкерлерди корсотуунун тартиби
2.1. Чалма айылдык Кенешинин алдында жарандарга «Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча атайын комиссия (мындан ары – комиссия)тузулот. Комиссиянын сандык курамы 7 адамдан турат жана анын сапаттык курамын айылдык Кенеш аныктайт. Комиссия «Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамына сунуш кылынган талапкерлердин документтерин кабыл алат, иреттейт, талкууга алат жана талапкерлердин ичинен тандалып алынган адамдын талапкерлиги боюнча озунун чечимин чыгарып, Чалма айылдык Кенешинин жыйынына сунуш кылат. Комиссия коомдук башталышта иш алып барат.
2.2. «Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы менен сыйлоо жонундо сунуштарды томондогулор киргизе алат:
- ар турдуу денгээлдеги мекеме-ишканалар (менчигинин туруно карабастан);
-жергиликтуу мамлекеттик администрациялар, жергиликтуу оз алдынча башкаруунун окулчулуктуу жана аткаруу органдары;
-окмоттук эмес уюмдар;
-Чалма айыл аймагындагы айылдардын жана жамааттардын элдик, жамааттык жыйындары.
2.3 . «Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамына корсотулуучу талапкердин талапкерлиги алгач аны корсотуп жаткан мекеме-уюмдардын жана жамааттардын оздук жыйындарында талкууланууга тийиш.
2.4. Сыйлоого сунуш кылынган талапкер тууралуу комиссияга томонку документтер тапшырылууга тийиш:
-талапкердин резюмеси;
-талапкердин омур баяны;
-жамааттык жыйындын талапкердин эмне учун корсотулуп жаткандыгын аныктаган текст камтылган протоколу, сунуштары;
-талапкердин ишинин сапаты жана натыйжалуулугу жонундо маалыматтар, мамлекеттик жана окмоттук алган сыйлыктарынын кочурмолору;
- сунушталган адамдын 3х4 олчомундогу 2 даана тустуу суроту;
-талапкердин эмгек китепчесинен кочурмо;
-талапкердин паспортунан кочурмо.
Зарыл болгон шартта комиссия тарабынан башка документтер талап кылынышы мумкун.
2.5. Сыйлоо жана сыйлоодон баш тартуу жонундо Комиссиянын чечимдери боюнча атуулдардын даттануулары жана арыздары каралбайт.
3. «Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруунун жана тапшыруунун тартиби
3.1. «Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы жылына бир ирет, ашып барса 3 адамга «Нооруз» майрамынын алкагында откорулуучу салтанаттуу иш чарада тапшырылат.
3.2. Талапкерлерди тандоодо, келип тушкон материалдарды калыс кароо учун комиссия оз ишине атайын адистерди кызматташууга тартышы мумкун.
3.3. «Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы томонкудой артыкчылыктагы инсандарга ыйгарылышы эске алынат:
- СССР учурундагы жана азыркы мезгилдеги синирген эмгеги учун орден, медалдар,Жогорку Кенештин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлангандар, баатырдык наамга ээ болгондор, корунуктууу илимий даражалуу окумуштуулар, эмгек синирген ишмерлер (бардык багыттар боюнча), СССРдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине депутат болуп шайлангандар, облустук Кенешке депутат болгондор, облустук жетекчи кызматтарда, райондук мамлекеттик администрацияларда иштеп элге кызматы менен таанылгандар, олкону коргоодо эрдик корсоткон согуштун ардагерлери, интернационалдык милдетти аткаруу менен улуттук намысыбызды бийик сактаган азаматтар, Кыргыз Республикасынын чегинде жашап-жашабагандыгына карабастан элибиздин социалдык-экономикалык онугушуно салым кошкон эмгеги менен белгилуу болгондор;
-коп жылдар бою саламаттык сактоодо, жаштарга тарбия, билим беруудо мамлекеттик жана коомдук иштерде, айыл чарбасында узгултуксуз салым кошуп, элдин оозуна алынып, кадыр-баркка ээ болгондор;
- эл чыгармачылыгына, адабиятка, маданиятка, искусствого, спортко жекече улушун тынымсыз кошуп, тарбиялоо жаатындагы ишмердиги менен тасирлуу айырмаланган атуулдар;
-элибиздин социалдык-экономикалык жактан онугушуно, турмуш-тиричилик шарттарынын онолушуна озгочо салымын кошкон адамдар, Кыргыз Республикасынын чет жерде жашаган жарандары, чет элдик жарандар;
- мурда аймагыбыздын онугушуно баалуу салымдарын кошуп, учурда эл-журтка созу,журуш-турушу менен улгу болгон, элдин ынтымагын, биримдигин чындоого, жаштарды тарбиялоого жумшаган аракеттери жогору бааланган эмгек ардагерлери.
3.4. Комиссиянын чечими айылдык Кенештин жыйынында талкууланат. Депутаттардын жалпы санынын 3тон 2 болугу макулдук бергенде комиссиянын чечими кабыл алынды деп эсептелинет. Негиздуу себептер болгон учурда айылдык Кенеш комиссиянын чечимин кайра кароого кайтарышы мумкун. Мындай учурда комиссия, айылдык Кенештин жыйынында айтылган пикирлерди эске алуу менен, сунуш кылынган талапкерлердин тизмесин кайрадан карап чыгып, айылдык кенештин жыйынына кайра сунуш кылат.
3.5. «Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы сыйлана турган адамдын озуно салтанаттуу кырдаалда Чалма айылдык Кенешинин торагасы тарабынан тапшырылат.
3.6. Сыйлыкты тапшыруу алдында Чалма айылдык Кенешинин айылдык кенештин алдындагы жарандарга «Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча атайын комиссиянын «Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы менен сыйлоо тууралуу» чечимин бекитуу жонундогу токтому окулат.
3.7. Сыйлануучу адамга сыйлоо учурунда томондогулор берилет:
- Куттуктоо баракчасы (мында сыйлануучунун эмгек жолунун урунттуу учурлары эске алынган куттуктоо тексти орун алып, Чалма айылдык Кенешинин торагасынын жана Чалма айыл окмотунун торагасынын колдору, моорлору менен тастыкталат. Куттуктоону Чалма айыл окмотунун торагасы, же анын ордуна жооптуу катчы окуп, тапшырат);
-«Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» деген жазуу менен катар жылы кошо саймаланып тушурулгон сый лентасы;
- «Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» куболугу;
- «Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» тош белгиси.
Тош белги сыйлануучу адамдын сол тошуно тагылат. Куболукту жана тош белгини Чалма айылдык Кенешинин торагасы тапшырат.
3.8. Эгерде сыйлануучу адам оорунун айынан, же башка негиздуу себептерден улам салтанатка келе албаса сыйлык ага турган жеринде тапшырылат.
4. Башка жоболор
4.1. «Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамына татыктуу болгон адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана Чалма айылдык Кенешинин чыгарган чечимдерине ылайык женилдиктерден жана артыкчылыктардан пайдаланат.
4.2. «Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамына татыктуу болгон адамдар айыл аймагында томондогудой женилдиктерди жана укуктарды пайдалана алат:
- айыл аймагындагы ар кандай салтанаттуу жыйындарга ардактуу мейман катары чакыруу менен катышууга;
- айыл аймагындагы жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдарынын бутактарында кезексиз кабыл алынууга;
- жашаган жерине атайын белги илип коюуга;
- мумкунчулукко жараша кочого, же башка аймактарга наам беруудо эске алынууга.
5. Бул Жобого озгортуулорду жана толуктоолорду киргизуу жонундо
5.1. Чалма айыл аймагындагы мекеме-уюмдардын эмгек жамааттарынын жыйындарынын, жергиликтуу жамааттардын элдик жыйындарынын сунуштарын негизинде, Чалма айыл Кенешинин депутаттарынын жалпы санынын 3тон 2 болугунун макулдугу менен Жобого озгортуулор жана тузотуулор киргизилиши мумкун.
Жобону жазган:
Чалма айыл Кенешинин депутаты Абдыразаков Бакытбек Сагынбаевич