Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-февралы № 8
Кадамжай шаардык кенешинин депутаттары тарабынан кабыл алынган сунуштар жонундо
Кадамжай шаардык кенеши шаардык кенештин депутаттарынан кабыл алынган сунуштардын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаардык кенешинин депутаттары тарабынан кабыл алынган сунуштар Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын премьер-министрине жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына жиберилсин. (Кабыл алынган сунуштар тиркелет)
Төрага | А. Нажимитдинов |
Кадамжай шаардык кенешинин
II чакырылышынын V сессиясынан
№ 8 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жонундо” мыйзамына сунуштар.
Кадамжай шаардык кенешинде эки жолу кворум болбогондугунан шаардын мэрин шайлоо узгултукко учурады. Томонку сунуштардын магызын шайланган депутаттардын жана партиялык фракциялардын жоопкерчилигин жогорулатуу болуп саналат.
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жонундо” мыйзамынын 24-беренесинин 7-пункту томондогудой жазылсын:
“Жыл ичинде торт жолу жуйоолуу себепсиз жергиликтуу кенештин сессияларына катышпаганда;
2. Жергиликтуу кенештин торагасын жана мэрин шайлоодо партиялык фракциянын, партиялык фракциялардын же алардын коалицияларынын депутаттарынын жарымынан кобуроогу себепсиз келбей калып, шайлоо узгултукко учурап, кайра депутаттык шайлоого алып келсе, анда:
кайра откорулуучу депутаттык шайлоону каржылоо, шайлоону узгултукко учураткан партияга же партияларга жуктолот;
эгерде партиялар кайра шайлоону алдын ала каржылабаса, анда алар шайлоого катышууга укугу жок болот;
тораганы жана мэрди шайлоого себепсиз эки жолу катышпаган депутат депутаттык кайра шайлоого катыша албайт;
мэрликке талапкер шайлоо куну себепсиз келбей, шайлоо узгултукко учураса, анда ал кийинки шайлоодо мэрликке кандидатурасын коюу укугунан ажырайт.
Баса белгилеп кетчу нерсе, депутаттарды кайра шайлоо чечими кабыл алынса, ал учур жазгы талаа жумуштары аябай кызыган учурга дал келип, элдин шайлоого болгон катышуусу эн томон болот деп эсептейбиз.
Кала берсе, мыйзамда каралбай калган жоопкерсиздиктен мэрди шайлоо кайрадан болбой калат деп эч ким кепилдик бере албайт жана онокотко айлануу коркунучу бар. Бул деген, жер жерлерде мамлекеттик (муниципалдык) башкаруу системасы толук кандуу иштебей, проблемалар чечилбей артка жылат, элде нараазычылыкты кучотот.
Ошого байланыштуу, мэрликке жаны кандидатураларды чыгаруу менен шайлоону токтотууну сунуштап, суранып кетет элек!
Кадамжай шаардык кенешинин II чакырылышынын кезексиз V сессиясында кайрылуу кабыл алынды.
Кадамжай шаардык кенешинин жооптуу катчысы А.Эшанкулова