Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-март № 23
Кадамжай КПЭЖКХнын балансасында турган жылуулук системасындагы диаметри 325 мм, калындыгы t-10 мм трубаларын уруксатсыз кесилгендиги жонундо
Кадамжай шаардык кенеши 2017-жылдын 16-мартында Кадамжай сурма комбинатынын администрациясынын башкы башкармалыгынын имаратынын жанындагы жылуулук системасынын диаметри ф 325 мм, калындыгы t-10 мм болгон трубалар белгисиз жактар тарабынан Кадамжай шаардык мэриясынын, КПЭЖКХнын уруксатысыз кесилгендигин белгилеп, Кадамжай шаардык мэриянын 2017-жылдын 13-мартындагы № 01-145 саны менен чыгышталган каты (жогорудагы трубаларды кесууго уруксат сураган) 2017-жылдын 14-мартында шаардык кенештин жер, курулуш жана транспорт боюнча жана каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы онуктуруу боюнча туруктуу комиссияларынын кошмо жыйналышында каралып, кесууго уруксат берилбеген. Жогорудагы туруктуу комиссиялардын сунушун эске алуу менен Кадамжай шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай райондук прокуратурасынан жана Кадамжай райондук ички иштер болумунон жогорудагы жагдайларды иликтеп беруу жагы суралсын.
2. КПЭЖКХнын балансында турган трубалардын коломун аныктоо боюнча убактылуу комиссия тузулсун. Комиссиянын курамына шаардык кенештин депутаттары, мэрия жана КПЭЖКХнын кызматкерлери киргизилсин. (комиссиянын курамы тиркелет)
3. КПЭЖКХнын балансында турган трубаларды кесип сатканга тыюу салынсын. Таза суу боюнча проектер даяр болгон кезде шаардык кенештин уруксаты менен гана керектелуучу диаметрдеги трубаларга алмаштырууга уруксат берилсин.
4. Убактылуу комиссия жогоруда кесилген 262,5 м трубаларды иштетуу боюнча сунуштарын кенешке даярдасын.
6. Кадамжай райондук мамлекеттик администрация башчысы аким А.К.Мадумаровко токтом маалымат иретинде берилсин.
7. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Т.Камбаровко милдеттендирилсин.
8. Токтомдун аткарылышын козомолдоо Кадамжай шаардык кенешинин жер, курулуш жана транспорт боюнча жана каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы онуктуруу боюнча туруктуу комиссияларына жуктолсун.
Төрага | А. Нажимитдинов |
Кадамжай шаардык кенешинин
II-чакырылышынын кезектеги IХ сессиясынын
№ 23-токтомуна тиркеме.
КПЭЖКХнын балансында турган трубалардын коломун аныктоо боюнча убактылуу комиссиянын курамы
1. Ырысматов К. - Кадамжай шаардык кенешинин депутаты.
2. Дастиров К. - Кадамжай шаардык кенешинин депутаты.
3. Нарбаев К. - Кадамжай шаардык кенешинин депутаты.
4. Кудайбергенов А. - Кадамжай шаардык кенешинин депутаты.
5. Турдалиев У. - Кадамжай шаардык кенешинин депутаты.
6. Тажибаев А. - Кадамжай ПЭЖКХ муниципалдык ишканасынын
кызматкери.
7. Косимов А. - Кадамжай шаардык кенешинин жетектоочу адиси.
Кадамжай шаардык
кенешинин жооптуу катчысы А.Эшанкулова