Загрузка документа…
ТОРТ-ГУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-февралы №48
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2018-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндө
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2018-жылга карата түзүлгөн иш-планы депутаттар арасында кеңири талкууланып, Төрт-Гүл айылдык Кенешинин VI- чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2018-жылга карата түзүлгөн иш-планы бекитилсин. (тиркеме тиркелет 2 баракта)
2. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | М. Соорбаев |
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин
VI-чакырылышынын кезектеги
VIII-сессиясынын №48 токтомуна №1 тиркеме
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2018-жылга карата
ИШ-ПЛАНЫ
№ | Аткарылуучу маселелер | Мөөнөт | Аткаруучулар | |
1 | Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2018-жылга карата бюджетти бекитүү | I-квартал | Экономикалык финансы, бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | |
2 | Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн планынын аткарылышы. 2017-2020-ж планы жөнүндө | I-квартал | Төрт-Гүл айылдык кеңешинин туруктуу комиссиялары | |
3 | Кыргыз Республикасынын “Маданият жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде калктын маданий жактан тейлөө. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн социалдык бөлүмүнүн жүргүзгөн иштери жөнүндө. | II-квартал | Координациялык кенеш мыйзамдуулук боюнча мандаттык комиссия, депутаттык статус, этика билим жана маданият боюнча комиссиялар | |
4 | Төрт-Гүл айыл өкмөтүндөгү калктын арасында укук тартибин сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жергиликтүү деңгээлде жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө | II-квартал | Туруктуу комиссиялар | |
5 | Төрт-Гүл айыл өкмөтүндөгү мектептердин ремонттон өткөрүлүшү, жаңы окуу жылына карата даярдыгы | III-квартал | Туруктуу комиссиялар | |
6 | Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн сугат жерлеринин суу менен камсыз болушу, күздүк эгин эгүү абалы. | III-квартал | Жер комиссиясы боюнча туруктуу комиссиялар | |
7 | Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү салыктарынын түшүшү жана аткарылышы | IV-квартал | Экономикалык финансы, бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | |
8 | Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысынын 2018-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету | IV-квартал | Туруктуу комиссиялар | |
|
Уюштуруу практикалык иш-чаралар | |||
9 | Айылдык кенештин туруктуу комиссияларынын өздөрүнө тиешелүү аймакта социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктураларды өнүктүрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык өнүктүрүүнүн пландарынын жана бюджеттин аткарылышы жөнүндө | дайыма | Айылдык кенештин туруктуу комиссиялары | |
10 | Айыл өкмөтүндөгү административдик кызматкерлердин жүргүзгөн иштери жөнүндө | апрель | Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары | |
11 | Айыл чарба жерлерин сарамжалдуу пайдалануу, аймактарда суу менен камсыз болуусунун абалы. | март | Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары | |
12 | Айылдарда турмуш-шарты оор аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү тактоо жана аларга керектүү жардамдарды берүү | июль | Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары | |
13 | Айылдарда мекеме ишканаларда санитардык абал жөнүндө жүргүзүп жаткан иштер жөнүндө | октябрь | Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары | |
14 | Айыл чарба күздүк дан эгиндерин айдап себүүнүн абалы | октябрь | Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары | |
Кеңештин төрагасы: М.Соорбаев