Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-январы № 93
Орозбеков айылдык кенешинин 2018-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Кун тартибиндеги маселе боюнча карап, талкуулап Орозбеков айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айылдык кенешинин 2018-жылга иш планы бекитилсин.
(иш план тиркелет)
2. Иш пландын аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | А. Назарбаев |
Орозбеков айылдык кеңешинин 2018-жылга түзүлгөн
ИШ ПЛАНЫ.
№ | аткарылуучу иштер | аткаруу мөөнөтү | аткаруучулар |
1 | Орозбеков айыл аймагындагы шайлоочулар менен тыгыз байланышта болуп,алардын көйгөйлөрүн мыйзам чегинде чечүү | Ар квартал сайын | Айылдык кенештин депуттары |
2 | Орозбеков айылдык кезектүү жана керектүү учурларда кезексиз сессияларды өткөрүү | 4 кезектүү,маселе пайда болгондо кезексиз ... | Айылдык кенештин депуттары |
3 | 2018-жылга карата Орозбеков айылдык кенешинин депутаттары тарабынан кабыл алынган бюджет боюнча жана анда көрсөтүлгөн иш пландардын айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан аткарылуусуна көзөмөл жүргүзүү | ай сайын | төрага,бюджет комиссиясы... |
4 | Квартал сайын айыл өкмөтүнүң башчысынын,орун басарынын, ФЭБ башчысынын,ошондой эле керек учурларда айыл өкмөтүндө иштеген кызматкерлердин отчетун угуп,аларга карата багыт берүү | Квартал сайын | төраганын орун басары,бюджет комиссиясы |
5 | Орозбеков айылдык кенешинин депутаттары тарабынан түзүлгөн туруктуу комиссиялардын иштерин жакшыртуу үчүн укуктук жана процессуалдык токтомдордун проектилерин туура жазылуусуна жана укуктук көмөк көрсөтүү боюнча тренингдерди уюштуруу | квартал сайын | төрага,укуктук комиссия |
6 | Орозбеков айыл аймагында уюштурулган жыйындарда жана ар бир участкалардан шайланган депутаттар өз участкаларында элге отчет берип, алардын талаптарын керектүү учурларда бюджетке киргизилүүсүн камсыздоо | Квартал сайын,жана жыл байында,жыл ортосунда | Айылдык кенештин депуттары |
7 | Орозбеков айылдык кенеш тарабынан түзүлгөн туруктуу комиссиялар жана депутаттар өздөрүнүн аткарган иштери боюнча айылдык кеңешке жана төрагага жазма түрүндө отчет берүү | Ар бир берилген тапшырмага 14 күндүн ичинде | Комиссиялардын төрагалары |
8 | Озгочо кырдаал убагында жергиликтүү кеңештин депутаттары айыл өкмөтүнүн башчысы менен тыгыз байланышта иш жүргүзүү | Өзгөчө кырдаал түзулгөн убакта | Айылдык кенештин депуттары |
9 | Орозбеков айыл аймагында жашаган элдин талаптары боюнча жайыттарды туура пайдалануу жана жайыт комитетинин отчетун угуп, биргеликте иш алып баруу | Ар алты айда | жайыт көмитетинин төрагасы жана комиссия |
10 | СПАны көзөмөлдөө жана анын аткарган иштеринин отчетун угуу | Ар алты айда | СПАнын төрагасы жана комиссия |
10 | 2019-жылдын Орозбеков айыл өкмөтүнүн бюджетине айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан сунуштала турган проектилердин суммаларын алдын ала планга киргизүүнү көзөмөлдөө жана даярдоо | Ар бир долбоор сунушталгандан кийин 14 күндүн ичинде | Бюджет ком-сы |
11 | Айыл окмотунун социалдык адиси жана ветеринардык адиси менен биргеликте иш алып баруу жана отчетун угуу | Ар алты айда | Соц.адис жана вет адис |
12 | Орозбеков айыл аймагындагы коомдук жайларды жана калктуу конуштарды тазалыгын сактоо үчүн,ишембилик өткөрүү жана ага катышуу, айыл башчыларынын отчетун угуу | Квартал сайын | Айыл башчылар |
Орозбеков айылдык кеңешинин
жооптуу катчысы: А.Нажиева