Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-октябры № 4
Кара-Суу айыл аймагына тиешелүү географиялык обьектилерге ат берүү боюнча жобосун бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү географиялык обьектилерге ат берүү боюнча жобосун бекитүү жөнүндөгү айылдык Кеңешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы №488 токтомунун алкагында түзүлгөн Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айыл аймагына тиешелүү географиялык обьектилерге (Республикалык масштабдагы обьектилерден башка көчөлөр, парктар, суулар, тоолор, аялдамалар жана башкаларга ат (наам) берүү) боюнча түзүлгөн жобо кеңири тааныштырылгандыгы, бир добуштан колдоо тапкандыгы белгиленип, жобо бекитилсин. (Тиркеме №1 тиркелет)
2. Бекитилген жобонун негизинде иш алып баруу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Ж.Иманкулов |
№ 1-тиркеме
Кыргыз республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы № 488 токтомунун алкагында түзүлгөн Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айыл аймагына тиешелүү географиялык обьектилерге (республикалык масштабдагы обьектилерден башка көчөлөр, парктар, суулар, тоолор, аялдамалар ж.б.) ат (Наам) берүү боюнча түзүлгөн жобо
1-бөлүм. Жалпы жобо
1.1. Кара-Суу айыл аймагынын ички маанидеги көчөлөрүнө, аянттарга, аялдама ж.б. жерлерине наам ыйгаруу максатында иштелип чыккан жобо (мындан ары жобо). 1.2. Айылдын көчөлөрүнө же башка обьектилерине наам ыйгарууга айылдын ген. планы негиз болуп саналат. 1.3. Бул жободо төмөндөгү негизги түшүнүктөр камтылат: а) Жол тармагынын элементтери (Регионалдык жана регионалдар аралык жол тармагынан сырткары): - Көчөлөр (аллея, жээктер, тупиктер, көпүрөлөр)
- Аянттар, парктар, бакчалар; - Аялдамалар 1.4. Географиялык обьектилерди бири биринен айырмалоо жана документтерди сапаттуу жүргүзүү максатында наам ыйгаруу; 1.5. Атты алмаштыруу т.а. мурдагы атын башка атка которуу. 2-бөлүм. Айыл аймагындагы обьектилерге ат берүүдө же алмаштырууда негизги талаптар.
2.1. Көчөлөргө ат ыйгаруу төмөндөгү багытта жүргүзүлөт: - Тарыхый маалыматтардын баалуулуктарын чагылдыруу; - Мамлекеттик-коомдук ишмерлердин, ата-мекендин коргоочуларынын, илим жана маданият ишмерлеринин, ата мекенге же айыл аймагына эмгеги зор жарандардын атын унуткарбоо (бирок ат көзү өткөн адамга берилет);
- Айыл аймагында жайгашкан географиялык, улуттук, жаратылыштын өзгөчөлүктөрүн даңазалоо багытында жүргүзүлөт; 2.2. Көчөлөргө наам берүү топонимика талаптарына жооп бергидей болушу абзел мисалы: айтууга жеңил, учурдагы кыргыз тилинин стилистикалык нормаларына дал келгендей болушу керек (адамдардын атынан башка учурда).
- Көчөлөргө ат берүүдө өтө узун сөздөн турбашы керек, эки башка маанини чагылдырган сөздөр болбошу керек, бир айыл аймагындагы башка атты кайталабашы керек. - Ат берилүүдө колдонулуучу цифралар араб цифрасы менен көрсөтүлүшү керек,
- Аты ыйгарылган адамдын биринчи атын анан фамилиясы жазылышы керек (эгерде жергиликтүү менталитетке ылайык келсе) -Ат берүүдө даталуу күндөр колдонулса дата цифра менен дагы, тамга менен дагы көрсөтүлүшү керек М: 7-апрель ж.б.у.с. 2.3. Атты чагылдырган табличка кыргыз тилинде орус алфавити менен жазылышы керек, кошумча латын алфавити менен жазса болот (негизги аталышынын алдына); 2.4. Айрым обьектилердин атын которуу үчүн конкреттүү негиз болушу шарт. 3-бөлүм. Обьектилерге атты ыйгаруу же аттыы алмаштыруу
3.1. Атты ыйгаруу (ыйгарбоо) же алмаштыруу (алмаштырбоо) айылдык кеңештин чечими менен жүргүзүлөт; 3.2. Атты ыйгаруу же алмаштыруу чечими айыл өкмөтүнүнүн башчысынын кароосунан кийин жүргүзүлөт т.а. ген.пландагы дал келишпестиктер болуп калбашын тиешелүү кызматкерлер тастыктагандан кийин гана жүргүзүлөт; 3.3. Атты ыйгаруу же алмаштыруу сунушу менен төмөндөгүлөр укуктуу: - Кыргыз республикасынын бийлик органы (райондук, облустук, республикалык масш.) - Айыл аймагында каттодон өтүп ишмердүүлүгүн жүргүзгөн бардык юридикалык жактар ; - 50 дөн кем эмес, туруктуу каттоодо турган демилгелүү жарандардын тобу;
- Айыл аймагындагы бардык жарандык уюмдар (жаштар уюму, аялдар кеңеши ж.б.)
3.4. Демилгечилер айылдык кеңешке ат берүү же ат которуу боюнча төмөндөгүдөй документтердин топтомун тапшырышы керек: - Ат берүү же которуу сунушу бардык демилгечилердин колу менен; - Айыл өкмөтүнүн башчысынын айылдын проектисине өзгөртүү киргизүү (ат коюу же которуу) макулдугунун көчүрмөсү; - Ат берүүгө же которууга зарыл болуп жаткан фактыны, ошол фактынын кеңири мүнөздөмөсүн (т.а. ошол адамдын өмүр баянын, айылга же мамлекетке кошкон салымын) чагылдырган баяндама;
- Ат берилип жаткан адамдын үй-бүлөсүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу;
- Ат берүү иш чарасына коротула турган болжолдуу экономикалык түшүндүрмө (каржы эсептери) - Күтүлүүчү кырдаалдарды чагылдырган пландар (мисалы талаш участоктор, бурчтагы тамдар ж.б.) 3.5. Кеңеештин төрагасы келип түшкөн документтердин топтомун топонимикалык комиссияга (жалпы депутаттарга) кароо үчүн алып чыгат; 10 календарлык күн ичинде депутаттар документтер топтомунун ынанымдуулугун текшерип чыгышы зарыл; 3.6. Кароонун жыйынтыгында депутаттар документтердин топтомунун ынанымдуулугун (ынанымдуу эместигин) текшерип добуш аркылуу ат ыйгаруу (ыйгарбоо) же ат которуу (которбоо) чечимин кабыл алышат; 3.7. Кабыл алынган чечимди ( ат ыйгаруу же которуу) тиешелүү органдарга жеткизүү (М:картага түшүрүү) айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине тапшырылат; 3.8. Ат ыйгарууга же которууга тиешелүү топтолгон документтер айылдык кеңештин өздүк архивинде сакталат, ал эми тиешеси жок документтер демилгечилерге кайтарылып берилет;
3.9. Обьектиге аттын ыйгарылышы же атынын которулушу боюнча чечим 3 календарлык күндөн кийин күчүнө кирет; 4-бөлүм. Маалымат такталарын (табличка) жасалгалоо жана жайгаштыруу тартиби
4.1. Көчөдөгү имараттарга номер берүү төмөндөгүдөй жүргүзүлөт:
- Негизги көчөлөрдөгү имаратка номер берүү райондук борбор тараптан башталып жана айылдын борбрдук бөлүгүнөн (почта) алганда сол тарабына так эмес ал эми оң тарабына так номерлер берилиши керек;
- Негизги көчөлөргө туурасынан кеткен көчөлөрдөгү имараттарга номер берүү райондун борбору менен байланыштырган көчө тараптан башталып, так жана так эмес номерлер жогорудагыдай тартипте эле ыйгарылат;
- Имараттарга номер берүү бош участкаларды эске алуу менен жүргүзүлүшү керек;
- Бурчтагы имаратка (тамга) номер берүү негизги делген көчө боюнча белгиленет. Эгерде кесилишкен 2 көчө бирдей статуста болсо имараттын (тамдын) фасады (дарбазасы) кайсы тарапта болсо ошол көчөнүн номери ыйгарылат;
- Маалымат тактадагы (табличкадагы) жазуу кара тамгалар менен жогорудагы көрсөтүлгөн нормага ылайык жүргүзүлүүгө тийиш