Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-июну №14/68
Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин 2018-жылга карата кошумча бюджети, жайыт пайдалануу пландары жана элдик жыйындын протоколун бекитүү жөнүндө
Сары-Булак айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жылга кошумча бюджетин, АРИС тарабынан каржылана турган чабан үй куруу долбоорун сметасына 2017-жылда пайдаланылбаган акча каражатын пайдаланышы жана 24-апрель 2018-жылдагы элдик жыйындын №3 протоколундагы сунуштарды бекитип берүү жөнүндө жайыт комитетинин төрагасы Ы.Элтуйбасовдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жылга карата кошумча бюджети төмөндөгүдөй бекитилсин.
-МТЗ-82,1 тракторунун элге кызмат көрсөтүдөн түшкөн 15,0 сом акча каражаты, кайра эле МТЗ-82,1 тракторунун майлоочу май алууга жана башка чыгымдарына жумшалсын.
-Купкага кой салуудан түшкөн 6,0 сом акча каражаты жайыт комитетинин ар кандай чыгымына жумшалсын.
2. АРИСке сунушталган чабан үйү долбоорунун сметасын түзүүгө 2017-жылда жайыт комитетинин пайдаланылбай калган акча каражатынан 11820 сом акча каражатын пайдалануу га макулдук берилсин.
3. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жылга карата айыл өкмөтүнүн чарба китебинде каттоодо турган мал башы үчүн акы төлөө төмөндөгүдөй тартипте;
-Бир шартуу мал башына 65 (алтымыш беш) сомдон,
-Бир баш топозго 200(эки жүз) сомдон бекитилсин.
3. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүндө каттоодо жок жана сырттан келген мал башына үчүн акы төлөө төмөндөгүдөй тартипте;
-Бир шартуу мал башына 130 (жүз отуз) сомдон,
-Бир баш топозго 400(төрт жүз) сомдон бекитилсин.
4. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын орто мөөнөттүү планы 2018-2022-жылдарга карата жана жайыттарды пайдалануу планы 2018-жылга бекитилсин.
4. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин ички эрежелери
бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Макишовго милдеттендирилсин
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |
Жиберилсин: Иш кагазына, жайыт комитетине
Сары-Булак айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин кезектеги XIV сессиясынын
25.06.2018. № 14/68 токтомуна тиркеме
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин ички эрежелери
1.Мал жайуу эрежелери;
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына ылайык жайыт пайдалануучу төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
1.Мал жайуунун алдында Жайыт комитетинен жайыт белетин алууга.
2.Ветеринардык палатада катталган жергиликтүү ветеринардык баардык эмдөөлөр жана вакцинациялар жүргүзүлгөндүгү тууралуу маалымкат алууга.
3.Малды райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы менен макулдашылып жана айылдык кеңештин сессиясында бекитилгенден кийин гана жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планына ылайык жайытка жаюга(мал жаюу планы жана графиги бул пландын негизги бөлүктөрүнүн бири болуп саналат).
4.Жайыт мезгили климаттык шартка байланыштуу баардык мезгил болуп саналат.
5.Күзгү жайыт мезгили 5-сентябрда аяктайт, килиматтын шартына жараша
10-сентябрга чейин узартылышы мүмкүн.
6. Жайыт пайдалануучуларды жазгы (орто) жайыттарга которуу 10-майдан 5-июнга чейин жүргүзүлүшү шарт.
7. Жайыт пайдалануучуларды жайкы жайыттарга которуу 5-июндан 10-июнга чейин жүргүзүлүшү керек.
8.Ортоңку күзгү жайыттарга 1-сентябрдан баштап кайтып келсе болот, ал эми мал жайылуучу участокторго чөп чабылып жыйналгандан кийин жайса болот.
9.Чөп чабынды аянттарына жакын жерде жайгашкан баардык жайыт пайдалануучулар 10-майдан баштап жазгы жайыттарга которулуусу талап кылынат.
10.Айыл өкмөтүнүн адистери жеке малчылар менен биргеликте 1-июндан баштап саан уйларды жаюну уюштурат.
11. Жайыт пайдалануучулардын жалпы чогулушунда кабыл алынган чечимге ылайык сарайда жашагандарга1 саан уй, 1 жумушчу ат, 1,2 койду калтырууга уруксат берилет, калган мал жайкы жайытка чыгарылат.
12. Башка учурларда баардык жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүлөт жана жайыт пайдалануу акысы келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы №515 токтому менен бекитилген жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык төлөнөт.
2.Мал жайуу эрежесин бузгандык үчүн жоопкерчилик
1. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы менен макулдашылып жана айылдык кеңештин сессиясында бекитилген өлчөмдөгү жайыт пайдалануу акысын төлөөдөн баш тартылган учурда, жайыт комитети карызды, айыпты жана жайыт пайдалануучунун укуксуз иш-аракетинин натыйжасында келип чыккан башка чыгымдарды өндүрүп алуу үчүн иш кагаздарды сотко берүүгө укугу бар.
2.Жайыт пайдалануу үчүн акы төлөө мөөнөтү өтүп кеткен учурда жайыт билетинде көрсөтүлгөн төлөмдүн жалпы көлөмүнөн ар бир кечиктирилген күн үчүн 0,5% өлчөмдөгү туум алынат.
3.Жалпы чогулуштун чечими жана аксакалдар сотунун чечими менен төмөнкү чаралар колдонулат;
эгерде сарайда 1 аттан, 1 саан уйдан, 1-2 койдон ашык мал калтырылса мал башына ар бир күнгө 200 сомдон айып салынат.
Эгерде мал чабынды жерге жайылып кетсе, алгачкы жолу ооз эки эскертүү берилет, андан кийин
Бодо малга биринчи жолу -200 сом, экинчи жолу -300 сом өлчөмүндө айып салынат.
Майда малга биринчи жолу 50 сом, экинчи жолу 100 сом өлчөмүндө айып салынат, эреже бузуу үчүнчү ирет кайталанган учурда, кетирилген зыян эсептелип, иш аксакалдар сотуна же сот органдарына жөнөтүлөт.
4.Жазгы, жайкы жана күзгү жайыттарда мал жаюу графигин бузган жайыт
пайдалануучуларга, бодо малдын ар бир башына -50 сом, майда малга -10 сом өлчөмүндө айып салынат жана жайытка 1 сутканын ичинде кайтып баруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирме берилет.
Жайыт пайдалануучу айып төлөөдөн баш тарткан учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин
жайыт комитетинин төрагасы:- Ы.Элтуйбасов.