Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-январы № 3
Тендердик комиссиясын түзүү жана бекитүү жөнүндө
Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмү тарабынан тендердик комиссия түзүү жана аны бекитип берүү маселеси, айылдык кеңештин депутаттарынын талкуусуна коюлду.
Тендердик комиссиясын түзүү жана бекитип берүү максатында депутаттардын пикирлери угулду жана маселени карап чыгып айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышына тендердик комиссия тизмеге ылайык түзүлсүн жана бекитилсин.( тиркеме №1).
2.Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2017-жылга аткарылышын тендердик комиссияга тендердик комиссиясынын жоболорунун негизинде мыйзамдуу иш алып баруусу тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы М Нышанбаевге жана депутаттардын туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Дадабаев К. |
Кызыл-Суу айылдык Кеңешинин
VI -чакырылышынын II –сессиясынын 14.01.2017 – жылы
№ 3 токтомуна № 1 тиркеме
Тендердик комиссиянын курамы.
№ | Ф.И.О. | Топтун курамы |
1 | Дадабаев Кылычбек | Комиссияны төрагасы |
2 | Жабиев Адил | Мүчөсү
|
3 | Бобуев Байсал | Мүчөсү
|
4 | Кобаев Курсан | Мүчөсү.
|
5 | Каныбек уулу Бекболот | Мүчөсү.
|
Даярдаган: жооптуу катчы: Субанов А.