Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-январы № 8
Иш планды бекитүү жөнүндө
Кызыл-Суу айылдык Кенешинин II- сессиясына айылдык Кеңешинин 2017-жылга карата иш планынын долбоору айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы тарабынан сунушталып, айылдык Кенештин депутаттарынын талкуусуна коюлду. Депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кызыл-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Суу айылдык Кенешинини 2017-жылга карата түзүлгөн иш планы бекитилсин ( тиркеме №1)
2. 2017-жылдын иш планын аткаруу милдети депутаттардын туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жеке өзүмө калтырам.
Төрага | Дадабаев К. |
" Бекитемин" Кызыл-Суу айылдык Кенешинин төрагасы
Дадабаев К _________________
"____" ____________ 2017-ж.
Кызыл-Суу айылдык Кенешинин 2017-жылга карата түзүлгөн
иш планы
№ | Аткарылуучу иштердин мазмуну. | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар. |
1 | 2017-2020-жылдарга карата иш пландарды иштеп чыгуу, аткарылышын көзөмөлгө алуу | Март июль
| А/кенешинин төрагасы туруктуу комиссия Айыл өкмөт башчысы. |
2 | Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн жана мекеме уюмдардын аткарган иштерине көзөмөл кылуу, багыт берүү, текшерүү. | Дайыма | Төрага туруктуу комиссия комиссия тиешелүү жетекчилери |
3 | 2017-жыл " Ыйман, Адеп жана Маданият" жылы деп жарыялоого карата түрдүү иш чараларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүү. | Жыл ичинде | А/кенешинин төрагасы туруктуу комиссия Айыл өкмөт башчысы, мекеме жетекчилери. |
4 | Коомдук фонддор биргелешип иштөө. | Жыл ичинде | а/кенештин төрагасы, айыл өкмөт башчысы, ФЭБ башчы |
5 | Улуттар арасында ынтымактыкты, достукту чындоо, этностор аралык биримдикти бекемдөө иш чаралары. | Жыл ичинде | Айылдык Кенеши Мад кызмат. Мек. директору Аксакалдар соту, аялдар кенеши, жаштар уюму |
6 | Көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү, арык таза суу , жол ж.б иш чарларды аткаруу. | Март, май | Айыл өкмөтү Айыл башчы Жер адис, ӨК адиси |
7 | Аксакалдар соту, аялдар кенеши, айыл башчылардын иштерине көмөк көрсөтүү жардам берүү | Жыл ичинде | Туруктуу комиссия Айыл башчы, айылдык соту, аялдар кенеши. |
8 | Саламаттыкты сактоо иштерине жүргүзүлгөн иш чараларды көзөмөлгө алуу жана көмөк керсөтүү. | Жыл ичинде | Туруктуу комиссия, айылдык оорукана башчысы , ҮБД тобунун башчысы. |
9 | Элдик каада салттарды, үрп адаттарды жайылтуу боюнча иш чаралардын аткарылышына көмөктөшүү | Март Август Сентябрь | Айыл башчы, мектеп директору, мад. үй директору.
|
10 | Айыл өкмөтүнүн жылдык иш планынын аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын отчетун угуу. | Белгиленген мөөнөттө | Кенештин төрагасы туруктуу комиссия.
|
11 | Жогорку органдардан келген токтом буйруктарын аткарууга алуу | Жыл ичинде | Айыл өкмөт башчысы. Жооптуу катчы |
12 | Жер титирөөдөн жабыр тарткандардын суроо талаптарын аткарууга көмөк көрсөтүү | Жыл ичинде | А/кенешинин төрага, А/ө башчысы, Айыл башчы.
|
13 | айылына оорукана, бала бакча куруу боюнча элдин көйгөйлүү маселесин чечип берүүгө көмөктөшүү. | Жыл ичинде | А/кенешинин төрага, А/ө башчысы, Айыл башчы.
|
14 | Айылдардын жайыт маселелерине болгон талаптарын аткарууну колго алуу. | Жыл ичинде | А/кенешинин төрага, А/ө башчысы, Айыл башчы. |
15 | Коопсуздуктун чараларын тиешелүү жетекчилерине алдын алуу иш иштеп чыгуу мекемелердин иш чаралардын аткарылышын тапшыруу 1) Өрт коопсуздугу 2) Жаратылыш кырсыктары 3) суу ташкыны, жер көчкү, сел, кар көчкү , катуу шамал ж.б. | Жыл ичинде | Айыл өкмөт башчысы, а/кенештин төрагасы, ӨК адиси, айыл башчылар, аймактык тескөөчү, мектеп, оорукана кызматкерлери. |
Даярдаган: Жооптуу катчы: Субанов А.