Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-январы № 9
Айылдык Кенештин регламентин бекитуу жонундо
Кызыл-Суу айылдык Кеңешинин регламентин бекитуу жонундо
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Суу айылдык кеңешинин регламенти бекитилсин.
2. Кызыл-Суу айылдык Кеңешинин озунун иш аракетинде ушул регламентти жетекчиликке алсын.
3. Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагын озумо калтырдым.
Төрага | Дадабаев К. |
Кызыл-Суу айылдык Кеңешинин
V-чакырылышынын VIII-сессиясынын
№9 14.01.2017- жылдагы токтому менен бекитилген.
Кызыл-суу айылдык Кеңешинин регламенти.
Жалпы жоболор.
Айылдык Кеңеш өзүнүн иш аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» кеңештердин депутаттары статусу жөнүндө мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтомдоруна, ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат.
Айлдык кеңештин иш аракети жылдык жана кварталдык пландардын негизиндне жүргүзүлөт.
«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттары статусу жөнүндө мыйзамдарына ылайык айылдык кеңеш айыл аймагнындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
Айылдык кеңеш белгиленген курамдагы депутаттардан турат жана сессия убагында иштейт. Тийиштуу аймакта жашаган шайлоочулардын жалпы саны боюнча тике жана түз шайлоо Укугунун негизинде жашыруун добуш менен шайланат.
Айылдык кеңеш юридикалык Жак болуп саналат жана мыйзамдар менен өзүнүн Компетенциясына таандык кылынган ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу .Тийешелүү администрациялык - аймактык бирдиктин райондун жергиликтүү кеңештери кеңештери жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналыштарын өткөрүүгө жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамына ылайык токтом түрүндө биргелешкен чечим кабыл алууга, укуктуу. Кырыгз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келген учурда Жергиликтүү кеңештердин чечимдерин жокко чыгарууну Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырат.
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамына ылайык жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналыштарына катышат жана мыйзам чегинде компетенциясына кирген маселелерди чечет.
Айылдык кеңештин уюштуруучу-укуктук иштоо формасынын негизги сессия болуп саналат.
2- Глава
Айылдык Кеңештин компетенциясы.
Айылдык Кеңештер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде алар боюнча маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу.
Айылдык кеңештин компетенциясына төмөндөгүлөр кирет.
Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилоо.
Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчету бекитүү, ошондой эле бюджетти аткаруунун, бюджеттен тышкары фонддорду пайдалануунун жүрүшү жөнүндө маалыматты угуу.
Аймактардын социалдык -экономикалык жактан өнүктүрөө жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү алардын аткарылышын көзөмөлдөө.
Жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө.
Жергиликтүү жамаатттын муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартибин белгилеп, анын ичинде муниципалдык менчик обөекттерин менчиктештирген программасын бекиткен жолу менен белгилеп, муниципалдык менчиктин пайдаланышына көзөмөлдү ишке ашыруу.
Жергиликтүү өз алдынча башкарууну тиешелүү аткаруучу-тескөөчү органынын иши жөнүндө отчету угуу.
Мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын айгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу.
Жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү.
Тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында админстациялык - аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
Кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу Кенештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама - каршы келуучу чечимдерди жокко чыгаруу.
Айылдык кеңештин регламентин кабыл алуу .
Өз чечимдеринин аткарылышына көзөмөл кылуу.
Өкмөт тарабынан аныкталуучу типтуу ченемдердин негизинде Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү.
Муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангандык. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиричилик таштандыларды жыйнагандык, ташып чыгаргандык жана жок кылгандык учун тарифтерди бекитүү.
Алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым- жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектөөлөрдү аныктоо.
Ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы учаскалардын күтүү тартибин аныктоо.
Жергиликтүү жамаатын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына башка маселелерди чечүү.
Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо.
Айылдык кеңештердин сессияларында кошумча иреттинде төмөндөгүдөй маселелер чечилет.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамында белгиленген тартипте айыл өкмөтүнүн башчысына ишенбестик билдирүү.
Тиешелүү район үчүн мыйзамдарды базалык ставканын базасында эсептелген айыл аймагы үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасынын чегинде топурактын бонитетининт баллдарын эсепке алуу менен айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандык үчүн салыктын бекитилген ставкаларын аныктоо.
Айыл чарбасына жарактуу жерлердин Мамлекеттик фондунун ижарага берүүнүн тартибин аныктоо.
Талап кылынбаган жана пайдаланылган жайыттарды пайдалануу.
2. Бөлүк
Айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык Кеңешинин төрагасы жана төрагасынын орун басары.
3- Глава
Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо.
Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл кеңешинин депутаттары (депутаты) тарабынан көрсөтүлүүчү, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациянын башчысы (мындан ары аким) тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен кенешинин чакырылыш мөөнөтүнө айыл кеңешинин депутаттары тарабынан шайланат.
Айыл өкмөнүнүн башчыларын шайлоо Жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолуу менен жүзөгө ашырылат. Эгерде айылдык кеңеш кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиден кем эмеси катышса, айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлдө деп эсептелет.
Тиешелүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.
Эгерде катталган бир талапкер депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
-эки талапкер катталса жана алардын бири да добуштардын зарыл санын албай калса, добуштардын көбүрөөк саны саналган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи тур да эки талапкер депутаттардын добуштарынын так санын алып калса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
-экиден ашык талапкер катталса жана алардын бири да депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт .Эгерде биринчи тур да талапкерлердин бири добуштардын көбүрөөк санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын санын тениң алса, добуштардын санын көбүрөөгүн алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт.
-эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштарын тең санын алса, кайра шойлоо өткөрүлөт. Эгерде талапкерлер үчүн жыйынтыкты караганда депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү «баардык талапкерлерге каршы» позициясы үчүн берилсе, кайра шайлоо өткөрүлөт.
-эгерде добуш берүү күнүнө карата бир да талапкер катталбаса же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартышса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Борбордук шайлоо комиссиясы айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган күндөн тартып үч календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт. Жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып 15 күндөн кечиктрбестен өткөрүлөт.
Эгерде кворумдун жоктугунан шайлоо болбой калса, борбордук шайлоо комиссиясы үч күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт. Мындай учурда кайра шайлоо мурда каттоодон өткөн талапкерлер боюнча өткөрүлөт. Айыл өкмөтүнүн башчысы шайлоонун ушул беренеде жөнгө салынбаган тартипби айылдык кеңештин регламенти менен аныкталат. Шайланган айыл өкмөтүнүн башчысына аймактык шайлоо комиссиясынын тиешелүү күбөлүгү берилет.
Айылдык Кеңештин депутаттары тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысы белгиленген мөөнөттө шайланбай калса, борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу менен Кыргыз Республикасынын Президенти айылдык кеңешти таркатууну жүзөгө ашырат жана айылдык кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт. Айыл өкмөтүнүн жаңы башчысын шайлаганга чейин райондун акими өзүнүн тескемеси менен айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучуну дайындайт.
Айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызмат ордунан Аким тарабынан төмөндөгүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн. Жеке арызынын негизинде.
Мыйзамдарды. Прокуратура органдары тарабынан белгиленген же мамлекеттик ыйгарым укуктар барилген Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн - айыл кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен, мыйзамдар, Президенттин жана Өкмөттүн прокуратура органдары тарабынан белгиленген ченемдик укуктук актыларын бузу фактылары кайталанган учурда, айыл кеңешинин депутаттарын кабардар кылуу менен.
Соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киришинин негизинде.
Ал сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган учурда.
Соттун өлдү, дайынсыз жок болду. Ошондой эле өлгөн деп жарыялоо
жөнүндө чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурда.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо
үчүн чыгып кеткен учурда.
Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан, Кыргыз
Республикасынын жарандыгын жоготкон же чет мамлекеттин жарандыгын
алган учурда.
Жылыш болбогон эмгекке жараксыздыгынын кесепетинен өзүнүн
кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгүн жок болгон учуда.
Айыл кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу
менен ишенбестик билдирилген учурда.
Тараптардын (тиешелүү мыйзамдын алынышы, мыйзамдарда каралгандагы башка жагдайлар) эрк - ниетине көз карандысыз болгон жагдайлар боюнча.
Айыл өкмөтүнүн башчысына айыл кеңеши тарабынан ишенбестик билдирилген учурда Аким кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу же айыл кеңешинин чечишине макулдук бербөө жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
Айыл өкмөтүнүн башчысына айыл кеңешинин депутаттары тарабынан кайра ишенбестик билдирилген учурда Аким аны 4 айдын ичинде ээлеген кызматынан бошотот.
Айыл өкмөтүнүн башчысын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Аким жаны айыл өкмөтүн көрсөткөнгө чейин өзүнүн акты менен айыл өкмүтөнүн милдетин аткаруучуну дайындай алат.
4.Глава
Айылдык кеңештин төрагасы.
Айылдык кеңештин төрагасы тиешелүү кенештин сессиясында депутаттарынын ичинен жашыруун добуш менен айылдык кеңештин ыйгарым укуктуу мөөнөтүнө шайланат. Айылдык кеңешинин төрагалыгына депутаттар тарабынан, ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде ишке ашырылат.
Айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерликти көрсөтүүнүн тартиби жана шайлоодогу башка жол жоболук маселелери айылдык кеңештин регламентинде аныкталат.
Өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда айылдык кеңештин төрагасы ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда айылдык кеңешттин депутаттарынын 1-3 демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.
Айылдык кеңештердин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук негизде, бирок айыл кеңешинин сессияларынын ишинин мезгилине бир жолку компенция алуу менен аткарышат.
Айылдык кеңештин торагасы .
Айылдык кеңештин төрагасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө расмий өтүнүч жасайт.
5-Глава
Айылдык кеңештин төрогасынын орун басары.
Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары кеңештин төрагасынын тапшырмасын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анан ордуна иштейт.
Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан Айылдык кеңештин депутаттарынын 1/3 нин демилгеси боюнча шайланган депутаттарыдын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.
Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин коомдук башталыштарга жүзөгө ашырат.
6. Глава
Айылдык кеңештин катчысы
Айылдык кеңешинин катчысынын милдетин айылдык округунун жооптуу катчысы аткарат.
Айылдык кеңешинин катчысы.
-Айылдык кеңештин катчысы сессиянын протоколун жүргүзөт.
-Айылдык кеңешинин катчысы келип түшкөн иш кагаздарынын эсебин алуу уюштурат.
-Айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиясынын уюштуруу иштерин жүргүзөт.
-Айылдык кеңештин сессиясын өткөрүү жөнүндө депутаттарга кабарлайт.
-Айылдык кеңештин сессиясынын токтомдорун таразалайт жана айылдык кеңешинин депутаттарына жөнөтүүнө уюштурат.
- Айылдык кеңешинин сессиясынын токтомдорунун долбоорун дарядоо боюнча иштерге жетекчилик кылат.
7. Глава
Айылдык кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссиялары.
Айылдык кеңешинин кеңешке киргизүүгө тийиштүү маселелерди алдын ала карап даярдоо үчүн депутаттар санынан, ошондой эле, кеңеш чечимдерин ишке ашырууга катышуу үчүн, бул чечимдерди ведомство аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдардын аткарышын контролдук кылуу үчүн түзүлөт.
Айылдык кеңеш тарабынан ошондой эле-убактылуу комиссиялар түзүлөт. Комиссиялардын тизмеси, алардын сандык курамын айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан аныкталат. Кенеш ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде зарылчылыкка жараша, жаңы туруктуу комиссияларды түзүү мурда түзүлгөндөрдү таратан жана кайра уюштурат, алардын курамына өзгөртүүлөрдө киргизе алат.
Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын курамына кеңештин төрагасы жана анын орун басарын шайланышы мүмкүн эмес.
Туруктуу комиссиялар төраганы шайлайт. Комиссиялар өзүнүн ишинин негизги багыттары боюнча кичи комиссияларды түзө алат.
Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын укуктары, милдеттери, алардын уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын, ушул регламенттин жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдык актылары менен белгиленет.
Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы өзүнүн ишине окумуштууларды, адистерди, практик кызматчыларды дагы башка адамдарды тартууга укуктуу.
Айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясы өзүнөн компентенциясына таандык маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алат.
Айылдык кенештин туруктуу комиссиясы ведомстволук аймакта жайгашкан уюмдар менен мекемелердин оперативдүү чарбачыл ишине кийлигишүүгө укуксуз.
Айылдык кеңеши атайын тапшырмаларды аткаруу үчүн убактылуу комиссияларды түзө алат. Убактылуу комиссиялардын ыйгарым укуктары алардын түзүү убагында аныкталат. Убактылуу комиссиялардын ишмердүүлүгү тапшырылган милдеттерди аткаргандан кийин токтотулат.
III – БӨЛ/К.
Айылдык кеңешинин ишинин жалпы тартиби.
8- Глава
Айылдык кеңешинин сессиясын өткөрүү тартиби
Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңешинин ишинин негизги уюштуруучулук - укуктук формасы болуп кеңештин сессиясы саналат.
Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин сессиясы ачык, кварталына бирден кем эмес жана депутаттардын жалпы санынын 1-3 кем эмес талабы боюнча өткөрүлөт.
Айылдык кеңешинин чечимдери депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Айылдык кеңешинин депутаттары кеңеш сессиясына катышууга милдетүү. Алардын сессияга катышуунун эсебин катчы жүргүзөт. Депутаттар сессияга катыша албай турган учурларда алдын ала катчыга маалымдоого тийиш.
Айылдык кеңешинин сессиясы ачык түрдө өткөрүлөт. Кеңештин чечими менен сессия жабык түрүндө өткөрүлүүсү мүмкүн.
Сессиянын чечимдери ачык добуш берүү менен кабыл алынат.
Айылдык аймагынын кеңеши жана поселкалык кеңеши ар бир сессияда күн тартибин жана иштоо тартибин кабыл алат.
Айрым себептер менен каралбай калган маселелер кийинки сессияда каралат.
Айылдык кеңешинин сессиясынын протоколдорун кеңештин катчысы жүргүзөт. Протоколдо сессияга катышкандардын жана катышпай калган депутаттардын фамилиялары, катышпай калгандардын жана катышпай калгандардын себептери, чакырылгандардын тизмеси жана каралган маселелер боюнча маалыматтар, кабыл алынган чечимдер камтылат. Протоколго сессияга төрагалык кылуучунун колу коюлат
Керек болгон учурларда айылдык аймагынын кеңешинин сессияларында каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтар массалык каражат булактарында чагылдырылат.
9- Глава
Айылдык кеңешинин токтом долбоорлорун кароо тартиби.
Айылдык кеңешинин (сессиясында каралган маселелер боюнча токтом кабыл алынат, Кеңештин токтому ачык же жашыруун добуш менен кабыл алынат.
Айылдык кеңешине кароого сунушталган токтом долбоору төмөнкүдөй болууга тийиш:
-Кабыл алынган чечимди аткаруучуга, аткаруу мөөнөтү, каржылоо булактары, ошондой эле токтомдун күчүнө киргендиги көрсөтүлөт;
-Зарыл учурда чечим кызыкдар уюмдар, тийиштүү аймактык органдардын жергиликтүү бөлүмдөрү, ошондой эле зарылдыгына карай мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашууга тийиш.
-Ушул маселе боюнча мурда токтом эске алынат жана мурда кабыл алынган токтомдорду жокко чыгаруу же өзгөртүү боюнча сунуштар камтылууга тийиш;
-Айрым чечимдер боюнча зарылчылыгына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык корутунду болуусу керек.
Айылдык кеңешинин токтому сессияда талкуулагандан кийин сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Айылдык кеңештин депутаты чечимге макул болбосо жазуу же оозеки формасында өзүнүн өзгөчө пикирин айылдык кеңешинин протоколуна киргизүүгө укуктуу.
Сунушталган токтомдун долбоору, эгер сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк болугу добуш берсе, долбоор негизи катары кабыл алынат жана пункттар боюнча каралат.
Токтом долбоору бардык оңдоолор, кошумчалар каралгандан кийин толугу менен кабыл алынат.
Айылдык кеңешинин чечимин таратуу кол коюлгандан кийин эки жумалык мөөнөттө кеңештин катчысы тарабынан жүргүзүлөт.
Айылдык кеңешинин кабыл алган токтомун, анын ыйгарым укуктарынын чегинде тийиштүү аймакта жайгашкан ишканалар, мекемелер жана алардын органдары, кызматтык адамдар, жарандар аткарууга милдеттуу.
10- Глава
Айылдык кеңештердин ыйгарым укуктарынын токтолушу.
Айылдык кеңештердин ыйгарым укуктары айылдык кеңештин жаны курамы түзүлүшүнө, кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркалышына байланыштуу токтотулат.
Айылдык кеңештер мөөнөтүнөн мурда төмөндөгүдөй учурларда таркатылышы мүмкүн;
-тиешелүү айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын 2-3 кем эмес көпчүлүгү тарабынан кабыл алынган чечим боюнча;
-ушул мыйзамда каралаган негиздер боюнча Президент тарабынын;
-тиешелүү айылдын чек араларынын өзгөрүлүшүнө алып келген кайра уюштуруу учурларында;
Өзүн-өзү таркатуу жөнүндө айылдык кеңештин чечими кеңештин төрагасы тарабынан Жарлык чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине жиберилет.
Чек араларын өзгөртпөстөн администрациялык - аймактык бирдиктин атын өзгөртүү кайра уюштуруу болуп саналбайт жана айылдык кеңешти таратууга алып келбейт. Кыргыз Республикасынын Президентинин кайра уюштурууга байланыштуу айылдык кеңешти таратуу жөнүндө Жарлыгы, эгерде Мыйзамдын өзүнө башкача мөөнөт каралбаса, тиешелүү администрациялык - аймактык бирдик жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 10 күндөн кечиктирилбестен чыгырылышы керек.
Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатуунун догоруда көрсөтүлгөн учурларынын кайсынысына болсо да Президенттин мөөнөтүнөн мурда таркатуу жөнүндө Жарлыгы расмий жарыяланган күндөн тартып таркатылды деп эсептелет.
Айылдык кеңеш мөөнүтүнөн мурда таркатылган учурларда мүлктүн жана документтеринин сакталышына жопкерчиликти айылдык округунун башчысы өз мойнуна алат.
11 Бөлүк.
Айылдык кеңешинин регламенти
Айылдык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүнүн жана бекитүүнүн тартиби.
Айылдык кеңешинин иш Регламентин, Типтүү Регламенттин негизинде регламент маселери боюнча жумушчу тобу иштеп чыгат жана кеңештин сессиясына бекитүүгө киргизет.
Регламент маселелери боюнча топ айылдык кеңештин беш депутаттан кем эмес болууга тийиш. Аны айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары жетекчиликке алат.
Ар бир депутат Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизе алат. Сунуштар Регламент боюнча жумушчу топко кароо үчүн жөнөтүлөт.
Регламент жана Регламент оңдоолор, киргизилгенден кийин кеңешке шайланган депутаттардын көпчүлүк саны менен кабыл алынат.