Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-апрели № 20/1
Ак-Муз айыл аймагында ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндө
Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагында ички тартип эрежелери 2018-жылга карата тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовго тапшырылсын.
Төрага | А. Айыпов |
Ак-Муз айылдык Кеңешинин
26. 04. 2018-жылдагы
№ 20/1 токтомуна тиркеме
Ак-Муз айыл аймагында жаз, жай, күз айларындагы ички тартип
эрежелери:
1. Ак-Муз айылынын 19-апрель 2018-жылдагы Жалпы Элдик чогулушунун № 4 токтому айыл өкмөтүнүн аймагында аткарууга жана жетекчиликке алынсын;
2. Ички жайытка мал көчүү 10-майга чейин, алыскы жайытка көчүү 10-июнга чейин, алыскы жайыттан көчүп келүү 1-октябрдан эрте эмес мөөнөткө белгиленсин;
3. Ак-Муз айылында 2018-жылдын 25-апрелинен баштап бада уюштурулсун. Бадага субай уй алып калууга тыюу салынсын.
4. Ички жайыттагы сарай ээлерине 1-ат, 1-5 чейин саан уй, 10 кой-эчкиден мал алып калууга уруксаат берилсин.
5. 2018-жылдын 23-апрелинен баштап дыйкандардын үлүш жерине корук уюштуруу жер ээлерине милдеттендирилип, камакка түшкөн малга түрүнө карабастан акчалай айып салынсын, салынган айыптын көлөмүн административдик комиссия аныктасын, корук уюштурууга айыл өкмөтүнүн кызматкерлери ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.
6. Өрөөндөгү мыйзамсыз тосулган зымдарды алуу үчүн 7-майга чейин эскертүү берилсин, жарандар 7-майга чейин өздөрү тосмолорун албаса мыйзам чегинде чара көрүлүп, тосмолор алынсын. Тосмосу алынган жерлер корулбастан жайыт катары пайдаланылсын.
7. Ички жайытка көчүү-конуу, өрөөндөгү мыйзамсыз тосулган зымдарды алдыруу, дыйкандардын үлүш жерине корук уюштурууда мал ээлерине, дыйкандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн мал чарба жана ветеринария боюнча башкы адисинин убактылуу милдеттин аткаруучу Үмөталы уулу Маратка жана жайыт комитетинин төрагасы Б. Абдылдаевге тапшырылсын.
8. Жазгы айдап-себүү иштерине кызмат көрсөтүү тарифи 1 га дың жерге 30 л май, 800 сом, 1 га айдалып жүргөн жерге 25 л май, 800 сом, тырмоого 10 л май, 400 сом, сеялкага 10 л май, 400 сомдон бекитилсин.
9. “Ак-Муз өнүгүү” муниципалдык ишканасынын кызмат көрсөтүү тарифтери төмөндөгүдөй бекитилсин: Бир телешка чыгырылгын таштандыга төлөнүүчү төлөм 400 сом деп, ар бир аптанын жума күндөрү муниципалдык ишкананын кызматкерлери атайын кыдырып таштанды чогултканда, мүшөк менен таштанды салган жарандар бир айга 50 сом. Муниципалдык ишкананын техникасына айыл чарба жумуштарын аткарууда тарифтери төмөндөгүдөй бекитилсин: соко 1 га жерге 25 л май -700 сом; селька 1 га жерге 10 л. май -300 сом; чөп тырмоо 1 га жерге 5 л. май -300 сом; прец 1 пар жипке 40 л. май, 1 боо -5 сом.
10. Айыл тургундары үй-тиричилигине керектүү малдан ашык мал алып калган, жайыттарга көчүү, конуу эрежелерин жана мөөнөтүн сактабаган малчыларга жана бада кайтаруу тартибин бузкан жарандарга, айыл өкмөтүнүн уставынын 11-беренесинин 1-2 пункттарына жана Кыргыз Республикасынын административтик жоопкерчилик тууралуу кодексинин 17-беренесинин 185-186-193-статьяларына ылайык жоопко тартылаары эскертилсин.
11. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жана тиешелүү документтерди даярдап берүү менен укук бузууларды алдын алуу жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн мал чарба жана ветеринария боюнча башкы адисинин убактылуу милдеттин аткаруучу Үмөталы уулу Маратка жана жайыт комитетинин төрагасы: Б. Абдылдаевге милдеттендирилсин.
Жооптуу катчы: А. Өмүралиев.