Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-июну № 01-8/21
Баткен шаарынын жамаатынын мүчөлөрүнө «Шаардын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү Баткен шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги V сессиясынын 2009-жылдын 10-июндагы №6-5 токтому менен бекитилген жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Баткен шаарынын жамааттык Мыйзамынын (Уставынын) 116;117;118;119;120 беренелерине жана Баткен шаарынын жамаатынын мүчөлөрүнө «Шаардын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү Баткен шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги V сессиясынын 2009-жылдын 10-июндагы №6-5 токтому менен бекитилген жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү максатында Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарынын жамаатынын мүчөлөрүнө «Шаардын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү Баткен шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги V сессиясынын 2009-жылдын 10-июндагы №6-5 токтому менен бекитилген жобосунун 2.2; 2.3; 2.4; 3.1; 4.2; 4.3; 4.4 пункуттарына өзгөртүүлөр киргизилсин.(жобо тиркелет)
2. Шаардын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө жобого киргизилген өзгөртүүлор жөнүндө шаар калкына шаардык «Өрүкзар» газетасы аркылуу жеткирилсин.
3. Токтом кабыл алган күндөн баштап жайылтылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин социалдык жактан өнүгүү, жаштар, спорт, туризм, медицина жана маданият маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Мергенов/ тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |
Баткен шаардык Кеңешинин
VI чакырылышынын X кезектеги
сессиясынын № 01-8/21 токтомуна
№1 тиркеме
Баткен шаарынын жамаатынын мүчөлөрүнө “ШААРДЫН АРДАКТУУ АТУУЛУ” наамын ыйгаруу жөнүндөгү жобосу.
Жалпы жобо
Баткен шаарынын жамаатынын шаар мыйзамына ылайык, шаар мыйзамдарынын бардык таламдарын үлгүлүү аткарган. Коомдук иштерге активдүү катышкан. өз үй жайын, короосун таза кармаган, кадыр барктуу адамдарды, шаардын экономикалык, социалдык маданий жактан өнүгүшүнө , элдин жашоо турумунун жакшырышына, укук, эмгек тартиптеринин чыңалышына, элдин биримдигин, достугун бекемдөөгө өзгөчө салым кошкон шаар атуулдарынын эмгегине баа берүү, ыраазылык берүү максатында жана анын эмгек жолунан коомдук ишмердүүлүгүнө жаш муундардын таалим алуусун көздөп, шаардык Кеңеш өз алдынча башкаруу жамаатынын мүчөлөрүн “ШААРДЫН АРДАКТУУ АТУУЛУ” деген наам ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алат.
2. Баткен шаарынын жамаатынын мүчөлөрүнө “ШААРДЫН АРДАКТУУ АТУУЛУ” деген наам берүүнүн шарттары
2.1. Баткен шаарынын жамаатынын мүчөлөрүн “ШААРДЫН АРДАКТУУ АТУУЛУ” деген наамын шаардын мыйзамына жетекчиликке алып жана шаардык Кеңешинин чечими менен бекитилген өз алдынча башкаруу жамаатынын мүчөлөрүнө “ШААРДЫН АРДАКТУУ АТУУЛУ” деген наам ушул жобонун негизинде жүргүзүлөт.
2.2. “ШААРДЫН АРДАКТУУ АТУУЛУ” деген наамды эл алдында көрүнүктүү эмгек сиңирген, өз алдынча башкаруу жамаатынын ар бир мүчөсү алууга укуктуу
2.3. “ШААРДЫН АРДАКТУУ АТУУЛУ” деген наам шаардын экономикасына , социалдык маданий деңгээлин көтөрүүгө элдин жашоо турмушун жакшыртууга өзгөчө үлүшүн кошсо;
-элге кызмат көрсөтүүнү жогорку деңгээлде жүргүзүп, элдин талаптарын толук канаатандырса;
- Балдарга билим, тарбия берүүдө өзгөчө ийгиликтерге жетишсе; - КР билим берүүнүн отличниги, эл мугалими, мамлекеттик сыйлыктарга ээ болгон
- Элди медициналык жактан тейлөөдө, өзгөчө эмгек сиңирсе, КР медицина тармагына көрсөткөн кызматтары үчүн мамлекеттик сыйлыктардын ээлери;
- Коомдук тартипти сактоого өзгөчө үлүшүн кошсо;
- Эл чыгармачылыгына маданиятка, адабиятка, исскуствого, жеке салым киргизсе, КР маданиятын кошкон салымы үчүн мамлекеттик сыйлыктардын ээлери;
- Жогорку көрсөткүчтөр менен бирге мыйзамынын талаптарын үлгүлүү аткарса, коомдук пайдалуу эмгекке активдүү катышса, кайрымдуулук акцияларына, демөөрчүлүккө такай көмөктөшүп, өз үлүшүн кошсо, жамаатка пайдалуу ар кандай кызматын көрсөтсө жана бүтүндөй үй бүлөсүнүн жүрүм туруму боюнча эң жогорку үлгү көрсөтсө, үй жайын ар дайым таза кармаса;
2.4. Өзгөчө баатырдык, эрдик көрсөтүп мамлекеттик сыйлыктардын ээси болгон атуулдарга, көп жылдар бою иштеп, шаардын экономикалык, социалдык маданий жактан өсүшүнө жаш муундарды тарбиялоого өзгөчө эмгек сиңирип, ардактуу эс алууга чыккан ардагерлерге да шаардык Кеңештин чечими менен “ШААРДЫН АРДАКТУУ АТУУЛУ” деген наам ыйгарылат.
3. Баткен шаарынын жамаатынын мүчөлөрүнө “ШААРДЫН АРДАКТУУ АТУУЛУ” деген наамга сунуш киргизүүнүн тартиби
3.1. “ШААРДЫН АРДАКТУУ АТУУЛУ” деген наамга сунуштарды кварталдын жалпы жыйындарында, аксакалдар сотунун, коомдук уюмдардын отурумдарында жана шаар мэриясынын, коллега мүчөлөрүнүн, шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларында каралып алардын сунуштарын эске алуу менен шаардык мэриянын отурумунда каралып, кароонун жыйынтыгын шаардык Кеңештин депутаттарынын кароосуна сунуш кылат.
- шаардык Кеңеш түшкөн материалдарды кылдаттык менен талдап депутаттардын сунушунун негизинде тиешелүү талапкерлерге “ШААРДЫН АРДАКТУУ АТУУЛУ” деген наам ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алат.
3.2. “ШААРДЫН АРДАКТУУ АТУУЛУ” деген наамга татыктуу болгон жамааттын мүчөсүнө “шаардын ардактуу атуулу” деген жазуу жазылган лента, күбөлүк жана төш белги тапшырылат.
4. “ШААРДЫН АРДАКТУУ АТУУЛУ” деген наамга ээ болгон атуулдардын ыйгарым укуктары
4.1. Баткен шаар ичинде өкөрүлүүчү жыйындарда ардактуу президиумга көрсөтүлүүгө;
4.2.Шаардын Ардактуу атуул наамы жыл ичинде бир эле жолу Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн урматына карата 2 адамга берилет;
- шаардын ардактуу атуулу наамын алган атуулдарга бир эле жолу 15 миң сом акчалай сыйлык наамды алганда берилет
4.3. Ардактуу атуулдукка көрсөтүлгөн адамдар комиссиядан кайтарылса, кайра экинчи жолу каралбайт
Баткен шаардык Кеңешинин
VI чакырылышынын X кезектеги сессиясынын № 01-8/21 токтомуна
№2 тиркеме
Шаардын Ардактуу атуулдугуна көрсөтүлгөн адамдардын керектүү керектүү иш кагаздарынын тизмеси
Паспорт көчүрмөсү
Эмгек китепчесинен көчүрмө
Мамлекеттик сыйлыктарынын көчүрмөлөрү (нотариустан тастыкталган)
Сүрөтү 4х4 2 даана
Сүрөтү 9х12 1 даана
Эмгек жамаатынын чогулуш протоколдору
Аткаруу бийлигинин, укук коргоо органдарынын, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, экономика жана башка тармактардын сунуштары.
Соттулугу боюнча маалым кат.