Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-июну № 01-8/25
Муниципалдык менчик жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча ижара көлөмүнүн коэффиценттерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 336; 339 статьяларына, Кыргыз Республикасынын Жарандык жана Жер Кодекстерине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарынын аймагында муниципалдык менчик жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча ижара көлөмүнүн коэффиценттери бекитилсин. (№1 тиркеме тиркелет)
2. Шаар аймагындагы муниципалдык менчик жерлер үчүн ижара көлөмүнүн бекитилген коэффиценти шаар калкына шаардык “Өрүкзар” коомдук саясый газетасы аркылуу жеткирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары М.Дубанаевге тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |
Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын
кезектеги X сессиясынын 2018-жылдын 21-
июндагы №_01-8/25_ токтомуна №1 тиркеме
Муниципалдык менчик жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча коэффиценттер
Ижара акылардын көлөмүн аныктоотартиби
1. Бир айлык ижара акынын көлөмү төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Иа = С х S х К1 х К2, мында:
Иа - бир айлык ижара акынын көлөмү (сом менен);
С - Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык жер салыгынын чени (сом менен);
S - жер участогунун аянты чарчы метр менен;
К1- функционалдык багытынын коэффициенти, мында ал төмөнкү учурларда төмөнкүгө барабар болот:
0,5 – үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн;
- унаа токточу жайлар;
1,5 – бассейндер, көлөкөлөтүүгө курулган навестер, спорттук обьекттер;
4– антракцион орнотуулар, ж.б. эс алуучу парктарга же стадионго орнотулган батуттар, (мөөнөттү болуп түзүлүшү мүмкүн), тирлер;
5 - кийим тигүүчү жайлар, цехтер, курулуш материалдарын чыгаруучу жайлар(пескоблок), курулуш материалдарын сатуучу жайлар
6 - гараждар, күзөт будкалары, нан сатуу күркөлөрү, бут кийим оңдоо күркөлөрү, гезит күркөлөрү, байланыш түйүндөрү, офистер, бизнес борборлор,аялдама дүкөнү,башка жактан кирүүчү түзүлүштөрү бар кайра жасалган үйлөр, авикасса жана билет сатуучу жайлар; ж.б.;
10- сулуулук салону жана чач кыскартуучу жайлар, мончолор, киоскалар,дүкөндөр(100м.кв. чейин)
12 - сүрөт кызмат көрсөтүүлөр, интернет байланышы кызмат көрсөтүүлөр пункттары, банкоматтар, соода павильондор, дарыканалар, ларектер дүкөндүн алдына чыгарып жүргүзүүлүчү сода, көчөдөгү сода түйүндөр,;
14 - убактылуу аянтчалар, жалпы тамактануу түйүндөрү, автосервис пункттары, унаа жуучу жайлар, мейманкалар, акча алмаштыруу түйүндөрү, банктар, ломбардтар, оюн-зоок жайлары, дүкөндөр(100м.кв. жогору);
30 – май куйуучу жайлар, жарнамалык контрукциялар(щиттин жарнамалык аянттына карата эсептелет);
- Уюлдук байланыш мунаралары үчүн алардын жайгашкан ордуна карабастан (баа зонасынын коэффициенти) ай сайын ижара акы 5220 сомдон кем эмес көлөмдө белгиленет;
- Суусундуктарды сатуу көчмө түйүндөрү жана сатураторлор үчүн алардын жайгашкан ордуна карабастан (баа зонасынын коэффициенти) ай сайын ижара акы 400дөн 600 сомго чейин көлөмдө бир түйүн үчүн белгиленет;
- Борбордук стадион 1 күндүк ижара акысы 25 000сомдон 50 000 сомго чейин төлөнөт. Ал эми үгүт иштери боюнча бир күндүк ижара акы 50 000сомдон жогору эсептелет.
К2 - баа зонасынын коэффициенти, мында ал төмөнкү учурларда төмөнкүгө барабар болот:
1-зона үчүн К2=1,9
2-зона үчүн К2=1,2
3-зона үчүн К2=0,7
Эскертүү:
Баа зоналарынын сүрөттөлүшү:
1-зона
“И.Жусупов көчөсү” “М.Нургазиев” көчөсү менен кесилишкен жерден “Жибек Жолу” көчөсүнө чейин;
“Сайдиман ажы” көчөсү “М.Нургазиев” көчөсү менен кесилишкен жерден Сайга чейин;
“Ч.Айтматов” көчөсү “Т.Садыков” көчөсү менен кесилишкен жерден Баткен областтык ооруканага чейин;
“К.Сабыров” көчөсү “М.Нургазиев” көчөсү менен кесилишкен жерден “М.Салихов” көчөсүнө чейин;
“И.Раззаков” көчөсү “Т.Садыков” көчөсү менен кесилишкен жерден “Чынар” бакка чейин;
“Султанмурат Минбашы” көчөсү “Т.Садыков” көчөсү менен кесилишкен жерден “М.Сейдалиев” көчөсүнө чейин;
“Т.Садыков” көчөсү “М.Салихов” көчөсү менен кесилишкен жерден Жибек Жолу көчөсүнө чейин;
И.Жусупов көчөсү М.Нургазиев көчөсү менен кесилишкен жерден стадионду айланып, областтык поликлиникага чейин;
М.Нургазиев көчөсү Т.Садыков көчөсү менен кесилишкен жерден Р-4 каналына чейин;
“Жениш”,”Жаштык” парккы;
К.Турмаматов көчөсү М.Салихов көчөсү менен кесилишкен жерден сайга чейин;
Коммунизм көчөсү М.Нургазиев көчөсү менен кесилишкен жерден Интернационал көчөсүнө чейин;
Кыргызстан көчөсү И.Раззаков көчөсү менен кесилишкен жерден Султанмурат Минбашы көчөсүнө чейин;
Т.Садыков көчөсү Жибек Жолу көчөсү менен кесилишкен жерден Р-4 каналына чейин;
2-зона.
Келечек кварталындагы 1-зонага кирбей калган бардык жерлер;
Кызыл-Дөн кварталындагы 1-зонага кирбей калган бардык жерлер;
Базар-Башы кварталындагы 1-зонага кирбей калган бардык жерлер;
Кызыл-Жол кварталы, Баткен –Исфана жолу (магистралдык каналдан баштап,мечитке жакын жайгашкан аялдамага чейин)
3-зона
Булак-Башы кварталындагы жайгашкан жерлер;
Кызыл-Жол кварталындагы 1-2 зонага кирбей калган жерлер;
2. Ижарачы тарабынан Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти тарабынан берилген эсептер боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык органдын счетуна төлөө жолу менен жер салыгы төлөнөт.
3. Жер участогун убактылуу пайдалануу мөөнөтүн узартууда ижарачы жер участогунун убактылуу пайдалануу мөөнөтү аяктаган учурдан тартып жер участогун анык кайтарып бергенге чейин же мөөнөтүн узартканга чейинки мезгил үчүн ижара акы төлөп турууга укуктуу.