Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-июну № 01-8/28
Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугуна” толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Баткен шаардык Кеңешинин 3-чакырылышынын 2006-жылдын 29-мартындагы №13 токтому, Эл Аралык ЮСАИД уюмунун “кыргыз Республикасында жер реформасы” долбоорунун колдоосу менен бекитилген “Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугу” (“Правила застройки и землепользования города Баткен”) китебинин 1.7-главасынын 22-статьясынын 1-пункутуна ылайык жана Баткен шаардык Кенешинин курулуш куруу жана коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 24-майдагы отурумунун №6 протоколунун негизинде Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы Токтом кылат :
1.Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугунун” 2-бөлүмүнүн 25-беренесинин 1-пунукутуна, 26-берененин 2-пунукутуна өзгөртүүлөр киргизилсин:
(тиркеме тиркелет)
2.Тиркемеге ылайык категориялары өзгөртүлгөн жер аянтынын карталары “Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугу” китебине тиркеме катары киргизүү жагы шаар куруу жана архитектура башкармасына /К.Эргешов/ жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин курулуш, өнөр жай , коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Добутов/ тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |
Баткен шаардык Кенешинин VI
чакырылышынын кезектеги VIII
сессиясынын № 01-08/ 28 токтомуна
№1 тиркеме
Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугу” китебинин
2-бөлүмүнүн 25-статьясынын 1-пункутунун, 26-статьясынын 2-пункутунун
өзгөртүүсү; жеке менчик
төмөнкү жер аянттары;
жеке менчик жер аянттары: 1.Баткен шаарынын Курманжан Датка көчөсүнүн күн чыгыш тарабындагы Үсөнов Мусага тиешелүү 4600 м2 П1 (өндүрүш ишканаларынын 4-5 класстагы зыяндуу зоонасы багытындагы) жер аянты , Баткен аймактык колледжинин окуу бөлүмүн куруу үчүн С-1 (саламаттыкты сактоо, билим берүү, илим, маданият жана чоң көлөмдөгү спорт аянтчасы багытына) багытына;
2.Шаардын Курманжан Датка көчөсүнүн күн чыгыш тарабындагы Шамшиева Кундузкандын жеке менчик 120,29 м2 С-1 (саламаттыкты сактоо, билим берүү илим., маданият, жана чоң көлөмдөгү спорт аянтчалары багытындагы) жер аянты, Ж-1 (жеке турак жай багыты) багытына;
3.Шаардын Т.Садыков көчөсү менен Жибек –Жолу көчөсүнүн кесилишиндеги Г.Алибаевага тиешелүү 297 м2 Ж-1 (жеке турак жай багытындагы) жер анты Ц-1 (жалпы ишкерлик, соода иш зоонасы) багытына” которулууга;
4.К.Сабыров көчөсүндөгү Жолдошова Алиманын жеке менчик 1900 м2 Ц-2 (тейлөө борбору жана соода иши зоонасы ) багытынан Ж-1 (жеке турак жай) багытына;
5.М.Салихов көчөсүндөгү Абдижаминов Мамазаирдин жеке менчик 225 м2 Ж-1 (жеке турак жай зоонасы) багытындагы жер аянты, эки кабаттуу дүкөн куруу үчүн Ц-1 (Жалпы, ишкерлик, соода иштери) багытына