Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-августу № 3
Балыкчы шаарындагы муниципалдык менчикте турган жер аянттарына жана кыймылсыз мүлккө менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиясынын жобосу жөнүндө
Балыкчы шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын 30.04.2013ж. XI сессиясы менен бекитилген “Балыкчы шаарындагы муниципалдык менчикте турган жер аянттарына жана кыймылсыз мүлккө менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиясынын курамы жана жобосу” жөнүндө №2 токтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 29.01.2018ж. № 59 токтомуна ылайык кайрадан ММБ тарабынан иштелип сунушталынгандыгына байланыштуу Балыкчы шаарынын мэриясынын 16.08.2018 ж. № 01-18/1211 катынын негизинде карап талкуулап, Балыкчы шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын 30. 04. 2013 ж. XI сессиясынын “Балыкчы шаарындагы муниципалдык менчикте турган жер аянттарына жана кыймылсыз мүлккө пайдалануу укугун берүү боюнча” жобосун жана курамын бекитүү жөнүндө № 2 токтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 29. 01. 2018 ж. № 59 токтомуна ылайык жокко чыгарылсын .
2. Балыкчы шаарындагы Муниципалдык менчикте турган жер аянттарына жана кыймылсыз мүлккө пайдалануу укугун берүү боюнча комиссиясы жөнүндө жобосу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 29. 01. 2018 ж. № 59 токтомуна ылайык № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кабыл алынган токтом Ысык-Көл облусттук юстиция башкармалыгынан каттоодон өтүү жагы суралсын.
4. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндөгү чечимде, андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгын ырастайт.
5. Кабыл алынган токтом “Балыкчы” газетасына жарыялансын.
6. Кабыл алган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, архитектура, муниципалдык менчик коммуналдык чарба жана өнөр жай,транспорт, ишкердикти өнүктүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | К.Р. Сартбаев |
Балыкчы шаардык Кеңешинин
XXVII чакырылышынын XVIII
сессиясынын 24. 08. 2018 ж. № 3
токтомуна № 1 тиркеме
"Балыкчы шаарындагы Муниципалдык менчикте турган жер аянттарына жана кыймылсыз мүлккө менчик же ижара укугун берүү боюнча" комиссиясы жөнүндө жобо
1. Жалпы жобо
"Балыкчы шаарындагы Муниципалдык менчикте турган жер аянттарына жана кыймылсыз мүлккө менчик же ижараукугун берүү боюнча" комиссиясы жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексине, "Мүлкө болгон муниципалдык менчик женүндө" жана "Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнундө" мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтомуна, Балыкчы шаардык өз алдынча башкаруусунун жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
1.2. "Балыкчы шаарындагы Муниципалдык менчикте турган жер аянттарына жана кыймылсыз мүлккөменчик же ижараукугун берүү боюнча" комиссиясы женүндө жобо жеке менчикке тийиштүү мүлккө жайылтылбайт.
1.3. Балыкчы шаарындагы Муниципалдык менчикте турган жер аянттарына жана кыймылсыз мүлккө пайдалануу укугун берүү боюнча комиссия (мындан ары - комиссия) түзүлөт.
2. Комиссия курамын түзүү тартиби:
2.1 Комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын, коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү кирет. Комиссиянын курамын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы бекитет.
Комиссиянын төрагасы болуп муниципалдык менчик маселесин караган Балыкчы шаарынын 1-вице-мэри эсептелинет.
Комиссиянын курамына төмөнкү органдардын жетекчилери жана коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрүнөн 2 адам кирет:
-Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын,
-Балыкчы шаарынын шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгынын,
-Балыкчы шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча бөлүмүнүн,
-Балыкчы шаардык ооруларды алдын алуу жана санитардык көзөмөл борборунун.
-Комиссиянын төрагасынын орун басары болуп; Балыкчы шаарынын башкы архитектору
жешаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча бөлүмүнүн
жетекчиси боло алат.
Комиссиянын катчысы болуп шаардык мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкери, ММБ башчысынын сунушу менен дайындалат жана комиссиянын курамына кирбейт.
Комиссия төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
3.2 Балыкчы шаарындагы Муниципалдык менчикте турган аянттарына жана кыймылсыз мүлккө пайдалануу укугун берүу жөнүндө чечим чыгарат;
Балыкчы шаарындагы Муниципалдык менчикте турган жер аянттарына жана кыймылсыз мүлккө пайдалануу укугун берүүнун ыкмасын (аукцион, конкурс, түз сатуу) аныктайт; аукциондук кадамды (аукцион өткөрүлсө) же конкурстун шарттарын (конкурс өткерүлгөн учурда) аныктайт;
сатуу женүндө туз сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Муниципалдык менчикте турган жер аянттарына жана кыймылсыз мүлккө старттык баасын белгилейт;
тооруктун жыйынтыгын аныктайт;
ижара мөөнөтүн аныктайт;
Балыкчы шаарынын курулуш жана жерди пайдалануу маселелерин карайт;
Муниципалдык менчикте турган жер аянттарына жана кыймылсыз мүлккө пайдалануу укугун берүүгө байланышкан башка маселелерди ушул жободо жана башка нормативдик укуктук актыларда каралган компетенциясынын чегинде карайт.
4. Комиссиянын иш жүргүзүү тартиби.
Комиссия өз ишмердүүлүгүн отурум түрүндө жүргүзөт;
комиссиянын төрагасы отурумдун убагын белгилейт;
отурумду комиссиянын төрагасы өткөрөт, төрага жок убакта төраганын орун басары
өткөрөт;
комиссиянын чечимдери мүчөлөрүнүн жалпы санынын учтөн экиден кем эмеси катышканда кворум болсо добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат;
добуштар бирдей болуп калса комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болот;
комиссиянын протоколуна комиссиянын төрагасы жана жыйынга катышкан мүчөлөрү, кээ бир учурларда торуктун жеңүүчүсү болуп кол коюшат.
эгерде кабыл алынып жаткан чечимге комиссиянын мүчөлөрүнүн каржы кызыкчылыгы же арыз ээси менен туугандык байланышта болсо, комиссия мүчөсү маселени кароодон, добуш берүүдөн жана катышуудан бошотулат.
комиссиянын архиви болот, анда бардык отурумдардын протоколдору, комиссиянын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маалыматтар сакталат.
5.Отурумдарды өткөрүү тартиби.
5.1 Комиссиянын отурумуна сөзсүз түрдө бардык комиссия мүчөлөрү чакырылат.
- отурумдун башталышында комиссия ишинин регламентин белгилейт;
каралып жаткан маселенин мүнөзүн;
- тиешелуу органдардан жана көз каранды эмес эксперттерден түшкөн расмий жыйынтыктардын мазмуну;
-чечим кабыл алынгандан кийин 3- күндөн кечиктирбей комиссиянын протоколу Балыкчы шаарынын мэрине бекитүү үчүн жиберилет;
Балыкчы шаарынын мэриясы комиссияга отурумдарды өткөрүүгө жана архивин жайгаштырууга бөлмө берет.
Комиссиянын укуктары.
Тиешелуу кызматтардан, Балыкчы шаарынын мэриясынынбелүмдөрүнөн жана чарбалык субъектилердин иш кагаздарды, тыянактарды экспертизанын актысын ж.б. материалдарды комиссиянын отурумунда каралып жаткан маселеге тийиштүү маалыматтарды алганга укуктуу.
өзүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө массалык маалымат каражаттарына маалымдайт
6.3 Балыкчы шаарындагы Муниципалдык менчикте турган жер аянттарына жана кыймылсыз мүлккө пайдалануу укугун берүүгө байланышкан башка маселелерди карайт.
7. Комиссия мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда токтотулушу.
7.1 Комиссия мүчөсүнүн себеби көрсөтүлгөн арызынын негизинде.
7.2 Балыкчы шаардык өз алдынча башкаруу органдарына комиссия мүчөлөрүнүн сунушу менен кабыл алынган чечиминин негизинде.
8.Комиссия мүчөлөрүнүн жоопкерчиликтери.
Каралып жаткан маселени көрсөтүлгөн милдетинин чегинде иш жүзүнө
ашырууда ар бир комиссия мүчөсү мыйзамдуулукту сактоого жоопкерчиликтүү.
Зарыл учурларда комиссиянын төрагасы комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн макулдугу менен менчиктештирүү укугун берүүгө байланыштуу жоопкерчиликти башка комиссия мүчөсүнө жүктөй алат.
Муниципалдык менчик башкармалыгынын
башчысы А.Асаналиев