Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын уюштуруу сессиясы
2016-жылдын 30-июнундагы № 8
Айылдык Кеңештин иш-планын бекитүү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин иш-планынын долбоору менен таанышып чыгып талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Айылдык Кеңештин иш-планы (2016-ж май айынан 2017-ж май айына чейин) бекитилсин. (иш-план тиркелет)
Түзүлгөн иш-пландын негизинде мыйзамдуу иш алып барылсын.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А. Келдибековко милдеттендирилсин.
| БЕКИТЕМИН Мырза-Аке айылдык кеңешинин 11.06.2016-ж №8 токтому менен |
I. 2016-2017-(май) жылы Мырза-Аке айылдык Кеңешинин сессиясында каралуучу негизги маселелер:
1. айылдык Кеңешинин 2016-2017-(июнь) жыл үчүн иш планын бекитүү (2016-жылдын август айы, кеңештин төрагасы).
2. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2016-ж жарым жылдык бюджетинин кирешелер, чыгашалар боюнча аткарылышы (2016-жылдын август айы, «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссия”, ФЭБ)
3. Айылдык милиция бөлүмүнүн кылмыштуулук менен жүргүзгөн иштеринни Мырза-Аке паспорт жана виза каттоо бүлүмүнүн калкты паспорт менен камсыз кылуу иштеринин натыйжалары жөнүндө (2016-ж ноябрь айы, Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтү).
4. Билим берүү (мектеп, балдар бакчалары), саламаттыкты сактоо жана маданият (музыкалык мектеп, маданият үйү, китепкана) мекемелеринин алып барган иштери жана кышка даярдыгы жөнүндө (2016-ж ноябрь айы, Социалдык маселелер, жаштар жана дин иштери боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтү)
5. Мырза-Аке айыл өкмөтүндө социалдык фондго чегерүүнүн 2016-2017-ж абалы жөнүндө (2017- февраль айы, Социалдык маселелер, жаштар жана дин иштери боюнча туруктуу комиссия)
6. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2017-ж киреше жана чыгаша боюнча планынын аткарылышы жана 2017-ж киреше жана чыгашаларды бекитүү (2017-ж февраль айы, Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссия)
7. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2017-ж чейинки социалдык-экономикалык жактан өнүгүүнүн стратегиялык планы жөнүндө ( 2017-ж май айы, туруктуу комиссиялар, айыл өкмөтү)
8. Мырза-Аке айыл өкмөтүндөгү муниципалдык менчиктин абалы (2017-ж май айы) Айыл, жер, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика, маселелери боюнча туруктуу комиссия, Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссия, Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссия.
№ | Иш чаранын мазмуну | Мөөнөтү | Аткаруучулар, жооптуулар |
1 | Мырза-Аке айылдык Кеңештин 2016-ж май айынан 2017-ж май айына чейин иш-планын бекитүү. | 2016-ж август айы | Кеңештин төрагасы |
2 | Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2016-ж жарым жылдык, тогуз айлык, жылдык киреше, чыгаша планынын аткарылышы жөнүндө | 2016-ж август, сентябрь, декабрь | Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүсүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, ФЭБ башчы |
3 | Айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан мекемелердин, соода-сатык дүкөндөрдүн салык төлөөсү жөнүндө | Квартал сайын | Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүсүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, ФЭБ башчы |
4 | Жарандардын кайрылууларына ылайык тейлөөлөр (жол оңдоо, ичкен суу, таштанды чыгаруу, жашылдандыруу жарык менен камсыздандыруу ж.б.) боюнча (депутаттык саат, депутаттык күн) протоколдук тапшырмалардын аткарылуусунун жүрүшүн ж.б. маселелерди кароо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу. | Квартал сайын | Туруктуу комиссиялардын төрагалары |
5 | Депутаттардын атуулдук коомдук активдери менен тегерек столдо жолугушуусун уюштуруу | 6 айда бир жолу | Айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары, туруктуу комиссиялар |
6 | Депутаттардын шайлоочулар менен жолугушуусу. (Отчету) | Жылына бир жолу | Айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары, туруктуу комиссиялар |
7 | Айыл өкмөтүнүн жылдык отчетун угуу. | Жылына бир жолу | Айылдык Кеңештин төрагасы, айыл өкмөтү |
8 | Жайыт комитетинин иши жөнүндө | 2017-ж апрель айы | Айыл, жер, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика, маселелери боюнча туруктуу комиссия |
9 | Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2016-2020-ж социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн стратегиялык планын бекитүү | 2017-ж апрель айы | Айыл өкмөтү |
10 | Турак жай жана коммерциялык максатта пайдаланып жаткан жерлердин абалы. | 2016-ж сентябрь айы | Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссия |
11 | Социалдык тармактагы мекемелердин жаңы окуу жылына, кышка даярдыгы жөнүндө. | 2016-ж ноябрь айы | Социалдык маселелер, жаштар саясаты, спорт жана дин иштери боюнча туруктуу комиссия |
12 | Айылдык кеңештин 2015-ж май айы 2016-ж май айларында кабыл алган чечимдеринин аткарылышы жана алдыдагы милдеттер жөнүндө | 2016-ж ноябрь айы | Айылдык кеңештин төрагасы, жооптуу катчы |
13 | Айыл өкмөтүнүн 2017-ж үчүн структурасын жана штаттык санын бекитүү | I квартал | Айыл өкмөтү |
Төрага | С.Т.Жусупов |