Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-январы №11/5
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январына карата бюджеттик эсептен бош калган 929,587 миң сом акча каражатын, атайын эсептен бош калган 281,645 миң сом акча каражатын чыгымдоо беренелерине бөлүштүрүү боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси К.Темиралиевдин жана Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет-экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Табалдиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январына карата бош калган акча каражаттары төмөндөгү чыгымдоо беренелерине бөлүнсүн.
Бюджеттик эсептеги каражат:
№ | Бөлүм | Чыгымдын аталышы | Беренеси ж/а элементи | Сумма миң сом |
1 | 70111 - Аппарат | Механизмдерди алуу | 311222 | 580,0 |
Жабдууларды жана материалдарды сатып алуу | 22221100 | 349,6 | ||
| Баары |
|
| 929,6 |
Атайын эсептеги каражат:
№ | Бөлүм | Чыгымдын аталышы | Беренеси ж/а элементи | Сумма миң сом |
1 | 70111 - Аппарат | Жабдууларды жана материалдарды сатып алуу | 22221100 | 131,6 |
2 | 70111- Аппарат | Мантыш клубдун имаратын учурдагы оңдоо | 22211100 | 150,0 |
| Баары |
|
| 281,6 |
1 | 70911- Детсад | Тамак-аш алуу | 22181100 | 5,0 |
2 | 70911- Детсад | Ар-кандай чыгым | 22154900 | 26,3 |
| Баары |
|
| 31,3 |
2. Жогорудагы бош калган акча каражаттары бөлүнгөн объектилердин объект башчылары демилгелүү топтор менен биргеликте, бөлүштүрүү протоколуна ылайык, тийиштүү документтерин айыл өкмөттүн сатып алуу бөлүмүнө тапшырсын (бош калган каражаттын бөлүштүрүү тизмеси тиркелет).
3. Сатып алуу бөлүмү мамлекеттик сатып алуу порталына конкурс жарыялап, конкурстук комиссия сатып алуу мыйзамына ылайык жеңүүчүнү аныктасын.
4. Тийиштүү документтер бүткөндөн кийин айыл өкмөт башчысы түзгөн келишимге ылайык бош калган акча каражатын, көрсөтүлгөн беренеден которуу жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси К. Темиралиевге милдеттендирилсин.
Тѳрага | Т. Курткаев |
Кара-Суу айылдык кенешинин 24.01.2018-ж.
№11/5 токтомунун тиркемеси
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн беренелериндеги суммалардын жана 01.01.2018-жылга бош калган каражаттын обьектилер боюнча бөлүнүшүнүн тизмеси
№ | Бөлүм; берене | Обьектинин аты жана жумуштун мазмуну | 2018-жылдын бюджетинен сумма, миң сом | 01.01.2018-жылга бош калган каражаттан, миң сом | ||
бюджеттик каражаттан | атайын каражаттан | баары | ||||
1 | аппарат 22221100 | Ак-Талаа айылына кичи футбол аянтчасын курууга материал алуу | 23,1 | - | - | - |
2 | аппарат 22221100 | Мантыш айылына көчө жарыктандырууга материалдарды алуу | 42,6 | - | - | - |
3 | аппарат 22221100 | Орток айылына көчө жарыктандырууга материалдарды алуу | 371,2 | - | - | - |
| аппарат 22221100 | Баары | 436,9 | - | - | - |
4 | мектеп 22211100 | Кызыл-Дөбө орто мектебине линолеум жаткызуу | 218,1 | - | - | - |
5 | мектеп 22211100 | Кызыл-Дөбө бала-бакчасын оңдоо | 75,0 | - | - | - |
6 | мектеп 22211100 | Ак-Талаа мектебине терезе салуу | 301,9 | - | - | - |
| мектеп 22211100 | Баары | 595,0 | - | - | - |
7 | аппарат 311222 | Экскаватор алуу | - | 580,0 | - | 580,0 |
| аппарат 311222 | Баары | - | 580,0 | - | 580,0 |
8 | апарат 22221100 | Кара-Мойнок айылына таза сууга түтүктөрдү алуу | - | 331,5 | 131,6 | 463,1 |
9 | аппарат 22221100 | Ак-Талаа айылына кичи футбол аянтчасын курууга материал алуу | - | 18,1 | - | 18,1 |
| апарат 22221100 | Баары | - | 349,6 | 131,6 | 481,2 |
10 | клуб 22211100 | Мантыш клубун учурдагы оңдоо | - | - | 150,0 | 150,0 |
| клуб 22211100 | Баары | - | - | 150,0 | 150,0 |
|
| Баары | 1031,9 | 929,6 | 281,6 | 1211,2 |
11 | мектеп 311123 | Кызыл-Дөбө мектебине линолеум жаткызуу | 700,0 | - | - | - |