АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 1-февралы №1/2
Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 3-март 2014-жылдын №114 токтому менен бекиген Жобого ылайык “Кыргызмамжердолбоор” долбоорлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын карап, талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин негизинде Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 05.04.2017-жылдагы №37-б буйругу менен түзүлгөн жер фондусун инвентаризациялоо жөнүндөгү жумушчу топ комиссиясынын 16.01.2018-жылдагы Актысы бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнөн суралсын.
Тѳрага | К. Асаналиев |