Редакцияот 24.11.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын

VI чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы

 

2017-жылдын 24-ноябры №14/1

Ак-Кыя айыл аймагынын айыл окмотунун ФЭБ башчысы К. Музуралиевдин билдируусун кароо жонундо

 

Ак-Кыя айыл аймагынын 27-март 2017-жылдагы Айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги III-сессиясынын №3 Токтомунда Ак-Кыя айыл аймагынын айыл окмотунун Клуб тармагынын чыгымдар сметасынын 2215-ст. “Кара-Суу жана Жаны-Жол айылдарында спорттун турун онуктуруу-100000 сом каралган . Бул каралган акча каражатын Ак-Кыя айыл аймагынын айыл окмотунунун Мектептер тармагынын чыгымдар сметасынын 2222 ст. которуу керек. Анкени ал акча каражатына Кара-Суу айылындагы Ш. Рысмендеев а.о. мектебине спорттук эмеректер жок болгондуктан алып беруу зарыл болууда. Ал эми Ак-Кыя айыл окмотунун кызматкерлеринин иш кенселеринде мурдагы эл. жылыткычтар жараксыз абалга келгендиктен муздак болуп электр, жылыткычтарын жаны алууга туура келуудо.

Ошондуктан Ак-Кыя айыл аймагынын айыл окмотунун Кара-Суу айылындагы Ш. Рысмендеев а.о. мектебине спорттук инвентарларга жана Айыл окмотунун кызматкерлеринин иш болмолоруно эл. жылыткычтарын алууга акча каражатын болуп беруу жонундо айыл окмотунун ФЭБ башчысы К. Музуралиевдин билдируусун талкуулар Ак-Кыя айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.      Ак-Кыя айыл аймагынын27-март 2017-жылдагы Айылдык Кенешинин VI- чакырылышынын кезектеги III- сессиясынын №3 Токтомунда Ак-Кыя айыл аймагынын айыл окмотунун Клуб тармагынын чыгымдар сметасынын 2215ст. ”Кара-Суу жана Жаны-Жол айылдарында спорттун турун онуктуруу”-100000 сом акча каражаты Агартуу тармагынын 2222 1100 статьясына которулсун.

2.      Ак-Кыя айыл аймагынын айыл окмотунун эсеп счетунда бош калган каражаттарын болуштуруу жонундо 04.05.2017-жылдын №6/1 токтомундагы 3111 статьясынан 27200 сом акча каражаты 2222 1100 статьясына которулсун

3.      Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кочкор башкармалыгына бул акча каражатын статьялардан статьяга котруп беруу жагы боюнча Кат жолдонсун.

4.      Бул токтомдун аткарылышын козомолго алуу жагы айыл окмотунун башчысы З. Исираиловго тапшырылсын.

 

Тѳрага

Р. Зарлыков