Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-марты №12/1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 3-март 2014-жылдын №114 токтому менен бекиген Жобого ылайык «Кыргызмамжердолбоор» долборлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын карап, талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин негизинде Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 05.04.2017-жылдагы №31 буйругу менен түзүлгөн жер фондусун инвентаризациялоо жөнүндөгү жумушчу топ комиссиясынын «02» март 2018-жылдагы Актысы бекитилсин.
2. “Көк-Күмбөз” участкасындагы “Чалчык” кыштоосун жана “Түз-Ашуу” участкасын Талды-Суу айыл өкмөтүнүн пайдалануусуна алуу жагы сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талды-Суу айыл аймагынын жайыт комитетинен суралсын.
4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы А. Касейиновго милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ж. Дүйшеев |
|
|