Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 114 токтому менен бекитилген |
1. Бул жобо жер-кадастр маалыматтарынын аныктыгын камсыздоо, жерлердин курамында болгон өзгөрүүлөрдү аныктоо жана пландык-картографиялык материалдарда чагылдыруу, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан жер категориялары боюнча бөлүштүрүү максатында иштелип чыккан.
Кыргыз Республикасынын чегинде жайгашкан бардык жерлер (мындан ары - жер фонду) инвентаризацияланууга жатат.
2. Бул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
а) жерлер - дайыма пайдаланылган же дайындуу чарбалык максатта пайдаланууга жарактуу жана табигый-тарыхый белгилери боюнча айырмаланган жерлер;
б) мелиорациялык курулуш стадиясындагы жерлер - жаңы мелиорация курулушу жүргүзүлүп жаткан айыл чарба жерлери, ошондой эле бак-дарактардын дүмүрү казып чыгарылган, бирок айдала элек бактар, коргоочу бак-дарактарды тигүүгө даярдалган, бирок көчөттөр отургузула элек айыл чарба аянттары ж.б.у.с.;
в) сугат тарамы бар жерлер - бардык сугат жерлер, ошондой эле суу менен камсыздалбаган, бирок сугат булагы менен байланышкан, иштеген же сугат тарамын кайра конструкциялоону талап кылган жер участоктору;
г) сугат жерлер - суу ресурстары жерлерди сугат суусу менен камсыз кылган, сугат булагы менен байланышкан сугат тарамы бар, айыл чарбалык пайдаланууга жана сугатка жарактуу жерлер.
3. Жер фондун инвентаризациялоо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - "Кыргызмамжердолбоорлоо" МДИ) тарабынан жүргүзүлөт жана жыл сайын республикалык бюджетте каралган Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин учурдагы чыгымдарын бюджеттик каржылоонун чегинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу бир жолку эсепке алуучу иш-чара болуп эсептелет. Ошондой эле инвентаризациялоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын же кызыкдар болгон министрликтердин жана ведомстволордун, жер ээлеринин демилгеси боюнча (өз каражаттарынын эсебинен), жайгашкан чек араларында болуп өткөн өзгөрүүлөрдүн олуттуу топтолушуна, жер участокторун жана жерлердин пайдалануу мүнөзүнө жана абалына жараша, тиешелүү масштабдарда пландык-картографиялык негиздерин милдеттүү жаңыртуу, топурак, геоботаникалык жана башка изилдөөлөрдү өткөрүү менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
4. Жер фондун инвентаризациялоонун максаты - жердин жана жер категорияларынын жайгашкан орду, аянттары, чектери жана саны жөнүндө маалыматты камтыган жер жөнүндө маалымдарды тактоо болуп эсептелет.
5. Жер фондун инвентаризациялоо боюнча материалдарды кароо үчүн райондук жергиликтүү мамлекеттик администрацияда жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынын орун басарынын (комиссиянын төрагасы), райондук (шаардык) жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын (бөлүмүнүн) (мындан ары - жергиликтүү каттоо органы) начальнигинин, райондук суу чарба башкармалыгынын начальнигинин, курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча аймактык башкармалыгынын начальнигинин, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын начальнигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жергиликтүү органынын өкүлүнүн, салык кызматынын өкүлүнүн, айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын, "Кыргызмамжердолбоорлоо" МДИнин адистеринин, ошондой эле жер участогунун ээлеринин, жер пайдалануучулардын өкүлдөрүнүн курамында, анын ичинде иштерди жүргүзүү ижарачылар тарабынан демилге кылынган учурда, алардын катышуусунда комиссия түзүлөт.
Комиссиянын курамына кызыкдар болгон мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрү кошумча киргизилиши мүмкүн.
6. Райондук комиссия:
1) жумушчу комиссия түзгөн жер фондун инвентаризациялоо актысын (1-тиркеме), салыштырма ведомостун (2-тиркеме), айыл кеңешинин инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө чечимин карайт жана ар бир айыл аймагы боюнча өзүнчө протокол түзөт (3-тиркеме);
2) райондун жерлерине инвентаризациялоо жүргүзүүнүн жыйынтыктарын жергиликтүү мамлекеттик администрациянын бекитүүсүнө отчеттуулуктун белгиленген формасына ылайык киргизет;
3) инвентаризациялоо жүргүзүү мезгилинде төмөнкү функцияларды аткарат: жерлерди инвентаризациялоо боюнча уюштуруу маселелерин чечүү; жергиликтүү каттоо органынын тиешелүү адистеринин ишке катышуусун камсыздоо, жер фондунун аянты жөнүндө иш жүзүндөгү маалымдардын жер отчетунун маалымдарына карата айырмалары жөнүндө корутундуларды берүү; сугат тутумдары боюнча сугат тарамын жана сугат жерлеринин чек араларын пландык-картографиялык материалга түшүрүү үчүн айыл аймактары боюнча сугат жерлердин аянттары жөнүндө зарыл болгон маалымдар менен камсыздоо; берилген аймактагы жер фондун инвентаризациялоо боюнча талаа иштерин уюштуруу, зарыл болгон материалдар менен камсыздоо.
7. Айыл аймагында жана райондук маанидеги шаарларда - айыл өкмөтүнүн башчысынын (шаардын мэринин) чечими менен жер фондуна инвентаризациялоо жүргүзүүгө практикалык жардам көрсөтүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын (шаардын вице-мэринин) (жумушчу топтун жетекчиси), жергиликтүү кеңештин депутатынын, жергиликтүү каттоо органынын өкүлүнүн, "Кыргызмамжердолбоорлоо" МДИнин адистеринин жана кызыкдар болгон кызматтардын өкүлдөрүнүн курамында жумушчу топ түзүлөт.
Жумушчу топ айыл аймагынын жана райондук маанидеги шаарлардын административдик чек араларындагы жер фондун инвентаризациялоо боюнча иштердин бардык комплекси аткарылган учурда практикалык жардам көрсөтөт.
8. Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын жер фондун инвентаризациялоо боюнча материалдарды кароо үчүн шаардын мэриясы тарабынан: - шаардын вице-мэринин (комиссиянын төрагасы), жергиликтүү каттоо органынын начальнигинин, облустук суу чарба башкармалыгынын начальнигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин шаардык органынын өкүлүнүн, салык кызматынын өкүлүнүн, "Кыргызмамжердолбоорлоо" МДИнин адистеринин, ошондой эле жер участогунун ээлеринин өкүлдөрүнүн курамында, анын ичинде иштерди жүргүзүү ижарачылар тарабынан демилге кылынган учурда алардын катышуусунда шаардык комиссия түзүлөт.
9. Шаардык комиссия:
1) жумушчу комиссия түзгөн жер фондун инвентаризациялоо актысын (1-тиркеме), салыштырма ведомостун (2-тиркеме), шаардын мэриясынын чечимин карайт жана протокол түзөт (3-тиркеме);
2) жерлерди инвентаризациялоонун жыйынтыктарын отчеттуулуктун белгиленген формасына ылайык шаардын мэриясынын бекитүүсүнө киргизет;
3) инвентаризациялоо жүргүзүү мезгилинде төмөнкү функцияларды аткарат: жерлерди инвентаризациялоо боюнча уюштуруу маселелерин чечүү; жергиликтүү каттоо органынын тиешелүү кызматкерлеринин ишке катышуусун камсыздоо, жер фондунун аянты боюнча иш жүзүндөгү маалымдардын жер отчетунун маалымдарына карата айырмачылыктары жөнүндө корутундуларды берүү; сугат тутумдары боюнча сугат тарамын жана сугат жерлердин чек араларын пландык-картографиялык материалга түшүрүү үчүн, шаардын сугат жерлеринин аянты жөнүндө зарыл болгон маалымдар менен камсыздоо.
10. "Кыргызмамжердолбоорлоо" МДИ жер фондун инвентаризациялоо боюнча жумуштардын техникалык аткаруучусу болуп саналат. "Кыргызмамжердолбоорлоо" МДИ инвентаризациялоо жүргүзүү мөөнөтүндө учурдагы бюджет боюнча берилген бюджеттик каражаттардын көлөмүнүн чегинде адистерди ишке тартууга укуктуу.
11. Токой фондунун жерлерин жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлерин инвентаризациялоодо, алардын жалпы аянты жана тышкы чек аралары жөнүндө маалымдар "Кыргызмамжердолбоорлоо" МДИнин жана жергиликтүү каттоо органынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин алдындагы Токой-аңчылык жайгаштыруу департаментинин, токой чарба ишканаларынын, коруктардын, жаратылыш парктарынын, токой жайгаштыруу материалдарынын маалымдары боюнча алынат.
12. Жер фондун инвентаризациялоо боюнча жумуштар төмөнкү ырааттуулукта аткарылат: даярдоо иштери, жерлерди талаалык изилдөө, камералык жумуштар, инвентаризациялоонун жыйынтыктары боюнча материалдарды кароо жана бекитүү.
Даярдоо иштери
13. "Кыргызмамжердолбоорлоо" МДИнин адистери жергиликтүү каттоо органынын адистери практикалык жардам көрсөтүүдө иштин төмөнкү түрлөрүн аткарат:
а) акыркы жылдардагы пландык-картографиялык фонддук сүрөткө тартуу материалдарын тандоо жана изилдөө;
б) тиешелүү мезгилдерде жерлерди сүрөткө тартуу материалдары боюнча аянттарды эсептөө ведомостторун түзүү;
в) жерлер жана анын категориялары боюнча жер фонду жана анын бөлүштүрүлүшү жөнүндө маалыматтарды изилдөө (өткөн жылдын 1-январына карата абал боюнча);
г) чарбалар аралык, чарба ичиндеги жерге жайгаштыруу долбоорлорун, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана жер бөлүп берүү материалдарын изилдөө;
д) өткөн жылдардагы жерлерди, сугат тарамы бар жана сугат жерлерди инвентаризациялоо материалдарын изилдөө;
е) фотопланда эсептелген аянттарды жер участоктун маалымдарына салыштыруу;
ж) 1:10000, 1:25000 жана 1:50000 масштабындагы фотопландарды айыл аймактарын жер пайдалануусунун электрондук карталарын түзүү үчүн сканирлөө жана цифралаштыруу;
з) чек араларды аспаптык тартып алуу талап кылынган участоктордо пландык материалдарды даярдоо.
14. Пландык-картографиялык материалдарды изилдөөнүн натыйжасында жер фондуна инвентаризациялоо жүргүзүү үчүн алардын жарактуулук даражасы, аспаптык тартып алууну же түзөө иштерин жүргүзүүнүн зарылдыгы жана көлөмү аныкталат.
Талаа жумуштары
15. Айыл аймагынын (шаардын) административдик чек араларындагы бардык жерлер талаа изилдөөсүнө алынат. Изилдөөнү ушул Жобонун 7 жана 8-пункттарында көрсөтүлгөн жумушчу топ (комиссия) жүргүзөт.
16. Талаа жумуштарын аткарууда жер фондунун жерлеринин бардык контурларын изилдөө-салыштыруу иштери жеринде жасалат, зарыл болсо аспаптык тартып алуу жүргүзүлөт, анын процессинде пландык материалда төмөнкүлөр чагылдырылат:
а) жер фондунун юридикалык (изилдөө учурундагы) жана иш жүзүндөгү чек аралары;
б) контурлардын чек араларынын өзгөрүшү;
в) жерлер жана анын категорияларынын курамындагы бардык өзгөрүүлөр;
г) жер участоктордун чек аралары, сугат тарамы бар жерлер, сугат жана кайрак жерлер.
17. Контурлардын чек араларындагы жана жеринде башка элементтериндеги өзгөрүүлөрдү аныктоо жана пландык негизге түшүрүү үчүн талаа чечмелөө ыкмасы, аспаптык жана жарым аспаптык тартып алуу (узун-туурасын жана бурчтук өлчөө, тахеометрдик тартып алуу ж.б.) ыкмалары, ошондой эле контурдун аянтын 0,1 гектар тактыкта аныктоону камсыздаган космостук тартып алуу материалдары колдонулат.
18. Жумушчу топ (комиссия) талаа изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча жер фондун инвентаризациялоо жөнүндө актыны түзөт, юридикалык жана иш жүзүндөгү чек аралардагы жер категориялары боюнча жерлердин аянттарынын салыштырма ведомостун жана жерлердин аянттары жөнүндө маалымдардагы айырмалар боюнча түшүндүрмө кат даярдайт.
Камералык жумуштар
19. Даярдоо жана талаа жумуштары жүргүзүлгөндөн кийин, такталган контурлар жана алардын чек аралары, ошондой эле жердин өзгөргөн элементтери белгиленген шарттуу белгилерге ылайык пландык негизге түшүрүлөт.
20. Түзөтүлгөн фотопландарга жер пайдалануунун участоктору боюнча жалпы аянттар (алардын чек аралары өзгөргөн учурда) жана жерлердин өзгөргөн контурларынын аянты эсептелип чыгарылат жана такталат.
Өзгөрүлгөн контурлардын эсептелген аянттары мурда эсептелген (тийиштүү контурлардын жана секциялардын аянттары байланыштырган) аянттар менен байланыштырылат жана жерди инвентаризациялоо ведомосту түзүлөт.
21. Картографиялык материалдарды түзүү менен компьютерде тартып алынган маалыматтарды иштеп чыгуу:
а) сканерленген материалдарды тазалоо жана планшеттерди бириктирүү;
б) айыл аймагынын жер пайдалануу планында сүрөткө тартып алынган маалымдар боюнча жер участокторунун, жерлердин чек араларын түзөтүү;
в) сүрөткө тартып алынган маалымдар боюнча жер фондунун аянттарын тактоо - айыл аймагынын (шаардын) жер пайдалануу картасын түзүү жана аны басып чыгаруу.
22. Отчеттуулуктун белгиленген формасы жана жерди инвентаризациялоо ведомосту боюнча жер фондунун экспликациясын түзүү.
Жер фондун инвентаризациялоо материалдарын кароо жана бекитүү
23. Пландык-картографиялык материалдары менен жерди инвентаризациялоонун материалдары "Кыргызмамжердолбоорлоо" МДИнин техникалык кеңеши тарабынан бекитилет жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кароосуна киргизилет.
Жер фондун инвентаризациялоо материалдары айылдык кеңеште (райондук маанидеги шаардын мэриясында) каралат жана анын чечими менен отчеттуулуктун белгиленген формасына ылайык бекитилет. Бардык инвентаризациялык материалдар райондук комиссияга кароо үчүн жөнөтүлөт. Райондук комиссия инвентаризациялоо материалдарын карайт жана протокол түзөт, андан кийин документтер жергиликтүү райондук мамлекеттик администрациянын чечими менен бекитилет.
Жергиликтүү мамлекеттик администрация бекиткенден кийин көрсөтүлгөн материалдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө кароого киргизет.
Облустук маанидеги шаарлардын деңгээлинде жер фондун инвентаризациялоо материалдары шаардын мэриясынын чечими менен бекитилип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө кароого жиберилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү көрсөтүлгөн материалдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет.
Республикалык маанидеги шаарлардын деңгээлинде жер фондун инвентаризациялоо материалдары шаардын мэриясынын чечими менен бекитилип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жиберилет.
Инвентаризациялоо материалдарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткенден кийин жумуш аякталды деп эсептелет.
24. Ар бир айыл аймагы (шаар) боюнча делолор өзүнчө жасалат жана ал төмөнкү документтерди камтыйт:
- райондун айыл аймактары боюнча жер фондун инвентаризациялоо райондук комиссияны түзүү жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынын чечими;
- айыл аймагынын (райондук маанидеги шаардын) жер фондун инвентаризациялоо боюнча жумушчу топту түзүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын (шаардын мэринин) чечими;
- шаардын жер фондун инвентаризациялоо боюнча шаардык комиссияны түзүү жөнүндө республикалык жана облустук маанидеги шаардын мэриясынын чечими;
- жер пайдалануунун юридикалык жана иш жүзүндөгү чек аралары түшүрүлгөн, айыл аймагындагы (шаар) жер фондунун планы, анда жерлердин контурлары жана аянттары да көрсөтүлөт;
- жерлердин экспликациясы жана жергиликтүү каттоо органынын айыл аймагы (шаар) боюнча жер фонду (өткөн жылдын 1-январына карата) тууралуу отчеттуулуктун белгиленген формасындагы маалымкат;
- райондук (облустук) суу чарба башкармалыгынын айыл аймагындагы (шаардагы) сугат жерлери жөнүндөгү маалымкаты;
- айыл аймагынын (шаардын) жер фондун инвентаризациялоо ведомосту;
- салыштырма ведомосту, эсепке алынган маалымдар менен жер фондун инвентаризациялоонун жыйынтыктарынын ортосундагы айырмачылыктар отчеттуулуктун белгиленген формасы боюнча түзүлөт;
- инвентаризациялоо жүргүзүү жөнүндө жумушчу топтун (комиссиянын) актысы;
- жер фондун инвентаризациялоо жыйынтыктарын бекитүү тууралуу айылдык кеңештин чечими;
- райондук мамлекеттик администрациянын буйругу менен түзүлгөн райондук комиссиянын протоколу, ал ар бир айыл аймагы (райондук маанидеги шаар) боюнча өзүнчө түзүлөт;
- республикалык жана облустук маанидеги шаардын мэриясынын буйругу менен түзүлгөн шаардык комиссиянын протоколу;
- жер фондун инвентаризациялоонун жыйынтыктарын бекитүү жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациянын чечими;
- жер фондун инвентаризациялоо жыйынтыктарын бекитүү тууралуу республикалык жана облустук маанидеги шаардын мэриясынын чечими;
- түшүндүрмө кат.
25. Жер фондун инвентаризациялоо материалдары үч нускада түзүлөт, анын бири "Кыргызмамжердолбоорлоо" МДИнин архивинде сакталат, калгандары (бирден нускасы) айыл өкмөтүнө (шаардын мэриясына) жана жергиликтүү каттоо органына берилет.
|
| Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоону жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 1-тиркемеси |
Форма
20__-ж. "__" _________
__________________ | ______________________ | __________________ |
(облусунун) | (районунун) (шаарынын) | (айыл аймагы) |
1. Бул акт _________ облусунун _________ районунун _________ айыл өкмөтүнүн (шаардын) башчысынын (мэрдин) 20__-жылдын "__" _______ № ____ буйругуна ылайык жер фондун инвентаризациялоо боюнча төмөнкү курамдагы жумушчу топ (комиссия) тарабынан түзүлдү:
жумушчу топтун (комиссиянын) жетекчиси:
_________________ |
| _________________ |
(аты-жөнү) |
| (кызматы) |
жумушчу топтун (комиссиянын) мүчөлөрү:
_________________ |
| _________________; |
(аты-жөнү) |
| (кызматы) |
_________________ |
| _________________; |
(аты-жөнү) |
| (кызматы) |
_________________ |
| _________________; |
(аты-жөнү) |
| (кызматы) |
анткени, 20 жылдын "__" ________ баштап 20-жылдын "__" _______ чейин, __________ облусунун __________ районунун __________ айыл аймагында (шаарында) талаага чыгып изилдөө жолу менен жалпы _________ гектар аянтында жер фондуна инвентаризациялоо жүргүзүлдү.
2. Инвентаризациялоо жүргүзүүдө төмөнкү материалдар колдонулду:
____________________________________________________
(материалдардын аталышы)
____________________________________________________
____________________________________________________
3. Жерди инвентаризациялоонун натыйжалары белгиленген форма боюнча түзүлгөн отчетто көрсөтүлдү.
4. Жумушчу тобунун корутундусу жана сунушу:
____________________________________________________
____________________________________________________
____________________________________________________
Жумушчу топтун (комиссиянын) жетекчиси:
____________________ |
| _____________ |
(аты-жөнү) |
| (колу) |
Топтун (комиссиянын) мүчөлөрү:
____________________ |
| _____________ |
(аты-жөнү) |
| (колу) |
____________________ |
| _____________ |
(аты-жөнү) |
| (колу) |
____________________ |
| _____________ |
(аты-жөнү) |
| (колу) |
5. Бул акт үч нускада түзүлдү, айыл өкмөтүнө (шаардын мэриясына) - 1 нуска, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасына - 1 нуска, райондук комиссияга - 1 нуска.
|
| Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо тартиби жөнүндө жобонун 2-тиркемеси |
Форма
Жерлердин аталышы | Аянты, гектар менен | Айырмасы (+, -) | Айырмасынын себептери | |
01.01.20_-жылга карата жер отчетунун маалымдары боюнча | Инвентаризациялоонун маалымдары боюнча | |||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
(участоктор боюнча) | ||||
1. Айдоо - бардыгы |
|
|
|
|
Анын ичинде сугат тарамы менен |
|
|
|
|
Анын ичинен сугат айдоолор |
|
|
|
|
Кайрак айдоолор |
|
|
|
|
2. Көп жылдык мөмө өсүмдүктөрү - бардыгы |
|
|
|
|
Анын ичинде бактар |
|
|
|
|
Жүзүмзарлар |
|
|
|
|
Башкалар |
|
|
|
|
3. Аңыздар - бардыгы |
|
|
|
|
Анын ичинде сугат тарамы менен |
|
|
|
|
Анын ичинен сугат аңыздар |
|
|
|
|
Кайрак аңыздар |
|
|
|
|
4. Чабындылар - бардыгы |
|
|
|
|
Анын ичинде түп тамырынан бери жакшыртылганы |
|
|
|
|
Анын ичинен сугат чабындылар |
|
|
|
|
5. Жайыттар - бардыгы |
|
|
|
|
Анын ичинде түп тамырынан бери жакшыртылган жайыттар |
|
|
|
|
Экме жайыттар |
|
|
|
|
Бардык айыл чарба жерлери |
|
|
|
|
Анын ичинен сугат тарамы менен |
|
|
|
|
Анын ичинен сугат жерлер |
|
|
|
|
Кайрак жерлер |
|
|
|
|
Жумушчу топтун (комиссиянын) жетекчиси:
_______________ |
| _____________ |
(аты-жөнү) |
| (колу) |
Жумушчу топтун (комиссиянын) мүчөлөрү:
_______________ |
| _____________ |
(аты-жөнү) |
| (колу) |
_______________ |
| _____________ |
(аты-жөнү) |
| (колу) |
_______________ |
| _____________ |
(аты-жөнү) |
| (колу) |
|
| Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо тартиби жөнүндө жобонун 3-тиркемеси |
Форма
_________ облусунун ________ районунун (шаарынын) мамлекеттик администрация башчысынын (мэринин) 20__-жылдын "__" _______ № ___ чечими менен түзүлгөн райондук (шаардык) комиссиянын кеңешмесинин ПРОТОКОЛУ
Катышкандар:
1. ___________ (аты-жөнү), ___________ районунун (шаардын) мамлекеттик администрация башчысынын орун басары (вице-мэр), комиссиянын төрагасы;
2. ___________ (аты-жөнү), __________ райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын (бөлүмүнүн) начальниги;
3. ___________ (аты-жөнү), _________ райондук (облустук) суу чарба башкармалыгынын начальниги;
4. ___________ (аты-жөнү), Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин _______ райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү;
5. ___________ (аты-жөнү), Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин ___________ райондук (шаардык) органынын өкүлү;
6 .___________ (аты-жөнү), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ___________ (аты-жөнү) райондук (шаардык) салык кызматынын өкүлү;
7. __________ (аты-жөнү), Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын адиси;
8. _________ (аты-жөнү), __________ айыл өкмөтүнүн башчысы;
9. _________ (аты-жөнү), __________ айыл өкмөтүнүн башчысы.
КҮН ТАРТИБИ:
___________ облусунун ___________ районунун (шаарынын) _______ айыл аймаганын жер фондун инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча материалдарды кароо.
Угулду:
_________ облусунун ________ районунун (шаарынын) ________ айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоонун жыйынтыгы жөнүндө _________ (аты-жөнү) маалыматы.
Жер фондун инвентаризациялоонун жыйынтыгын карап жана талкуулап, комиссия төмөнкү чечимге келди:
1. _________ облусунун ________ районунун (шаарынын) ________ айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча сунушталган материалдар жактырылсын.
2. Район (шаар) боюнча бардык айыл аймактарда жүргүзүлгөн инвентаризациялоонун жыйынтыктары жалпылансын жана __________ райондук мамлекеттик администрацияга (шаардын мэриясына) кароого жана бекитүүгө берилсин.
1. | ________________ | ___________ |
| (аты-жөнү) | (колу) |
2. | ________________ | ___________ |
| (аты-жөнү) | (колу) |
3. | ________________ | ___________ |
| (аты-жөнү) | (колу) |
4. | ________________ | ___________ |
| (аты-жөнү) | (колу) |
5. | ________________ | ___________ |
| (аты-жөнү) | (колу) |
6. | ________________ | ___________ |
| (аты-жөнү) | (колу) |
7. | ________________ | ___________ |
| (аты-жөнү) | (колу) |
8. | ________________ | ___________ |
| (аты-жөнү) | (колу) |
9. | ________________ | ___________ |
| (аты-жөнү) | (колу) |
|
| Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо тартиби жөнүндө жобонун 4-тиркемеси |
Форма
Контурдун номери | Менчик ээсинин аты-жөнү, жер пайдалануучунун, жер фондунун контурларынын, категорияларынын аталыштары | Жалпы аянт | Анын ичинде сугат жер | Менчиктин түрү боюнча жердин жалпы аянты | Айдоо | Көп жылдык мөмө өсүмдүктөрү | Аңыздар | Чабынды | Жайыт |
| ||||||||||||||||
мамлекеттик | коммуналдык | жеке | бардыгы | анын ичинен | бардыгы | анын ичинен | бардыгы | анын ичинен | бардыгы | анын ичинен | анын ичинен мезгил менен пайдалануу боюнча |
| ||||||||||||||
сугат | кайрак | бактар | суу каптоочу | суусуз жерлер | саздактуу | түп тамырынан бери жакшыртылган | суусуз жерлер | таза | саздактуу | экме жана түп тамырынан бери жакшыртылган | ||||||||||||||||
жайкы | жазгы-күзгү | кышкы |
| |||||||||||||||||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 | 22 | 23 | 24 | 25 | 26 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Мелиорациялык даярдык стадиясындагы жерлер | Короо жанындагы жерлер | Жамааттык | газондор, гүлзарлар | Токой аянттары | Дарактар - бадалдар | Бардык сугат жерлер (9-22 бөл.) | Саздар | Суу астында | Жолдордун, мал айдап өтмө жолдордун, аянттардын астында | Курулуш, короо жана көчөлөр астындагы | Башка жерлер | Сервитуттар | |||||||||
бактар | огороддор | бардыгы | анын ичинен | анын ичинен | анын ичинен | анын ичинен | |||||||||||||||
токой каптаган жерлер | токой каптабаган жерлер | талаа коргоочу токой тилкелери | башка бак дарактар | дарыялар жана өзөндөр | көлдөр, көлмөлөр, суу сактагычтар | каналдар жана коллекторлор | жарлар | мөңгүлөр | аскалар, эшилип түшкөн жерлер, чополуу беттер | пайдаланылбаган башка жерлер | |||||||||||
27 | 28 | 29 | 30 | 31 | 32 | 33 | 34 | 35 | 36 | 37 | 38 | 39 | 40 | 41 | 42 | 43 | 44 | 45 | 46 | 47 | 48 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|