Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2017-жылдын 24-апрели №5-1
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылынын Чалташ бөлүмүндө жашаган жашоочулардын жалпы элдик жыйынынын 2017-жылдын 9-апрелиндеги №1 протоколуна негиз 1988-жылы Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Жин-Жиген айылында туулган Нишан уулу Куштардын басып өткөн жолун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамынын 4 бөлүгүнүн 31-беренесине таянып, депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баглан айылына караштуу Чалташ бөлүмүндө жашаган элдердин 2017-жылдын 9-апрелиндеги жалпы жыйынынын №1 протоколу колдоого алынсын.
2. Баглан айылына караштуу Чалташ бөлүмүндөгү көчөнүн аталышы Совет бийлиги орноп жаткан мезгилде, андан кийин көптөгөн иштерде иштеген эмгегин баалап, Нишан уулу Куштардын наамын коюуга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Рустамовго тапшырылсын.
Тѳрага | А. Топчубаев |
|
|
Баглан айылы | «09» апрель 2017-жыл. |
|
Чогулушка катышкандар: 30 киши.
Чогулуштун торагасы – Куштаров Салижан.
Катчысы: - Карим уулу Чынгыз.
Күн тартибинде каралуучу маселе:
1. Баглан айылынын Чал-Таш участкасынын негизги көчөсүнүн атын Нишанов Куштардын атына коюу маселеси.
Биринчи маселе боюнча сөзгөчыккан, Куштаров Салижан төмөнкүлөргөтоктолду: Туугандар мен биринчи Сиздерге биздин чон атабыз Нишанов Куштар ким болгон ошол туралуу бир аз айтып кетсем.
Бул киши 1886-жылы Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Жин-Жиген айылында туулган. үй-бүлөдөжети кыздын ичинде жалгыз уул болгон жана билимге өтөкызыккан, тырышчаак бала болгон. Молдо Куштар кат тааныган сабаттуу киши болгондуктан Совет бийлиги орноп жаткан мезгилде Совет бийлигине катчы, андан кийин Алай районунда катчы болуп эмгектенген. Алайдан келип Кызыл-Кыя шаарында шахтада эмгек жолун уланткан. Ал кишинин төрт уулу, эки кызы болгон. Балдары да атасын жолун жолдоп шахтада, ал эми эки уулу Кыргыздын күрөш боюнча атактуу спортчулары болгон. Чон атабыз 1973-жылы дүйнөдөн кайткан. Эми айта берсе дагы көп нерселер бар. Эми сөзүмдү кыскартып, Сиздердин менин сунушумду колдоп берүүнүздөрдү суранам.
Биринчи маселе боюнча сөзгөчыккан: Шамшиев К. Биздин жашаган айылыбыздын атын ар ким ар кандай атап жүрүшөт кээ бирөөлөр Чал-Таш деп аташат, кээ бирөөлөр Күнгөй деп жүрүшөт, ошондуктан мен Салижандын сунушун колдоп, Чал-Таш участкасынын негизги көчөсүнө Нишанов Куштар атабыздын атын койсок эн жакшы болот деп ойлоймун.
Сөзгөчыккан Шарафутдинов Жыргал:-Мен да Салижан аканин айканына кошулам, айылыбыздын көчөсүнөат коюп айылдын киреберишине жазып коюбуз керек. Кээде бизге келген меймандар Таш-Булак айылынын күнгөйүнөда адашып кетип калып жатыптыр.
Сөзгөчыккан Куштаров Т. Куштаров А. Куштаров А. айылыбыздын атын биздин чон атабыздын атына коюлса, биз жыл сайын айыл ичиндеги жолдорго шагал төшөп жана башка социалдык маселерди чечүүгө колдон келген жардамыбызды берип турабыз.
Сөзгө чыккан Бөйдөнов С. – Эгерде биз көчөбүздүн атын коюп, жолдун киреберишине жазып койсок, келген меймандарга да түшүнүктүү болот.
Жарыш сөзгөчыгып сүйлөгөн Куштаров С. Шамшиев К. Шамшиев А жогоруда сүйлөгөндөрдү колдошту.
күн тартибиндеги маселени талкуулап, жашоочулардын жалпы чогулушу
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Баглан айылынын Чал-Таш участкасынын негизги көчөсүнөНишанов Куштардын атын коюу маселеси жергиликтүү кенештин сессиясынын кароосуна сунушталсын.
Чогулуштун төрагасы | С. Куштаров. |
|
|
Катчысы | Карим уулу Чынгыз |
|
|