Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2017-жылдын 24-апрели №5-4
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылынын элдик жыйынынын № 1 протоколун угуп жана талкуулап,Ураимов Икрам аксакалдын басып өткөн жылдарында элге кылган чон эмгегин баалап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамынын 4 бөлүгүнүн 31-беренесине таянып депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кожо-Арык айылынын жашоочуларынын 2017-жылдын 14-мартындагы № 1 протоколу колдоого алынсын.
2. Кожо-Арык айылындагы Чүчүк жаны конушундагы Мурзураимов Пайзилданин үйүнөн тартып, Таштемиров Замирдин үйүнө чейин жана Артык ажынын үйүнөн түндүктү карай кеткен жолго Ураимов Икрам аксакалдын атын коюуга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айылдык кеёештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Рустамов К. тапшырылсын.
Тѳрага | А. Топчубаев |
|
|
Кожо-Арык айылы | «07» апрель 2017-жыл |
|
|
Чогулушка катышкандар: 28 киши.
Чогулуштун торагасы-А.Топчубаев
Катчысы-Боркош уулу Д.
Күн тартибинде каралуучу маселе:
1. Кожо-Арык айылынын Чүчүк участкасынын негизги көчөлөрүнүн аттарын Курбанбаев Атакожо жана Ураимов Икрамдын аттарына коюу маселеси.
Биринчи маселе боюнча сөзгө чыккан, Абшыр-Сай айылынын жамаат башчысы Турганов Шакир төмөнкүлөргө токтолду: Туугандар мен биринчи Сиздерге биздин чон атабыз Курбанбаев Атакожо ким болгон ошол туралуу бир аз айтып кетсем.
Бул киши 1896-жылы Ош облусунун Ноокат өрөнүндө туулган. Жаш кезинен тырышчаак бала болгон. Жаштыгы Улуу Ата Мекендик согуш мезгилине туш келип, согушка аттанган. Согуштун каардуу күндөрүн башынан өткөрүп, Жениш менен айылына кайтып келген. Бир нече төш белгилери менен сыйланган. Согуштан кийин айылдын жашоо денгээлин көтөрүү үчүн өз эмгегин аяган эмес. Ошондой эле өзүнүн Атакожо чон атабыз уста болгондуктан элдерге көп жардам берген. Чон атабыз 1995-жылы дүйнөдөн кайткан.
Андан кийин экинчи көчөгө аты берилип жаткан Ураимов Икрам жөнүндө айтып кетчем , ал киши 1942-жылы Ноокат районунун правда колхозунда дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Алты айлыгында атасы согушка кетп , дайынсыз жоголот. Жаштайынан жетим калып согуштун көп запкысын көргөн. Эмгек жолун 1961-жылы Кызыл-Кыя шаарында азык –түлүк бөлүмүндө сатуучу болуп баштаган. Икрам аке өзүн өмүр жолунда элге көп кызмат көрсөткөн. Көпүрөө курууда , жолдорду ондоодо демөөрчүлүк жардам көрсөткөн. 2005-жыл Ураимов Икрам дүйнөдөн өткөн. 4 уул 2 кызды эл керегине жарай турган жогорку билимдүү кылып, тарбиялаган.Эми айта берсе дагы көп нерселер бар. Эми сөзүмдү кыскартып, Сиздердин менин сунушумду колдоп берүүнүздөрдү суранам.
Биринчи маселе боюнча сөзгө чыккан: Топчубаев Абдыманап: Биздин Чүчүк бөлүмүнүн көчөлөрүнө бул эки кишинин аттарын берүүгө толугу менен кошулам, себеби чон аталарыбыз биздин айылга эмгеги синирген инсандардын катарына киришет. Ошондуктан Чүчүк бөүмүнүн көчөлөрүнө ушул кишилердин аттарыны койсок туура болот деп ойлоймун.
Сөзгө чыккан Топчубаев Артык : - Мен да жогорудагы айтылгын сөздөргө толугу менен кошуламын.
Андан кийин сөзгө чыккан Ажимуратов Абдибаит төмөнкүлөргө токтолду: Ушул кишилердин аттары коюлганы жакшы болот деп ойлойм, ушул кишилердин урпактары бул жерде жашашат . Алар айыл ичиндеги жолдорго шагал төшөп жана башка социалдык маселерди чечүүгө колдон келген жардам берип туруусуна мен ишенем.
Күн тартибиндеги маселени талкуулап, жашоочулардын жалпы чогулушу
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кожо-Арык айылынын Чүчүк участкасынын негизги көчөлөрүнүн аттарын Курбанбаев Атакожо жана Ураимов Икрамдын аттарына коюу маселеси жергиликтүү Кенештин сессиясынын кароосуна сунушталсын.
Чогулуштун төрагасы | А.Топчубаев |
|
|
Катчысы | Боркош уулу Д. |
|
|