Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2017-жылдын 24-апрели №5-6
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусу (АЧЖФ) жерлерин ижарага берүү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамынын 27-беренесинин 4-бөлүмүн жетекчиликке алып, (жакыр үй-бүлөлөргө, Ата-Мекендик согуштун, Ооган согушунун, Баткен коогалаңынын, Чэрнобыль согушунун катышуучуларына), айыл өкмөтүнө караштуу жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү жана айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусу (АЧЖФ) жана өздөштүрүлгөн жерлерди берүү боюнча Жер комиссиясынын курамын түзүү жөнүндө даярдалган билдирүүнү угуп жана талкуулап, депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү жана айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусу (АЧЖФ) жана өздөштүрүлгөн жерлерди ижарага берүү боюнча комиссия түзүлсүн (тиркеме 1 баракта).
2. Айыл өкмөтүнө караштуу жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү жана айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусу (АЧЖФ) жана өздөштүрүлгөн жерлерди ижарага берүү (АЧЖФ жерлерин аукцион өткөрүү жолу менен түз ижарага берүү (жакыр үй-бүлөлөргө, Ата-Мекендик согуштун, Ооган согушунун, Баткен коогалаңынын, Чэрнобыль согушунун катышуучуларына) жана бардык ижарачылар менен келишимдерди түзүү жагын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү жана айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусу (АЧЖФ) жана өздөштүрүлгөн жерлерди ижарага берүү (АЧЖФ) жерлерин аукцион өткөрүү жолу менен түз ижарага берүү жана келишимдери бүткөн атуулдар менен октябрь айынын жана март айынын биринчи жумасында өткөрүү жагы комиссия курамына жана айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Мадимаровго жана айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Топчубаев |
|
|
«БЕКИТЕМИН»
____________А.Топчубаев Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин VI- чакырылышындагы депутаттардынкезектеги 5-сессиясынын № 5-6 токтомуна тиркеме
Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү жана айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусу (АЧЖФ) жана өздөштүрүлгөн жерлерди ижарага берүү боюнча комиссиясынын курамы:
Комиссиянын төрагасы: Муратов А.-айылдык кеңештин депутаты
Катчысы: А. Жээнбаева-айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы.
мүчөлөрү: Н.Мадимаров-айыл өкмөт башчы
Турдубаев Э.-айылдык кеңештин депутаты
Камаров А- айылдык кеңештин депутаты
Жунусов Р.-айылдык кеңештин депутаты
Маткаримов С-айылдык кеңештин депутаты
Абдырахманов А- айылдык кеңештин депутаты
Ураимов Р-айыл өкмөтүнүн жер адиси
Рустамов К- жайыт комитетинин төрагасы
Паязов Ж-айыл башчы
Чодонова Ө –айыл башчы
Закиров А –айыл башчы
Маткаримов К –айыл башчы
Абдуллаев Г–Ноокат райондук архитектурасынын жетектөөчү адиси
(макулдугу менен).