Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2017-жылдын 24-апрели №5-10
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылынын жалпы элдик жыйынынын 2017-жылдын 17-апрелиндеги №1 протоколуна негиз Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Турдубаев Мойдундун наамын Салибаев Кылычбектин үйүнөн тартып Төлөсов Арындын үйүнө чейинки аралыктагы көчөнүн аталышы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Турдубаев Мойдундун наамын коюу боюнча угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамынын 4 бөлүгүнүн 31-беренесине таянып, депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кожо-Арык айылынын жашоочуларынын 2017-жылдын 17-апрелиндеги №1 протоколу колдоого алынсын.
2. Кожо-Арык айылындагы Салибаев Кылычбектин үйүнөн тартып Төлөсов Арындын үйүнө чейинки аралыктагы көчөнүн аталышы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Турдубаев Мойдундун наамын коюуга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Рустамов К. Тапшырылсын.
Тѳрага | А. Топчубаев |
|
|
Кожо-Арык айылы | «09» апрель 2017-жыл |
|
|
Чогулушка катышкандар: 21 киши.
Чогулуштун торагасы - Ж. Паязов
Катчысы: - К. Рустамов.
Күн тартибинде каралуучу маселе:
1. Т.Кулатов атындагы борбордук жолдогу Кереге-Таш аялдамасынан кийинки борбордук көчөнү кесип өткөн көчөнүн атын Мойдун Турдубаевдин атын коюу жөнүндө.
Биринчи маселе боюнча сөзгө чыккан, К. Рустамов чогулуштун катышуучуларына Кожо-Арык айылындагы Кызы-Кыя көчөсүнөн тартып, М. Абдырахманов көчөсүнө чейин Мойдун Турдубаевдин атына коюу маселеси боюнча өз сунушун билдирди.
Кийинки сөзгө чыккан А. Шакиров, мен Рустамовдун биздин көчөнү Мойдун Турдубаевдин атына коюу сунушун толук колдойм, себеби Турдубаев Мойдун аксакалды мен жакшы билем ал киши 1930-жылдарда Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп келип, Ош Шаарында ички иштер бөлүмүндө иштеген. Андан кийин Улуу Ата-Мекендик согуш башталганда элдин катарында согушка барып, согуштан аман-эсен келип, өзүбүздүн айылда сельсовет, бригадир болуп иштеген. Андан кийин Төө-Моюнда сельсовет болуп иштеп, кайра өзүбүзгө келип совхоздо ферма башчысы болуп жүрүп ардактуу эс алууга чыккан. Өлкөбүздүн өнүгүшүнө чон салымдарын кошкон.
Андан кийин сөзгө чыккан Ж.Тойгонов жакшы сунуш биз ушундай адамдардын атын атасак, бул кишилердин өмүр жолу өзүнчө бир тарых, жаштарыбызга сабак болот. Мен Турдубаев Мойдун аксакалдын атын коюйну колдоймун.
К. Шакиров Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, көптөгөн сыйлыктардын, орден медалдардын ээси Турдубаев Мойдун аксакалдын атын көчөбүзгө сыймыктануу менен алсак болот.
Жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөн А. Айдыңов, К. Жээналиев, Э. Кабылов жогоруда сүйлөгөндөрдү колдошту.
Күн тартибиндеги маселени талкуулап жашоочулардын жалпы чогулушу
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кожо-Арык айылындагы Кызыл-Кыя көчөсүнөн тартып, М. Аюдырахманов көчөсүнө чейинки көчөнү Турдубаев Мойдундун атына коюу маселеси жергиликтүү Кенештин сессиясынын кароосуна сунушталсын.
Чогулуштун төрагасы | Ж. Паязов |
Катчысы | К. Рустамов |
|
|