Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2017-жылдын 20-сентябры №6-3
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы «Баглан дил-азыгы» мектепке чейинки 26 орундуу билим берүү мекемесине айландыруу боюнча Баглан элинин жамаатынын 2017-жылдын 5-сентябрындагы № 1 протоколун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 29.06.2009-жылкы № 198 «Мектепке чейинки билим берүү жөнүндөгү» мыйзамына ылайык, депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы элдердин 2017-жылдын 5-сентябрындагы чогулушунун № 1 протоколу бекитилсин.
2. «Баглан дил-азыгы» мектепке чейинки билим берүү уюму Мекемесинин Уставын Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү М.Касымовага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жүктөлсүн.
Тѳрага | А. Топчубаев |
|
|
Күн тартибинде:
26 балага ылайыкташкан мектепке чейинки билим берүү мекемесин ачуу жөнүндө.
Чогулушка катышкандар: Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы,айыл башчы,соц адистер, борбордун кызматкерлери жана ата-энелер.
Угулду:
Маселе боюнча «Аруу дил» борборунун жетекчиси Касымова Махабат сүйлөдү. Урматтуу чогулуштун катышуучулары сиздерди чакыруунун себеби өзүңүздөргө белгилүү болгондой эле биз борбордун кызматкерлери 2015-жылдын сентябрь айынан бери «Түштүк Кыргызстан педагогдор союзунун өкүлчүлүгү» коомдук бирикмесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №391-токтомунун негизинде иштеп келе жатабыз. Бул борбор айыл өкмөтү жана коомдук бирикмесинин келишиминин негизинде ачылган. Бул борборго район боюнча турмуштук оор кырдаалга кабылган,үй-бүлөдөн чыгып кетүү коркунучунда турган балдар убактылуу жакын адамдары табылганга чейин үч күндөн үч айга чейин келишет. Эки жылдын ичинде биз болгону 22 (жыйырма эки) бала гана тарбияладык. Айтайын дегеним бир жылда 10-12 бала келип,толук кандуу иш жүрбөй жатат. 2017-жылдын июль айынан бери Т.Кулатов айыл өкмөтү өз бюджетине алып, кызматкерлердин эмгек акысын каржылап келе жатат, бирок ушул күнгө чейин бир да бала борборго келбей толук кандуу иш жүрбөй жаткандыктан,Баглан айылындагы балдарга 26 орундуу мектепке чейинки билим берүү мекемеси ачылса деп,айыл өкмөтүнөн сиздердин жана кызматкерлердин атынан суранамын. Эгер мектепке чейинки билим берүү мекемеси ачылса,анда биз толук кандуу иштей алат элек. 2018-жылдан жергиликтүү бюджеттен кызматкерлердин эмгек маянасы штаттык бирдикке негиз кошо каралса деп суранат элек.
Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Мадимаров Нурдин Султанович сүйлөдү. Мен эмне демекчимин, бул маселени биз жергиликтүү кеңештин депутаттарынын отурумунда албетте талкуулайбыз. Туура бул борбор 2015-жылдын сентябрь айынан бери иштеп келе жатат. Иштеген кызматкерлерге чоң рахмат деймин. Убактылуу балдар келип кетсе да, кээ бир балдарды түнү да карашкан. Бирок өздөрү иштеген иштеринен рахат ала албай жаткандыктан, мектепке чейинки билим берүү мекемеси ачылса деп суранышкандыктан, биз бул маселени колдойбуз, жардам беребиз жана эмгек акыларын штаттык бирдикке негиз мыйзам чегинде чечип беребиз.Бирок балдар алынса алар үчүн эмеректер керек болот. Ал маселени да чечүү керек.
Жарыш сөзгө: Баглан айылынын жашоочусу Батырова Кундуз чыкты. Эмерек маселесин биз ата-энелер жасап берели. Уста өзүбүздүн айылдан болгондуктан,эмеректерди сапаттуу жакшы жасап берет.
Жарыш сөзгө: Баглан айылынын жашоочусу Жоробаева Сайипжамал чыкты. Туура эмеректерди биз жасаталы, анткени балдарыбыз бала бакчага келсе, 9-10 саат ичинде алардын жүрүм-туруму, сүйлөө речи, мамилелери жакшы тарапка өзгөрөт.
Т.Кулатов атынан айыл өкмөтүнүн соцкызматкери Сыдыкова Айдангул сүйлөдү. Мен да ушул маселеге кошуламын,анткени мектепке чейинки билим берүү мекемеси ачылса иш толук кандуу жүрөт. Ошондой эле кызматкерлер да кызыгуу менен иштешет. Райондон борбор алыс болгон себептен кээ бир балдар бул жерге келгенден баш тартышат. Себеби жол акысынын төлөнүшү жана тамак-аш маселеси ойлонтот.
Жогоруда айтылгандарга отурум төмөндөгүдөй чечим кабыл алат:
ЧЕЧИМ:
1. Баглан айылына 26 балага ылайыкташкан мектепке чейинки билим берүү мекемесин ачуу жагы айыл өкмөтү тарабынан суралсын.
2. Баглан айылына 26 балага ылайыкташкан мектепке чейинки билим берүү мекемесине жергиликтүү кеңештен токтом чыгарып берүү жагы суралсын.
3. 2018-жылга жергиликтүү кеңештен Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн бюджетинен кызматкерлер үчүн штаттык бирдик түзүү жагы суралсын.
Отурумдун төрагасы: | Маткаримов.К.М. |
|
|
Катчысы: | Касымова.М.С. |
|
|