Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2017-жылдын 21-ноябры №8-5
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А. Жээнбаеванын билдирүүсүндө USAIDдин «Ийгиликтүү аймак» долбоорун ишке ашырууда кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу боюнча жумушчу комиссиясынын курамын жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жумушчу комиссия жөнүндө Жобону угуп жана талкуулап, депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү USAIDдин «Ийгиликтүү аймак» долбоорун ишке ашырууда кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу боюнча түзүлгөн жумушчу комиссиясынын курамы бекитилсин. (тиркеме тиркелет).
2. Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Жумушчу комиссия жөнүндө Жобо бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Топчубаев
|
|
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ОШ ОБЛУСУ НООКАТ РАЙОНУ Т.КУЛАТОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ ИНН 01706200410310 Т.Кулатов көчөс Кызыл-Булак айылы
|
Email:tkulatova@mail.ru Тел: 0323060015
| КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ НООКАТСКИЙ РАЙОН АЙЫЛ ОКМОТУ ИМ. Т.КУЛАТОВА ИНН 01706200410310 ул.Т.Кулатова село Кызыл-Булак
|
Кызыл-Булак айылы | 21-ноябрь 2017-ж. |
Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Ноокат районунун Төрөбай Кулатов айыл аймагындагы Кызмат көрсөтүүлөрдүн эффективдүү системасын, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана ага болгон мүмкүнчүлүктүн деңгээлин көтөрүүнү уюштуруу максатында:
Буйрук кыламын:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Ноокат районунун Төрөбай Кулатов айыл аймагында кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу боюнча Жумушчу комиссиянын төмөнкүдөй курамын түзүүгө:
1) Көчкөнов Данияр – айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, Жумушчу комиссиянын жетекчиси
2) Сыдыкова Айнагүл – айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери, Жумушчу комиссиянын жетекчисинин орун басары
3) Кадыров Кубанычбек – Жайыт комитетинин инспектору
4) Эргешов Талант – Маданият үйүнүн директору
5) Эргешова Ибадат – Жамааттык активист
6) Камаров Арапбай – айылдык кеңештин депутаты, СПАнын жетекчиси
7) Авазов Мурат – айылдык кеңештин депутаты
8) Тургунбаев Умарбек – Жаштар комитетинин төрагасы
9) Сабиров Имарали – Ветеринардык адис
10) Жээнбаева Аида – айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы
11) Чодонова Өктөм – Аялдар кеңешинин төрайымы, айыл башчы
12) Бобулова Канышай – Жамааттык активист
13) Айдарова Айтбүү – Жамааттык активист
14) Исираилов Тойчубек-айылдык кеңештин депутаты
15) Султанов Бектур-айылдык кеңештин депутаты
1. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысынын орун басары Көчкөнов Даниярга милдеттендирилсин.
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы: |
Мадимаров |