Редакцияот 20.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Т.Кулатов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы

 

2017-жылдын 20-декабры №9-7

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы «Баглан дил- азыгы» мектепке чейинки 26 орундуу билим берүү мекемесинин кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 токтомунун № 3 тиркемесинин, 2015-жылдын 2-декабрындагы № 816 токтомунун, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 215 токтомуна таянып, 2018-жылдын январь айынан штаттык бирдигине негиз жергиликтүү бюджеттен эмгек акы төлөө жөнүндө

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы «Баглан дил-азыгы» турмуштук оор кырдаалдагы балдардын күндүзгү убактылуу келип кетүүчү жана мектепке чейинки 26 орундуу билим берүү мекемесинин кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын 1995-жылдын 30-сентябрындагы №404 токтомунун № 3 тиркемесинин, 2015-жылдын 2-декабрындагы №816 токтомунун, 2016-жылдын 27-апрелиндеги №215 токтомуна таянып, 2018-жылдын январь айынан штаттык бирдигине негиз жергиликтүү бюджеттен эмгек акы төлөп берүү үчүн Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы «Баглан дил-азыгы» турмуштук оор кырдаалдагы балдардын күндүзгү убактылуу келип кетүүчү жана мектепке чейинки 26 орундуу билим берүү мекемесинин кызматкерлерине 2018-жылдын январь айынан штаттык бирдикке негиз жергиликтүү бюджеттен эмгек акы төлөнүп берилсин.

2.    Кызматкерлердин эмгек акысын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Мадимаровго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А. Зулпуевге жүктөлсүн.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Экономика, бюджет , соода жана ишкердүүлүк боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

Тѳрага

А. Топчубаев