Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 336 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-декабры № 816
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 "Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө", "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 "Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде:
- аталышындагы "мектепке чейинки мекемелеринин" деген сөздөр "мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- II бөлүм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"II. Бир топко эсептелген штаттар
Кызмат ордунун аталышы | 6 күндүк иш жумалыгында | 5 күндүк иш жумалыгында | ||
Иштин узактыгы сааттар менен | 24 саат | 3 саат | 10 саат | 24 саат |
Ясли топтору: |
|
|
|
|
Тарбиячы | 3,6 | - | 1,55 | 3,0 |
Санитарка-бала багуучу | 3,33 | - | 1,3 | 2,75 |
Мектепке чейинки топтор: |
|
|
|
|
Тарбиячы | 2,2 | 0,75 | 1,55 | 2,0 |
Тарбиячынын жардамчысы | 1,5 | 0,5 | 1,15 | 1.5 |
";
жогоруда аталган тиркеменин Эскертүүсүндө:
- бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү жана сандагы "мектепке чейинки мекемелерде", "мекемелерде" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү жана сандагы "мектепке чейинки билим берүү уюмдарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 1-1 жана 1-2-пункттар менен толукталсын:
"1-1. Кыска мөөнөткө баруучу мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчисинин (башчысынын) кызмат орду уюмда 5 жана андан көп топ болгондо киргизилет. 5тен кем эмес топ болгон мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчисинин (башчысынын) милдеттерин аткаруу тарбиячыга жүктөлөт, ага жетекчилик үчүн кошумча төлөм 1 топ болсо - жетекчинин кызматтык маянасынын 20 пайызы өлчөмүндө, 2 топ болсо - жетекчинин кызматтык маянасынын 30 пайызы өлчөмүндө, 3 топ болсо - жетекчинин кызматтык маянасынын 40 пайызы өлчөмүндө, 4 топ болсо - жетекчинин кызматтык маянасынын 50 пайызы өлчөмүндө белгиленет.
1-2. Жетекчиге (башчыга) жана жетекчинин (башчынын) милдеттерин аткаруучу тарбиячыга мектепке чейинки билим берүү уюмунун ишин методикалык жана чарбалык камсыздоо боюнча милдети жүктөлөт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1. Вариативдүү мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын топтору ар түрдүү курактагы балдардан комплектелиши мүмкүн. Мында түрдүү курактагы топтун толумдуулугу 25 баладан ашпоого тийиш.";
4-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:
"4-1. Кыска мөөнөткө баруучу мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысынын жардамчысына мектепке чейинки билим берүү уюмунун жайларын тазалоо боюнча иштер жүктөлөт.";
төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пункт менен толукталсын:
"5-1. Кыска мөөнөткө баруучу мектепке чейинки билим берүү уюмуна барган балдарды медициналык тейлөө мектепке чейинки билим берүү уюму жайгашкан калктуу пунктту тейлеген үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна жүктөлөт.".
2. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын штаттык санын түзүү бекитилген эмгек акы фондусунун чегинде жүргүзүлөөрү белгиленсин.
3. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына эмгек акынын жалпы фондусунун чегинде төмөнкү укуктар берилсин:
- өндүрүштүк зарылчылыкка жараша штаттык расписаниени өз алдынча түзүү;
- штаттык расписаниеге типтүү штатта каралган бир кызмат ордуна эмгек акынын жалпы фондусунун чегинде башка кызмат орундарын киргизүү.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 11-декабрында N 119 жарыяланды
Премьер-министри | Т.Сариев |