Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2017-жылдын 24-декабры №9-11
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2017-жылга айылдык бюджетинин аткарылышы, 2018-жылга каралган айылдык бюджетти жана 2018-2019-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселесин «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде иштелип чыгарылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» Мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна ылайык, депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 31-декабрындагы 2014-жылдагы №182 мыйзамында «Кыргыз Республикасынын салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Салык Кодексинин 337-статьясынын 6-пунктуна өзгөртүү киргендигине байланыштуу айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн дыйкан чарбалардын жер салыгынын базалык ставкасы 30 % көтөрүлүп-суулуу айдоо жерди 536,9 тыйынга ,ал эми кайрак айдоо жерди 80,99 тыйын, көп жылдык бакты 302,90 тыйынга көтөрүү сунушу бекитилсин. (тиркеме тиркелет).
2. 2018-жылга айылдык бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактарына түшүүчү акча каражатын туура пайдалануу жагы айыл өкмөт башчысына жана финансы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Топчубаев |
|
|
| Депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын № 11 токтомуна тиркеме
|
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө 2018-жылга айылдык бюджетке түшүүчү физикалык тараптардан алынуучу жер салыктарынын түрлөрү үчүн акы төлөмдөрүн көтөрүү боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.
№ | Салыктын түрлөрүнүн аталыштары | 2017-жылга базалык ставкасы (сом) айылдык кеңештин чечими менен | 2018-жылга карата (сом) | Жалпы суммасы |
1 | Суулуу жер салыгы | 413 сом | 123,9 | 536,9 |
2 | Кайрак айдоо жери | 62,30 | 18,69 | 80,99 |
3 | Көп жылдык бак | 233 сом | 69,9 | 302,90 |
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин жооптуу катчысы: | А. Жээнбаева |
|
|