Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2017-жылдын 24-декабры №9-13
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылынын айыл башчысы К.Маткаримовдун билдирүүсүндө 2017-жылдын 15-декабрында элдик жыйында Баглан айылынан Кулуштан калктуу конушу болгондугуна байланыштуу «Кулуштан» “айылы” макамын алуу үчүн өткөргөн чогулушунун протоколун угуп жана талкуулап,Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтомуна таянып, депутаттардын айылдык Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы «Кулуштан» калктуу конушунун тургундарынын калктуу конушуна «айыл» макамын алуу жөнүндөгү 2017-жылдын 15-декабрындагы №4 жалпы элдик чогулушунун протоколу бекитилсин.
2. Айыл аймагындагы Кулуштан калктуу конушуна «айыл» макамын алып берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Топчубаев |
|
|
Т.Кулатов атындагы айыл аймагына караштуу Кулуштан калктуу конушунун жалпы элдик жыйындын чогулушунуну
ПРОТОКОЛУ № 4
«15» 12 2017-жыл | Кулуштан калктуу конушу |
Чогулуштун катышкандардын саны: 375 киши
Чогулуштун төрагасы: К. Маткаримов.
Катчысы: И. Дурсуналиев.
Күн тартибиндеги маселе:
1. Кулуштан калктуу конушуна Макамын алуу жөнүндө
2. Айыл ичиндеги ар түрдүү маселелер
Угулду:
Кулуштан калктуу конушуна Макамын алуу боюнча К.Маткаримов сөз сүйлөдү. Ал Кулуштан калктуу конушу илгертен эле өз алдынча айыл болуп бөлүнүп келгендигин, башка айылдардан бөлүнүп тургандыгы той топосу, мазары, дарбишанаси ж.б. Элге тийешелүү чогулуштары, жыйындары өз алдынча болуп келгендигин белгилеп, эмне себептен ким тарабынан айыл макамын алып койгондугу түшүнүксүз. Ошондуктан Кулуштан калктуу конушу өз алдынча айыл Макамын алуу үчүн Айылдык Кенешке, айыл өкмөтүнө бул маселени койушубуз керек деди.
Андан кийин сөзгө чыккандар
Жарыш сөзгө чыккан айыл аксакалы Эгемназаров Өктөм төмөнкүлөргө токтолду: Урматтуу бүгүнкү чогулуштун катышуучулары сиздер менен биргеликте мына бүгүн жакшы маселе козгоп жатабыз, чындыгында айылыбыз чон. Айылыбызга өзүнчө Макам алып, атын «Кулуштан» деп атап алсак жакшы болор эле, бул маселе чечилип калса айыл тургундары баары эле макул болот деп ойлоймун.
Сөзгө чыккандар И.Дурсуналиев, К.Колдошов, Р.Омурзакова, И.Абдырахманов ж.б. колдошту. жогоркулар үчүн Кулуштан калктуу конушунун жалпы элдик жыйыны
Чечим кылат:
Кулуштан калктуу конушуна Макамын берүү жана жогорку оргондардан суроо жагын Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын башчысынан жана Айылдык кенешке сунушталсын.
Кулуштан калктуу конушунун чогулушунун төрагасы: |
К. Маткаримов | |
| ||
Катчысы: | И. Дурсуналиев. | |