Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-декабры №8/5
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясынын отуруму күн тартибине Өзгөн шаар мэриясынын 2017-жылдын 27-октябрындагы №849 катынын жана «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча», «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларынын биргелешкен отурумунун 2017-жылдын 15-ноябрындагы №4 протоколунун негизинде киргизилген маселени угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарында 2017-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесиндеги аткарылган иштерден үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен тиркемедеги иштерди аткарууга 975,7 миң сом акча каражатын каржылоого макулдук берилсин. 2017-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесинде долбоорлор менен иштөөгө колдоо көрсөтүүгө каралган 1191,7 миң сом каражаттын 386,6 миң сомун шаардын көчөлөрүнүн уңкур-чуңкурларын оңдоо иштерине иштетүүгө макулдук берилсин.
2. Жогорудагы иштердин мыйзамга ылайык аткарылышын камсыз кылуу МММБ департаментинин директору Б. Базарбаевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Джалилов |
|
|
| Тиркеме Өзгөн шаардык кеңешинин2017-жылдын 21–декабрындагы кезектеги VIII сессиясынын № 8/5 токтому менен бекитилди
|
2017-жылда титулдук тизмеге киргизилип, аткарылган иштерден үнөмдөлгөн акчанын эсебинен кошумча аткарылуучу иштердин титулдук тизмеси.
№ |
Жумуштардын аталышы | Акча каражаты (миң сом) |
1 | Азбест жана темир суу түтүкчөлөрүн сатып алуу | 128,0 |
2 | Брусчатка орнотууга | 110,0 |
3 | «Ай-Мээрим» балдар бакчасынын жаңы курулган имаратына «Слив» орнотууга | 25,0 |
4 | БУУӨП менен биргеликте курулуучу «Жаныбек-Казы» кварталына ажатканага | 292,7 |
5 | БУУӨП менен биргеликте курулуучу «Таштак» кварталына курулуучу скважинага | 100,0 |
6 | «/ч-Дөбө» кварталындагы Туран жана А.Каххаров көчөлөрүнө көпүрөө курууга | 80,0 |
7 | Өзгөн шаарынын «Билим берүү» тармагынын башкы имаратына 2 орундуу ажаткана курууга | 150,0 |
8 | Өзгөн шаар архитектура башкармалыгына аткарган иштери үчүн | 90,0 |
| Жалпы суммасы | 975,7 |
2017-жылдын титулдук тизмесинин 7-пунктунда Долбоорлор менен иштөөгө колдоо көрсөтүү максатында каралган 1191,7 миң сом акчанын эсебинен шаардын көчөлөрүнүн ункур-чункурларын оңдоого 386,6 миң сом