Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
2018-жылдын 27-февралы №8
Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин жана социалдык объектилерди 5 жылдык мөөнөт менен тоорук аркылуу ижарага берүү үчүн старттык баасын жана кадамын аныктап, бекитип берүү, ижара акысын төлөбөгөн ижарачыларды келээрки тоорукка киргизбөө максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Зардалы айылындагы КБФнун эсебиндеги 0,17 га, Көк-Дөбө участкасындагы 60,0 га, Б. Нарматов атындагы орто мектебинин багы 1,10 га жана социалдык обьектте турган Кара-Бак мончосу, борбордук спорт аянтчанын түштүк тарабындагы №1 лот тоорукка коюлуп, старттык баасы жана кадамы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2012-2017-жылдарда ижара акысын төлөбөгөн ижарачыларды келээрки тоорукка киргизбөө чарасын көрүү жагы айыл өкмөткө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Каламбеков |
|
|
| Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясынын 27.02.2018-жылдагы № 8 токтомуна №1 тиркеме
|
1. Зардалы айылы боюнча 1,0 га жер аянты - старттык баасы 3000 сом, кадамы 300 сом.
2. Көк-Дөбө участкасынан 5,0 га жер аянты - старттык баасы 5000 сом, кадамы 500 сом;
3. Б.Нарматов атындагы орто мектебинин багы 1,10 га, - старттык баасы 5000 сом, кадамы 500 сом;
4. Кара-Бак мончосу - старттык баасы 10000 сом, кадамы 1000 сом;
5. Спорт аянтчанын түштүк жагындагы №1 лот - старттык баасы 3000 сом, кадамы 300 сом;