Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Керме-Тоо айылдык Кеңешинин кезектеги VI чакырылышынын VII сессиясы
2018-жылдын 08-февралы №7/1
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары, күн тартибиндеги маселе боюнча, айылдык кеңештин иш планын карап, кызуу талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керме-Тоо айылдык кеңешинин 2018-жыл үчүн иш планы алымча-кошумчасы менен бекитилсин. (иш план тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Тѳрага | Жунус уулу Илязбек |
|
|
| Керме-Тоо айылдык кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы №7/1 токтомуна №1 тиркеме |
Керме-Тоо айылдык кеңешинин 2018-жыл үчүн түзүлгөн планы
№ | Иш пландын аталышы | Аткаруу мөөнөтү | Аткаруучулар |
1 | Айылдык кеңештин регламентин (иш планын бекитүү ) | 2018-жыл 1- квартал | Жунус уулу И. Токуров У |
2 | Керме-Тоо айыл өкмөтүндөгү иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчиктин пайдаланышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн программаларынын аткарылышы жана калктын социалдык жактан корголушу жөнүндө 2017-жыл үчүн жылдык отчет | 2018-жыл, 1- квартал | Гулжигитов С.Т. |
3 | Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча аткарылышы | 2018-жыл, 1- квартал | Рысбаева А Айылдык кеңештин бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы |
4 | Жайыт комитетинин 2017-жылда аткарган иштери жана бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету жана 2018-жыл үчүн бюджетинин жана иш планын бекитүү жөнүндө | 2018-жыл, 1- квартал | Тагаев Ж Айылдык кеңештин айыл чарба жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия |
5 | Мал жандыктарды алдын ала эмдөө жана бирка басуу иштери жөнүндө | 2018-жыл, 2- квартал | Ш. Толубаев |
6 | Жайлоого кетүүчү мал жандыктар үчүн тарифтик өлчөмүн бекитүү | 2018-жыл, 2- квартал | Ш. Толубаев Ж. Тагаев Айылдык кеңештин айыл чарба жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия |
7 | Жазгы талаа иштерин өз убагында камсыз кылуу максатында айдоо, малалоо, себүү, арык тартуу ж.б. жумуштардын аткарылышы жөнүндө | 2018-жыл, 2- квартал | А. Шерматов Айылдык кеңештин айыл чарба жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия |
8 | Бюджеттин 2018-жылдагы кирешелер жана чыгашалар боюнча 6 айлык планынын аткарылышы жөнүндө | 2018-жыл, 3- квартал | Рысбаева А Айылдык кеңештин бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы |
9 | Саламаттыкты сактоо мекемелеринин калкты тейлөөдө аткарып жаткан иштери жөнүндө | 2018-жыл, 3- квартал | К. Асанбаева Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия |
10 | Керме-Тоо айыл аймагындагы ветсервичтердин ишмердүүлүгү жөнүндө | 2018-жыл, 3- квартал | А. Шерматов Айылдык кеңештин айыл чарба жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия |
11 | Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн коомдук алдын алуу борборунун Керме-Тоо айыл аймагы боюнча 2018-жылда кылмыштуулукту алдын алуу, коомдук тартипти сактоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери жана алдыдагы милдеттери жөнүндө | 2018-жыл, 4- квартал | М. Хакимов К. Асанбаева Социалдык иштер боюнча туруктуу комиссия |
12 | Керме-Тоо айыл аймагынын калкын таза суу менен камсыз кылуунун абалы жана 2018-жылда аткарылуучу иш чаралар жана алдыдагы милдеттер жөнүндө | 2018-жыл, 4- квартал | А. Мурзаев Социалдык иштер боюнча туруктуу комиссия |