Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Оро айылдык Кеңешинин X чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2017-жылдын 12-январы №01
Оро айылдык кенешинин 10-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы каралган маселелерди талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Оро айылдык кенешинин Регламенти айрым өзгөртүүлөр менен кабыл алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары З. Тойчубековага жүктөлсүн.
Тѳрага | Н. Шадыбеков |
|
|
Депутаттардын Оро айылдык Кенешинин Х- чакырылышынын
Кезектеги 2- сессиясында жактырылып кабыл алынды.
12.01.2017ж. Оро айылдык КЕНЕШИНИН Кыргызстан айылы.
РЕГЛАМЕНТИ
I БӨЛҮК
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-глава.
Оро айылдык Кенеши.
2-глава.
Айылдык кенештин компетенциясы.
II БӨЛҮК
Айылдык Кенештин структурасы жана органдары
3-глава.
Айылдык Кенештин торагасы жана айылдык Кенештин орун басары
4-глава.
Айылдык Кенештин жооптуу катчысы
5-глава.
Айылдык Кенештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
III БӨЛҮК
Айылдык кенештин ишинин жалпы тартиби
6-глава.
Айылдык кенештин биринчи сессиясы
7-глава.
Айылдык кенештин сессиясынын кун тартиби жана ишти пландаштыруусу
8-глава.
Айылдык кенештин сессиясында маселелерди даярдоо жана кароо тартиби
9-глава.
Айылдык кенештин токтомдорунун долбоорлорун кароо тартиби
10-глава.
Айылдык кенештин сессиясынын жумушчу органдары жана райондук кенештин ишмердигин камсыздоо
11-глава.
Айылдык кенештин депутатынын сессия учурундагы укугу жана милдети
12-глава.
Коомдук угуулар
IV БӨЛҮК
Айылдык кенештин торагасын жана тораганын орун басарын шайлоонун жол-жобосу жана тартиби
13-глава.
Айылдык кенештин торагасын жана анын орун басарын талапкерлерди корсотуу тартиби
14-глава.
Жашыруун добуш берууну уюштуруунун тартиби
15-глава
Айылдык кенештин финансы-чарбалык иш-аракети жана мулку
16-глава
Айылдык кенештин ыйгарым укуктарын токтотуу
I БӨЛҮК
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-глава.
Депутаттардын Оро айылдык кенеши
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жонундо»мыйзамына ылайык
депутаттардын айылдык кенеши айылдын окулчулуктуу органы болуп саналат. Айылдык кенештин ыйгарым укугунун мооноту торт жыл.
Айылдык кенеш озунун ишин КР Конституциясына, КР Мыйзамына, КР Президентинин жана
Жогорку Кенешинин, Окмотунун ченемдик-укутук актыларына жана ушул Регламентке ылайык алып барат.
Айылдык кенештин Регламенти айылдык кенештердин ишин уюштуруу тартиби, алардын
укуктук жана уюштуруучу негиздерин, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын структураларын, сессияларды откоруу моонотун аныктайт.
Айылдык кенештин сессиясы кварталында кеминде бир жолу жана жалпы депутаттардын 1/3
талабы боюнча откорулот.
Айылдык кенештин аймагында жайгашкан бардык мекеме-уюмдар, менчик формасына карабастан
Айылдык кенештин токтомдорун аткарууга милдетуу.
Айылдык кенештин токтомдору Кыргыз Рсепубликасынын мыйзамдарына ылайык алынып
салынышы же жокко чыгарылышы мүмкүн.
1.7 Депутаттардын ыйгарым укуктарын төмөндөгүлөрдүн кызмат оруну менен айкалыштырууга болбойт:
1) айыл өкмөт башчысынын жана анын орун басарынын;
2)айылдык кеңештин жооптуу катчысынын;
3)айылдын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын кызматкеринин;
4)Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын;
5) Өкмөт мүчөсүнүн же мамлекеттик кызматчынын.
2-глава.
Айылдык кенештин компетенциясы
2.1 Айылдык кенештер «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жонундо КР Мыйзамынын 31-статья-
сына ылайык төмөндөгү маселелер боюнча токтомдорду карайт жана кабыл алат.
1). Айылды социалдык-экономикалык жактан онуктуруунун сратегиясын, болжолун, пландарын
жана программасын, райондо айлана-чойрону калыбына келтируунун жана коргоонун
программаларын бекитуу жана алардын аткарылышына козомолду ишке ашыруу;
2). Айыл окмотунун бюджети жана анын аткарылышы жонундо отчетту, ошондой эле атайын фонддорду
пайдаланууну бекитуунун тартиби;
3). Талап кылынбаган жана пайдаланылбаган жайыттарды пайдалануунун маселелери;
4). Тиешелуу аймакта иштердин абалы жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун
башчысынын маалыматын жылына бирден кем эмес угуу;
5). Жергиликтуу оз алдынча башкаруунун башчысынын айыл окмотунун кызмат ордуна дайындоо
учун Мыйзамда белгиленген тартипте талапкерлик боюнча сунуш киргизуу;
6). Айылдык кенештин депутаттарынын жалпы санынын учтон эки добушу менен оз милдеттерин
аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы учун жергиликтуу мамлекеттик
администрациянын башчысына ишеним көрсөтпөө;
7). Мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын моонотунон мурда
токтотуу;
8). Мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдарына киргизүү максатында администрациялык-
аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды туруктуу комиссиялардын катышуусу менен иштеп чыгуу;
9). Кенештин торагасын жана анын орун басарын шайлоо алардын жогорку же атайын билимин,
жетекчилик иш тажырыйбасын эске алып, аларды кызмат ордунан бошотуу,
кенештин торагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерин
жокко чыгаруу;
10). Айылдык кенештин регламентин кабыл алуу;
11). Айылдык кенештин чечимдеринин аткарылышын контролдоо;
12). Окмот тарабынан аныкталган типтуу ченемдердин негизинде айыл өкмөтүнүн аппаратынын тузумун жана штаттык санын бекитүү;
13). Мыйзамга ылайык долбоорлук иштерди, курулушту, жолдорду, копуролорду турак жай
фондун, ошондой эле коммуналдык чарба, экономика, социалдык чойро жаатындагы жана
айылдык маанидеги оюн-зоок объектилерин куруу, кутуу жана модернизациялоо боюнча
сунуштарды киргизуу;
14). Айылдык маанидеги социалдык-маданий мекемелерди ачуу, кайра уюштуруу жана жоюу
жонундо маселелерди макулдашуу;
15). Айылдык маанидеги илимий, окуу-тарбия, маданий-тарбия, жаштардын спорттук иш-
чараларын уюштуруу жана откорүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
16). Мыйзамга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары менен куч-
аракетти бириктирүү, анын ичинде коомдук пайдалуу иштерди жана тейлөө кызматтарын
жузого ашыруу максатында чек аралык кызматташуу маселелери, ошондой эле жалпы
кызыкчылыкты көздөгөн иш-чараларды жузого ашыруу же жумуштарды аткаруу максатында
ата мекендик жана чет өлкөлүк чарбакер субъектер жана коомдук бирикмелер менен
кызматташуу жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын
коргоо, коомдук пайдалуу жумуштарды жана тейлөө кызматтарын жүзөгө ашыруу бекитүү;
17). Айылдын символикасын жана жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
18). Судьялардан, прокурорлордон, улуттук коопсуздуктун мамлекеттик органынын аймактык
бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика органдарынын,
ошондой эле ведмостволук аймакта жайгашкан башка мекемелер менен уюмдардын
жетекчилеринен башка мамлекеттик бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн ишине
контролду ишке ашыруу, алар милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда жогоруда
корсотулгон органдардын жетекчилерин кызмат ордунан четтетуу боюнча маселелерди коюу;
19). Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка маселелер.
II БӨЛҮК
Айылдык кенештин структурасы жана органдары
3-глава
Айылдык кенештин төрагасы жана айылдык кенештин коомдук төрагасынын орун басары
Айылдык кенештин төрагасы;
3.1 айылдык кенештин сессиясын депутаттардын көпчүлүгүнүн сунушун эске алып чакырат жана
төрагалык кылат, токтомдорго, протоколдорго жана айылдык кенештин башка документтерине кол коет, алардын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
3.2 Жарандардын арыздарын, даттанууларын жана кайрылууларын карайт.
3.3 Мамлкеттик сыйлыктар менен сыйлоо жонундо, Кыргыз Республикасынын Ардак наамдарын
ыйгаруу сунуштары менен жогорку органдарга кайрылат.
3.4 Кенештин регламентинин аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
3.5 айылдык кенештин торагасынын орун басарына талапкерлигин шайлоо тууралуу сунушту
киргизет.
3.7 Кыргыз Республикасынын мыйзам чегинде кенештин компетенциясына кирген дагы башка
маселелерди чечет.
3.8 айылдык кенештин жаны чакырылышындагы биринчи жаны сессиясына чейин өзүнүн кызматын аткарат.
Айылдык кенештин коомдук башталыштагы орун басары:
3.9 айылдык кенештин төрагасынын орун басары айылдык кенештин төрагасынын милдетин, ал
жок учурда же төрага өзүнүн милдетин аткара албай калган учурда өз ишин коомдук башталышта өз
ишин жүргүзөт жана аткарат.
4-глава
Айылдык кенештин жооптуу катчысы
Жооптуу катчы:
4.1 Депутаттарды алар озунун ыйгарым укуктарын аткарууда тийиштуу маалымат менен камсыздайт.
4.2 айылдык кенештин келечектүү планын аткарууну камсыздайт.
4.3 айылдык кенештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын иш-аракетин камсыздайт.
4.4 айылдык кенешке түшүүчү документтердин эсебин алат жана аткарылышын козомолго алат.
4.5 айылдык кенештин сессиясынын материалдарын даярдайт жана аларды айылдык кенештин
депутаттарына чейин жеткируусуно козомол кылат.
4.6 Депутаттарды, уюмдардын, ишканалардын жетекичилерин, жергиликтуу өз алдынча башкаруу
органдарынын коомдук өкүлдөрүн жана башка адамдарды сессия ишине катышууга
чакырууну уюштурат.
4.7 айылдык кенештин сессиясына депутаттардын катышуусунун эсебин алууну жургузот.
5-глава
Айылдык кенештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
5.1 Кенештин туруктуу комиссиялары өз ишин «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзөт.
5.2 Туруктуу комиссия айылдык кенештин карамагына таандык маселелерди алдын ала карап
чыгуу жана даярдоо ошондой эле кабыл алынган чечимдердин аткарылышын уюштуруу жана
көзөмөлдөө учун түзүлөт. Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү маселелерди алдын ала карайт
жана даярдап сессиянын күн тартибине алып чыгат. Туруктуу комиссиялар зарылчылыгына
жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес отурум өткөрөт жана чечим кабыл алат.
5.3 Туруктуу комиссиялар айылдык кенештин ыйгарым укугунун мөөнөтүндө айылдык кенеш
тарабынан түзүлөт. Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоо тартиби
айылдык кенеш тарабынан аныкталат. Айылдык кенештин депутаты бир гана туруктуу
комиссиянын мүчөсү боло алат жана ар бир депутат туруктуу комиссиясынын курамына кириши керек.
5.4 айылдык кенеш атайын тапшырмаларды аткаруу максатында убактылуу комиссияларды түзө алат.
5.5 Убактылуу комиссиялар көрсөтүлгөн мөөнөттө тапшырмалардын аткарылышы боюнча
жыйынтыктары жөнүндө айылдык кенешке отчет берет.
5.6 Тапшырмаларды аткаргандан кийин убактылуу комиссиялар өз ишмердүүлүгүн токтотот.
III БӨЛҮК
Айылдык кенештин жалпы иш тартиби
6-глава
Айылдык кенештин биринчи сессиясы
6.1 Кайрадан шайланган айылдык кенештин биринчи сессиясы айылдык кенешке шайлоо өткөрүлгөндөн
кийин эки жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен мурдагы чакырылыштагы айылдык кенештин төрагасы
же депутаттардын ичинен чыккан демилгечи топ тарабынан чакырылат. Айылдык кенештин биринчи
сессиясын кайрадан шайланган айылдык кенештин курагы боюнча аксакал депутат ачат.
6.2 Айылдык кенештин сессиясы депутаттардын жалпы санынан үчтөн экиси катышканда ишти алып
барууга укуктуу.
6.3 Айылдык кенештин биринчи сессиясынын күн тартибине айылдык кенештин Регламенти, төрагасын
анын коомдук башталыштагы орун басарын шайлоо маселеси айылдык кенештин жана структураны
түзүү жана айылдык кенештин ишине байланышкан башка маанилуу маселелер коюлат.
6.4 Айылдык кенештин төрагалыгына талапкер көрсөтүү тартиби жана шайлоого байланыштуу башка
процедуралык маселелерди кароо ушул Регламентке ылайык каралат.
7-глава
Сессиянын күн тартиби жана айылдык кеңештин ишин пландаштыруу
7.1 Сессиянын күн тартиби жана иш тартиби сессиянын төрагасы тарабынан сунушталат, депутаттар
талкуулайт жана бекитет. ошол күнгө айылдык кенештин сессиясынын күн тартиби сессиянын күн
тартибинин кезектеги маселесин жана аларды карап чыгуунун тартибин камтууга тийиш.
7.2 Депутат тарабынан сунушталып кргизилген сессиянын күн тартибине өзгөрүүлөр жана толуктоолор
тууралуу сунуш депутаттар тарабынан талкууланат жана көпчүлүк добуш менен бекитилет Айылдык
кенештин аппараты менен биргеликте, айылдык кенештин төрагасы даярдаган айылдык кенештин
кезектеги сессиясынын кун тартибинин долбоору депутаттарга таркатылып берилет.
7.3 айылдык кенештин иш планы бир жылга тузулот. Айылдык кенештин иш планынын долбоорун
даярдоону айылдык кенештин аппараты жүргүзөт.
7.4 Айылдык кенештин депутаттары айылдык кенештин туруктуу комиссиялары, айылдык жергиликтүү
Өз алдынча башкаруунун башчысы айылдык кенештин иш планына маселелерди киргизүү укугуна ээ.
Айылдык кенештин бекитилген иш планына маселерди аныктоону өзгөртүү, жаны маселелерди
киргизүү, маселелерди алып салуу айылдык кенештин сессиясынын токтому менен таризделет.
8-глава
Айылдык кенештин сессиясына маселелерди даярдоонун жана карап чыгуунун тартиби
8.1 Ушул регламентте белгиленген тартипте айылдык кенештин кароосуна коюла турган документтердин
пакети төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- докладчыны көрсөтүү менен маселени даярдоого жооптуу адам тарабынан кол коюлган коштомо кат.
Эгерде документ айылдык кенеш тарабынан мурда кабыл алынган токтомду аткаруу үчүн
даярдалса, анда коштомо катка тийиштүү шилтеме жасалат;
- айылдык кенештин токтомунун долбоору.
Эгерде айылдык кенештин токтомунун долбоору материалдык же финансылык ресурстардын
тушуусун же чыгымын караган сунуштар камтылса, анда иштеп чыгуучулар тарабынан каржылоо
булактары көрсөтүлүү менен тийиштүү эсеп-кысаптар берилет.
8.2 Токтом долбоору каралганда айылдык кенештин депутаттарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрүнүн, талкуулоого катышуу үчүн чакырылган адамдардын сунуштары жана
сын-пикирлери угулат.
Айыл өкмөтүнүн бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгашаларды караган токтом долбоорун карап чыккан
учурда милдеттүү тартипте айыл өкмөт башчысынын кортундусу угулат.
8.3 айылдык кенештин токтомунун долбоорун талкуулоонун натыйжасы боюнча төмөнкүдөй чечимдердин
бири кабыл алынат:
а) жалпысынан токтом кабыл алынсын;
б) жеткире иштеп чыгууга жөнөтүлсүн;
в) күн тартибинен алынып салынсын.
8.4 Токтомдо аны ишке ашыруунун тартиби белгиленет, атап айтканда:
1) мөөнөтү айкындалат жана колдонууга киргизүү ыкмасы жана колдонууга киргизүү ыкмасы жана
пункттарын аткаруу жалпысынан токтомду аткаруунун жолдору аныкталат;
2) Мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгуу боюнча органдарга жана кызмат адамдарына ачык-айкын
тапшырмалар берилет, ченемдик-укуктук актыларды өркүндөтүү үчүн аларды кабыл алынган токтомго
ылайык келтирүүнүн мөөнөтү аныкталат.
8.5 айылдык кенештин (шаардык кенештин структуралык тузуму) ар бир токтомунда жана чечиминде анын
аткарылышын козомолдоочу адам корсотулот.
Документтин жоболорун ишке ашыруунун натыйжалуулук денгээлин, аларды аткарууга
кыйынчылык келтирген себептерди табуу, аткарууга тоскоолдук кылган адамдарды (органдарды)
аныктоо, аларды жоопкерчиликке тартуу, ошондой эле зарыл болгон учурда сот тартибинде
документтин жоболорун аткарууну камсыз кылуу козомолдоо максаты болуп саналат.
Токтомдун же чечимдин тапшырма коюлган пунктунда аткаруучу (бир же бир нече) же айылдык
кенештин структуралык тузуму, ошондой эле эреже катары аткаруу мооноту корсотулот.
8.6 Козомол жасоо боюнча отчеттуулук мооноту же токтомдун озундо же айылдык кенештин торагасы
тарабынан белгиленет.
8.7 айылдык кенештин аппараты депутаттарга жана жергиликтүү коомчулукка сессиянын өтө турган күнү,
убактысы, күн тартиби жана сессиянын өтө турган жери жөнүндө аны өткөрүүгө 3 күн калгандан
кечиктирбестен маалымдайт.
Айылдык кенештин сессиясын сессияда төрагалык кылуучу алып барат. Сессияда төрагалык
кылуучу кызматы боюнча айылдык кенештин төрагасы болуп саналат. Ал катышпаган учурда, сессияда
төраганын коомдук орун басары же болбосо айылдык кенештин протоколдук чечими менен тапшырылган башка депутат (өзүнүн талапкерлигин алып салуу жөнүндө билдирилбеген) төрагалык кылат.
8.8 Айылдык кенештин кезексиз сессиясын чакыруу кенештин торагасынын демилгеси, ар кандай туруктуу
комиссиялардын же болбосо депутаттардын жалпы санынын учтон бир болугунун демилгеси боюнча
жургузулот.
8.9 Кезексиз сессияны чакыруу жонундо депутаттардын сунушу каралучу маселелер корсотулуп жана
кезексиз сессияны откоруунун зарылчылыгы негизделуу менен кенештин торагасына берилет.
8.10 Сессияга материалдарды даярдоо айылдык кенештин иш планына ылайык жооптуу адамдар тарабынан
жургузулот. Пландан тышкаркы маселелер алардын демилгечилери тарабынан даярдалат.
8.11 Кезектеги сессияга киргизилген маселелер боюнча материалдар (токтомдун долбоору, маалыматтар,
маалымат-кат, кайрылуулар ж.б.) сессия өткөргөн күнгө чейин 7 күндөн кечиктирилбестен айылдык
кенештин жооптуу катчысына жазуу түрүндө берилүүгө тийиш.
8.12 Айылдык кенеш жылына кеминде бир жолу тийиштуу аймактагы иштин абалы жонундо айыл окмот
башчысынын маалыматын угат.
8.13 айыл өкмөт башчысына өзүнүн милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы учун ишеним билдирбоо жонундо чечим айылдык кенештин депутаттарынын жалпы санынын 3/2 добуш беруусу менен кабыл алынат.
8.14 айыл окмот башчысы тарабынан киргизилген айылдык бюджет жана аны
аткаруу жонундо отчет, аймакты социалдык-экономикалык онуктуруу жана калкты социалдык коргоо
программалары айылдык кенеш тарабынан карап чыгууга жатат жана айылдык кенештин
депутаттарынын жалпы санынын тен жарымынан ашыгы ага добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.
8.15 Алдыдагы финансылык жылга айыл окмотунун бюджетти кабыл алуу процесси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте башталат.
9-глава
Айылдык кенештин токтом долбоорлорун карап чыгуунун тартиби
9.1 айылдык кенештин токтомдору депутаттар тарабынан талкуулангандан кийин сессияга катышкан
депутаттардын копчулук добуш беруусу менен кабыл алынат.
9.2 Туруктуу комиссиялардын курамын озгортуу тууралуу, ошондой эле мурда кабыл алынган токтомдорду
озгортуулор тууралуу, токтом көпчүлүк добуш беруу менен кабыл алынат.
9.3 айылдык кенештин сессиясынын күн тартибинде каралуучу маселелер депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугу менен каралат, токтом кабыл алынат жана ага айылдык кенештин төрагасы кол коет.
9.4 Депутаттын билдирүүсү же анын жазуу же ооз эки түрүндө билдирилген макулдугу токтом менен кошо
сессиянын протоколунда чагылдырылат.
9.5 Токтом долбоору ар бир пункту боюнча талкууланат жана жалпы кабыл алынат.
11-глава
Айылдык кенештин депутатынын сессия учурунда укуктары жана милдеттери
11.1 Айылдык кенештин депутаты сессиянын жумушчу органына шайланат же шайланышы мумкун,
ошондой эле ошол органга оз талапкерлерин корсотушу мумкун.
Депутаттарды корсотулгон укуктарын ишке ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын
«Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жонундо» жана башка Мыйзам актыларынын ошондой эле типтуу
айылдык кенештин Регламентине ылайык ишке ашат.
12-глава
Коомдук угуулар
12.1 айылдык кенештин төрагасы жана анын коомдук башталгычтагы орун басары, айылдык кенештин
туруктуу жана убактылуу комиссиялары өзүнүн алып баруусундагы маселелер боюнча коомдук
угууларды өткөрүүнү демилгелеши мүмкүн.
Коомдук угуулар Кыргыз Республикасынын шартына ылайыкташтырылган жана эл аралык
практакаларынын негизинде иштелип чыгылган жобонун негизинде откорулушу мумкун.
IV БӨЛҮК
Айылдык кенештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоону
уюштуруунун жол-жобосу жана тартиби.
13-глава
Айылдык кенештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоонун тартиби
13.1 айылдык кенештин төрагасы жогорку билимдүү жетекчилик иш тажырыйбасы эске алынып депутаттар
тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен көпчүлүк фракциялардын же көпчүлүк коалициясы
аркылуурайондук кенештин депутаттардын ичинен алардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн жашыруун
добушу менен ошол кенештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат. Жалпы депутаттардын
копчулук добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
13.2 Көрсөтүлгөн талапкер оз талапкерлигин алып коюуга укуктуу.
13.3 Көрсөтүлгөн талапкер жашыруун добуш берүү учун бюллетенге киргизилет.
13.4 айылдык кенештин торагасынын коомдук башталгычтагы орун басары сессияда жогорку же атайын
орто билимин жана жетекчилик иш тажырыйбасын эске алып депутаттардын жалпы санынын копчулук
добушу менен депутаттардын ичинен шайланат. Жалпы депутаттардын копчулук добушуна ээ болгон
талапкер шайланды деп эсептелинет. Төраганын коомдук башталгычтагы орун басары ачык добуш
менен шайланат.
13.5 айылдык кенештин торагасынын коомдук башталыштагы орун басары кенештин торагасынын
тапшырмасын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мумкунчулугу болбогон учурда
анын ордуна иштейт.
13.6 айылдык кенештин коомдук башталгычтагы орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан айылдык кенештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.
13.7 айылдык кенештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин коомдук башталышта жузого ашырат.
14-глава
Жашыруун добуш берүүнү уюштуруунун тартиби
14.1 айылдык кенештин биринчи сессиясында жашыруун добуш берууну уюштуруу жана өткөрүү үчүн 3-5
депутат санында эсептоо комиссиясы тузулот.
14.2 Эсептоо комиссиясы озунун отурумунда милдеттерди бөлүштүрөт (төраганы, катчыны жана мүчөлөрдү
бекитет). Жабык добуш берүү учун бюллетендерди, урнаны жана кабинаны даярдайт.
14.3 Добуш берууну камсыз кылуу учун эсептөө комиссиясы сессияда катышкан депутаттардын тизмесин
тактайт. Эсептөө комиссиясы жашыруун добуш берүүнүн материалдарынын сакталышын камсыз кылат
жана айылдык кенештин аппаратына өткөрүп берет.
14.4 айылдык кенештин төрагалыгынын кызматына талапкерлер алфавиттик тартипте бюллетенге
киргизилет. Добуш берүүнүн натыйжасы добуш берүүчүнүн бюллетендерди эсептеп чыгуунун
жыйынтыгы боюнча чыгарылат.
14.5 Бюллетенге талапкердин паспорттук маалыматтарынын же инсандын баштапкы күбөлүктөрүнүн
негизинде аты-жөнү жазылат. Бюллетенге кандайдыр бир башка маалымат киргизүүгө жол бербейт.
14.6 Ар бир талапкер боюнча «Макул», «Каршы», «Жараксыз бюллетен» бюллетендерди эсептоо
комиссиясы жыйынтыктайт, проткол менен бекемдейт жана бекитуу учун сессиянын кароосуна
алып чыгат.
14.7 Добуштардын алда канча коп санын алган айылдык кенештин төрагалыгынын кызматына талапкер
Төрт жылдык моонотко айылдык кенештин торагалыгына шайланды деп эсептелет.
14.8 Төраганын коомдук башталгычтагы орун басары кызматына талапкерлер ачык добуш берүүгө коюлат.
Добуш берүүлөрдү өткөрүү жана натыйжасын эсептеп чыгарууну эсептоо комиссиясы жургузот.
14.9 Сессияда катышкан депутаттардын алда канча көп добуштарынын санын алган талапкер айылдык
кенештин төрагасынын коомдук башталгычтагы орун басарлык кызматына шайланат.
15-глава
Айылдык кенештин финансы-чарбалык иш-аракети жана мүлкү
15.1 айылдык кенештин мүлкү оперативдик башкаруу укугуна берилген жана төмөндөгулөрдөн түзүлөт:
- Оперативдик башкаруу укукгуна берилген мүлктөрдөн;
- Бюджеттик каражатынын негизинде ээ болгон, ошону менен катар чарбачылык иш аракеттерден
тушкон кирешенин эсебинен алынган мулктордон;
- Республикалык жана жергиликтуу бюджеттен тушкон каражаттар жана башка кирешелерден;
- Кошумча төлөм кызматын көрсөтүү боюнча иш-аракетинен тушкөн кирешелерден;
- Кредиттер, гранттар ж.б. заемдук каражаттардан;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тарабынан тыюу салынбаган башка негиздерде ээ болгон
Мүлктөрдөн;
16-глава
Айылдык кенештин ыйгарым укуктарын токтотулушу
16.1 айылдык кенештин ыйгарым укуктары айылдык кеңештин жаңы курамы түзүлүшүнө, Кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негиздеринде
токтотулат.
16.2. Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда төмөндөгүдөй учурда таркатылышы мүмкүн:
1) айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүгү тарабынан кабыл алынган чечим боюнча;
2)Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” мыйзамдарында каралган учурларда, Премьер министрдин же Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Президент тарабынан;
3) Оро айыл аймагынын чек араларынын өзгөрүшүнө алып келген кайра уюштуруу учурларында;
16.3. Өзүн-өзү таратуу жөнүндө айылдык кеңештин чечими кеңештин төрагасы тарабынан Жарлык чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине жиберилет.
16.4. Чек араны өзгөртпөстөн администрациялык-аймактык бирдиктин атын өзгөртүү кайра уюштуруу болуп саналбайт жана айылдык кеңешти таратууга алып келбейт. Кыргыз Республикасынын Президентинин кайра уюштурууга байланыштуу айылдык кеңешти таратуу жөнүндө Жарлыгы, эгерде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” тууралуу Мыйзамдын өзүндө башкача каралбаса тиешелүү администрациялык –аймактык бирдик жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 10 күндөн кечиктирилбестен чыгарылышы керек.
16.5. Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатуунун жогоруда көрсөтүлгөн учурларынын кайсынысында болсо да Президенттин мөөнөтүнөн мурда таркатуу жөнүндө Жарлыгы расмий жарыяланган күндөн тартып таркатылды деп эсептелет.
16.6. Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурларда мүлктүн жана документтеринин сакталышына жоопкерчиликти “Оро” айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы өз мойнуна алат.
Оро айылдык кенешинин төрагасы : Н.Шадыбеков