Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-октябры №1
Акназаров айылдык Кенешинин 31-чакырылышынын депутаттарынын 2017-жылдын 30-октябрындагы кезексиз 9- сессиясындагы протоколдун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айылдык аймактык кеңешинин типтүү регламенти өзгөрүүсүз мурунку редакцияда жактырылып кабыл алынсын.(типтүү регламент тиркелет).
2. Акназаров айылдык аймактык кеңешинин типтүү регламентин Талас облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С. Шабдановага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мандат жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Турдалиевге жүктөлсүн.
4. Бул токтом жарыяланган кундон баштап кучуно кирет.
Тѳрага | Р. Рысматов |
|
|
Акназаров айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
регламенти
1. Жалпы жобо
2. Айылдык Кеңештин ыйгарым укуктары
3. Айылдык Кеңештин сессиясы
4. Айылдык Кеңештин депутаттарынын сессия учурундагы укуктары жана милдеттери
5. Айылдык аймактык кеңештин сессиясына маселелерди даярдоонун жана карап чыгуунун тартиби.
6. Жашыруун жабык добуш берүүнү уюштуруу тартиби
7. Айылдык Кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
8. Айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары
9. Айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларынын жыйналыштары
10. Айылдык Кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу
11. Айылдык кеңештин сессиясынын жумушчу органы
12. Коомдук угуулар
13. Айылдык кеңештин катчысы
14. Айылдык аймактык кеңештин финансы –чарбалык иш аракети жана мулку
15. Айылдык Кеңештин ченемдик укуктук актылары
16. Айылдык Кеңештин төрагасы
17. Айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары
18. Регламентти бекитүү өзгөртүү толуктоолорду киргизүүнүң тартиби
19. Айылдык Кеңештин ыйгарым укуктарынын токтотулушу
1.Жалпы Жобо
1.1.Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Акназаров айыл аймагынынАкназаров айылдык Кеңеши (мындан ары – айылдык кеңеш) – Акназаров айылдык аймактагы Акназаровайылдык кеңештин депутаттарынан турган, төрт жылдык мөөнөткө түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы
1.2.Айылдык кеңеш жалпыга бирдей, тең жана тике шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен шайлануучу депутаттардан турат. Айылдык Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн тартиби мыйзам менен аныкталат.
1.3.Депутаттардын ыйгарым укуктарын төмөндөгүлөрдүн кызмат оруну менен айкалыштырууга болбойт:
1)айыл өкмөтүнүн башчысынын жана анын орун басарынын;
2)айылдык кеңештин жооптуу катчысынын;
3)айылдын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын кызматкеринин;
4)Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын;
5)Өкмөт мүчөсүнүн же мамлекеттик кызматчынын.
1.4.Айылдык Кеңештин сандык курамы шайлоо өткөрүлгөн жылдын 1-январына карата абал боюнча Акназаров айыл аймагынын администрациялык-аймактык бирдиктин калкынын статистикалык маалыматтарына ылайык саны боюнча 21 депутаттан турат.
1.5.Депутаттык мандат төш белги жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы кол койгон күбөлүк менен ырасталат.
1.6.Депутаттык мандаты колдонуу төмөндөгүдөй учурларда токтотулушу мүмкүн:
1)туруктуу жашоосунда депутаттык функцияларын натыйжалуу жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк бербеген башка жерге туруктуу жашоого көчүп кеткенде;
2)депутаттык ыйгарым укуктарын ыктыярдуу тапшырганда;
3)Мыйзамда каралган кызматтарды айкалыштырууга мүмкүнчүлүк болбогон кырдаалдар пайда болгондо;
4)депутаттык мандаты адам тарабынан белгиленген тартипти бузу менен алынгандыгы билингенде (шайлоонун натыйжалары анык эмес деп табылганда же шайлоонун натыйжалары четке кагылганда);
5)депутат соттун чечими боюнча аракетке жөндөмсүз же жөндөмдүү чектелүү деп табылганда;
6)депутат өлгөндө же ал дайынсыз жок же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
7)жыл ичинде кеңештин сессияларына жүйөлүү себептерсиз төрттөн ашуун катышпаганда;
8)депутатка карата соттун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
9)кеңеш таркатылганда.
1.7.Айылдык кеңештин депутаты кеңештин сессияларында же туруктуу комиссиялардын же айылдык кеңеш тарабынан түзүлгөн башка органдардын жыйналыштарында жеке кызыкчылыгын, башкача айтканда өзү, анын жубайы, ата-энеси, балдары, бир туугандары жана эже, карындаш-сиңдилери үчүн материалдык пайданы көздөгөн маселени (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоого тиешелүү маселелерден тышкары) кароого катышууга жана добуш берүүгө тийиш эмес.
1.8.Айылдык кеңеш өз иш милдеттерин аткарууну Мыйзамда жана ушул регламентте белгиленген мөөнөттө өткорүлүүчү өзүнүн биринчи сессиясынын күнүнөн тартып аткара баштайт жана өз ишин кийинки чакырылыштагы жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясы өткөрүлгөн күнү токтотот.
1.9.Айылдык кеңеш юридикалык жак болуп саналат жана мыйзамдар менен өзүнүн компетенциясына таандык кылынган ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келген учурда айылдык кеңештин чечимдерин жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
1.10.Айылдык кеңештин жергиликтүү мамлекеттик администрация менен өз ара мамилелери иш-милдеттеринин чегин ажыратуу, кеңешке жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияга өздөрүнө таандык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарды берүү принцибинин негизинде түзүлөт. Мамлекеттик бийлик органдары айылдык кеңештин компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө кийлигишүүгө укуксуз. Аймактардын кызыкчылыктарына тиешелүү маселелер боюнча айылдык кеңеш сессиянын ишине, туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына катышуу үчүн тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрүн чакыра алат. Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы аймакты өнүктүрүүнүн турмуштук маанилүү маселелери боюнча өз чечимдерин айылдык кеңеш менен консультациялашат жана жазуу жүзүндө макулдашат.
1.11.Айылдык кеңеш өзүнүн ишин, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын , Мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик, укуктук актыларынын жана ушул регламентинин негизинде жүргүзөт.
1.12.Айылдык кеңештин регламенти айылдык кеңештин иштерин уюштуруу тартиптерин белгилейт, уюштуруучулук жана укуктук негиздерин, туруктуу жана убактылуу комиссияларын, структурасын түзүү жана сессияны чакыруу мөөнөттөрүнүн тартибин аныктайт.
1.13.Айылдык Кеңештин уюштуруу-укуктук формасы – мекеме
1.14.Толук аталышы: Мамлекеттик тилде – «Акназаров айыл аймагынын Акназаровайылдык Кеңеши» мекемеси, расмий тилде – Учреждение «Акназаровский Айылный кеңеш Акназаровского айылного аймака».
1.15.Айылдык Кеңешинин жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Талас облусу, Бакай-Ата району, Кызыл-Октябрь айылы, Аман көчөсү №1.
2.Айылдык Кеңештин ыйгарым укуктары.
2.1.Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык төмөндөгү маселелерди карайт жана токтом кабыл алат.
1)жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;
2)жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчету бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкары фонддордун пайдаланылышы жөнүндө маалыматты угуу;
3)аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын контролдоо;
4)жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
5)жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин объектилерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен аныктоо, муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролду ишке ашыруу;
6)жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органынын иши жөнүндө отчетту угуу;
7)мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8)жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
9)тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
10)кеңештин төрагасын анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу;
11)кеңештин регламентин кабыл алуу;
12)өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;
13)Өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын штаттык сан эсебин жана түзүмүн бекитүү;
14)муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангандык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу тиричилик таштандыларын жыйнагандык, ташып чыгаргандык жана жок кылгандык үчүн тарифтерди бекитүү;
15)алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектөөлөрүн аныктоо;
16)ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;
17)жергиликтүү жамааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.
2.2.Айылдык кеңештин сессияларында кошумча иретинде төмөндөгүдөй маселелер чечилет:
1)айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
2)ушул Мыйзамда белгиленген тартипте айыл өкмөтүнүн башчысына ишенбестик билдирүү;
3)тиешелүү район үчүн мыйзамдарда базалык ставканын базасында эсептелген айыл аймагы үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасынын чегинде топурактын бонитетинин баллдарын эсепке алуу менен айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандык үчүн салыктын жиктелген ставкаларын аныктоо;
4)айыл чарбасына жарактуу жерлерди, чөп чабындыларды кайра бөлүштүрүү фонддорун, ижарага берүүнүн тартибин аныктоо.
3.Айылдык Кеңештин сессиясы
3.1.Айылдык кеңештин сессиясы анын ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп эсептелет.
3.2.Айылдык кеңештин сессиясы кеңештин жыйналышы депутаттардын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса, укук ченемдүү болот.
3.3.Жаңы шайланган айылдык кеңештин биринчи сессиясы мурдагы чакырылган кеңештин төрагасы тарабынан айылдык кеңештин депутаттарын шайлоодон кийин эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат. Айылдык кеңештин биринчи сессиясын айылдык кеңештин курагы боюнча улуу депутаты ачат.
3.4.Айылдык кеңештин сессиялары ачык, кварталына, кеминде бир жолу айылдык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн биринин талабы боюнча өткөрүлөт.
3.5.Айылдык кеңештин сессиялары коомчулук үчүн ачык. Ар бир жаран айылдык кеңеш тарабынан бекитилген регламентке ылайык сессияларга катышууга укугу бар.
Айылдык кеңеш эгерде каралуучу маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга таандык болсо, жабык сессияны өткөрүү жөнүндө чечим кабыл ала алат. Айылдык кеңеш сессиялардын датасы жана күн тартиби жөнүндө жарандарды алдын ала кабардар кылуу боюнча бардык чараларды көрүүгө, алардын сессияга кириши үчүн бардык шарттарды түзүүгө, ошондой эле көрүлгөн чаралар тууралуу жергиликтүү жамаатка маалымдоого милдеттүү.
3.5.Кеңештин сессиясы ар бир кварталда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
3.6.Кеңештин төрагасы сессия өткөрүлө турган күнү, убактысы, күн тартиби жана сессия өтүүчү жай тууралу 5 күндөн кечиктирбей Кеңештин депутаттарына билдирет. Ошондой эле сессияда каралуучу маселелер боюнча чечимдин, токтомдун долбоору Кеңештин депутаттарына 3 күндөн кечиктирилбей таратылат.
3.7.Кеңештин кезексиз сессиясы Кеңештин төрагасы, Кеңештин туруктуу комиссиялары же Кеңештин жалпы депутаттарынын 1/3 бөлүгүнүн сунушу менен чакырылат.
3.8.Депутаттар тарабынан кезексиз сессияны чакыруунун сунушу жазуу түрүндө карала турган маселелерди көрсөтүү менен кезексиз сессияны өткөрүү зарылдыгы тууралуу Кеңештин төрагасына берилет.
3.9.Иш-план боюнча Кеңештин сессиясына материалдарды иш планда бекитилген жооптуу адамдар даярдайт. Ал эми пландан тышкары каралуучу маселелер боюнча маселени кароону сунуш кылган жактар даярдайт.
3.10.Кеңештин чечими менен кеңештин компетенциясына кирген маселелерди даярдоо үчүн депутаттардан, адистерден, коомдук уюмдардан жанаалардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлүшү мүмкүн.
3.11.Кезектеги сессиянын күн тартибиндеги сунушталган маселелер боюнча материалдар (чечимдердин долбоорлору, маалымдамалар, кайрылуулар ж.б.) сессия болгонго чейин 3 күндөн кечиктирилбейкеңештин жооптуу катчысына жазуу түрүндө берилиши керек.
4.Айылдык Кеңештин депутаттардын сессия учурундагы укуктары жана милдеттери
4.1.Сессиянын жумушчу органдарын шайлоого, шайланууга жана ал органдарына өзүнүн талапкерлигин сунуштоого.
4.2.Күн тартибин иштөө тартиптери боюнча сунуштарды берүүгө, аны добушка койдурууга.
4.3.Сессиянын токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды сунуш кылууга жана добушка койдурууга.
4.4.Айылдык Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча мекеме ишканалар ж.б.органдардын жетекчилеринин отчетторун угууну күн тартибине киргизүүнү сунуштоого.
4.5.Ыйгарым укуктарына ылайык депутаттык изилдөө, текшерүү жүргүзүү үчүн сессиянын чечимин чыгарууну сунуштоого.
4.6.Сессиянын регламентин жана иштөө тартибин толук сактоого.
4.7.Депутаттарга сессиянын жумушчу органдарына, чакырылгандарга сын мамиле жасоого (орой мамиле жасоого, аброюна шек келтирүүгө жол берилбейт).
4.8.Сессиянын ишине активдүү катышууга жана ар бир талкууланган маселенин чечилишине өзүнүн жекече пикирин сактоо менен добуш берүүгө.
5. Айылдык аймактык кеңештин сессиясына маселелерди даярдоонун жана карап чыгуунун тартиби.
5.1 Ушул регламентте белгиленген тартипте айылдык аймактык кеңештин кароосуна коюла турган документтердин пакети томонкулорду камтууга тийиш:
-докладчыны корсотуу менен маселени даярдоого жооптуу адам тарабынан кол коюлган коштомо кат.
Эгерде документ айылдык аймактык кенеш тарабынан мурда кабыл алынган токтомду аткаруу учун даярдалса, анда коштомо катка тийиштуу шилтеме жасалат;
-айылдык аймактык кенештин токтомунун долбоору материалдык же финансылык ресурстардын тушуусун же чыгымын караган сунуштар камтылса, анда иштеп чыгуучулар тарабынан каржылоо булактары корсотулуу менен тийиштуу эсеп-кысаптар берилет.
5.2 Токтом долбоору каралганда айылдык кенештин депутаттарынын, жергиликтуу мамлекттик администрациясынын окулдорунун, талкулоого катышуу учун чакырылган адамдардын сунуштары жана сын пикирлери угулат. Айылдык бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгашаларды караган токтом долбоорун карап чыккан учурда милдеттуу тартипте айыл окмот башчысынын корутундусу угулат.
5.3 Айылдык аймактык кенештин токтомунун долбоорун талкулоонун натыйжасы боюнча томонкудой чечимдердин бири кабыл алынат
А) жалпысынан токтом кабыл алынсын;
Б) жеткире иштеп чыгууга жонотулсун;
В) кун тартибинен алынып салынсын.
5.4 Токтомдо аны ишке ашыруунун тартиби белгиленет, атап айтканда
1) мооноту айкындалат, колдонууга киргизуу ыкмасы жана пунктарын аткаруу жалпысынан токтомдун аткаруунун жолдору аныкталат;
2) Мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгуу боюнча органдарга жана кызмат адамдарына ачык айкын тапшырмалар берилет, ченемдик-укуктук актыларды оркунлдотуу учун аларды кабыл алынган токтомго ылайык келтируунун мооноту аныкталат.
5.5 Айылдык аймактык кенештин ар бир токтомунда жана чечиминде анын аткарылышын козомолдоочу адам корсотулот. Документтин жоболорун ишке ашыруунун натыйжалуулук денгээлин, аларды аткарууга кыйынчылык келтирген себептерди табуу, аткарууга тоскоолдук кылган адамдарды аныктоо, аларды жоопкерчиликке тартуу, ошондой эле зарыл болгон учурда сот тартибинде документтин жоболорун аткарууну камсыз кылуу козомолдоо максаты болуп саналат. Токтомдун тапшырма коюлган пунктунда аткаруучу же ошондой эле эреже катары аткаруу мооноту корсотулот.
5.6 Козомол жасоо боюнча отчеттуулук мооноту же токтомдун озундо же айылдык аймактык кенештин торагасы тарабынан белгиленет.
6.Жашыруун жабык добуш берүүнү уюштуруунун тартиби.
6.1.Айылдык Кеңештин 1-сессиясынын чечими менен жашыруун добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү боюнча саны 3 депутаттан турган эсептөө комиссиясы түзүлөт.
6.2.Эсептөө комиссиясы өз чогулушунда, мүчөлөрүнө иш бөлүштүрөт (төрагасын, мүчөлөрүн бекитет), добуш берүү бюллетенин, добуштарды берүү ящигин жана бөлмөлөрдү жабык добуш берүүнү жүргүзүүгө даярдайт.
6.3.Сессияга катышып жаткан депутаттардын тизмесин тактап, ар бир депутаттын өз-өзүнчө добуш берүүсүн камсыз кылат. Эсептөө комиссиясы тарабынан жашыруун добуш берүүнүн эрежелерин толук сактоолору милдеттүү. Добуш берүүнү баштоонун алдында, эсептөө комиссиясы добуш берүүнүн тартиби менен депутаттарды тааныштырат.
6.4.Айылдык Кеңештин төрагасына көрсөтүлгөн талапкер бюллетенге алфавиттик тартип менен жазылат. Добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу, бюллетендерди эсептөө добуш берген жайда жүргүзүлөт.
6.5.Бюллетенге талапкердин фамилиясы, аты, атасынын аты паспорт же өздүк документи боюнча толтурулат, бюллетенге башка маалыматтар жазылбайт.
6.6.Ар бир кандидатуралар боюнча «Колдогону», «Каршы» болгону жана «бузулган» бюллетендер боюнча жыйынтыгы чыгарылып, эсептөө комиссиясынын токтому түзүлүп, сессияда бекитилет.
6.7.Төраганын орун басарлыгына сунушталган талапкер ачык добушка коюлат. Добушту саноону, жыйынтыктоону эсептөө комиссиясы жүргүзөт.
6.8.Сессияга катышкан депутаттардын эң көп добушуна ээ болгон талапкер Айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланат.
7.Айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары.
7.1.Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдооошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу, ушул чечимдердин ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн түзүлөт. Кеңеш тарабынан ошондой эле зарыл болгон учурда убактылуу комиссиялар түзүлөт.
7.2.Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоонун тартиби Айылдык Кеңеш тарабынан аныкталат. Кеңеш ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде зарылчылыкка жараша, жаңы туруктуу комиссияларды түзө алат, мурда түзүлгөндөрүн таратат жана кайра уюштурат, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизе алат.
7.3.Туруктуу комиссиялар тиешелүү айылдык Кеңештин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамына кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайланышы мүмкүн эмес.
7.4.Туруктуу комиссиялар төраганы шайлайт. Комиссиялар өзүнүн ишинин негизги багыттары боюнча кичи комиссияларды түзө алышат.
7.5.Туруктуу комиссиянын жана кеңештин төрагасынын сунушу боюнча айылдык кеңеш туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизет.
7.6.Комиссия мүчөсүнүн ыйгарым укуктары кеңеш тарабынан анын өтүнүчү боюнча, ошондой эле ал өзүнүн милдеттерин аткарууга мүмкүндүк болбогон жагдайларга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулат.
7.7.Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн ишине окумуштууларды, адистерди, практик кызматчыларды, дагы башка адамдарды тартууга укуктуу.
7.8.Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн компетенциясына таандык маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алат.
7.9.Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары ведомстволук аймакта жайгашкан уюмдар менен мекемелердин оперативдүү чарбачыл ишине кийлигишүүгө укуксуз.
8.Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары
8.1.Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары :
1)кеңештин кароосуна киргизилүүчү экономикалык, социалдык жана тиешелүү улуттук маданий өнүгүүгө байланышкан маселелерди даярдоого катышат;
2)айылдык аймактын социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чыңдоо боюнча кеңешке сунуштарды киргизет.
3)өзүнүн аймагын экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана бюджеттин пландарынын долбоорлорун, пландардын аткарылышы жана бюджеттин толтурулушу жөнүндө отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча өздөрүнүн сын-пикирлерин даярдайт, зарылчылык туулса, аларды кеңешке киргизет.
4.айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына жана регламенттин талаптарынын аткарылышын сакталышына контролду ишке ашырат;
5)Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана тиешелүү кеңештин регламенти аркылуу сунушталган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
8.2.Айылдык кеңештин турктуу комиссиялары өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана тиешелүү аймакта жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга укуктуу.
9.Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын жыйналыштары
9.1.Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын жыйналыштары комиссиялардын иш планына ылайык чакырылат.
9.2.Туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына кеңеш берүүчү добуш укугу менен ушул комиссияларга мүчө болуп эсептелбеген депутаттар катыша алат.
9.3.Бир нече туруктуу комиссиянын карамагына кирген маселелер комиссиялардын демилгеси боюнча, ошондой эле айылдык кеңештин тапшырмасы боюнча комиссиялар тарабынан даярдалат жана бирге каралат.
9.4.Туруктуу комиссиялардын бардык мүчөлөрү бирдей укуктардан пайдаланышат.
10.Айылдык кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу.
10.1.Айылдык кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу Акназаров айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппаратына жүктөлөт.
10.2.Айылдык кеңештин аппараттарынын ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу – Акназаров айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлөт.
11 Айылдык кенештин сесиясынын жумушчу органы
11.1 Айылдык аймактын кенештин сессиясы уюштуруу иштерин тутумдаштыруу максатында жумушчу органды-секретариатты зарылчылык болгондо, эсептоо жана башка комиссияларды тузот.
Жумушчу орган-сессияга катышкан депутаттардын копчулук добуш беруусу менен бекитилет.
11.2 Сессиянын секретариаты айылдык аймактык кенештин жооптуу катчысы менен биргеликте сессиянын журушун стенограммасын алып барат, чыгып суйлогондорду тактайт, регламенттин сакталышын козомолдойт, депутаттарга тушундурмо берет.
11.3 Секретариат айылдык аймактык кенештин аппараты менен биргеликте сессиянын протоколун тариздейт. Айылдык аймактык кенештин отурумун протоколунда: отурумду откоруу куну, убактысы жана орду, отурумга катышкан депутаттардын саны, сессиянын кун тартибинде коюлган маселелер, ошол отурум учун депутаттардын арасына таратылган документтердин аталышы жана редакциясы, сесияда торагалык кылуучунун жана чыгып суйлоочулордун аты-жону, добушка коюлган баардык маселелер менен сунуштар, добуш беруунун натыйжасы жана кабыл алынган чечимдер чагылдырылып корсотулот.
Протоколго сессиянын отурумунда торагалык кылуучу кол коет жана алардан жазып алууларды тариздоо, айылдык аймактык кенештин жооптуу катчысы тарабынан жургузулот. Кочурмосу алуу жонундо маалымат озунчо журналда катталат.
11.4 Айылдык аймактык кенештин депутаты озунун чыгып суйлогон созунун стенограммасы менен таанышууга жана аны жарыялаганга чейин стенограмманын кочурмосун алууга укуктуу.
12 Коомдук угуулар
12.1 Айылдык аймактык кенештин торгасы жана анын коомдук башталыштагы орун басары, айылдык аймактык кенештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары озунун алып баруусундагы маселелер боюнча коомдук угууларды откорууну демилгелеши мумкун. Коомдук угуулар Кыргыз Республикасынын шартына ылайыкташтырылган жана эл аралык практикаларынын негизинде иштелип чыгылган жобонун негизинде откорулушу мумкун.
13. Айылдык кеңештин катчысы
13.1 Айылдык кеңештин катчысынын иш-милдетин айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы аткарат;
13.2 Жооптуу катчы айылдык кеңештин жана анын органдарынын ишин камсыз кылуу боюнча төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- айылдык кеңештин токтомдорун каттоону жүргүзөт.
- айылдык кеңешке келип түшкөн каттарды кабыл алат жана каттайт, айылдык кеңештин төрагасынын резолюциясын жараша каттарды аткаруучуга өткөрүп берет.
- сессияларды, туруктуу комиссиялардын жыйындарын чакыруу жөнүндө айылдык кеңештин депутаттарын маалымдайт.
- айылдык кеңештин сессияларынын протоколдорун жүргүзөт, сессияларда, туруктуу комиссиялардын жыйындарында айылдык кеңештин депутаттарын каттоону ишке ашырат.
- айылдык кеңештин токтомдорун жол-жоболоштурат, аларды жарыялоону, каттоону, айылдык кеңештин депутаттарына, тийиштүү адамдарга, умюдарга жана аткаруучуларга таратууну уюштурат.
- расмий жарыялангандан кийин айылдык кеңештин токтомдорунун көчүрмөлөрүн ченемдик укуктук актылардын Реестрине кошуу үчүн юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтөт.
14. Айылдык аймактык кенештин финансы-чарбалык иш аракети жана мулку
14.1 Айылдык аймактык кенештин мулку оперативдик башкаруу укугуна берилген жана томондогулордон тузулот.
-Оперативдик башкаруу укугуна берилген мулктордон;
-Бюджеттик каражатынын негизинде ээ болгон ошону менен катар чарбачылык иш аракеттерден тушкон кирешенин эсебинен алынган мулктордон.
-Республикалык жана жергиликтуу бюджеттен тушкон каражаттар жана башка кирешелерден;
-Кошумча толом кызматын корсотуу боюнча иш аракетинен тушкон кирешелерден;
-Кредиттер, гранттар жана башка заемдик каражаттардан;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан тыюу салынбаган башка негиздерде ээ болгон мулктордон;
15.Айылдык Кеңештин ченемдик укуктук актылары
15.1 Айылдык кеңештин карамагына таандык маселелер боюнча чечимдери, мыйзамдарда башка тартип каралган учурларды кошпогондо, шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Айылдык кеңештин чечимдери токтом түрүндө чыгарылат да, кеңештин төрагасы тарабынан кол коюлат.
15.2 Өз ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган айылдык кеңештин чечимдери тиешелүү аймакта турган бардык жарандар, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде менчигинин түрүнө карабастан бардык ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан аткарууга милдеттүү.
15.3.Айылдык кенештин ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.
15.4.Айылдык кеңештин чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте четке кагылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
16.Айылдык Кеңештин төрагасы.
16.1.Айылдык кеңештин төрагасы кеңештин сессиясында айылдык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө жашыруун добуш менен депутаттардын ичинен шайланат.
16.2.Өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда айылдык кеңештин депутаттардын үчтөн биринин демилгеси боюнча шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүк добушунун айылдык кеңештин төрагасы ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулат.
16.3.Айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук негизде, бирок айыл кеңешинин сессияларынын ишинин мезгилине бир жолку компенсация алуу менен аткарат.
16.4.Айылдык кеңештин төрагасы:
1)Айылдык кеңеште сессиясын чакырат;
2)Сессияларга төрагалык кылат;
3)Айылдык кеңештин чечимдерине кол коет;
4)Айылдык кеңеш тарабынан жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат.
16.5.Айылдык кеңештин төрагасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө расмий өтүнүч жасайт.
17.Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары.
17.1.Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары сессияда айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен депутаттардын ичинен шайланат.
17.2.Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары кеңештин төрагасынын тапшырмасын аткарат, ал жок болгон же өз милдетин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анын ордуна иштейт.
17.3.Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан айылдык кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.
17.4.Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин коомдук башталыштарда жүзөгө ашырат.
18.Регламенттик бекитүү, өзгортүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби
18.1.Депутаттар тарабынан регламентке өзгөртүү, толуктоо киргизүүгө сунуш бере алат. Сунуштар атайын түзүлгөн жумушчу топто каралат.
18.2.Айылдык кеңештин регламентин депутаттардан турган жумушчу топ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыккандан кийин Кеңештин сессиясына бекитүүгө коюлуп, сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
19.Айылдык кеңештин ыйгарым укуктарынын токтотулушу
19.1.Айылдык кеңештердин ыйгарым укуктары айылдык кеңештин жаңы курамы түзүлүшүнө, Кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылышына байланыштуу токтотулат.
19.2.Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда төмөндөгүдөй учурларда таркатылышы мүмкүн:
1)айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүгү тарабынан кабыл алынган чечим боюнча;
2)Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Мыйзамдарында каралган учурларда, Премьер министрдин же Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Президент тарабынан;
3) Акназаров айыл аймагынын чек араларынын өзгөрүшүнө алып келген кайра уюштуруу учурларында.
19.3.Өзүн-өзү таратуу жөнүңдө айылдык кеңештин чечими кеңештин төрагасы тарабынан Жарлык чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине жиберилет.
19.4.Чек араны өзгөртпөстөн администрациялык-аймактык бирдиктин атын өзгөртүү кайра уюштуруу болуп саналбайт жана айылдык кеңешти таратууга алып келбейт. Кыргыз Республикасынын Президентинин кайра уюштурууга байланыштуу айылдык кеңешти таратуу жөнүндө Жарлыгы, эгерде Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамдын өзүндө башкача мөөнөт каралбаса тиешелүү администрациялык-аймактык бирдик жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 10 күндөн кечиктирилбестен чыгарылышы керек.
19.5.Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатуунун жогоруда көрсөтүлгөн учурларынын кайсынысында болсо да Президенттин мөөнөтүнөн мурда таркатуу жөнүндө Жарлыгы расмий жарыяланган күңдөн тартып таркатылды деп эсептелет.
19.6.Айылдык кеңеши мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурларда мүлктүн жана документеринин сакталышына жоопкерчиликти Акназаров айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы өз мойнуна алат.