Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-марты №111/19-7
“Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинин негиздери жөнүндө” мыйзамынын 44- беренеси, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык, 2017- жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашкан жана үнөмдөлгөн 11 752 966 сом акча каражатын бөлүштүрүү боюнча Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын сунушунун негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын №1 протоколдук чечимин карап талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2017-жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашыкча түшкөн жана үнөмдөлгөн 11 752 966 сом акча каражатын төмөндөгүдөй бөлүштүрүүгө макулдук берилсин:
- Көк-Сай чегара заставасына 40,0 мин сом акча каражаты Талас шаардык мэриясы аркылуу каржылансын.
- Сотторду өнүктүрүү фондусунун пайдасына 170,0 мин сом акча каражаты Талас шаардык мэриясы аркылуу каржылансын.
-Шаардык билим берүү бөлүмүнө ар кандай чыгымдар беренесине мугалимдердин медициналык кароосунан өтүү жана коммуналдык кызматына төлөө үчүн Талас шаардык билим берүү бөлүмүнө 280,0 мин сом, билим берүү бөлүмү аркылуу, 20,0 мин сом четтилдер багытындагы лицейи аркылуу каржылансын.
- А.Огонбаев балдар музыкалык мектебине “Кыялкеч” бийчилер тобуна концерттик форма тигүү үчүн 104,8 мин сом акча каражаты Талас шаардык маданият бөлүмү аркылуу каржылансын.
-Талас шаардык архивине орг.техника сатып алуу үчүн 30,0 миң сом акча каражаты Талас шаардык мэриясы аркылуу каржылансын.
-Талас шаардык күрөш боюнча өспүрүм балдар мектебине спорттук шаймандарды сатып алуу үчүн 300,0 мин сом акча каражаты Талас шаардык күрөш боюнча өспүрүм балдар мектеби аркылуу каржылансын.
-Талас файт Кулатуу Эр таймаш ММА улуттук күрөш Федерациясы коомдук Бирикмесине спорт инвентарларын сатып алуу үчүн 250,0 мин сом акча каражаты Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу каржылансын.
-Күрөш федерациясына Улуу жазуучу Ч.Айтматовдун жаркын элесине арналган Кармаш уруш боюнча мелдеш өткөрүүгө 50,0 миң сом акча каражаты Талас ФК жана спорт комитети аркылуу каржылансын.
-Күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону Ү.Жусупбековго колдоо иреетинде 100,0 мин сом акча каражаты Талас шаардык күрөш боюнча өспүрүм балдар мектеби аркылуу каржылансын.
- Согуштун жана эмгек ардагерлеринин Талас шаардык коомдук бирикмесине 180,0 мин сом түзүлгөн сметанын негизинде, Талас шаардык мэриясы аркылуу каржылансын.
-Талас шаарынын аймагындагы мал санакты өткөрүү үчүн 35,2 мин сом акча каражаты Талас шаардык мэриясы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарынын К.Нуржанов аллеясын көрктөндүрүү жана Ч.Айтматовдун айкелинин постаментин ондоо иштерин жүргүзүү үчүн 627,8 мин сом акча каражаты Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы аркылуу аржылансын.
-Талас шаардык жаш өспүрүм балдардын спорттук мектебинин имаратына жылуулук системасын орнотуу боюнча жалпы суммасы 3 220264 сомдук долбоорго өздүк салым катары 644,1 мин сом акча каражаты Талас шаардык жаш өспүрүм балдардын спорттук мектеби аркылуу каржылансын.
-Кыргыз Республикасынын спорт чебери, Талас шаардык спорт мектебинин тарбиялануучусу А.Чаткалбековго Азиялык жана эл аралык мелдештерге даярдыктарын колдоо үчүн 30,0 миң сом акча каражаты Талас шаардык спорт мектеби аркылуу каржылансын.
-Талас облустук биргелешкен ооруканасына санитардык автоунааларын токтотууга төрт бокстуу гараж курулушуна кошумча жардам иретинде 150,0 мин сом акча каражаты Талас шаардык мэриясы аркылуу каржылансын.
-Талас шаардык мэриясынын имаратына оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн 1000,0 мин сом акча каражаты Талас шаардык мэриясы аркылуу каржылансын.
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жаштар саясаты негиздери жөнүндө мыйзамына ылайык, Талас шаарынын жаштары арасында өткөрүлүүчү иш чаралар үчүн 150,0 мин сом акча каражаты Талас шаардык мэриясы аркылуу каржылансын.
-Талас шаарындагы үч сменде окуп жаткан №3 орто мектебине кошумча окуу корпусу жана №1 орто мектебине ажаткана куруу үчүн 4 876,4 мин сом акча каражаты Талас район, шаардык билим берүү бөлүмү аркылуу каржылансын.
-Талас шаарынын мектептери арасында облустук жана республикалык олимпиадаларга катышып, байгелүү орундарды камсыздаган окуучуларды сыйлоо үчүн 250,0 мин сом акча каражаты Талас район, шаардык билим берүү бөлүмү аркылуу каржылансын.
-Талас каржы башкармалыгына учурдагы сатып алуу, ар кандай жана транспорт чыгымдары үчүн 150,0 мин сом акча каражаты Талас каржы башкармалыгы аркылуу каржылансын.
-Талас шаарынын курултайын өткөрүү үчүн 158,0 мин сом акча каражаты Талас шаардык маданият бөлүмү аркылуу каржылансын.
-Талас шаарында жер тилкелерин кайтаруу үчүн сот иштерине 150,0 мин сом акча каражаты Талас шаардык мэриясы аркылуу каржылансын.
-Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан аукциондук негизде сатылган жеке ишкер Д.Абакировго тиешелүү 2875,61м.кв жер участогу муниципалдык менчикке кайтарылып алынгандыктан, жеке ишкер Д.Абакировго 455,0 мин акча каражаты кайра кайтарылып, Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу каржылансын.
-Талас райондук жана шаардык жаштар “Мурас” командасына Көкбөрү боюнча Республикалык мелдешке катышуусу үчүн жол кире чыгымдарына жардам катарында 15,0 мин сом акча каражаты Талас ФК жана спорт комитети аркылуу каржылансын.
-Талас шаарынын Манас көчөсүнө К.Нуржанов аллеясынан И.Сарыгулов көчөсүнө чейин көрктөндүрүп, тосмо орнотуу үчүн 1500,0 мин сом акча каражаты Талас коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы аркылуу каржылансын.
2. Талас каржы башкармалыгына ( Ж.Ниязалиев) бөлүнгөн акча каражатын өз убагында каржылоо жагы милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагын көзөмөлгө алуу Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына (Н.Мусуралиева) жүктөлсүн.
Тѳрага | М. Есенкулов |
|
|